УЧЕБНЫЕ РАБОТЫ

Кафедранын окутуучулары А.Аттокурова 2008-жылы ОшМУнун “Мыкты ОМК”, А.Келдибекова 2011-жылы «Мыкты лектор» сынактарында 2-орунду ээлешкен. Кафедра «Мыкты окуу-методикалык комплекс-2010» сынагында Ош МУнун Ардак грамотасы, 2011-жылы “Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары үчүн компетенттүүлүк мамиленин негизинде түзүлгөн билим берүү программаларынын эң мыкты инновациялык окуу-методикалык комплекси” сынагында диплом менен менен сыйланган.

КафедраTEMPUS-EDUCAнын “Модернизация и развитие образовательных программ по педагогике и образовательному менеджменту в странах Центральной Азии” долбоорунун алкагында “Математика” (бакалавриат) жана “Билим берүү менеджменти” (магистратура) боюнча окуу пландарын, окуу программаларын иштеп чыгышты жана европалык экспертизадан жана мониторингден өткөрүштү.

Окутуучулар сапат кепилдигин камсыз кылуу максатында окутуу процессинде информациялык-коммуникациялык (компьютер, видеопроектор, электрондук доска, Wi-Fi интернет тармагы, электрондук окуу куралы ж.б.) жана педагогикалык технологияларды (РИТМО, инсанга багыттап окутуу, дидактикалык жана ишкер оюн, интерактивдүү окутуу ж.б.) активдүү колдонушат.

Кафедранын ар бир кеңешмесинде бакалавриат жана магистратура боюнча окутуунун жаңы технологиялары, маалыматтык технологиялар ж.б. колдонула тургандайбирден сабактын план-конспектилери талкууга коюлат. Окутуучулар ачык сабактарга катышуу аркылуумыкты окутуучулардын тажрыйбасын өздөштүрүүнү, жалпылоону жана жайылтууну эске алышат. Бакалавриатта жана магистратурада пландалган практикалардын мазмуну жана жекече тапшырмалар толукталып иштелип жатат.

Окутуунун модулдук - рейтингдик системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу багытындамагистрлердин жана бакалаврлардын өз алдынча иштерин уюштуруу ар түрдүү формада жүргүзүлөт:

а) МОМ жана ИОМ дисциплиналарында 5-11- класстардын математика жана информатика боюнча окуу китептерин ЖББ МББСна ылайык анализдөө; дидактикалык, таркатма материалдарды жасатуу;лабораториялык-практикалык жумуштарды кабыл алуу жана аткарылышын көзөмөлдөө.

б) математикалык маселелер боюнча жекече решебник түздүрүү;

д) жумушчу программада көрсөтүлгөн өз алдынча иштерди уюштуруу, кафедралык журналда каттоо, аткарылышын көзөмөлдөө.

Кафедранын окутуучулары 2010-2012-жж. ЮСАИДдин «Сапаттуу билим» долбоорунун алкагында «Инсанга багыттап окутуунун илимий жана практикалык негиздери», 2016-жылы CLIL методикасы боюнча квалификациясын жогорулатышкан.Кафедранын алдында түзүлгөн “Агартуу Академиясы” лабораториясынын алкагында окутуучулардын квалификациясын жогорулатуучу семинар-тренингдерди уюштуруу, бакалавриатта окутуунун кредиттик технологиясынын шарттарында компетенттүүлүктү калыптандырууга багытталган мастер-класстарды өткөрүү пландары ишке ашырылмакчы..