Обучение и производственная практика

КАФЕДРАНЫН ӨНДҮРҮШТӨР МЕНЕН БАЙЛАНЫШЫ

520200 Биология билим берүү программасынын алкагында окутуунун натыйжаларына жетүүдө өзгөчө коргоого алынган жаратылыштык аймактарга жана түрдүү мекемелерге уюштурулган практикалардын орду чоң. Бул максатта практикаларды өтүүчү мекемелер - мамлекеттик жаратылыш парктары жана коруктар, мектептер, ишканалар ж.б. менен келишимдер түзүлгөн.

Практикалардын жоболору, ички тартиби, силлабустары иштелип чыгылган. Практикаларга өзгөчө көңүл бурулат. Билим берүү программасын ишке ашырууда студенттердин практикалык даярдыгын ашыруу үчүн окуу-талаа практикалары, өндүрүштүк практикалары жана педагогикалык практикалары кызмат кылат. Алар предметтен билим деңгээлин, ык-машыгууларын арттырат. Ал эми квалификациялык жумуштарын максаттуу ишке ашыруу максатында квалификация алдындагы практикага пландалган. Бул учурда студенттерге квалификациялык жумушунун темасына ылайык түрдүү мекемелерде, анын ичинде табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетиндеги кафедраларда изилдөө иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Жалпысынан 520200 Биология багытындагы практикаларды уюштурууга 39 кредит бөлүнгөн. Анын ичинен “өсүмдүктөрдүн морфологиясы жана анатомиясы” жана “омурткасыздардын зоологиясы” предметтери боюнча окуу-талаа практикасына 6 кредит (2-семестрге), “өсүмдүктөрдүн систематикасы” жана “омурткалуулардын зоологиясы” предметтери боюнча окуу-талаа практикасына 6 кредит (4-семестрге), адистик предметтер боюнча өндүрүштүк практикага 6 кредит (5-семестр), “экологияга” байланыштуу предметтер боюнча окуу-талаа практикасына 3 кредит (6-семестр), “генетика” жана “өсүмдүктөрдүн физиологиясы” предметтери боюнча окуу-талаа практикасына 3 кредит (6-семестр), педагогикалык практикага 9 кредит (7-семестр), квалификация алдындагы практикага 6 кредит (8 –семестр).