Тарыхы

Кафедранын тарыхынан: Кафедранын тарыхы өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарынан башталат. Алгач кенже курстарды тейлеген англис тили кафедрасы деп аталып методика боюнча лекциялык курстар, практикалык сабактар, педагогикалык практиканы уюштуруу жана жетектөө мурдагыдай эле англис тили кафедрасынын иш алкагында калган, ага жаш окумуштуу-методист В.Т.Ковальчук жетекчилик кылган. 1978-жылы чет тилдерди окутуунун методикасы кафедрасы болуп түзүлүп, анын башчылыгына п.и.к, доцент А.Н. Лисс шайланат. Бул көрүнүктүү методисттин жетекчилиги астында чет тили окутуучуларын даярдоо өңүтүндө бир кыйла алгылыктуу иштер жүргүзүлдү. Адистик боюнча окуу пландары өркүндөтүлүп, окуу программаларынын мазмуну бир кыйла жакшыртылды. Методика боюнча атайын курстар, семинарлар уюштурулду, жыл бою өтүлө турган тынымсыз педпрактика жүзөгө ашырылды. Кафедраны Г.Г. Имамутдинова, В.Т. Ковальчук, Е.Д. Соркина, Е.М. Коростышевская, А.С.Краснова, С. Абдугулов, А.Н.Лисс, Б.К.Койлубаева, А.А.Анарбаев аттуу окумуштуулар кафедранын өнүгүшүнө зор салымын кошуп жетектеп келишти. 2022-жылдын Июнь айынан бери ф.и.к., доцент Д. Б. Суркеева жетектеп келүүдө.