Внутренняя связь кафедры
2021-жылдын 17-мартында ОшТУнун алдындагы Седжон Хактан 1 корей тили институту менен ОшМУнун Чыгыш таануу кафедрасынын ортосунда эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимге кол койдук.


2021-жылдын 17-мартында ОГПИнин алдындагы Японияга жумушка орноштуруу борбору менен ОшМУнун Чыгыш таануу кафедрасынын ортосунда эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимге кол койдук.


2021-жылдын 17-мартында "Лидер - НК чет тилдери" борбору менен ОшМУнун Чыгыш таануу кафедрасынын ортосунда эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимге кол койдук.


Чыгыш таануу кафедрасы жаңы ачылганына карабастан өлкөбүздүн аймагындагы бир топ кадыр-барктуу жогорку окуу жайларынын кафедралары менен ар кайсы тармактарда өз ара кызматташуу боюнча эки тараптуу келишимдерди түзүүгө жетишти.

Атап айтсак, алар Бишкек шаарындагы Махмуд Кашгари Барскани атындагы Чыгыш университетинин Араб тили жана педагогика факультетинин “Араб тили жана лингвистика” кафедрасы, ошондой эле аталган университеттин Эл аралык мамилелер факультетинин “Эл аралык мамилелер жана коомдук дисциплиналар” кафедралары, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин “Кыргызстандын жана чыгыш чет өлкөлөрүнүн тарыхы” кафедрасы, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин “Чыгыш тилдери” кафедрасы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин “Чөлкөм таануу жана кыргыз таануу” кафедрасы жана Ош шаарындагы Ош гуманитардык педагогикалык институтунун Кыргыз-Россия факультетинин “Кытай тили” кафедрасы, өзүбүздүн университетибиздин Тарых факультетинин “Жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу” кафедралары.

Мындай эки тараптуу келишимдердин алгачкы ийгиликтери катары атайын “Конок лекциялардын” уюштурулганын айтсак болот.