Лаборатория "Академия образования"

Ош МУда 2010 – 2015 – жылдары ишке ашырылган USAIDдин “Сапаттуу билим”, TEMPUSтун CANQA жана EDUCA долбоорлорунун натыйжасы катары, “Агартуу Академиясы” коомдук фондунун колдоосунда жана Ош МУнун өнөктөштүгү менен кафедранын алдында “Агартуу Академиясы” лабораториясы түзүлгөн. Анын алкагында ЖОЖдордун профессордук-окутуучулук курамынын, административдик персоналынын, орто кесиптик окуу жайлардын жана жалпы билим берүүчү орто мектептин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу иштери жүргүзүлөт.

“Агартуу Академиясы” лабораториясынын окутуу курстары жогорку, орто кесиптик билим берүү жана жалпы билим берүү чөйрөсүндө жүрүп жаткан жаңылануунун маанилүү тематикаларына үндөш. Учурда бардык баскычтагы билим берүүдө эмгектенип жаткан мугалимдер окуу процессин уюштуруунун заманбап технологиялары боюнча билимдерин толуктоого жана аларды колдоно билүү көндүмдөрүнө ээ болууга муктаж.

“Агартуу Академиясы” лабораториясынын курстары окутуучуларга өздүк өркүндөтүлүшкө өбөлгө түзүү менен алардын кесипкөйлүгүн жакшыртат, окутуп-үйрөтүүдө пайдаланган технологияларын жаңылайт, алар өз кезегинде билимдин сапатын камсыздоого жардам берет. Курстарды жана тренингдерди өткөрүүгө Ош МУнун жогорку квалификациялуу адистери тартылат. Ар бир курстун аягында угуучуларга сертификат берилет.

“Агартуу Академиясы” Коомдук фондуна Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Лицензиялоо жана аккредитациялоо (аттестациялоо) боюнча мамлекеттик инспекциясынын 2014-жылдын 8-майындагы №6/11протоколуна ылайык кошумча билим берүү программалары боюнча окуу процессин уюштуруунун заманбап технологияларын үйрөтүү курсуна лицензия берилген.

ОшМУнун Башкы корпусунун 232-каанасы “Агартуу Академиясы” лабораториясынын базалык окуу каанасы катары тандалып алынды.

Лаборатория төмөнкүдөй курстарды сунуштайт:

  1. ЖОЖдогу инсанга багытталган окутуу . Көлөмү: 72 саат

Таанып билүү теориялары, окутуунун типтери, пландаштыруу. Мамлекеттик стандарт жана сабактын максаты, ырааттуулугу. Сабактын ар кандай стадияларында окутуу ыкмаларын колдонуу

  1. Жалпы билим берүүчү жана орто кесиптик мектепте инсанга багыттап окутуу. Көлөмү : 72 саат

Көп түрдүү интеллект теориясы. Окутуунун максатын коюу. Окутуунун интерактивдик усулдары. Окуучулардын билимдерин баалоо. Таанып билүү теориялары. Окутуунун типтери, пландаштыруу. Көп түрдүү интеллект теориясы.

  1. Заманбап окутуу технологиялары жана методдору. Көлөмү : 72 саат

Жогорку кесиптик билим берүүдө заманбап технологияларды колдонуу: долбоордук метод, имитациялык жана имитациялык эмес оюн методдору, кейс – методу ж.б.

  1. Окутууда компетенттүүлүк мамилеге негизделген дисциплинанын окуу- методикалык комплексин иштеп чыгуу. Окутуунун натыйжалары . Көлөмү: 72 саат

Дисциплина боюнча компетенциялардын картасы. Блум боюнча ой жүгүртүү ыкмаларынын иерархиясы. Тапшырмаларды, суроолорду түзүү. Баалоонун түрлөрү. Эффективдүү баалоонун принциптери. Learning outcomes. Окутуунун натыйжаларын аныктоо: компетенцияларды жана окутуунун натыйжаларын баалоо технологиялары, көрсөткүчтөр жана критерийлер.

  1. ЖОЖдун ишмердигинин натыйжалуулугун өлчөө инструменттеринин системасында өздүк баалоонун уюштурулушу.ЖОЖдо окуу процессин автоматташтыруу жана E – Learning.Окуу процессинде электрондук досканы пайдалануу. Көлөмү: 72 саат

Аккредитация, сапаттын кепилдиги, сапат менеджменти, баалоонун түрлөрү, өздүк баа берүү, өздүк баалоонун принциптери жана этаптары, стратегиялык пландаштыруу.

Автоматташтыруунун принциптери. Окуу процессинде интернет технологияларды колдонуу. E – Learning принциптери.

Компьютердик презентация. Интерактивдүү презентация түзүү. Электрондук окуулуктарды түзүү жана аларды иштетүү. Электрондук доска үчүн программалык жабдыктар менен иштөө.

Биздин дарек: Ош шаары, Ленин көчөсү, 331, 232 – ауд.

тел. (03222) 2-03-78, (03222) 7-11-81

E-mail: zhakypovag@mail.ru, elnuraavazova@mail.ru