Программа основного образования 550100 – Естественнонаучное образование (биологический профиль)
Негизги билим берүү программаласы (НББП) 550100 ТИББ:

550100 ТИББ боюнча НБПП 2017-2018 -окуу жылы


ПРОТОКОЛДОР

Кызыктар тараптар менен НББП талкулоо Протоколу

550100 ТИББ МББС талкулоо жыйынынын Протоколу

Ботаника,Зоология матрицаны талкуу


“550100-табигый илимимий билим билим берүү” (биология профили) багыты боюнча магистрлерди даярдоодогу НББПсындагы максаттарын жана компетенцияларын талкуулоо

Негизги билим берүү программасынын (НББП) так аныкталган максаты жана милдеттери бар. “550100-табигый илимимий билим билим берүү” (профил биология) багыты боюнча негизги билим берүү программасынын максаттары:

550100-табигый илимий билим берүү багытында инсандын кесиптик жогорку билим алуу, интеллектуалдык, маданий жана адеп-ахлактык жактан муктаждыктарын учурдун талабына ылайык камсыздоо менен коомго билимдүү жана компетенттүү, курчап турган чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу жана туруктуу өнүгүү багыттарында иш-аракеттерди жүргүзө алган заманбап адистерди даярдоо болуп саналат.

Негизги билим берүү программасынын (НББП) так аныкталган максаты жана милдеттери бар. “550100-табигый илимдер боюнча билим берүү” адистигинин негизги билим берүү программасынын максаттары:

М-1. . Жалпы билим берүү талабына ылайык гуманитардык, социалдык жана экономикалык, математикалык багыттардагы билимдердин комплекси менен келечектеги адистердин муктаждыктарын камсыздоо; табигый илимдер багытында магистрлердин билим берүүсүнө зарыл болгон педагогикалык-психологиялык билимдердин, ык-машыгуулардын, түрдүү методикалык ыкмалардын жана усулдардын комплексин калыптандыруу; Педагогикалык жана табигый илимдер боюнча алган билимдеринин негизинде илимий изилдөө иштерин жүргүзүүгө зарыл шарттарды түзүү менен аларды өз алдынчалуулукка, чыгармачылыкка , анализ жана жыйынтык чыгарууга үйрөтүү;

М-2. Табигый илимдер боюнча заманбап жана билимдүү адистерди даярдоодо биологиялык, химиялык жана географиялык илимдердин мазмунун, предметин жана милдетин жеткиликтүү теориялык жана заманбап практикалык каражаттардын натыйжасында калыптандыруу; жаратылышка антропогендик таасирлердин күчөп жаткан шартында курчап турган чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу жана туруктуу өнүгүү багыттарында билимин демонстрациялоого жана иш-аракеттерди жүргүзүүгө адистин зарыл муктаждыктарын камсыздоо.

Магистирди даярдоонун НББПсын өздөштүрүүнүн натыйжаларына карата талаптар «Магистр» академиялык даражасы ыйгарылуучу даярдоонун Табийгый илимий билим берүү 550100 багыты боюнча бүтүрүүчү,негизги билим берүү программасынын максаттарына жана ушул ЖКББ МББСнын 5. жана 5.1. пункттарында көрсөтүлгөн кесиптик иштин тапшырмаларына ылайык төмөндөгү компетенцияларга ээ болушу керек:

а) универсалдык :

жалпы илимий компетенция (ЖИК):

- Бул кесиптик маселелерди чечүүдө өзүнүн колдонуучулук чектерин аныктоого, дициплиналар аралык мамилени колдонууга, өздөштүрүлгөн теорияларды жана түшүнүктөрдү пайдалана алуусу (ЖИК-1);

- Өз алдынча жана өз демилгеси менен жаңы билимдерге, билгичтиктерге жана компетенттүүлүгүн толуктоого жөндөмдүү (ЖИК-2);

- Жалгыз же топто ыкмаларын колдонуу менен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жөндөмдүү (ЖИК-3);

- коомдогу социалдык –профессионалдык чөйрөдө жаны кубулуштарды техникада жана технологияда, экономикалык, маданий озгөрүүлөргө жараша жаны идеяларды түзүүгө жана өнүктүрүүгө жөндөмдүү (ЖИК-4);

- өзүнүн профессионалдык чөйрөсүндө эксперттик баа берүүгө жөндөмдүү (ЖК-5);

Инструменталдык компетенция (ИК)

- расмий жана мамлекеттик тилдерде илимий изилдөөлөрдү оозеки жана жазуу түрүндө көрсөтүп берүү көндүмдөрүнө ээ (ИК-1);

- бардык чөйрөдө коммуникатив милдеттерди мамилелерди башкаруусу (анын ичинде маданияттык жана дисциплиналар аралык) коммуникативдик чөйрөдө ар түрдүү маалымат алмашуу процесстерин башкара алат (ИК-2);

чечүү жөндөмдүүлүгү, профессионалдык иш аракетинде учурдагы информациялык жана инновациялык технологияларды колдоно алат (ИК-3);

- Башкаруучулук-уюштуруучулук демилгелерди жана аны баалай билүүнү, бейтааныш чөйрөнү эсепке алуу менен комплекстүү ишмердиктин планын өздөштүрүп чыгууга даяр (ИК-4);

- Туруктуу өнүгүүчү парадигмада, башкаруу чечимин тез арада өздөштүрөт, кризистик абалга тескөө жүргүзөт жана социоэкологиялык-экономикалык системага анализ жүргүзө алат (ИК-5);

социалдык-инсандык жана жалпы маданий ( СИЖМК)

- принциптерди жайылтат, поликультуралык чөйрөдө аракеттенүүгө жөндөмдүү, поликультуралык окутуу жана тарбиялоону профессионалдык жана социалдык ишмердик ресурс катары, социалдык жана маданий айырманы колдоно билет айрымалайт (СИЖМК-1);

- демократиялык коомдун адамдарынын баалуулуктарын өнүктүрүүгө багытталган социалдык акыйкаттыкты, дүйнөтаанымды чечет, чечүүчү демилге сунуштайт жана өнүктүрөт(СИЖМК-2);

- Туруктуу өнүгүү максатына багытталган сергек жашоо, коопсуздук, айлана чөйрөнү коргоо, жаратылыш байлыктарын, энергияны үнөмдөмдуу пайдалануу нормаларын билет жана билим берүү чөйрөсүндө, социумда колдоно алат (СИЖМК-3);

б). Педагогикалык ишмердик жаатындагы профессионалдык компетенциялар(ПК):

- билим берүүнүн сапатын камсыздоо максатында билим берүү чөйрөсүнүн абалына жараша инновациялык проектилерди, идеяларды сунуштайт (ПК- 1);

- Заманбап методикаларды жана технологияларды түрдүү катмардагы агартуу чөйрөсүндө билим берүү процессин ишке ашырууда колдонууга жөндөмдүү (ПК-2);

- өздөштүрүүчүлөр үчүн билим берүү чөйрөсүндө коопсуздукту калыптандыруу, туруктуу өнүгүү максатында билим берүүнүн принциптерин колдонуу жана адисттик дисциплиналарды жогорку мектептерде окутууга даяр (ПК-3);

- окуучулардын маданий өзгөчөлүгүн жана курактык билим берүүнү уюштурууда (орто жана жогорку мектептерде) окутуунун жекелик траекториясын калыптандыруу, тарбия жана өнүгүү үчүн методикалар менен жекелик методдорду, татаал практика менен билимин бириктирүүгө жөндөмдүү (ПК-4);

- окуучулардын (студент, магистранттардын) изилдөө иштерине жетекчилик кылууга жөндөмдүү (ПК-5);

- профессионалдык карьера жана билим берүүчүлүк траекториясын кураштырууда өздүк жана профессионалдык билимин өркүндөтүүгө жөндөмдүү (ПК-6);

- коюлган маселени чечүүдө ММК, НТС терди колдонууда, маданиятта, жаш курагына карабай түрдүү тайпалар (жамаат, туугундар, атаандаштар ж.б.) менен карым-катнашка барууга даяр (ПК-7);

Илим изилдөө багытында:

- изилденүүчү маселени чечүү үчүн илимий методдорду анын ичинде маалымат жана инновациялык технологияларды колдонууга даяр (ПК-8);

- заманбап билим берүүнүн актуалдуу проблеммаларын аныктоодо илимий изилдөөнүн жыйынтыгын толуктоо жана системага келтирүүчү анализдерди жүргүзүүгө жөндөмдүү (ПК-9);

- изилденүүчү маселени оргиналдуу чечүү үчүн өздүк креактивдүүлүк жөндөмдү колдоно алат (ПК-10);

- илимдеги жаңы методдорду колдонуу менен өз алдынча илимий багытта изилдене алат (ПК-11);

- окуу-методикалык материалдарды, сунуштамалардын профессионалдык экспертизаларын жана изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарына илимий анализ жүргүзгөнгө жөндөмдүү (ПК-12);

- илимий чөйрөгө изилдөөнүн жыйынтыктарын макала, доклад, мультимедиялык презентациялар аркылуу мамлекеттик стандарттын жана профессионалдык форматтын тартибинде жарыя кыла алат (ПК-13);

Башкаруу ишмердиги жаатында:

- агартуучу тармактардарды өнүктүрүүдө админсративдик ресурсту аныктайт, билим берүү чөйрөсүндө экспериза жүргүзөт жана абалды иликтөөгө алат (ПК-14);

- Башкаруу жараяны ишке ашыруу изилдөө жана баа берүү үчүн даяр, жана туруктуу өнүгүүнүн парадигмасы боюнча тез башкаруу чечимдерин иштеп чыга алат(ПК-15);

- контролдоо системасынын жалпы жана белгилүү бир мыйзам ченемдүүлүктөрүнө ылайык, новатордук менеджмент технологиясын колдонууга даяр(ПК- 16);

- ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбасынын негизинде билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жекече жана топ чечимдерди кабыл алуу технологиясын колдонууга даяр(ПК-17);

- билим берүү уюмунун адистеринин аралык кесиптик кызматташууну уюштуруу жана башкаруу көйгөйлөрүн чечүүгө мүмкүн болуучу өнөктөштөрдү, билим берүү уюмунун чөйрөсүн аныктай алат (ПК-18);

- сапатын контролдоону камсыз кылуу жолдорун иштеп чыгуу боюнча заманбап технологияларды контролдук системасын жана пайдалануу тегерегиндеги мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга даяр(ПК-19);

Долбоордун чөйрөсүндө:

- билим берүү сапатын, педагогикалык долбоорлоо билим берүү чөйрөсүн, билим берүү программаларын жана жеке билим берүү багытты ишке ашырууга даяр(ПК-20);

- Өз алдынча, план, арыздарын жана изилдөө долбоорлорду ишке ашыруу жана ылайыкташтырууга иликтөөгө жөндөмдүү (ПК-21);

- маалымат технологиясынын негизинде, сапаттын көрүнүшү жана калыптандыруу ыкмаларын, ошондой эле сыноо материалдардын ар кандай түрлөрү, анын ичинде, долбоордук жасап аткарууга жөндөмдүү (ПК-22);
- Туруктуу өнүгүү парадигмасы боюнча жаңы билим берүү мазмунун, техниканы жана атайын окутуу ыкмаларын иштеп чыгууга даяр (ПК-23);

- Табият илимин негизги түшүнүктөрүн, теорияларын жана закондорун билүү менен жаратылышта жүргөн процесстерди жана кубулуштарды аларды колдонуу менен түшүндүрө алат. (ПК24);

- Эксперимент коюуну, пландаштырууну, лабораториялык табигый илим изилдөө ишинин жыйынтыктарын математикалык методдорду колдонуу менен иштеп чыгууну жанабаа берүүнү билет(ПК25);

- Органикалык дүйнөнүн туруктуу өнүгүү принциптерине арекет кылуу жана бүтүндүк уюштуруу суроолоруна багыт алуу жөндөмдүүлүгүнө ээ (ПК26);

- Жаратылыштагы кубулуштарга, процесстерге систематикалык анализге көнүгүү жана табигый илимий көз карашка ээ (ПК27);

- Экологиялык көз караш менен туруктуу өнүгүүгө жетишүү үчүн адамзаттын глобалдык проблемаларын чечүүгө таасирин тийгизе алат (ПК-28);

550100-Табигый илимий билим берүү” багытынын биология профили программасы боюнча магистрлерди даярдоодогу НББПсындагы күтүлүүчү натыйжаларын (ОН) талкуулоо

Негизги билим берүү программасынын (НББП) чегинде анын максаты жана милдеттерине ылайык окутуунун натыйжалары (ОН) так аныкталган. Адистиктин билим берүү программасы ОшМУнун жалпы миссиясында жана структурасында так орунду ээлейт жана негизги ролду ойнойт.

Билим берүү программасынын максатына жана милдеттерине ылайык “550100-табигый илимий билим берүү” программасынын биология профилинин билим берүүсүнүн жыйынтыктарына жетүүсүнүн жолдору каралып, анын критерийлери факультеттин окумуштуулар кеңешинде негизги маселе катары талкууланып, бекитилген. Алар төмөндөгүлөр:

550100 - Табийгый илимий билим берүү багытынын биология профили боюнча НББПнын максаты жана окутуунун натыйжалары, максат менен окутуунун натыйжаларынын дал келүүчүлүк матрицасы, ар бир окутуунун натыйжасын кайсы компетенциялар камсыздай тургандыгын көрсөтүүчү таблицалар иштелип чыккан.

Максат менен окутуунун натыйжаларынын дал келүүчүлүк матрицасы.

1 -таблица.

Максаттар

ОКУТУУНУН НАТЫЙЖАЛАРЫ

ОН-1

ОН-2

ОН-3

ОН-4

ОН-5

ОН-6

М1

+

+

+

М2

+

+

+

Компетенциялардын окутуунун натыйжаларына дал келүүчүлүк матрицасы.

2-таблица.

Калыптандыруучу компетенциялар

Окутуунун натыйжасы

1

ИК3+ПК1+ ПК2+ ПК3+ ПК10+ ПК22.

ОН-1

2

ЖИК4 + ИК4 + ПК14 + ПК15 + ПК16.

ОН-2

3

ПК20 + ПК24 + ПК25 + ПК26.

ОН-3

4

ИК5 + ПК26 + ПК27 + ПК-28.

ОН-4

5

СЛК3 + ПК9 + ПК11 + ПК21.

ОН-5

6

ЖИК3 + ИК1 + ПК5 + ПК8 + ПК10 + ПК11 + ПК12 + ПК13.

ОН-6

Окутуунун натыйжасы-1 . ОН-1. Заманбап билим берүү жаатындагы илимий-изилдөө ишин уюштуруунун теориялык негиздерин үйрөнүп өздөштүрөт; Билим берүүнүн актуалдуу проблемаларын билет; философиялык билим берүүнү, философиялык жана педагогикалык илимий маалыматтарга критикалык анализ жүргүзүү жолдорун билүүгү ээ болот; Балдардын жана өспүрүмдөрдүн курактык психофизиологиялык өзгөчүлүктөрүн аныктай алат, Учурдагы жогорку мектептердин жоболорун билүүсү керек; окуу планын, жумушчу окуу планын жана окуу процессинин графигин түшүнөт; окуу планына критикалык ой жүгүртүп анализдеп окуу графигин түзө алат; биологияны окутуунун акталдуу маселелерин чечүү менен болочок биология мугалимдеринин кесиптик компетенттүүлүгүн калыптандыруу жана алар педагогикалык ишмердүүлүкө даярдоодо заманбап окуу технологиясын колдоно алат.

ОН1= ИК3+ПК1+ ПК2+ ПК3+ ПК10+ ПК22.

Окутуунун натыйжасы-2 ОН-2. Профессионалдык лексиканы, ишкердик мамиленин маданиятын, проблемаларын талкуулап өзүнүн оюн аргументтеп айтууну, ишке кабыл алууну, кеңешмеден өткөрүүнү, ишкердик жолугушууларды жана презентацияларды даярдап өткөрүүнү билиши керек; ишкердин этикеттик талаптарына ылайык чет тилинде электрондук почталарга билдирүүнү, кат, резюмени жана ишке кабыл алуу жөнүндөгү каттарды жазууга ээ болот; негизги стратегияларды, адам ресурстарынын стратегиялык пландарынын этаптарын жана деңгээлдерин; окутуу методдорун жана ар түрдүү формаларын, карьердик өсүүнүн негизги этаптарын билет; персоналдарды башкаруунун өзгөчөлүктөрүн аныктайт, негизги факторлорду анализдей алат; кадрларды даярдоо кызматчыларына маркетинг өткөрөт жана сандык аныктоо методдорун билүүгө ээ болот;

ОН2= ЖИК4 + ИК4 + ПК14 + ПК15 + ПК16.

Окутуунун натыйжасы-3. ОН-3. Табигый илимдерди окутууда биологиянын акыркы жетишкендиктерин жана талкууланып жаткан багыттары генетикалык жактан модификацияланган өзгөртүүлөрдү, трансгендик жана химердик организмдерди түзүүгө керек болгон генетикалык инженерия ыкмаларын; адамзат үчүн генетикалык инженериянын наркын, маанисин; негизги экологиялык көйгөйлөрдү, тукум куучулуктун, өзгөргүчтүктүн, молекулярдык негиздерин, органикалык дүйнөнүн биохимиялык бүтүндүгүнө кабыл алуу; жандуу жаратылыштын жалпы системалуулугу жөнүндөгү пикирлерге, билимди жайылтуу ыкмаларына ээ болот. Заманбап химия илиминдеги нанометрдик диапозонго ээ болгон заттардын касиеттери өлчөмдүк эффектен көз карандылыгы, нанообьектилердин жана наноматериялдардын биологиялык жана социалдык мааниси жөнүндө билимге ээ болушат.

ОН3= ПК20 + ПК24 + ПК25 + ПК26.

Окутуунун натыйжасы-4. ОН-4. Органикалык дүйнөнүн бүтүмдүүлүгүн, уюмдашуусун жана функционалдык аракетин, биосферанын глобалдык экологиялык проблемаларын жана андагы адамзаттын ролун түшүнөт; социо-эколого-экономикалык анализ жүргүзүүнү, органикалык дүйнөнүн уюдашдашуусунун жана функциолдык аракетинин бүтүмдүүлүгү жөнүндөгү кризистик абалды прогноздоону жана аныктоону билет; табигый илимий, экологиялык көз караш менен туруктуу өнүгүүгө жетишүү үчүн адамзаттын глобалдык проблемаларын чечүүгө таасирин тийгизе алат.

ОН4= ИК5 + ПК26 + ПК27 + ПК-28.

Окутуунун натыйжасы-5. ОН-5. Кыргызстандын жергиликтүү флорасынын жана фаунасынын негизги өкүлдөрүнүн учурдагы абалын жана маанисин, биоартүрдүүлүктү баалоонун жана аны коргоону оптимизациялоонун методдорун, зарыл маалыматтарды пайдалануу ыктарын билет жана ээ болгон билимдерин жаратылышты коргоо жана билим берүү тармактарындагы ишмердүүлүгүндө пайдалана алат.

ОН5= СЛК3 + ПК9 + ПК11 + ПК21 + ПК-21.

Окутуунун натыйжасы-6. ОН-6. Илимий-изилдөө жана өндүрүштүк маселелерди чечүүгө жөндөмдүү; нормативдик иш кагаздары колдонуу менен илимий-изилдөө жана өндүрүштүк иштерди пландаштыруу жана уюштурууну практикада колдонуу жөндөмдүүлүгү; жаңы изилдөө усулдарын жана технологияларын үйрөнүү жөндөмдүүлүгү, аткарган иштеринин сапатына жоопкерчиликтүүлүгү; лекциялардын (практикалык сабактар) планын методикалык жактан туура түзүү жөндөмдүүлүгү, бекитилген окуу – методикалык колдонмолорго ылайык окуу дисциплиналарынын теориялык жана практикалык бөлүмдөрүн жарыялоо алдында окуу көндүмдөрүнө; илимий-изилдөө практикасын өтүүнүн жыйынтыгында магистрант, бүтүрүүчү квалификациялык ишин аткаруу үчүн зарыл болгон материалдарды чогултушу керек. Илимий изилдөөнүн жалпы проблемаларын жыйынтыктарын системага салуу, талдоо, негизги проблемаларды топтоштуруу жана иретке келтирүү жөндөмүнө ээ болот; Илимий изилдөө ишин жыйынтыктап коргоо жөндөмүнө ээ болот.

ОН6= ЖИК3 + ИК1 + ПК5 + ПК8 + ПК10 + ПК11 + ПК12 + ПК13 .