Физико-математическое образование

СЕРТИФИКАТ НААР

ЛИЦЕНЗИЯ

2012-жылдан берки МИТ факультетинин Президенттик жана атуулдук стипендия ээлери менен студенттердин жолугушуусу 2022-жылдын 21.02.2022 ОшМУнун башкы корпусунун чоң актылык залында болуп өттү. Жолугушууда стипендианттар студенттерге өздөрүнүн ийгилик сырлары менен бөлүшүп, аларга мотивациялык кеп кеңештерин беришти. Жолугушуунун соңунда стипендианттар ОшМУ менен карым-катнашта болуп, кесиптик чөйрөсүндө университеттин кадыр-баркын көтөрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык баракча менен сыйланышты.

Стипендианттардын катарында ФМО(м)-1-20 тайпасынын магистранты Азизилла уулу Эгемжар да бар. Эгемжарды алган сыйлыктары менен куттуктайбыз!