МАКСАТЫ, МИЛДЕТИ.
Кафедранын милдети. Студенттерге тандап алган спорттун түрлөрүнөн ийгиликтерине жетишүү үчүн методикалык көрсөтмөлөрдү берүү. Окутуу процессинде кесиптик чеберчилигин калыптандыруу , алган билимдерин практикалык иш аракеттерде пайдалана билүү . Билим берүү мекемелеринде , дене – тарбияны чыңдоо борборлордо , аскердик кызматты өтөөчү мекемелерде спорттук иш аракеттерди алып барууну күчөтүүгө салым кошуу .


Азыркы учурдагы аткарып жаткан миссиясы ; Ден – соолугу чың , ар тараптан өнүккөн , аң сезими жогору, коом алдында жоопкерчилигин сезген, элин, жерин сүйгөн , мекенин коргогон гумандуу, толеранттуу сапаттарга ээ болгон , эмгек рыногунда атаандаштыкка туруштук бере ала турган студенттерди тарбиялоо . Студенттерге тандап алган спорттун түрлөрүнөн ийгиликтерине жетишүү үчүн методикалык көрсөтмөлөрдү берүү.