2018-жылдын 14-декабрь күнү ОшМУнун бүтүрүүчү курстарынын студенттери менен КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жумуш ордуна жайгаштыруу боюнча атайын өкүлдөрү жана коноктору менен семинар тренинг болуп өттү.
Семинар тренингдин күн тартибинде:
Ø Жаш адистердин жумушка жайгашуусунун проблемалары (статистикалык маалымат);
Ø Бош жумуш орундары боюнча маалымат;
Ø Резюмени туура жазуу;
Ø Мамлекеттик жумушка кирүүнүн жол жоболору;
Ø Бүтүрүүчүлөр жана студенттер үчүн Министрлик тарабынан окутулуучу акысыз курстар жана кызматтар ж.б. ушул сыяктуу пайдалуу кеңештер айтылды.
29- март күнү Ош мамлекеттик университетинин
75 жылдык мааракесинин алкагында "Бизнес жана менеджмент" факультетинин
"Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит" адистигинин 15 жылдыгына
жана 3-апрель Бухгалтерлердин жана аудиторлордун кесиптик күнүнө арналган
"Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит" адистигинин
бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу болуп өттү.
Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын уюштуруу жыйыны тарых факультетинде болуп өттү. Салтанатты тарых факультетинин деканы С. Смадияров ачып,
бүтүрүүчүлөрдү бүгүнкү жолугушуусу менен куттуктады
жана ОшМУнун биринчи проректору профессор А.О.Абдувалиев,
ОИД дин башчысы доц.К.Г.Кожобеков,
тарых факультетинин профессору Т.Кадыров,
ОшМУнун карьера борборунун жетекчиси Г.Жакыповалар сөз сүйлөдү.
Жыйынга ОшМУнун тарых факультетин аяктаган жалпы бүтүрүүчүлөр Ош,
Жалал-Абад, Баткен областтарынан, Ош жана Бишкек шаарынан келишти.
Алардын катарында билим берүү системасында, мамлекеттик кызматтарда,
күч структурасында иштеген бүтүрүүчүлөр бар.
Сыймыктуу бүтүрүүчүлөрдөн ОГПИнин ректору Б.Зулуев,
Ош шаардык кеңешинин депутаты С.Жунусбаев,
ОшМСУнун тарых –филология факультетинин деканы профессор А.Т. Балтабаева
ж.б. сөз сүйлөдү.
Жыйында ОшМУнун тарых факультетинин бүтүрүүчүлөр ассоцияциясынын
курамы бекитилди. Анын төрайымы болуп тарых факультетинин улук окутуучусу В.Алтымышева,
Баткен областынын координатору БАТМУ доц. А.Бердиев,
Жалалабад областынын координатору ЖАМУнун доц. Токтогулова Г.,
Ош областынын координатору Алай районунун Мурдаш мектебинин директору М.Абдыкайыров,
Ош шаардык координатору , Ош шаардык кеңешинин депутаты С.Жунусбаев шайланды.
Ошондой эле жыйындын сонунда концерттик программа менен жыйынтыкталды.