Женсовет факультета
      Факультеттин аялдар кеңешинин төрайымы болуп Эргешова Ыкыбал иштейт. Бул кеңештин негизги аткарган функциясы факультетте окуп жаткан кыздардын тарбиясын ыйманын, адеп - ахлагын калыптандыруу багытында тарбиялык маанидеги иш чараларды уюштуруу жана кыргыз элинин кыздарга тиешелүү нравалык баалуулуктары, анын бүгүнкү күндөгү абалы жөнүндө белгилүү айымдар, балдар үйүнүн директорлору, гинеколог-врачтар менен жолугушуу өткөрүү.

Факультеттин кыздары белгилүү даталарга карата дубал гезиттерди чыгарып, ар дайым ынтымакта иш жүргүзүп келет.
      Ыйман, адеп жана маданият жылына карата Физика-техника факультетинде ФЕ(б)-1-15 тайпасынын студенттери Маматжан кызы Гүлмээрим, Жаңыбай кызы Сүйдүмкан жана куратору Ш.Сыдыкова тарабынан факультеттин 1-3-курстарынын кыздарына “Кыз адеби кымбат” суроо-жооп иретиндеги кече уюштурулду.
      Кечеде кыздардын коомдогу жана үй-бүлөдөгү орду, өзүн алып жүрүүсү, кеп маданияты, адеп-ахлагы жана кийинүү маданияты боюнча талкуу болду.
      “Арак ичүүнүн үй-бүлөгө тийгизген кесепети”, “Ушундай жашаганга тобо кыл” жана “Окуучуларды таштап кетпе” деген темаларда видеороликтер коюлду. Адан сырткары жаш өспүрүмдөрдүн өзүн-өзү өлтүрүүсүнө себеп болуп жаткан “Бейпил түн”, “Көк кит” жана “4,20 да мени ойгот” деген сыяктуу аттарды жамынып жүргөн виртуалдык оюндардын жаштарга тийгизген таасири тууралуу да кызуу талкууга алынды.
      Бул иш-чарага ОшМУнун Кыздар кеңешинин төрайымы Гүлнара Сейитказиева катышып, иш-чаранын жогорку деңгээлде өтүп жаткандыгын белгилеп, келечекте мындай кечелерди ар түрдүү форматта өткөрүү боюнча өз ойлорун айтты.