Предметно-цикловая комиссия Технических дисциплин

Обтекание

ТЕХНИКАЛЫК ДИСЦИПЛИНАЛАР ПРЕДМЕТТИК ЦИКЛДЫК КОМИССИЯСЫ

1111

      ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен ректордун 2018-жылдын 30-августундагы №804 буйругунун негизинде, математика жан информациялык технологиялар факультетинин 230110 “Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө”, финансы-юридикалык колледжинин 230109 “Эсептөө техникасынын жана автоматташтырылган системаларынын программалык жабдылышы”, Исскуство факультетинин 070602 “Дизайн”, Физика-техника факультетинин 130503 “Мунай жана газ чыккан жерлерди пайдалануу жана иштетүү” орто кесиптик билим берүү программалары индустриалдык-педагогикалык колледжинин курамына өткөрүлүп, бул адистиктер үчүн “Техникалык адистиктер” бүтүрүүчү кафедрасы уюштурулган жана кафедра башчысы болуп, ф.м.-и.к., доцент Сатаров Арзымат Эминович дайындалган.

2020-жылдын 1-сентябрдан баштап “Техникалык адистиктер” кафедрасы “Техникалык дисциплиналар” предметтик циклдык комиссиясы (ПЦК) болуп өзгөртүлгөн жана “230109 Эсептөө техникасын жана автоматаштырылган системаларды программалык камсыздоо” жана “230110 Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө” билим берүү программаларын ишке ашыруу ПЦКдагы компетенттүү ПО курам тарабынан камсыздалган. ПЦКда 17 ПО курам (штаттык) жана бир нече окутуучу, доценттер айкалыштырылган кызматта (совместитель) эмгектенген.

Өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу 2022-жылдын 26-август айында №3200-ФХД/22 буйругунун негизинде “230110 Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө” билим берүү программасы STEM инновациялык колледжинин курамына которулуп келген.  

Бүгүнкү кундө Техникалык дисциплиналар предметтик циклдык комиссиясынын төрагасы Сатаров Арзымат Эминовичтин жетекчилиги астында “230110 Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө” билим берүү программасын реализациялоо менен ПЦКда жалпы 24 ПО курам, анын 17 окутуучу (штаттык), 1 лаборант жана бир нече окутуучу, доценттер айкалыштырылган кызматта (совместитель) эмгектенет.

1111