Научно-исследовательская работа студентов

Студенттик илимий-изилдөө иштери

Билим берүүдө адистерди даярдоонун сапатын жогорулатууда студенттик илимий-изилдөө иштери маанилүү орунду ээлери талашсыз.

ОшМУда студенттердин илимий-изилдөө иштери негизинен төмөнкү формаларда жүргүзүлөт: курстук, дипломдук жумуштар, дипломдук долбоорлорду, рефераттарды, баяндамаларды жазуу, илимий конференцияларга, семинарларга, олимпиадаларга, конкурстарга, долбоорлорго, илимий ийримдерге катышуу ж.б.

Студенттердин илимий-изилдөө иштеринин жүрүшүн, натыйжасын жана сапатын текшерүүнүн негизги формаларынын бири катары көп жылдардан бери адатка айланган илим жумалыктарын өткөрүү болуп эсептелет. 2019-жылдын март айынан июнь айына чейин университеттин бардык факультеттеринде алдын-ала бекитилген график боюнча илим жумалыктары уюштурулду.

Илим жумалыктарынын алкагында факультеттерде төмөнкү иш-чаралар өткөрүлдү:

· илимий конференциялар, семинарлар: профессордук-окутуучулук курамдын, аспиранттардын, студенттердин илимий баяндамалары;

· илимдин тиешелүү маселелерине багытталган тегерек столдор;

· инновациялык сабактар;

· илимдин өнүгүү жолдоруна, багыттарына жана көйгөйлөрүнө багытталган дебаттар;

· дубал гезиттер, кроссворддор, акыл-таймаш оюндары, конкурстар, сынактар;

· адистик предметтерден жана жалпы кесиптик дисциплиналар боюнча олимпиадалар;

· студенттик илимий ийримдердин иштеринин көргөзмөсү;

· дипломдук иштердин алдын-ала жана курстук иштердин корголуусу;

· чыгармачылык көргөзмө жана отчеттук концерттер;

· «Мыкты илимий баяндама» сынактары;

· «Мыкты кафедра» көргөзмөсү.

Факультеттерде өткөрүлгөн илим жумалыктарындагы айрым иш-аракеттерге кыскача токтололу.

Математика жана информациялык технологиялар факультетинде “ Математиканын, информатиканын учурдагы маселелери, алардын колдонулуштары” аттуу IV илимий конференция өткөрүлдү.

Тарых факультетинде илим жумалыгынын алкагында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору, т.и.д. Ж.Б. Алымбаевдин “Кыргыз тарых наамынын негизги маселелери”, профессор К.С. Молдокасымовдун “Кыргыз тарыхы – чет элдик архивдерде”, КУИАнын илимий кызматкери Э. Султановдун “Кыргызстандын түштүгүндөгү археологиялык казуу иштери”, КУИАнын тарых институтунун директору профессор А. Асанкановдун “Археология, этнология жана антропология илимдеринин учурдагы маселелери” деген темалардагы конок лекциялары өтүлдү. Ошондой эле тегерек столдор, илимий семинарлар өткөрүлүп, студенттердин илимий баяндамалары угулду.

Медицина факультетинде ОшМУнун 80 жылдык юбилейине арналган XXIV студенттик илимий конференция өткөрүлдү. Ошону менен бирге факультетте студенттик олимпиадалар ж.б. иш-чаралар өткөрүлдү.

Эл аралык медицина факультетинде адистик дисциплиналары боюнча олимпиадалар, студенттик конференциялар, илимий семинарлар, тегерек стол ж.б. иш-чаралар уюштурулду.

Кыргыз-Кытай факультетинде залкар жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына жана ОшМУнун 80 жылдык юбилейине арналып “Жаңы кылым” деген аталыштагы илимий ийримдердин ачылышы болду жана “XYZ муундарынын теориясы” деген темадагы илимий презентация өткөрүлдү.

Орус филологиясы факультетинде ОшМУнун 80 жылдык юбилейине жана А.С. Пушкиндин 220 жылдыгына арналган «Роль и значение русского языка и литературы в системе межкультурных коммуникаций» аттуу эл аралык илимий конференция болуп өттү.

Искусство факультетинде 16-25-апрелде “Илим жана искусство” жумалыгы өттү. Жумалыктын алкагында отчёттук концерттер, илимий семинарлар, график, живопись, дизайн багытында отчёттук көргөзмөлөр, конкурстар ж.б. иш-чаралар өткөрүлдү.

Финансы-юридикалык коллежинде “Аймактарды өнүктүрүүдө ОшМУдагы орто кесиптик адистердин орду” аттуу илимий конференция, илимий семинарлар, тегерек столдор ж.б. иш-чаралар уюштурулду.

Медицина коллежинде “Медицинанын учурдагы көйгөйлөрү” аттуу илимий-практикалык конференция, “Санариптештирүүчү актуалдуу маслелер” аттуу семинар өткөрүлдү. 19-апрель күнү түштүк аймакта жайгашкан медициналык коллеждердеги студенттер аралык предметтик аймактык олимпиада өткөрүлдү.

Философия жана политология кафедрасы тарабынан “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылына карата жана Түрксой уюмунун “Ош шаары – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” иш-чараларынын алкагында уюштурулган “Түрк маданиятынын контекстинде билимди гумандаштыруу” аттуу студенттик илимий семинар өткөрүлдү.

Мындан сырткары, башка факультеттерде да илим жумалыктарынын алкагында бир канча илимий семинарлар, конференциялар, тегерек столдор, интеллектуалдык акыл-таймаш оюндары ж.б. иш-чаралар өткөрүлдү.

Студенттик илимий ийримдерди өткөрүү табият таануу жана география, физика-техника, медицина, бизнес жана менеджмент, эл аралык медицина, Арашан гуманитардык институту, эл аралык мамилелер, математика жана информациялык технологиялар, орус филологиясы факультеттеринде, Ош медициналык жана финансы-юридикалык коллеждеринде жакшы жолго коюлгандыгын белгилөөгө болот.

Студенттик илимий иштерди өркүндөтүү багытында илимий ийримдердин иш-аракеттерин мындан ары да өркүндөтүү кажет.

2019-жылы 13-апрелде Ош мамлекеттик юридикалык институтунда өткөрүлгөн VIII аймактык студенттик олимпиадага ОшМУнун студенттери активдүү катышышты. Олимпиадага февраль-апрель айларында университеттин бардык факультеттеринде активдүү даярдык жүргүзүлүп, 1-2-турлар факультеттик, университеттик деңгээлде өткөрүлүп, мыктылар 3-турга тандалды. Бардык адистиктерде адистик жана предмет боюнча олимпиадага жооптулар дайындалып, тиешелүү тапшырмалар, тесттик суроолор, маселелер, мисалдар, педагогикалык ситуациялык маселелер кылдат даярдалып, Ош мамлекеттик юридикалык институтуменен биргеликте, активдүү иш алып барылды.

ОшМУ 10 окуу жайдын арасында 1-орунга татыктуу болду. Университеттин студенттери бул чоң сынакта 40 предмет боюнча ат салышышып, дээрлик бардык предметтер боюнча жалпы командалык эсепте байгелүү орундарды алышкан. Программалоо, информатика, физика, экология, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, манас таануу, англис тили, котормо жана котормо таануу, кытай тили, бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит профилдик предметтери боюнча командалар абсолюттук жеңишке (бир предметтен байгелүү 2-3 орун алгандар) жетишишкен.

Эске салсак, ОшМУ өткөрүлгөн түштүк аймактык олимпиадалардын бардыгында 1-орунду багындырып келет. Байгелүү орунду ээлеген студенттерге жана аларды даярдаган окутуучуларга үзгүлтүксүз сыйлыктар берилип, материалдык стимул көрсөтүлөт.

Аймактык олимпиададан сырткары ОшМУнун студенттери түрдүү адистиктер боюнча республикалык, эл аралык деңгээлдеги олимпиадаларга катышышып, байгелүү орундарды ээлешти.

Математика жана информациялык технологиялар факультетинин матанализ кафедрасы тарабынан 2019-жылдын 11-мартында өткөрүлгөн С.А. Абдыкалыковдун урматына арналган 1-математикалык олимпиада өткөрүлдү.

Медицина факультетинин студенттери 2019-жылдын 6-7-ноябрь айында Өзбекстандын Андижан шаарында АГМИ тарабынан уюштурулган «О стратегии инновационного развития Республики Узбекистан до 2021 года» аттуу эл аралык студенттик олимпиадага барып келишти. Олимпидага Кыргызстандан – 3, Өзбекстандан – 2, Казакстандан –1 команда катышышты. ОшМУнун медицина факультетинен профессор Шатманов С.Т. жана декандын илимий иштер боюнча орун басары доцент Шерматова У.Б. баштаган “Импульс” командасы катышып, неонатология предмети боюнча биринчи орунду ээлешти.

Бизнес жана менеджмент факультетинин студенттери 2019-жылдын май айында Бишкек шаарында К.И. Скрябин атындагы кыргыз улуттук агрардык университети тарабынан уюштурулган ЖОЖдор арасында өткөрүлгөн республикалык олимпиадага “Экономикалык анализ”, “Финансылык эсеп” жана “Аудит” дисциплиналары боюнча катышышып, команда 1-орунду багындырып, байгелүү орунду ээлешти.

2019-жылдын 21-октябрынан 4-ноябрына чейин КРдин Өкмөтүнүн алдындагы финансылык рынокту көзөмөлдөө, жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан уюштурулуп, Бишкек шаарында өткөрүлгөн республикалык олимпиададан бизнес жана менеджмент факультетинин студенти Бактыбаева Р. 3-орунду ээледи. Андан сырткары, 2 студент сертификатка ээ болушту.

Эл аралык медицина факультетинин студенттери отчёттук жылда республикалык деңгээлдеги олимпиадаларга, конференцияларга ж.б. илимий иш-чараларга катышышты.

Ø 2019-жылдын 19-апрелинде факультеттин социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамынын демилгеси менен өткөрүлгөн республиканын жогорку окуу жайларынын медицина факультеттеринде окуган чет элдик студенттердин арасындагы олимпиадага Бишкек шаарынан И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын, Эл аралык жогорку медициналык окуу жайынын, С. Тентишев атындагы Азия медициналык институтунун жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, Ош мамлекеттик университетинин эл аралык медицина факультетинин 26 студенти катышты. Олимпиаданын жыйынтыгында жеңүүчүлөр белгиленип, ОшМУнун ректору тарабынан диплом, сертификат жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.

Ø 2019-жылдын 17-19-октябрында Чолпон-Ата шаарында Эл аралык жогорку медицина мектеби тарабынан уюштурулган “Медициналык илим жана билим берyy чөйрөсyндөгү инновациялар” аттуу эл аралык илимий- практикалык конференциянын алкагында орус тили, кыргыз тили, латын тили предметтеринен өткөрүлгөн олимпиадага социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынан башчысы Р.А. Ысмаилова жетектеген команда бардык дисциплиналардан биринчи орунду ээлешти. Байгелүү орунду ээлеген студенттерге дипломдор ыйгарылды.

Ø 2019-жылдын 26-октябрында, Бишкек шаарында И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын “Медициналык биология, генетика жана паразитология” кафедрасы тарабынан уюштурулган республикалык “Brain Ring” деген аталыштагы “Медициналык паразитология” предмети боюнча олимпиадага табигый илимдер жана математика кафедрасынын окутуусу Мидинова Э.А. 2-курстун студенттери менен барып, эң мыкты көрсөткүч менен Гран-приге ээ болушту.

Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин студенттери Америка элчилиги тарабынан уюштурулган Түштүк аймагындагы жогорку окуу жайлардын арасында болуп ɵткɵн “Spelling Bee” конкурсунда Мирзаева М. 1-орунду ээлеп, Бишкекке жолдомо алса, Салиева А. 2-орунду ээледи. Бишкекте өткөн конкурста Сулайманова М. 1-орунду, Шираева З. 2-орунду, Мирзаева М. 3-орунду ээлеп, байгелерге ээ болушту.

ОшМУнун медициналык коллежинде “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жылына” жана ОшМУнун 80 жылдык юбилейине карата 2019-жылдын 19-апрелинде түштүк аймагында жайгашкан медициналык коллежердеги студенттер аралык предметтик аймактык олимпиада өткөрүлүп, 11 медициналык коллеждин арасынан ОшМУ 1-орунга татыктуу болду. Олимпиадага 4 адистик боюнча 44 студент катышышкан.

2019-жылдын 5-апрелинде Финансы-юридикалык коллежинде, Ош мамлекеттик университетинин 80 жылдык юбилейине карата уюштурулган экономика багытындагы орто кесиптик окуу жайларынын арасында студенттик олимпиада өткөрүлдү. Олимпиадага жалпысынан 15 коллежден 78 студент “Экономика жана бухгалтердик эсеп” жана “Макроэкономика жана микроэкономика” дисциплиналары боюнча катышышты. ФЮК уюштуруучу катарында олимпиадага катышкан эмес.

2019-жылы көптөгөн студенттер жана магистранттар чет элдик программалар менен долбоорлорго, кароо-сынактарга, семинарларга катышышкан, курстардан өтүшкөн ж.б.

2019-жылы 361 студент, 179 окутуучу 85 университетке Мевлана, Эразмус+, УШОС, ДААД, ITEC ж.б. түрдүү программалардын алкагында жана эки тараптуу келишимдердин негизинде 23 өлкөгө − Малайзия, Италия, Түркия, Кытай, Түштүк Корея, Япония, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Чехия, Швейцария, Испания, Венгрия, Бельгия, Германия, Швеция, Россия, Катар, Индия, Иран, АКШ ж.б. мамлекеттерге барып билим алышып, кышкы жана жайкы мектептерге катышышып, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүп келишкен. Ошол эле учурда 25 студент, 90 окутуучу 13 өлкөдөгү 29 университеттен ОшМУга келип билим алып, конок лекцияларды, тренингдерди өткөрүп, тажрыйба алмашып кетишкен.

Ош мамлекеттик университетинде 2019-жылдын 30-ноябрында Илим жана аспирантура бөлүмү тарабынан окуу жайдын 80 жылдык юбилейине

арналып “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу VI аймактык

студенттик илимий конференция өткөрүлдү.

Конференцияга Кыргызстандын 15 окуу жайынан келип түшкөн 150гө жакын баяндамалар 8 секцияда талкууланды. ЖОЖдордон келген мыкты 5 макала пленардык жыйында угулду. ОшМУнун студенти Азизилла уулу Эгемжар «Билим берүү системасын санариптештирүү жана андан күтүлүүчү натыйжалар» деген темада пленардык баяндама жасады. Конференцияда ОшМУдан жалпысынан 92 студент баяндамаларын талкууга коюшту жана алардын ичинен 40тан ашуун студент алдыңкы орундарга ээ болушту. Мыкты баяндамачыларга дипломдор ыйгарылды.

Аймактык студенттик илимий конференция ОшМУда салтка айланган иш-чара катарында жыл сайын өткөрүлүп келет. Бул жылы конференция окуу жайыбыздын 80 жылдык юбилейине арналып өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты – студенттерди илимий-изилдөө иштерине тартуу, алардын билимин тереңдетүү, билгичтиктерин, көндүмдөрүн практикада колдоно билүүгө калыптандыруу болуп эсептелет. Ошону менен бирге бул иш-чара студенттердин идеяларын бириктирүүгө, илимге кызыккан жаштардын байланыштарын жандандырууга өбөлгө түзөт. ОшМУда аймактык студенттик илимий конференция 6-ирет өткөрүлдү жана жыл сайын өткөрүлүүчү традициялык илимий иш-чарага айлангандыгын белгилөөгө болот.

Конференцияда талкуудан, “Антиплагиат” системасынан жана эксперттердин тыкыр текшерүүсүнөн өткөн макалалар “ОшМУнун жарчысы” илимий журналынынатайын чыгарылыштарында 2016-жылдан бери акысыз жарык көрүп келет.