История

Педагогика, психология жана дене тарбия факультети

1959-жылы негизделген (буйрук №150. 20-июль) ОшМУнун структурасындагы алгачкы факультеттерден. Биринчи ачылганда музыка-педагогика факультети деп аталып, жогорку билимдүү музыка жана башталгыч класс мугалимдерин даярдоого багытталган. Анткени ошол мезгилде республикада аталган адистиктер боюнча жогорку билимдүү мугалимдерге суроо-талап, муктаждык өтө күчтүү эле.
1978-79-окуу жылында музыка адистиги бөлүнүп кеткенден кийин, педагогика факультети өзүнчө факультет болуп түзүлгөн. 1998-99-окуу жылынан тартып дене тарбия адистиги ачылгандыгына байланыштуу, педагогика жана дене тарбия факультети деп аталып, 2008-жылы ректордун буйругунун негизинде искусство факультети менен педагогика жана дене тарбия факультети биригип, педагогика жана искусство факультети деп аталган. 2011-жылдын сентябрь айынан баштап, искусство бөлүмү факультет болуп түзүлгөндүгүнө байланыштуу педагогика жана дене тарбия факультети болуп аталган. 2019-2020-окуу жылында психология адистиги кошулгандыгына байланыштуу педагогика, психолдогия жана дене тарбия факультети деп кайрадан аталды.
Факультеттин биринчи деканы болуп азыркы ОшМУнун профессору, философия илимдеринин доктору Ж.Ж.Жаныбеков коомдук башталышта дайындалган. Андан кийин декандык кызматка Д.М.Лондон (1960-1965), Б.Апышев (1965-1968), И.А.Макаревич (1968-1971), С.С.Нурова (1971-1974), С.Дүйшөналиев (1974-1978), Т.К.Сарыков (1978-1980), Ш.Б.Базарбаев (1980-1986), К.М.Миңбаев (1986-1989), Ж.А.Омукеева (1989-1991), Б.А.Апышев (1991-1992), К.З.Зулпукаров (1992), А.А.Исаев (1992-2001), Т.Акматова (2001-2004), К.Байгазиев (2004-2006),А.Закиров (2006-2008) А Аттокуров (2008-2009), Т.Акматова (2009-2012), Б.Муратбаев (2012-2021) жж. ЖОЖдордун ошол учурдагы талабына ылайык дайындалып же шайланып иштеп келишкен. Алардын ар бири мүмкүнчүлүктөрүнүн болушунча жаамат үчүн ак дилден эмгектенип, факультеттин калыптанышында жана өнүгүшүндө өз салымдарын кошушкан. 2021-жылдын январь айынан бери филология илимдеринин кандидаты, доцент Ч.Гапарова факультеттин деканынын милдетин аткаруучу кызматын аркалап келе жатат.
Факультеттин бүтүрүүчүлөрү өлкөбүздүн гана эмес, КМШ өлкөлөрүнүн, анын ичинде Россия федерациясынын билим берүү мекемелеринде да үзүрлүү иштеп жаткандыгы биз үчүн чоң сыймык. Мында бөтөнчө студенттердин өз алдынча иштерин өркүндөтүү багытында алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө. Окутууда «Къп тилд билим бер» программасынын өзгөчөлүгүнө, интерактивдүү, эвристикалык жана сынчыл ой жүгүртүү усулдарына, педагогикалык маселелерди чечүүгө, ишкер оюндарга, педагогикалык кырдаалдарды моделдештирүүгө артыкчылык берилүүдө.
Өткөн алтымыш жылдан ашуун убакыттын ичинде факультетте өзүнүн традицияларына жана жетишкендиктерине ээ болгон ынтымактуу коллектив калыптанды. Адистерди толук кандуу жана ар тараптуу даярдоону камсыздоочу тогуз кафедра бар: 1) башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы; 2) башталгыч билим берүүнүн тилдеринин, адабиятынын теориясы жана методикасы; 3)башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана психологиясы; 4)спорттук жана улуттук оюндар кафедрасы;5)дене тарбиянын физиологиясы, теориясы жана методикасы; 5)жалпы психология; 7)психология; 8)педагогика кафедрасы; 9)факультеттер аралык дене тарбия кафедрасы.
Аларда бардыгы болуп 142 тажрыйбалуу педагог эмгектенет. Алардын сапаттык курамы: КРнын эмгек синирген машыктыруучусу-4, Билим берүүнүн мыктысы-15, илимдин доктору-1, илимдин кандидаттары жана доценттери - 27, 63 ага окутуучу жана окутуучулар. Бир катар жаш окутуучулар кандидаттык диссертацияларды даярдоонун үстүндө эмгектенишүүдө.

Факультеттин структурасы

1. Декан: - п.и.к., доцент Б.Б.Муратбаев;

2. Декандын окуу иштери боюнча орун басары –доцент Т. Умаров;

3. Декандын сырттан окуу боюнча орун басары – филол.и.к., доцент Т.Тойчуев;

4. Декандын тарбия иштери боюнча орун басары – окутуучу Турдумамат уулу Муса;

5. Декандын илимий иштери боюнча орун басары – доцент Т.Умаров;

6. Декандын эл аралык байланыштар жана контракт боюнча орун басары- окутуучу М.Ислаев

7. Усулдук кенештин төрайымы – улук окутуучу А.Таабалдиева

8. Практика башчысы –А.Таабалдиева;

9. Башталгыч, мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана психологиясы кафедрасынын башчысы – п.и.к., доцент М.Бабаев;

10. Башталгыч билим берүүнүн тилдеринин, адабиятынын теориясы жана методикасы кафедрасынын башчысы – ф.и.к., доцент М.Мамутов;

11.Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын башчысы – п.и.к., доцент М.Шайимкулова;

12.Дене тарбиянын, спорттун теориясы жана методикасы кафедрасынын башчысы – окутуучу Ы.Райимбердиев;

13.Жалпы психология кафедрасынын башчысы- А.Жолдошова

14.Педагогика кафедрасынын башчысы-Г.Жутанова

15.факультеттер аралык дене тарбия кафедрасы-С.Сабиров

16.Профбюронун търагасы – окутуучу М.Ислаев;

The structure of the faculty

1. Dean: - Candidate of Philological Sciences, Associate Professor Ch. Gaparova;

2. Deputy Dean for Academic Affairs - Associate Professor Z. Bekmuratov;

3. Deputy Dean for Correspondence - Candidate of Philological Sciences, Associate Professor T. Toychuev;

4. Deputy Dean for Educational Affairs - Teacher G. Omurzakova;

5. Deputy Dean for Scientific Affairs - Associate Professor T. Umarov;

6. Deputy Dean for International Relations and Contracts - Professor M.Islaev

7. Chairwoman of the Methodical Council - Senior Lecturer A. Taabaldieva

8. Head of practice – Duуshonaly k. Kanymbu

9. Head of the Department of Pedagogy and Psychology of Primary and Preschool Education - Candidate of Pedagogical Sciences, Associate Professor M. Babayev;

10. Head of the Department of Theory and Methods of Languages ​​and Literature of Primary Education - Candidate of Philological Sciences, Associate Professor M. Mamutov;

11. Head of the Department of Theory and Methods of Primary Education - Candidate of Pedagogical Sciences, Associate Professor M. Shaimkulova;

12. Head of the Department of Theory and Methods of Physical Culture, Sports - Lecturer Y. Raimberdiev;

13. Head of the Department of General Psychology - A. Joldosheva

14. Head of the Department of Pedagogy - G. Zhutanova

15. Department of Interfaculty Physical Education - S. Sabirov

16. Chairman of the Bureau - Professor J. Usen uulu;