Студенттердин негизги укуктары
Студенттердин негизги укуктары

(ОшМУнун №15-бюллетени,2011-ж, 6-пункт)

6.1 ОшМУнун студеттеринин жана угуучуларынын укуктары:

• Мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык, окуу жайларында жекече окуу планы боюнча жана тездетилген курстарда окуп билим алууга;
• ОшМУнун библиотекалык – маалыматтык ресурстарын акысыз колдонууга, ошондой эле кошумча билим берүү кызматтарын (төлөмдүү болсо да) пайдаланууга;
• «AVN» информациялык системасынын сайтынан модулдук – рейтинг системасы боюнча алган баанарды, төлөгөн контракттык төлөмдөрүнөрдү жана башка кызыккан маалыматтарыңарды алууга;
• ОшМУнун Уставынын чегинде университеттин башкаруу процессине катышууга;
• Факультет жана кафедралар тарабынан сунуш кылынган тандоо, факультативдик курстарын өз алдынча тандоого жана милдеттүү болбосо ага катышпай коюуга;
• Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынын чегинде өзүң үчүн окуу программаларын түзүүгө катышууга ( Эгер студентти окуусун каржылап кийинки ишке орношуусун камсыз кылган тарап менен студенттин түзгөн келишимине каршы келбесе);
• Тандаган багытынан сырткары университеттин уставында каралып окутулуучу бардык предметтерди өздөштүрүүгө жана башка жогорку окуу жайларында окутулган сабактарга катышууга (ошол окуу жайдын жетекчилигинин макулдугу менен);
• Жетишээрлик деңгээлде сабак окутбай, окуу расписаниесин жана башка окуу – тарбиялык процесстин эрежелерин бузган окуутучуларды алмаштыруу же тийешелүү чараларды көрүү маселесин көтөрүүгө жана жетекчиликке билдирип талап коюуга;
• ОшМУнун же анын кайсы бир структуралык бөлүмдөрүнүн ишмердигинин манилүү маселелерин талкуулоого катышууга, керек болсо бул маселелерди чечүү үчүн коомдук уюмдарды жана мамлекеттик органдарды пайдаланууга ;
• ОшМУнун Уставында көрсөтүлгөн окутуу, дарылоо, илимий мекемелеринин кызматтарын бекер алууга; • ЖОЖдо окуган студенттер КРнын мыйзамдарында каралган социалдык камсыздандыруу укуктарын пайдаланууга; • Ар кандай илимий – изилдөө иштеринде, конференцияларга, симпозиумдарга катышууга; • Окууну кесиптик ишине байланышкан ишмердүүлүк же башка жумуш менен экинчи ишмердүүлүктүн чегинде айкалыштырып кетүүгө;
• Илимий итштерди ОшМУнун илимий журналдарына, басылмаларына жарыялоого укуктуу;
6.2 ОшМУ өз Уставынын чегинде студенттерди коргоого жана ден-соолугун чыңдоого кепилдик берген шарттарды тузөт. Негизги билим берүү программаларын өздөштүрүүгө арналган окуу жүктөмдөрдү, сабактарды окутуу тартиптери, программалары мамлекетик стандартка жараша билим берүү органдары тарабынан бекитилген нормалардын чегинде гана жүргүзүлөт.

6.3 ЖОЖдо күндүзгү, сырттан, дистанттык бөлүмдөрдө окуп, окуу планын толук аткарып жаткан студенттер КРнын мыйзамдарында көрсөтүлгөн иштеген жеринен кошумча төлөнүүчү же төлөнбөөчү эмгек өргүүлөрүн алууга, кыскартылган иш күнүн алууга укуктуу.

6.4 ОшМУнун студенттерин мажбурлап коомдук, коомдук – саясий уюмдарга , партияларга, кыймылдарга киргизүүгө жана аларды үгүттөгөн акцияларга катышууга жол берилбейт.

6.5 ОшМУда окуган студенттер окуу планында каралбаган иш -чараларга эркин катыша алат . 6.6 ОшМУда окуган студент өз каалоосу боюнча башка окуу жайлардын тиешелүү адистиктерине которулууга укуктуу. Бул учурда ощол окуу жайдын жетекчилигинин макулдугу керек.

6.7 «Аскердик кызмат жана аскердик милдет жөнүндөгү» КРнын мыйзамдарына ылайык ОшМУнун студенттери окуу мөөнөтүнүн ичинде аскер кызматынан бошотулат.


Эскертүү: Аскердик факультетте окууну каалаган студенттерге керектелүүчү Т-026 документи да кадрлар башкармалыгы тарабынан бекер берилет.