Профориентационные работы
           Физика байыркы грек тилинен которгондо «табият, жаратылыш» дегенди билдирет. Физика – материалдык дүйнөнүн жалпы түзүлүшүн жана өнүгүүсүн аныктоочу фундаменталдык закон ченемдүүлүктөрдү окуп үйрөнүүчү илим, табият таануу тармагы. Дүйнө түзүлүшүнүн учурдагы системасы таянган үч киттин бири болуу менен бирге физика, сөздүн өтө кеңири маанисинде, «табият жөнүндөгү илим» болуп эсептелет. Андан сырткары ал ааламдын түзүлүшүнүн материалдык жана энергетикалык параметрлерин окуп үйрөнөт, табияттагы материянын кыймылын башкаруучу фундаменталдуу аракеттенишүүлөрдү түшүндүрүүлөрдү түшүндүрүү жана логикалык негиздөө маселелерин да өз алдына коёт.
   Дал физика илими жалпы адамзаттын техникалык өнүгүүсүнүн негизи кыймалдаткычы болуп эсептелээри талашсыз. Албетте, мында илимий ой жүгүртүүнүн башка тармактарынын да кошкон салымына шек келтиргибиз келбейт деңизчи, бирок, ошондой болсода Исаак Ньютон, Альберт Эйнштейн, Майкл Фарадей, Никола Тесла сыяктуу адамзат тукумунун көптөгөн улуу генийлерин атай кетүүбүз парз. Анткени дал ошолордой миңдеген физиктер адамзатка өзүнүн техникалык өнүгүү багытын көздөй жөн гана кадам таштабастан, өтө зор секирик жасоого мүмкүндүк берди. Акыркы 100 жылдын ичинде адам атомдун энергиясына ээ боло алды, турмуш тиричилигинин бардык тармагын электрлештирүүгө жетишти, сизге ушул саптарды окууга мүмкүнчүлүк берген интернет тармагын түзүп пайдалана баштады, Жер планетасынын аба, суу мейкиндигин, суу алдындагы дүйнөнү өздөштүрө баштады. Ушул кезге чейин белгисиз касиеттерге ээ болгон өтө бышык материалдарды, секундасына миллиарддаган логикалык операцияларды аткаруучу эсептөөчү машиналарды жаратты, адам мээсинин өтө терең катмарларына сүңгүп кире алды, биздин планетанын өтө майда, биз бүгүн вирус деп атаган жандыктарын көрдү, адамдын органдарын жасалма жол менен өстүрүп, алмаштырууну үйрөндү, Жер планетасынын атмосферасынан жогору суурулуп чыга алды. Мунун баарын толук санап чыгуу кыйын. Келтирилген мисалдардын өзү эле физика илими эмнелер менен алектенээрин толугураак түшүнүүгө жетиштүү болоор деп ойлойбуз.
      Арийне, «Сизге физика эмне үчүн керек?» деген суроо жаралышы мүмкүн. Бул суроого башка суроо менен жооп берүүгө аракет кылалы – кырк муунга анын бутары, чымчыктарга канаттары, өсүмдүктөргө Күн эмне үчүн керек? Туура айтасыз, анткени бутсуз кырк муун баса албайт, канатсыз чымчык уча албайт, күнсүз өсүмдүк өспөйт. Бүгүн бизге физика илими мурда болуп көрбөгөндөй зарыл. Анткени физиканын закондорун ар күнү, күнүмдүк тиричилигибизде – тамак жасап жатканда, телевизор көрүп же жөн эле ваннада ырахаттанып жатканда колдонобуз. Архимед закондору, оптикада колдонуучу закондор же гидро – газодинамиканын физикалык закондору бизге кадимки көнүмүш нерселердей болуп калды, биз аларга көңүл деле бурбай калдык. Бул, албетте, жакшы эмес. Анткени, физика эң биринчи кезекте, адамдын өзүн курчап турган дүйнөнү болушунча тереңирээк таануу, өзү анын ажырагыс бөлүгү экендигин таануу мүмкүнчүлүгү!
      Физика илими улам жаңы, татаал маселелерди үйрөнүп, терең, толук түшүндүрүүгө умтулуп келет. Ошондуктан ал чындап эле илимдердин падышасы деген ардактуу наамга толук татыктуу. Ош мамлекеттик педагогикалык институту (азыркы ОшМУ) уюшулган алгачкы күндөн тартып эле физика боюнча жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого өзгөчө көңүл бурула баштаган. Өткөн мезгилдин ичинде ОшПИ – ОшМУ миңдеген физик адистерди даярдап, уядан учурду. Алардын көпчүлүгү өлкөбүздүн орто мектептеринде, атайын орто жана жогорку окуу жайларында үзүрлүү эмгектенишип, жаш муундарды тарбиялоого баа жеткис салымдарын кошуп келе жатышат. Физика адистигин бүтүрүүчүлөрдүн арасынан көптөгөн окумуштуулар – илимдин кандидаттары жана докторлору өсүп чыгышты, Жогорку Кеңештин депутаттары, министр же генерал болгондору да ондоп саналат. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында бажы, салык кызматтарынын, энергетика тармагынын калыптанышына физика адистигинин бүтүрүүчүлөрүнүн салымы чоң болду, бир катар белгилүү ишкерлер, менеджерлер өсүп чыкты. Физика универсалдуу адистик деген пикирди турмуш ырастады.
      Учурда Ош Мамлекеттик университетинде «550200 – физика математикалык билим берүү» багытындагы «550202 - физика» профили боюнча физика – бакаклаврларды даярдоо жүргүзүлүп келе жатат. Күндүзгү бөлүмдө окуу мөөнөтү 4 жыл. Бул адистиктин бүтүрүүчүлөрү орто мектептердин физика, математика жана информатика мугалимдери болуп иштей алышат. Адистикти даярдоого зарыл болгон бардык шарттар (илимий – педагогикалык адистер, окуу куралдары, заманбап окуу лабораториялары, мультимедиялык кааналар ж.б.) университете толук түзүлгөн жана тынымсыз жакшыртылып турат.
      2014 – 2015 – окуу жылынан баштап эки жылдык программа боюнча физик – магистрлерди даярдоого аракеттер көрүлө баштап. 2015 - 2016 - окуу жылынан магистранттар кабыл алынды. Магистратуранын бүтүрүүчүлөрү билим берүүнүн менеджерлери, орто жана жогорку окуу жайларынын окутуучулары болуп эмгектене алышат, аспирантура – докторантурада илимий, илимий – усулдук изилдөөлөрүн жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
      ОшМУнун физика адистигин тандасаңыз турмушта татыктуу ордуңузду таба аласыз деп ишеничтүү айта алабыз. Биргелешип аракет кылсак сөзсүз ийгиликтерге жетебиз!