О АКАДЕМИЯ


                        Ош МУнун миссиясы
• Компетенттүүлүк мамиле менен заманбап билим берүү процессинде сапаттын кепилдигин камсыздоо; билим берүүнүн, илимдин жана маданияттын дүйнөлүк мейкиндигине интеграциялануу; жаштарда адептик, маданий жана илимий баалуулуктарды калыптандыруу;
• Мамлекеттин экономикалык, социалдык жана саясий өнүгүүсүн камсыздоо үчүн өзүнүн интеллектуалдык потенциалын илимде, өндүрүштө жана кесиптик ишмердүүлүгүндө жүзөгө ашыра ала турган жогорку профессионалдык кадрларды даярдоо;
• Борбордук Азиядагы эң мыкты 5 университеттин катарына кирүү.
                        Академиянын тарыхы      
      Ош мамлекеттик университетинин «Үмүт» маданий-эстетикалык борбору Рыспай Абдыкадыров атындагы маданий-эстетикалык борбору болуп, 2009-жылы (03.09.09.) ректордун №685 буйругунун негизинде кайрадан түзүлгөн. Бүгүнкү күндө аталган борбор студенттердин маданий эс алуусун тарбия концепциясынын негизинде камсыз кылуучу окуу жайдагы структуралык түзүм болуп эсептелет. Р.Абдыкадыров атындагы маданий-эстетикалык борбордун жетекчилери болуп Идирис Жолдошов, КРдин эл артисти Жолболду Алыбаев, КРдин эл артисти Апаз Жайнаковдор, 2012-жылдын сентябрь айынан 2017-жылдын февраль айына чейин ф.и.к., доцент, обончу-ырчы Түмөнбай Колдошов жетектеген.
      Р.Абдыкадыров атындагы маданий-эстетикалык борбор 2017-жылдын (06.09.17)октябрь айынан №788 буйругунун негизинде кайрадан Р.Абдыкадыров атындагы Таланттар академиясы болуп түзүлүп, ага обончу Эламан Жалалов директор болуп дайындалды. Бүгүнкү күндө Таланттар академиясында төмөндөгүдөй ийримдер иштеп жатат:
       1."Санат" дастан үйнөнүү ийрими.
      2."Салтанат" фольклордук ансамбли,
      3."Үмүт" фольклордук тобу.
       4. Эстрадалык вокал ийрими.
       5."Арууке" бий ийрими.
      6."Дебют" студенттик театры.