Новости Архив

1392 11:28 08-10-2018

1-Октябрь

5-Октябрь

1481 11:00 08-10-2018
Өткөрүлгөн иш-чаралар
Университет – кутубуз, карылар – ырысыбыз! "Карысы бардын – ырысы бар" демекчи, бүгүнкү күндө “Даңк” ордендүү, куттуу окуу жайыбыз болгон ОшМУда иштеп жаткан жана ардактуу эс алуудагы 360 тан ашуун ардагерибиз бар. 1-октябрь Улгайгандардын эл аралык күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинин 200 гө жакын мугалимдерине Ош МУнун ректораты жана профсоюз комитети тарабынан жыл сайын салтка айланып өткөрүлгөн сый тамак жана концерттик программа уюштурулду. ОшМУнун ректорунун милдетин аткаруучу, доцент Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич жана Ош МУнун бириккен профсоюз комитетинин төрагасы, доцент Аккулов Абдыжапар Ураимович ардагер агай-эжекелерди куттуктап сөз сүйлөштү. Кечеге чакырылгандарга профсоюз комитети тарабынан жалпысынан 185 000 сом миң сом өлчөмүндө акчалай жардам көрсөтүлдү. Кутман карыларыбыздын атынан чыгып сүйлөшкөн профессорлор А.Анарбаев, Б.Арапов, Б.Каримова, К.Матикеев, К.Нурдиновалар кечени мыкты деңгээлде уюштургандыгы үчүн университеттин жетекчилигине, профсоюз комитетинин, ошондой эле, административдик-чарба департаментинин, Студенттик Акыйкатчы аппаратынын, Таланттар академиясынын чыгармачыл кыз-жигиттерине, "Жетиген" ресторанынын кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти.


Студенттерге профсоюз билеттери менен ыраазычылык каттар тапшырылды 26.04.19. ОшМУда ички мобилдүүлүк боюнча окуп жаткан студенттер кесиптик кошуунга кабыл алынып, төрага Абдыжапар Ураимович аларга профсоюздун билеттерин тапшырды. Өз сөзүндө агай тартуу кылынган билеттер ээлеринин эмгектик жана социалдык укуктарын коргоого жардам берип, ишкердиктин бардык чөйрөсүндө аларга кесиптик кошуундун кызматтарынан кенен пайдалууга жол ача тургандыгын белгиледи. ОшМУнун профсоюз уюму мобилдүүлүккө келген студенттерге ар дайым кам көрүп келет. Үстүбүздөгү семестрде үч маал ысык тамак менен камсыздап, ден соолукту чыңоого шарт түзүүчү профлакторийге ар ай сайын ондон орун бөлүп берип турду. Мындан тышкары айрым иш-чараларга демөөрчүлүк дагы кылды. Бул үчүн Абдыжапар Ураимовичке эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жана жалпы мобилдүү студенттердин атынан терең ыраазычылык билдиребиз. Иш-чаранын алкагында конок студенттерди профсоюзга мүчө болуштары менен куттуктап, ушундай жигер уул-кыздарды тарбиялап өстүргөн ата-энелерине ыраазычылык каттарды тапшырдык. Бул сүйүнүчтүү документ ОшМУнун коомдук жана маданий турмушуна активдүү катышып, эки университеттин өнөктөштүк мамилесин чыңоого өз салымын кошуп, окуудагы жетишкендиктери жана үлгүлүү жүрүм-туруму менен айырмаланган 15 студентке берилди.


Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош областтык комитети тарабынан Ош шаарындагы ЖОЖдор аралык (конок катары ЖАМУнун командасы да катышкан) спорттук спартакиадада ОшМУнун командасы быйыл да 1-орунду татыктуу багындырды! Оюндар 26-апрель күнү КӨУнин спорттук базасында уюштурулуп өткөрүлдү. Уюштуруу комитетине, калыстар тобуна жана катышкан командаларга рахмат, жеңүүчүлөргө ыраазычылык жана даңк!


Профсоюзга мүчө болушуңар менен куттуктайбыз! Ош мамлекеттик университетине өлкөбүздүн жогорку окуу жайларынын ортосунда кабыл алынган Ош декларациясынын алкагында Кыргызстандын жети дубанындагы ЖОЖдордон келип, ички мобилдүүлүк боюнча окуп жаткан студенттер профсоюзга мүчөлүккө кабыл алынышты. ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы, доцент Абдижапар Аккулов аларды келе жаткан Жаңы Жыл менен куттуктап, каалоолорун айтып, ОшМУ силердин мындан аркы жашооңордо мааниге ээ болот деген ишенимибиз бар, бул профсоюздук билеттер турмушка путевка катары дайыма жаныңарда болсун деген сөздөрү менен профсоюздук билеттерди тапшырды. Иш-чаранын алкагында проректор Абдыганы Осмонович студенттер менен жолугушуп, аларды профсоюзга мүчө болуштары менен куттуктап, окуу жайдын жетишкендиктери, эл аралык байланыштары, академиялык мобилдүүлүк ж.б. боюнча кыскача маалыматтарды берди. Профсоюз комитети мобилдүүлүк программасынын алкагында келген студенттерге ар дайым кам көрүп келе жаткандыгын баса белгилеп коюу зарыл. Студенттердин көпчүлүгү төрт маал ысык тамак менен камсыз болушуп, ден соолуктарын чыңап, студенттик профлакторийдин кызматынан дайыма пайдаланып келе жатышат. Бул үчүн Абдыжапар Ураимовичке эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жана мобилдүүлүк программасы боюнча окушкан жалпы студенттердин атынан терең ыраазычылык билдиребиз. Конок студенттерибизди профсоюзга ОшМУнун студенттериндей эле шартта кабыл алып, билеттерди тапшыруу идеясын дагы ушул агайыбыз көтөргөн. Эми бул профсоюздук билеттер менен студентерибиз Кыргызстандын бардык жеринде өздөрүнүн социалдык укуктарын коргоп, кесиптик кошуундун кызматтарынан кенен пайдалана алышмакчы деп баса белгиледи. ОшМУнун басма сөз кызматы.


"Каарыларга кам көрүү" иш чарасына университеттен сырткары шаардын тургундарына моралдык жана 2500сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлдү.
Жардамды Профсоюз комитетинин орун басары Рысалиев Э.Т. жана студенттик омбудсмен уюмунун балдары барып тапшырып келишти.