Выпускники отдела магистратуры
p> Ош мамлекеттик университетинин магистрат урасындагы ишмердик төмөнкү нормативдик–укуктук документтер менен жөнгө салынат:

1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Лицензиялоо жана аккредитациялоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын 27.02.2014 №3/08 протоколунун чечеими менен Ош мамалекеттик университетине жогорку билим берүү программалары боюнча магистрлерди даярдоо боюнча 26 багытка лицензиянын берилүүсү.

2. ОшМУнун эки баскычтуу билим берүү системасына өткөндүгүнө жана 26 багыт боюнча магистрлерди даярдоого лицензиялардын алынышына байланыштуу 14.09.2014-жылдан магистратура департаментинин түзүлүүсү жөнөндөгү № 218 &2, 23.04.2014 буйрук.

3. ОшМУнун магистратурасынын окуу жүктөмдөрүн пландоо нормалары боюнча №6 бюллетенге толуктоолорду киргизүү боюнча № 490, 7.10.14 буйругу.

4. Магистратура департаментинин ордуна Магистратура жана PhD докторантура бөлүмүнүн түзүлүүсү боюнча №1140, 15.12.2015 буйрук.

5. ОшМУнун магистратурасынын тиешелүү багыттары боюнча окуу пландары, практикалардын күндөлүктөрү, программалары жана усулдук колдонмосун бекитүү боюнча ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин 09.11.2016-жылдагы №2 жыйынын чечиминин негизинде №1131, 11.11.2016-ж. буйрук.

6. Магистранттардын практикасын өткөрүү тартиби жөнүндөгү жобону (30 бюллетень) бекитүү боюнча №227, 07.03.2016 буйрук.

7. Тиешелүү программалардагы илимдин багыттары боюнча магистрлерди даярдоодо факультеттин деканын, кафедра башчысынын, магистратураны уюштурууга жооптуулардын жана практика жетекчисинин, программа жетекчисинин жана диссертация жетекчисинин кызматтык милдеттерин бекитүү жөнүндөгү №1258 06.12.2016-ж. буйрук.

8. 23-апрель Магистратура күнү деп белгилөө боюнча №237 28.02.2017- ж. буйрук.

9. ОшМУнун 2017-2019-окуу жылдары үчүн магистранттын жекече иш планын бекитүү;

10. ОшМУнун магистратурасы боюнча Жобосуна толуктоолорду киргизилүүсүн (№28 бюллетень) бекитүү;

11. ОшМУнун магистрдик диссертация боюнча Жобосуна толуктоолорду киргизилүүсүн (№29 бюллетень) бекитүү боюнча ОшМУнун Административдик кеңешинин 28.10.2017-ж. №7 жыйынын чечими.

12. 2017-2018-окуу жылына карата Магистратурадагы багыттарга кабыл алуу үчүн тиешелүү факультеттердин Окумуштуулар кеңешинин 22.05.2017-жылдагы №7 жыйынын чечиминин негизинде тектеш адистиктер бекитүү боюнча №475 23.05.2017-ж. буйрук.

2016-17-окуу жылында ОшМУнун магистратура жана PhD докторантура бөлүмү тарабынан төмөндөгүдөй иш-аракеттер аткарылган:

1. 2016-жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги тарабынан жаңы бекитилген мамлекеттик билим берүү стандартынын “2015-ж. 15-сентябрь” негизинде бардык багыттарда окуу пландар, жумушчу окуу пландар кайрадан түзүлүп, бекитилди.

2. 2016-17-окуу жылына тиешелүү факультеттердеги магистратура бөлүмдөрдүн жана университеттин магистратура жана PhD докторантура бөлүмүнүн бир жылдык иш планы түзүлүп, бекитилди жана окуу жылы ичи пландын негизинде иштер жүргүзүлдү.

3. Бекитилген иш планга ылайык, 2016-2017-окуу жылында окуу процесси, практикалар бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүп, маалыматтар тиешелүү факультеттин декандарына учурунда берилип жатты.

4. Факультеттердин Окумуштуулар кеңешинде магистратурага тиешелүү элективдүү курстар каралып, протоколдордун көчүрмөлөрү бөлүмгө жыйналды жана жумушчу окуу пландарга ОК бекитилген предметтер гана кийирилди.

5. Факультеттин деканынын, кафедра башчысынын, программа жетекчисинин жана магистратурага жооптуулардын кызматтык милдеттери такталып, атайын семинарда талкууланып, кошумча-алымчалары менен түзөлүп, ректор тарабынан бекитилип, сайтка жайгаштырылып, баарына маалымдалды.

6. 2016-жылдын 26-ноябрында магистратура жана PhD доктрантура бөлүмү тарабынан магистранттар үчүн Илим фестивалынын алкагында “Жаш окумуштуулардын изилдөөлөрү: гипотезалар, практикалык сунуштар, иштелмелер” деген аталыштагы илимий –практикалык конференция өткөрүлүп, биринчи жолу 1-курска кабыл алуу аземи болуп магистранттар өздөрүнө тиешелүү зачеттук китепчелерге жана магистранттын күбөлүгүнө ээ болушту. Аталган фестивалдын алкагында конференцияда магистранттардын баяндамалары угулуп, талкууланган тема боюнча макалалары ОшМУнун жарчысынан атайын чыгарылыш №2 менен 2017-жылы жарык көрдү.

7. 06.12.2016-ж. №1259 буйруктун негизинде 2016-2017-окуу жылына магистрдик программалардын жетекчилери дайындалды.

8. Магистранттар үчүн ай сайын белгилүү окумуштуу профессорлорубуздун ачык лекциялары, тегерек столдору, семинарлары, мастер класстары, баарлашуу сааттары пландаштырылып өткөрүлдү. Бардык иш чаралар өзүнчө план менен бекитилип алып барылды жана мезгил-мезгили мененсайтка маалыматтар берилип турду. Мисалга алсак: КРдин президентинин жарлыгына ылайык, 2017-жыл Ыйман, адеп, жана маданият жылы деп белгиленгендигине байланыштуу, ОшМУнун алдыңкы профессорлору магистранттарга: филология илимдеринин доктору, профессор К.А. Исаков 2017-жылдын 17-февралында “Кыргыз адабиятынын адеп, ыйман жана маданиятты калыптандыруудагы орду” деген темада, ал эми тарых илимдеринин кандидаты, доцент С.А. Смадияров 2017-жылдын 10-мартында “Кыргызстан тарыхын изилдөөнүн учурдагы көйгөйлөрү” деген темада баарлашуу лекцияларын өтүштү.

9. 2017-жылдын 15-февралында жана 30-мартында “Магистратуранын келечеги жана учурдагы маселелер – илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү методологиясы” аттуу талкуу тегерек столдор өткөрүлдү. Анда программа жетекчилери жана магистратурада сабак берген окутуучулар магистратуранын учурдагы проблемаларын жана айрым маселелерин талкуулашты.

10. Ар бир факультеттин магистратурасынын аткарып жаткан иш-аракеттери жөнүндө кеңири маалыматка ээ болуу максатында, магистратура жана PhD докторантура бөлүмүнүн башчысы Т.Т. Жумабаева тарабынан атайын эстеткич иштелип чыкты жана ар шаршемби күнү болуучу бөлүмдүн жыйынын көчмө жыйынга айлантып, факультеттерди кыдырып көрүп, сайтка маалыматтарды берип жаттык.

11. ОшМУнун ректору К.А. Исаковдун 28.02.17-ж. №237 буйругу менен 23-апрель “Магистратура күнү” деп белгиленгенине байланыштуу, илимий-практикалык конференция уюштурулуп, магистранттардын макалалары ОшМУнун 2017-ж. Жарчысынан атайын чыгарылыш (4) менен жарык көрдү.

12. Магистрдик диссертациялардын сапатын көтөрүү жана диссертациялардын базасын түзүү максатында ректордун буйругу менен биринчи жолу магистрдик диссертациялар коргоого чейин “Антиплагиат” системасында текшерүүдөн өттү.

13. ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин 2017-жылдын 22-майындагы №7 жыйынында ОшМУнун Магистратурасындагы багыттарга кабыл алуу үчүн тиешелүү факультеттердин Окумуштуулар кеңештеринин чечимдеринин негизинде тектеш адистиктер такталып, ОКда каралып, бул чечимдер ОшМУнун ОКда бекитилди жана 2017-2018-окуу жылына кабыл алуу ушул чечимдин негизинде жүргүзүлдү.

14. 2017-жылдын 27-июнунда баардык факультеттердин биринчи курстарынын магистранттарынын активдүү катышуусу менен экинчи курстун магистранттары үчүн “Бүтүрүү аземи” өткөрүлдү.

15. Магистратура жана PhD доктрантура бөлүмү тарабынан университеттин магистратурасынын бүтүрүүчүлөр Асоссациясынын Жобосу түзүлүп, ал бүтүрүүчүлөрдүн катышуусу менен талкууланып бекитилди жана анын негизинде 2017-жылдын 13-майында магистрлер асcоциациясы түзүлүп, алардын иш планы бекитилип, учурда иш алып барышууда.

Магистратурага байланышкан нормативдик-укуктук документтер (КРдин Өкмөтүнүн, министрликтин, ОшМУнун токтомдору, жоболору, Окумштуулар кеңештеринин чечимдери ж.б.). КРдин билим берүү министрлиги тарабынан бекитилген стандарттын негизинде нормативдик-укуктук документтер факультеттерде атайын папкаларда тиркелген. Магистратуранын ишмердигине укук берүүчү документтерди университеттин магистратура жана PhD докторантура бөлүмү (12 документ) ОшМУнун сайтына жайгаштыргандыгына карабастан, айрым факультеттерде толук эмес. Тиешелүү факультеттерге аларды толуктап тиркөө комиссия тарабынан эскертилди. Ошондой эле ОшМУнун токтомдору, жоболору (№28,29,30 бюллетень), Окумуштуулар кеңешинин чечимдери магистратура бөлүмүнүн башчыларынын, программа жетекчилеринин жана кафедралардын атайын папкасына тиркелген жана ошол иш кагаздарынын чегинде иш жүрүп келе жатат.

МАГИСТРАТУРА

1. Жогорку окуу жайдын аталышы: Ош мамлекеттик университети

2. Факультеттин аталышы: Табият таануу жана география

3. Билим берүү программанын статусу: Магистратура 2014-жылы ачылган

4. Даярдоонун багыттары жана адистиктери: 520200-Биология, 550100-табийгый илимий билим берүү, 520100-химия, 520400-география, 600200-туризм.

5. Адистешкен акредитациядан өтүүсү жөнүндө: 550100-ТИББ пландалды

2016 жылы бүткөн магистранттардын жалпы саны: 39.

А) Биология-20 магистранттын 1- түркиядан келген Акын Мехмед.

Б) Химия-7

В) География-6

Г) Туризм-6,

Артыкчылык диплом алган магистранттардын саны:- 21.

Баары: 39

Магистратураны бүткөндөн кийин жумушка орношу:

2017 жылы бүткөн магистранттардын жалпы саны: 16

А) Биология-7

Б) Химия-8 магистранттын 1- түркиядан келген Адем Челебилер.

В) География-1

Артыкчылык диплом алган магистранттардын саны:- 2.

Баары: 16

Магистратураны бүткөндөн кийин жумушка орношу:

2018 жылы бүткөн магистранттардын жалпы саны:

А) Биология-14

Б) Табийгый илимий билим берүү-14

Б) Химия-5

В) География-6

Г) Туризм-6,

Артыкчылык диплом алган магистранттардын саны:- 10.

Баары:

Магистратураны бүткөндөн кийин жумушка орношу:

6. Билим берүү гранты: жок

7. Академиялык мобилдүүлүк: Биология 2 магистрант (Казакстан)

8. Магистратураны бүткөндөн кийин жумушка орношу:

Артыкчылык диплом алган магистранттардын саны:- 10.

2020 жылы бүткөн магистранттардын жалпы саны:

А) Биология-16

Б) Табийгый илимий билим берүү-12

Б) Химия-10

В) География-11

Г) Туризм-10

Артыкчылык диплом алган магистранттардын саны:- 10.

Баары: 59

Магистратураны бүткөндөн кийин жумушка орношу: 100%

6. Билим берүү гранты: жок

7. Академиялык мобилдүүлүк: Биология 2 магистрант (Казакстан)

Зав. Магистратуры ЕГФ: Молдалиев Ж.Т.