Кафедранын отчету

2020 – жылдын январь айында Жалпы физика жана ФОУ кафедрада аткарылган иштердин отчету

4. №34 форма боюнча отчет даярдоо жана 2-жарым жылдыкка семестрдик иш пландар түзүлдү жана бекитилди.

5. ОшМУнун №6, 12, 15, 19 ж.б бюллетендерине киргизилген өзгөртүү, түзөөлөрдү эске алуу менен сборниги даярдалды жана чыгарылды.

8. Кадрлар резерви боюнча ОшМУнун сайтына, Ош шамына жарыялар берилди жана талапкерлердин документтери кабыл алынды. Алар журналга катталды. Биздин кафедрага Абдимуталипова Зейнура жана Бекжан кызы Гулайым арыздарын тапшырган.

10. Дистанттык технологияларды колдонуу жана өркүндөтүү боюнча уюштурулган семинарга кафедранын окутуучусу Ж. Макамбаева катышты жана сертификатка ээ болду.

11. Адистиктин окуу планына ылайык келген жана окутуунун күтүлүүчү натыйжаларына эффективдүү жетүүгө өбөлгө түзүүчү компетенциялар матрицасы иштелип чыгылган. Ал матрица кафедралардын биргелешкен жыйындарында тарабынан 2020 – жылдын 26 – январда кайрадан анализделип, такталып №1 протоколунун чечиминде бекитилген. Тиешелүү кафедраларга таркатылган.

12. 550200 “Физика – математикалык билим берүү” багыты боюнча “физика” профилин даярдоодо адабият менен камсыздоо ар бир предмет боюнча так аныкталган жана тиешелүү китеп фонду кафедранын улук окутуучусу М. Калбекова тарабынан иликтенди.

14. Студенттердин предметтер боюнча жетишүүсү кафедранын, факультеттин жылдык отчетторунда көрсөтүлгөн. Ар бир дисциплина боюнча тесттик тапшырмалардын системасы жана экзамендик билеттер иштелип чыгылган. Мында бардык тараптуулукту камсыздоо үчүн, экзамендик суроолордун катарына физика боюнча маселелер (физиканын жалпы курсу боюнча), методикалык маселелер (физиканы окутуу методикасы боюнча) киргизилген ( ЖФ и ФОУкафедрасы, кафедранын дисциплиналары боюнча ОМК). Тестик тапшырмалар креативдик деңгээлде кайрадан иштелип чыгууда. ББПнын дисциплиналары боюнча студенттердин билимин баалоо рейтингдик-модулдук система боюнча жана университеттин тест-борборлорунда жүргүзүлөт. Модулдардын жана экзамендердин жыйынтыктары автоматтык түрдө AVN-электрондук информациялык системасында катталат.

15. Окутуунун сапатын жакшыртууга өбөлгө түзүү:

- жумушчу программаларды, силлабустарды өркүндөтүү;

сабактарда демонстрацияларды, техникалык каражаттарды жана көрсөтмө куралдарды кенири пайдалануу;-окутуунун эффективдүү методдорун (проблемалуу окутууну, компьютердик жана санариптик технологияларды, интерактивдүү досканы пайдалануу, изилдөө методун ж.б.) кеңири колдонууга жетишүү. Бул максатта Ж.Эгембердиев айрым программаларды кыргыз тилине которду жана практикалануу учурунда. З. Омаралиева,М. Жуманова,А. Эгемназарова, ж.б. кафедранын мүчөлөрү иш жүргүзүштү.

16.Кафедранын окутуучулары өзү иштеген билим берүү программаларынын алкагында илимий макалаларын даярдоодо жүрүшөт. Мында кафедранын доценти З. И. Омаралиеванын макаласы РИНЦте жарыяланды. Ал эми кафедранын окутуучусу Ж. Макамбаева жана лаборатория башчысы Э. Сактанованын макалалары даярдалып журналдарга сунуштоодо турат.

17. Магистранттардын кышкы экзамендик сессиясынын жүрүшү көзөмөлгө алынды. Модуль жана экзамендер өз убагында модулдук жана экзамендик графиктин негизинде алынды. Алардын жыйынтыктары автоматтык түрдө AVN-электрондук информациялык системасында катталды.

19. ОшМУдагы аккредитациядан өтүүчү билим берүү прогроммаларынын өздүк отчету даярдалды жана тиешелүү бөлүмгө тапшырылды. Азыркы учурда стейкхолдерди даярдоо процесси жүрүүдө.

26. Мобилдүүлүк боюнча 2 студенттин документтери каралды. 2019-2020-жылдын (күзгү, жазгы, жайкы) семестр, ОшМУнун Физика-техника факультетинин 2-курсунун 550200 – Физика математикалык билим берүү багыты “Физика” профили боюнча студенттери Мейманова Бегимай Эралыевна жана Маматова Мээрим Мадановна Академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине жөнөтүлдү.

29. ОшМунун 80 жылдыгына карата, ОшМУну жетектеген ректорлордун тарыхый автордук аудиторияларын түзүү иштери каралууда. ОшМУну жетектеген ректорлордун басып өткөн өрнөктүү жолун, эмгегин баалоо, алардын ишмердүүлүгүн жана окуу жайыбыздын өнүгүүсүнө кошкон салымын жаштарга, жамаатка жеткирүү максатында Т. Айтмурзаев агайыбыздын тарыхый автордук аудиториясын түзүү максатында 236-канаа каралып жатат.

31. ОшМУнун 80 жылдык юбилейине арналган салтанатка, конференцияга жана башка иш-чараларга чакырылуучу коноктордун тизмеси такталды жана алардын ар бирине чакыруулар даярдалып жатат. Чакырылган коноктордун тизмеси таблица аркылуу көргөзүлгөн.

ОшМУнун 80 жылдык юбилейинин алкагында 2020-жылдын 15-16-17-апрель күндөрү өтүүчү расмий салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн төмөндөгү конокторду чакырууну сунуштайбыз:

Аты-жөнү

Мамлекети

Кызматы,

Илимий даражасы, наамы

Байланышуу дареги: телефон, факс же электрондук дареги

Катышуучу иш чара

Каржы булагы

1

Токонбаева Гүлзат Чоюнбековна

Кыргызстан

И. Арабаев атындагы университети. Физика жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын башчысы

Педагогика илимдеринин кандидаты

0772539047

Конференция

2

Бабаев Дөөлөтбай Бабаевич

Кыргызстан

Кувейт атындагы университетинин проректору

Педагогика илимдеринин доктору, профессор

0772723244

Конференция

3

Мамбетакунов Эсенбек

Кыргызстан

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде кафедра башчысы

Педагогика илимдеринин доктору, профессор. УИА нын академиги

0553939370

Конференция

4

Мурзуибраимова Бибисара Бемаматовна

Кыргызстан

Кыргыз билим берүү академиясынын (КББА) ага илимий кызматкери

Педагогика илимдеринин кандидаты

0777555870

Конференция

33. ОшМУнун сайтын юбилейлик материалдар менен жаңылоо жана презентациялоо иши жүрүп жатат.

35. ОшМУнун 80 жылдыгына карата алдыңкы кызматкерлердин ( ПО курамы, окуу көмөкчү персоналы жана башка) өкмөттүк сыйлыктар менен сыйлоо үчүн документтерин даярдоодо кафедранын профессору Ж. Эгембердиев сунушталууда.

41. Көп тилдүү билим берүү боюнча уюштурулган семинарга кафедранын улук окутуучусу А. Эгемназарова катышып тиешелүү сертификатка ээ болду.