Программы основного образования 600200 – Туризм.

Окутуунун натыйжалары (ОН)

ОН-1 (ЖИ-1, ЖИ-4, КК-3, КК-4) Изилдөөлөрдүн теорияларын жаңы усулдарын, жыйынтыктарын терең түшүнүүгө жана техникаларын (каражаттарын) колдонуп, өз алдынча же тайпанын курамында илимий изилдөөлөрдү алып барууга, сындап баалоого, туристтик индустрияда стандартташтыруунун заманбап системаларын колдонууга жана кардарлар менен мамиле түзүүгө жөндөмдүү болот;



ОН-2 (ЖИ-5, ИК-2, ИК-3, ИК-4, ИК-5, КК-1) Профессионалдуу баарлашуу деңгээлинде чет тилин өздөштүргөн. Баарлашуунун баардык чөйрөлөрүндө (ошолордун ичинде маданий аралык жана дисциплина аралык) коомунукативдик маселелерди коюп жана чечүүгө, түрдүү коммунукативдик чөйрөлөрдө маалымат алмашуу процесстерин жаңы эсептөө техникаларын атайын программалар менен иштөө жөндөмдүүлүгүнө ээ, көп массалык маалыматтар менен иштей алат.



ОН-3 (ЖИ-2, ЖИ-3, ЖИ-6, ИК-1, КК-2) Магистрдик программанын атайын дисциплиналарынын фундаменталдык жана колдонмо бөлүктөрүн терең түшүнөт жана илимий, өндүрүштүк технологиялык иш аракетте алган билимдерин, изилдөөнүн милдеттерин жаңы методдорун, маалыматтарды издөөдө жана аныктоодо, жаңы билимдерди түзүүдө, профессионалдык ишмердүүлүгүндө чыгармачылык менен колдоно алат.



ОН-4 (ИК-6, СЛК-2, СЛК-5) Профессионалдык жана социалдык иш-аракетте коркунучтарды эсепке алуу менен комплекстүү ишмердүүлүктүн планын иштеп чыгууга, баалоого, аныктоого, жалпы максатты чагылдырууга, коллективди башкарууга, уюштуруу-башкаруу чечимдерин кабыл алууга анын ичинде дисциплиналар аралык долбоорлорду аткарууга жөндөмдүү



ОН-5 (СЛК-1, СЛК-3, КК-7, КК-17, КК-18) Укуктук жана этикалык нормаларды профессионалдык жана социалдык иш-аракетте чагылдырууга, граждандык демократиялык коомдун баалуулугун өнүктүрүүгө багытталган демилгени сунуштоого, туристтик индустрияда инновациялык технологияларды пайдаланууга жана өнүгүүсүн болжолдоого, мониторинг жүргүзүүгө жөндөмдүү



ОН-6 (СЛК-4, КК-8, КК-9) Жаратылышты коргоо боюнча практикалык сунуштарды иштеп чыгат жана туруктуу өнүктүрүүнүн жолдорун аныктай алат, инновациялык долбоорлорду техникалык-экономикалык жактан негиздейт, керектөөчүнүн суроо-талабын аныктоого жана анализдөөгө, географиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана экологиялык кооптуулуктарды кыскартуу жолдорун билет.



ОН-7 (КК-5, КК-19, КК-20) Окуу-усулдук материалдарды жана тиешелүү программаларды пайдалануу аркылуу сервистик ишмердүүлүктө усулдук негиздерди, теориялык проблемаларды жана аларды чечүүнү жолдорун билет жана кесиптик ишмердүүлүгүндө фундаменталдык түшүнүктөрдү колдоно алат; түрдүү деңгээлдеги билим берүү мекемелеринде иш жүргүзүү үчүн теориялык билимдерге жана практикалык көнүгүүлөргө ээ болот; туруктуу өнүгүү жана билим берүүнү пландоодо окуу-усулдук иш-аракеттеринде сабаттуулук менен иш жүзүнө ашырат



ОН-8 (КК-6, КК-14, КК-15) Туристтик индустриянын мекемесинин персоналынын жумушунун жыйынтыктуулугун жана сапатын баалоо усулдарын, персоналдардын жумушунун усул жана ыкмаларын билет, илимий-изилдөө жумуштарында алдыңкы технологияларды жана заманбап илимдин жетишкендиктерин пайдаланууга жана илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын көрсөтүүгө, сунуштоого, изилдөөнүн тапшырмаларын жана усулдарын тандоого жөндөмдүү.



ОН-9 (КК-10, КК-11, КК-12, КК-13, КК-16) Керектөөчүнүн суроо-талабына жана рынок кызматтарынын конъюктураларына жараша туристтик индустриянын мекемесинин өндүрүштүк-чарбалык ишмердүүлүгүн анализдөөгө, туристтик долбоорлорду иштеп чыгууга, нормативдик-техникалык документтерди түзүүгө, долбоордун келечектүү багыттарын аныктоого, ишмердүүлүктүн өнүгүү стратегиясын, анализдин усулдарын, илимий изилдөөнүн жыйынтыктарын практика мезгилинде отчеттун формаларын, колдонмо иштелмелерин, докладдарды, рефераттарды, макалаларды жана талкууларды сунуштоого даяр.