Общественные и культурно-массовые работы.
      21-сентябрь №1-жатаканада жашаган таланттуу студенттер тарабынан уюштурулган “Салам сага студент” аттуу концерттик кече болду. Студенттер ырларын, бийлерин жана тамашакөй тамашоучулар кызыктуу номерлерди аткарып, студенттердин студенттик жашоого болгон кызыгуусун дагыда арттырышты.
      23-сентябрь Кыргыз-тили майрамына карата Кыргыз-тил кафедрасынын окутуучулары менен биргеликте ФТФнын жана МИТ факультетинин студенттеринин катышуусунда сахналаштырылган майрамдык кече жана акыл таймаш болуп өттү. Майрамдык кече ОшМУнун кичи залында (МАЗ) болуп катышуучулар жана жеңүүчүлөр дипломдор менен сыйланышты. ФТФнын студенттери өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп жеңүүчү аталышты.
      21-сентябрь Искусство факультетинин концерттик залында Таджиккистан Республикасынын Жерге-Тал районунда тартылган Жерге-Талдык кыргыздардын жашоосу тууралуу тартылган видео тасма коюлуп, Физика-техника факультетинде Таджикистандан келип окуп жаткан студенттер катышышты.
      20-22-сентябрь күндөрү Ош шаарындагы Ош Улуттук драм театрыннын алдында уюштурулган техникалык көргөзмөгө Электр менен камсыздоо адистигинин студенттери жана окутуучулары катышып келишти. Көргөзмөдө Электр аппараттары, материалдары, жабдыктары жана курулуш материалдары коюлган.
      23-сентябрь ОшМУнун башкы корпусунун алдында Кыргыз-тили күнүнө карата уюштурулган ар бир факультеттин окутуучулары тарабынан кыргыз тилинде жарык көргөн китептер, монографиялар, ОМКлар, журналдар, дубал гезиттер жана улуттук буюмдар көргөзмөсү болду.
      Физика-техника факультетинин жаштар комитети 4-октябрь окутуучулар майрамына карата таланттуу студенттер факультеттин оозунда эки катар турушуп агайларга ырдап беришсе эжекелерге гүл берип куттукташты.
      5-октябрь Ош шаарынын күнүнө карата борбордук аянтта факультеттин профессорлору, Президенттик “Үмүт” стипендияттары жана жаштар комитетинин структурасы парадтан өтүштү. Майрамдык кече оюн-зооктор, концерттик программалар менен коштолду.
      Факультеттин студенттери Тарых жана маданият жылына карата Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министирлиги тарабынан Ош шаарында өткөзүлгөн VIII Республикалык театралдык фестивалына карата ФТФда “Театр күнү” деп белгиленип, факультеттин жалпы жамааты С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында 2016-жылдын 8-октябрь күнү – “Манастын уулу Семетей”, 2016-жылдын 26-октябрь күнү – “Барсбек” жана 2016-жылдын 15-ноябрь күнү - “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай” деген акысыз театрларды көрүштү.
      2016-жылдын 11-октябрь күнү өлкөбүздө биринчи ирет болуп жаткан ОшМУда “Жүрөгүмдө - Кыргызстан!” аттуу музыкалык-патриоттук иш-чарасы өткөрүлдү. ОшМУнун башкы имаратынын алдында белгиленген иш чара алгач университеттин бардык факультет, колледждеринин студенттеринин жүрүшү менен башталды. Ар бир жүрүш жогорку дух менен коштолуп, факультеттердин жаштар комитеттери төрага, төрайымдарынын коштоосунда ар бири 50-100дөн студент менен көчөлөрдө жүрүш жасап, кадимки Манас бабабыз кырк чоролору менен келгендей башкы имаратка “Мекеним-Кыргызстан», «Жүрөгүмдө-Кыргызстан» деп ураан чакырып кирип келишти. Жаштарыбыз жүрөктөгү мекенчилдик зор сезим менен терең билимге умтулушубуз керек, “Биз, билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн!” дешип жатты. Ошондой эле иш чарага мындай демилгени колдоп келген “Мухаммед-Умар” спорт клубунунун жетекчиси КРнын ММА жана Панкратион федерациясынын президенти Улукбек Омурзаков баштаган 100 спортчусу баштарына ак калпак кийип, Кыргызстандын туусун көтөрүп кирип келишти. Факультеттин студенттери дагы четте турбай 50 студент ак калпак кийип мамлекеттик тууну көтөрүп келген конокторду тосуп алышты.
      14-ноябрь Физика-техника факультетинде 1-курстарды суденттикке кабыл алуу майрамдык кечеде жаңыдан тапшырган студенттерди окууга болгон кызыгуусун арттыруу, алар үчүн даярдалган зачеттук китепчелерди, студенттик билеттерди жана окурманды билеттерди тапшыруу адистиги менен сыймыктанууга үндөө, студенттердин ортосундагы достукту бекемдөө жана факультеттин ичинде болгон спортттук мелдештердин жыйынтыгын угузуп дипломдор менен сыйлоо болуп эсептелинген. Студенттикке кабыл алуу аземин окутуучулар, коноктор жана студенттер менен биргеликте жогорку деңгээлде өткөрүлдү. ОшМУнун башкы корпусунда ЧАЗда (БАЗ) уюштурулан майрамдык кече 1 саат 30 минутка созулду.
      2016-жылдын 17-ноябрь күнү ОУДТда студенттер күнүнө карата Шаардын жаштар комитети тарабынан уюштурулган илимий көргөзмө болду. Энергетика кафедрасынын студенттери окутуучулардын жардамында жасалган иштөөчү макеттерди жана стенддерди көрсөттү. Көргөзмөлөр менен шаар жетекчилери келип таанышышты. Велогенератор, Сулайман-Тоону түнкү жарыктандыруу, Двигатель Бедини, Күн меши жана башка макеттер коюлду.