История

ОШ МУГАЛИМДЕР ИНСТИТУТУ (ОМИ) (1939-1951 ж. )

1939-жылы Кыргызстандын түштүгүндөгү мектептерде мугалимдердин жетишпестигин жоюу үчүн педагогикалык адистерди даярдоо максатында Ош шаарында мугалимдер институту ачылган. Институтта окуу мөөнөтү 2 жылды түзүп, тарых-филология. физика-математика жана табият таануу-география факультеттери 10 айлык предметтик курстарды окутууга педагогикалык училищаларды бүткөн бүтүрүүчүлөрдү кабыл ала баштаган.

ОШ МАМЛЕКЕТТИК ПЕДАГОГИКАЛЫК ИНСТИТУТУ (1951-1992 ж.)

Билим берүү-бул мамлекеттин ар кандай социалдык-экономикалык жана рухий өнүгүшүнүн негизи экендиги талашсыз. 1951-жылдын 24-майындагы СССР Министрлер Советинин токтомуна ылайык, 1951-жылдын 26-июнь айындагы №511-193/1 Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин токтомуна ылайык эки жылдык мугалимдер институту - Ош мамлекеттик педагогикалык институту катары республикабыздын Түштүгүндө биринчи жогорку окуу жайы болуп түзүлгөн.

1955-1956-окуу жылында факультеттердин биринчи бүтүрүүчүлөрү чыккан. Аларга кыргыз, немис, орус, англис тилинин, математика, физика, химия, биология адистигинин мугалими дипломдору тапшырылган.

1957-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Советинин "Кыргыз ССРиндеги жогорку жана кээ бир орто окуу жайларынын окуу-материалдык базасын жакшыртуу тууралуу" токтомунун кабыл алынышы ОМПИ үчүн чоң окуя болгон. Анткени ушул токтомдун негизинде 1961-жылы Ош пединститутунун жаңы башкы корпусу курулган.

Жылдан-жылга окуу жайдын окутуучуларынын саны артып барган. 1970-1971-окуу жылдарында 269 окутуучу иштеген, илимдин кандидаттары да эки эсеге көбөйгөн. Кыргыз улутундагы окутуучулар 112, бардыгы болуп 16 улуттун өкүлдөрү иштеген.

1975-1976-окуу жылында профессор - окутуучулардын курамы 324 адамга жеткен. Алардын ичинен 2 илимдин доктору, профессорлор, 44 илимдин кандидаты, доценттер, 107 улук окутуучу болгон.

1980-жылдардын аягында институттун профессордук-окутуучулук курамы 435 адамды түзгөн, анын ичинде 4 илимдин доктору, профессор, 136 илимдин кандидаты, доценттер жана улук окутуучулар, 295 окутуучу болгон. Ошол мезгилде аспирантурада 39 окутуучу окуп, алардын 26 күндүзгү бөлүмдө, 134 сырттан окуу бөлүмүндө эле.

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ (1992 -жылдан)

Кыргыз Республикасынын туштук регионун социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн, 1992-жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен Ош мамлекеттик педагогикалык институту - Ош мамлекеттик университети болуп өзгөртүлүп, Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун ректору болуп иштеп келген Бакыт Жолчубекович Бешимов Ош мамлекеттик университетинин ректору болуп дайындалып, бул кызматта 1998-жылга чейин эмгектенген.

Ош МУда тез темп менен өнүгүүнүн жана эмгек рыногунун талаптарына жооп берүүчү жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого көнүл бөлүнүп, жаны факультеттер ачылат: тарых-юридика (1992), кыргыз жана озбек филологиясы (1992), медицина (1993), теология (1993), менеджмент жана бизнес (1996), сырткы юридикалык (1997).

Ош мамлекеттик университетинин (ОМПИ) өнүгүүсүнүн негизги
көрсөткүчтөрү (1951-2012-жж.)

Ректорлордун (директорлордун) Ф.А.А.сы Студ. саны Адис. саны Фак., кафед. саны Корпус. жалпы саны Ден соолук. ЧЫҢДОО борбору Окут. саны
1 Таабалдиев Раимбек (1951-53-окуу ж.) 425 5 5/12 1/0 45, и.к. -4
2 Половиков Федор
(1953-55-окуу ж.)
425 5 5/12 1/0 102, проф.-
1, доц.-12
3 Омуралиев Ашимкан (1955-60-окуу ж.) 1073 8 5/14 1/0 159, проф.
-1, доц. -10
4 Ешмамбетов Баки
(1960-65-окуу ж.)
2034 8 5/21 2/0 211, проф.
-1, И.К.-23
5 Айтмурзаев Ташмурза (1965-67-окуу ж.) 2237 10 5/25 3/0 268, проф.
-2, и.к. -39
6 Ботбаева Мира
(1967-73-окуу ж.)
2441 11 5/31 3/0 269, проф.
-2, И.К.-78
7 Кулуев Раимкул
(1973-77-окуу ж.)
2690 11 5/31 5/4 1 355, и.д. _
проф. -2,
и.к. -93
8 Жумагулов Сулайман (1977-86-окуу ж.) 5884 13 7/41 5/4 1 395, и.д.,
проф.-2,
И.К.-96
9 Анарбаев Арап
(1986-92-окуу ж.)
5884 14 7/41 5/4 1 435, и.д.,
проф.-4,
и.к.-136
10 Бешимов Бакыт
(1992-98-окуу ж.)
9074 35 11/63 10/8 - 629, и.д. проф. -
14, И.К.-154,
11 Мурзубраимов Бектемир (1998-2005-окуу ж.) 25486 72 16/81 21/9 5 1503,
акад,-
2, и.д.
проф -60,
И.К.-190,
12 Орозбеков Мухтар (2005-2011-окуу
ж.)
25465 72 16/81 19/7 5 1453,
мүчө.
корр-1 и.д.
проф -49,
и.к.-223,
ДОЦ.-249
13 Исаков Каныбек
(2011-ж. баштап)
25974.; ■ -76 < 14(3) /105 20/7 5 1352, акад.-
1, мүчө.
корр-2, и.д.,
проф-54,
и.к -263