Архив(ИИИ)
Ош мамлекеттик университетинде 29-ноябрда “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу IV аймактык студенттик илимий конференция өткөрүлдү. Конференцияга Түштүк аймагындагы жогорку окуу жайларынан, ОшМУнун Арашан гуманитардык институтунан келген илимге кызыккан алдыңкы студенттер жана алардын илимий жетекчилери, ЖОЖдордун илимий иштер боюнча проректорлору, илим, аспирантура бөлүмдөрүнүн башчылары катышышты. Конференциянын иши педагогика жана окутуунун технологиялары, филология, тарых, юридика, коомдук илимдер жана дин таануу, улуттук экономика, бухгалтердик эсеп жана финансы, инженердик-техникалык илимдер жана информациялык технологиялар, медицина илимдери боюнча секцияларда улантылды. №IX “Инженердик-техникалык илимдер жана информациялык технологиялар” секциясында ар аймактан келген 16 студент оз баяндамаларын жасашып, баяндамалар студенттердин арасында кызуу талкууга алынды. Жыйынтыгында Программалоо кафедрасынын окутуучусу Н. Абдирайимова жетектеген “LMS Moodle’да информатика боюнча дистанттык курсту иштеп чыгуу” баяндамасы I орунга татыктуу болду, баяндамачы МИТ факультетиниин ИСТ адистигиниин ИСТ-б-1-16 группасынын студенти Н. Абдираимов.


Кафедрада эки багытта илимий-изилдөө иштери жүргүзүлөт:
1-тема. Жекече туундулуу дифференциалдык теңдемелер үчүн түз жана тескери маселелер. Жетекчиси – ф.-м.и.д., проф. Сопуев А.;

Профессор Сопуев А.

Тема 1.1. Үчүнчү жана төртүнчү тартиптеги жекече туундулуу теңдемелер үчүн түз жана тескери маселелер.
      Максаты: Үчүнчү жана төртүнчү тартиптеги жекече туундулуу дифференциалдык теңдемелер үчүн чек аралык маселелердин чечимдеринин жашашын жана жалгыздыгын, туруктуулугун далилдөө, сандык чечимдерин алуу жана графиктерин тургузуу, алынган жыйынтыктарды практикалык маселелерди чечүүдө колдонуу. Алынган жыйынтыктар: 2011-жылдын 13-16-сентябрында Бишкек шаарында “Асипмптотические, топологические и компьютерные методы в математике” аттуу IV эл аралык илимий конференцияда доклад кылынды жана КУУнун жарчысынын атайын чыгарылышында жарыяланды.

Доцент Асылбеков Т.Д.
Тема 1.2. Эселүү характеристикасы бар төртүнчү тартиптеги гиперболалык теңдемелер үчүн түз жана тескери маселелер.
      Максаты: төртүнчү тартиптеги дифференциалдык теңдемелер үчүн ло-калдык, локалдык эмес чек аралык маселелердин чечимдеринин жашашын жана жалгыздыгын, туруктуулугун классикалык, сандык методдор менен далилдөө, сандык чечимдерин алуу жана графиктерин тургузуу, алынган жыйынтыктарды практикалык маселелерди чечүүдө колдонуу.
Алынган жыйынтыктар: 2011-жылдын 13-16-сентябрында Бишкек шаарында “Асипмптотические, топологические и компьютерные методы в математике” аттуу IV эл аралык илимий конференцияда доклад кылынды жана КУУнун жарчысынын атайын чыгарылышында жарыяланды.

Доцент Кожобеков К. Г.
Тема 1.3. Үчүнчү тартиптеги аралаш типтеги жекече туундулуу дифференциалдык теңдемелер үчүн четтик маселелер.
      Максаты: үчүнчү тартиптеги аралаш типтеги теңдемелер үчүн четтик маселелерди корректүүлүгүн далилдөө. Изилдөө обьектиси: үчүнчү тартиптеги сызыктуу жана сызыктуу эмес аралаш типтеги жекече туунду дифференциалдык теңдемелер.
Алынган жыйынтыктар: 2011-жылдын 13-16-сентябрында Бишкек шаарында “Асипмптотические, топологические и компьютерные методы в математике” аттуу IV эл аралык илимий конференцияда доклад кылынды жана КУУнун жарчысынын атайын чыгарылышында жарыяланды.

Улук окутуучу Аркабаев Н.
Тема 1.4. Төртүнчү тартиптеги жекече туундулуу дифференциалдык теңдемелер үчүн чек аралык маселелерди чечүү
      Максаты: төртүнчү тартиптеги дифференциалдык теңдемелер үчүн корректүү чек аралык маселелерди коюу, алардын чечимдеринин жашашын жана жалгыздыгын далилдөө, сандык чечимдерин алуу жана графиктерин тургузуу, алынган жыйынтыктарды практикалык маселелерди чечүүдө колдонуу.
Алынган жыйынтыктар: 2011-жылдын 13-16-сентябрында Бишкек шаарында “Асипмптотические, топологические и компьютерные методы в математике” аттуу IV эл аралык илимий конференцияда доклад кылынды жана КУУнун жарчысынын атайын чыгарылышында жарыяланды.

Улук окутуучу Сатаров А.
Тема 1.5. Төртүнчү тартиптеги жекече туундулуу дифференциалдык теңдемелер үчүн жалгаштыруу маселелери
      Максаты: Төртүнчү тартиптеги дифференциалдык теңдемелер үчүн жалгаштыруу маселелерин коюу, алардын чечимдеринин жашашын жана жалгыздыгын далилдөө, сандык чечимдерин алуу жана графиктерин тургузуу, алынган жыйынтыктарды практикалык маселелерди чечүүдө колдонуу.
Алынган жыйынтыктар: Ош МУнун жарчысына, “Исследование по интегро-дифференциальным уравнениям” журналына басылып чыкты.

Окутуучу Токторбаев А. Илимий жетекчиси: ф.-м.и.д. профессор Искендерова Д.А.
Тема 1.6. Газдардын таасир берүүчү аралашмасынын теңдемелери үчүн Коши маселесинин чечилиши.
      Максаты: Газдардын таасир берүүчү аралашмасынын теңдемелери үчүн корректүү чек аралык маселелерди коюу, алардын чечимдеринин жашашын жана жалгыздыгын далилдөө, сандык чечимдерин алуу жана графиктерин тургузуу, алынган жыйынтыктарды практикалык маселелерди чечүүдө колдонуу.
Алынган жыйынтыктар: 2011-жылдын 13-16-сентябрында Бишкек шаарында “Асипмптотические, топологические и компьютерные методы в математике” аттуу IV эл аралык илимий конференцияда доклад кылынды жана КУУнун жарчысынын атайын чыгарылышында жарыяланды.

Улук окутуучу Тажикбаева С. Илимий жетекчиси: ф.-м.и.д., профессор Искендерова Д.А.
Тема 1.7. Газдар динамикасынын бузулуучу теңдемелеринин чечилиши.
      Максаты: Газдар динамикасынын бузулуучу теңдемелери үчүн корректүү чек аралык маселелерди коюу, алардын чечимдеринин жашашын жана жалгыздыгын далилдөө, сандык чечимдерин алуу жана графиктерин тургузуу, алынган жыйынтыктарды практикалык маселелерди чечүүдө колдонуу.
Алынган жыйынтыктар: Ош МУнун жарчысынын атайын чыгарылышында жарыяланат.

Окутуучу Миталипова А.А. Илимий жетекчиси: ф.-м.и.д., профессор Ташполотов И.Т.
Тема 1.8. Наноструктуралык элементтүү композициялык материалдарды сандык моделдөө.
      Максаты: Наноструктуралык элементтүү композициялык материалдарды сандык моделдөө маселелери каралат, алардын сандык чечимдерин алуу жана графиктерин тургузуу, алынган жыйынтыктарды практикалык маселелерди чечүүдө колдонуу.
Алынган жыйынтыктар: Ош МУнун жарчысынын атайын чыгарылышында жарыяланат.

2-тема. Окутуунун интерактивдүү методдорун өркүндөтүү. Жетекчиси – ф.-м.и.д., проф. Сопуев А.
Улук окутуучу Абдугулова Г.С.
Тема 2.1. Азыркы мектептеги математика курсун дүйнөлүк деңгээлге жакын өнүктүрүүнүн проблемалары.
Максаты: Азыркы мектептеги математика курсунун абалын анализдөө; разработка аспектов развития математического образования в Кыргызтанда математикалык билим берүүнүн өнүгүү аспекттерин иштеп чыгуу.