2016-жыл “Тарых жана маданият жылы”

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин
"2016-жыл - Тарых жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндөгү" Жарлыгы

Жарлыктын тексти: Кыргызстанда акыркы жылдары болуп жаткан өзгөрүүлөр өлкөбүз өзүнүн өнүгүү моделин ишенимдүү түзүп жаткандыгын айгинелейт. Бүгүн демократиянын алдыңкы жетишкендиктерин элибиздин укуктук, ыймандык жана маданий салттары менен шайкеш келтирүү милдети турат.

Кыргыз Республикасын 2013-2017-жылдар мезгилине туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы нукура эгемендикти камсыз кылууга, демократияны өнүктүрүүгө, жарандардын бейпил эмгеги үчүн шарттарды түзүүгө жана дүйнөлүк, региондук экономикалык процесстерде өлкөбүздүн татыктуу ордун аныктоого багытталган.

Өлкөбүз эгемендиктин алгачкы жыйырма жылында кетирилген каталардан чоң сабак алды. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Кыргызстан туруктуулук жолуна түштү жана коомдук-саясий каатчылыктардан чыгуунун өзгөчө тажрыйбасын дүйнөгө даңазалады. Эл аралык уюмдар жарандарыбыздын жашоосу улам жакшырып баратканын белгилеп, ал эми 2014-жылдан баштап Кыргызстанды кедей өлкө деп эсептебей калды.

Жакынкы келечекте Кыргызстандын финансылык жана экономикалык көз карандысыздыгына жетишүү маселеси башкы орунга чыгып отурат. Экономикалык мүнөздөгү чаралар, энергетикада, транспортто жана башка чөйрөлөрдө жүзөгө ашырылып жаткан ири инфраструктуралык долбоорлор, Кыргызстандын региондук интеграциялык процесстерге жигердүү катышуусу бул максаттын ишке ашуусуна өбөлгө болмокчу.

Ошол эле учурда финансы-экономикалык көз карандысыздыкты, негизи эле кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөө элибиздин руханий кайра жаралуу процесси менен тыгыз байланышта. Дүйнөдө ийгиликтерге жеткен көп өлкөлөрдүн өрнөгү буга мисал.

Адам - прогресстин кыймылдаткыч күчү, ошондуктан келечекте адамды ар тараптан өнүктүрүүгө инвестиция салууга басым жасамакчыбыз. Экономикалык өсүштүн динамикасы жарандардын интеллектуалдык жана руханий дараметине тыгыз байланышкан. Демек, Кыргызстандын экономикасынын мындан аркы бекемделиши көбүнесе өлкөбүздө маданий жана руханий чөйрөнү өнүктүрүүгө жараша болот.

Соңку кезде кыргызстандыктардын улуттук аң-сезими, жарандык патриотизми өсүүдө. Баарыбызды бириктирүүчү жана шыктандыруучу жалпы идеялар жаралып, жарандарыбыз улуттук таламдардын маани-маңызын терең түшүнө баштаганы байкалат. Этносуна жана динине карабай кыргызстандыктардын жалпы жүрүм-турум үлгүлөрү пайда болууда. Элибиздин биримдигин бекемдөөгө, тил саясатын өркүндөтүүгө, Кыргызстан тарыхынын негизги этаптарын иретке салууга багытталган программалык документтер ишке ашырыла баштады. Дин чөйрөсүндө мамлекеттик жаңы саясаттын негизги багыттары белгиленди.

Ошентсе да, тарыхый жана маданий бай мураска ээ болуп туруп, өлкөбүз өз өнүгүүсүндө бул кудурет-күчүн жетишсиз пайдаланып жатат. Акыркы жылдары Кыргызстандын окумуштуулары, асыресе тарыхчылар жана башка социалдык илимдердин өкүлдөрү изилдөөлөрдү жандандырышты, бирок өлкөбүздү мындан ары өнүктүрүү кызыкчылыктары бул иштерди дагы күчөтүүнү талап кылууда. Жаңы изилдөөлөр Кыргызстан тарыхынын жана маданиятынын чала изилденген жерлерин ачыкка чыгарып, аларга бирдиктүү көз карашты калыптандырууга тийиш.

Бүгүн маданият чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өркүндөтүү өзгөчө зарыл. Кошумча ресурстарды тартуунун эсебинен өз ишин өнүктүрүүгө күч үрөгөн айрым маданий мекемелердин жигердүү иштери мамлекеттин колдоосуна муктаж.

Мамлекет маданиятты жана искусствону өнүктүрүүгө жетиштүү көңүл бурбай жаткандыктан, маданий инфраструктура азыркы талаптарга төп келбей калгандыктан, өзгөчө жаңы ыкмалар жана идеялар жок болгондуктан Кыргызстандын жаштары үчүн адеп-ахлактык жаңы багыттар калыптанбай калды.

Бул көрүнүш бир жагынан көпчүлүк жаштардагы руханий боштукту бөтөн, көбүнесе ашынган диний идеялардын жана жашоо образдарынын ээлеп алышын шарттап жатат. Ошол эле учурда ар башка доорлордо, анын ичинде чыгыш-мусулман ренессанс жана агартуучу ислам мезгилинде дүйнөлүк маданият жана илим дал биздин аймактан өнүгүүгө карай жаңы дем-күч алган. Адамзат цивилизациясынын өнүгүүсүнө салым кошкон залкар ойчулдар ушул жерде жашап, чыгармаларды жаратышкан.

Экинчи жагынан улуттук каада-салттарды жана үрп-адаттарды кайра жаратуу шылтоосу менен ысыраптуу жалган салттар жана керектөөчүлүк психология таңууланууда. Бул көрүнүш үй-бүлөнүн жашоо абалына, балдардын жана жаштардын билимине, интеллектуалдык жана руханий өнүгүүсүнө залакасын тийгизүүдө.

2016-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендигине 25 жыл толот. Кыргызстандыктар, бүт түрк дүйнөсү залкар ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын майрамдайт. Мекенибиздин көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн Тайлак баатырдын 220 жылдыгы белгиленет. 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына арналган иш чараларга өзгөчө маани берилет. Ошондой эле Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнө 90 жыл, Кыргыз ССРинин түзүлгөндүгүнө 80 жыл толот. Бул окуялар жана инсандар Кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыптандырууга зор салым кошкон жана Кыргызстан элинин тарыхый, маданий мурасында өзгөчө орду бар.

Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий бай мурастарын мындан ары арттырууда, өлкөбүздү өнүктүрүүнүн улуттук моделин түзүүдө жана ишке ашырууда бул кудурет-күчтү натыйжалуу пайдалануу, адеп-ыймандык жаңы багыттарды жаратуу, кубаттуу, бакубат мамлекетти куруу тилеги менен жарандарды бириктирүү максатында токтом кылам:

1. 2016-жыл Кыргыз Республикасында Тарых жана маданият жылы деп жарыялансын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын эгемендигинин 25 жылдыгына карата иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин жалпы координациясы алдында Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча чаралардын комплексин иштеп чыксын жана жүзөгө ашырсын, аларда төмөнкүлөр камтылсын:
1) Кыргыз Республикасынын облустарында, райондорунда, шаарларында жана айыл аймактарында, анын ичинде билим берүү, илим жана маданият мекемелеринде төмөнкү иш-чараларды өткөрүү:
- Кыргызстан тарыхын жана маданиятын изилдөө жана жайылтуу, мамлекеттүүлүктү жана өлкөбүздүн экономикасын мындан ары бекемдөө милдеттерин элибиздин руханий кайра жаралуусу менен тыгыз байланыштыруу;
- мамлекеттин демократиялык мүнөзүн бекемдөө, азыркы улуттук маданиятты андан ары өнүктүрүү үчүн руханий мурасты жана материалдык маданияттын эстеликтерин сактоо, коргоо жана кеңири жайылтуу;
2) калк конуштарынын, кичи райондордун, көчөлөрдүн тарыхын, салттарын жана азыркы талаптарды эске алуу менен алардын кайталангыс маданий келбетин калыптандыруу жана жакшыртуу пландары менен программаларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгелерин колдоо;
3) тарыхый-маданий мурастын объекттерин, анын ичинде археологиялык жана архитектуралык эстеликтерди сактоого көзөмөлдү күчөтүү үчүн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү;
4) Кыргыз Республикасынын маданият чөйрөсүндөгү мамлекеттик программаларын ишке ашыруу боюнча артыкчылыктуу чаралар катары улуттук жана жергиликтүү маанидеги тарыхый эстеликтерди реставрациялоо, аларды мектепте билим берүүнүн мекен таануу компонентине киргизүү, ички туризмдин маршруттарын өнүктүрүү;
5) маданият жана искусство мекемелерин улуттук, жергиликтүү деңгээлде колдоо, инвентаризация жасоо, аларды заманга ылайык жаңылоонун пландарын жана программаларын иштеп чыгып бекитүү, жаштар борборлору менен бириктирилген инновациялык китепканаларды түзүүгө басым жасоо аркылуу Интернет жана заманбап технологиялар менен камсыз кылуу;
6) изилдөөчүлөр, окуу китептеринин жана окуу куралдарынын, илимий-популярдуу басылмалардын, адабияттын, асыресе балдар адабиятынын авторлору үчүн “Тарых, маданият жана келечек” гранттык программасын түзүү жана ишке ашыруу аркылуу окумуштуулардын, тарыхый жана башка социалдык-гуманитардык илимдердин өкүлдөрүнө дем берүү;
7) билим берүү мекемелеринде тарыхты, мамлекеттик тилди жана маданияттын негиздерин окутуу сапатын жакшыртуу, окутуунун заманбап методологиялары жана усулдары боюнча тарых жана социалдык-гуманитардык сабактардын мугалимдеринин адистигин жогорулатуу боюнча курстарды, анын ичинде аймактар арасында тажрыйба алмашууну уюштуруу;
8) Кыргызстандын тарыхый жана маданий өнүгүүсүнүн маанилүү этаптарын чагылдырган көркөм, даректүү жана анимациялык фильмдерди, телесериалдарды тартуу;
9) кыргызстандыктардын жүрүм-турум модели катары универсалдуу демократиялык дөөлөттөр менен кыргыз элинин кайталангыс маданиятын айкалыштырган “кыргыз жараны” образын билим берүү, маданият, искусство, спорт, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жайылтуу;
10) маданият жана искусство ишмерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын Кыргызстан элинин биримдигин, мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө, анын руханий кайра жаралуусуна, өзгөчө балдар жана жаштар үчүн бийик адеп-ыймандык жаңы багыттарды түзүү демилгелерин колдоо;
11) бул чөйрөдө терс көрүнүштөрдү жана жалган үрп-адаттарды жоюуга өбөлгө болгон салттуу маданияттын жакшы өрнөктөрүн жана багыттарын үйрөнүү жана кеңири жайылтуу;
12) Коомдук телерадиоберүү корпорациясы, башка жалпыга маалымдоо каражаттары, жарандык коомдун жана бизнес коомчулугунун институттары менен биргеликте Кыргыз Республикасында Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча натыйжалуу маалыматтык ишти камсыз кылуу.

3. Мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөө максатында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссия заманбап методологиянын жана сабактарды шайкеш келтирүү ыкмаларынын, анын ичинде универсалдуу тарых курсунун негизинде Кыргызстандын тарых жана маданият ресурстарын кеңири пайдаланууга, илимий чөйрөдө өлкөбүздүн тарыхына, анын негизги этаптарына бирдиктүү көз карашты калыптандырууга өбөлгө боло турган чаралар боюнча сунуштарды киргизсин.

4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын
Президенти                                     А.Ш. Атамбаев
30-декабрь, 2015-жыл