Профинансированные научные прoекты

Каржыланган илимий долбоорлор

ОшМУда илимий-изилдөө иштери Республиканын экономикалык, социалдык өнүгүүсүнүн перспективдүү багыттарына, билим берүү процессине түздөн-түз колдонууга багытталып жүргүзүлүп келет.

Университеттин абройлуу илимпоздору бир топ жылдан бери Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан илимдин приоритеттүү багыттары боюнча жарыяланган конкурстарга активдүү катышышып, тиешелүү багыттарда илимий-изилдөө иштерине белгилүү өлчөмдөгү гранттарды утуп келе жатышат. 2019-жылы илимдин 9 приоритеттүү багыты боюнча 5 041 250 сомго каржыланган илимий долбоорлор иш жүргүздү. 2019-жылда каржыланган долбоорлордун саны, каржылоонун көлөмү 5-таблицада жана 2-диаграммада көрсөтүлгөн. Аталган долбоорлор боюнча каржыланган илимий иштердин отчеттору 2019-жылдын декабрь айында Билим берүү жана илим министрлигинин атайын комиссиясынын жана түштүк аймагы боюнча түзүлгөн эксперттик кеңешинде каралып, илимий отчеттор тактыгы жана илимий деңгээлинин жогорулугу менен айырмаланды. Ал эми 2019-жылдагы илимий-изилдөө долбоорлорунун тизмеси 5-таблицада берилген.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан каржыланган илимий-изилдөө долбоорлору

5-таблица

Темалар

Долбоорлордун

жетекчилери

Каржыланган

сумма

(сом менен)

1.

“Новые технологии управления процессами взаимопревращения наноструктурных дефектов в неметаллических кристаллах”

ф.-м.и.д., профессор

Арапов Б.А.

496 500

2.

Окутуунун жаңы жана компьютердик технологияларынын жардамында болочок мугалимдердин мейкиндик ой жүгүртүүлөрүн өстүрүүнүн дидактикалык негиздери” (уландысы).

ф.-м.и.д., профессор

Матиева Г.М.

600 000

3.

“Математическое и компьютерное моделирование, прогнозирование и визуализация последствий крупномасштабных гидродинамических катастроф антропогенного характера (на примере плотин Нарынского каскада)”

ф.-м.и.д., профессор

Курбаналиев А.Ы.

730 000

4.

“Задачи фазовых переходов и критические явления. Математические аспекты их уравнений, быстрые переходы и асимтотика”.

ф.-м.и.д., профессор

Алымкулов К.А.

744 750

5.

Возрождение духовной культуры памирских кыргызов и проблема диалога этносов Кыргызстана”

филол.и.д., профессор

Исаков К.А.

600 000

6.

“Новые типы мультивейвлетов и их применение”

тех.и.к., доцент

Кудуев А.К.

300 000

7.

ЖОЖ менен мектептин кызматташтыгын өркүндөтүү менен компетентүү мугалимди даяроо

ф.-м.и.к., доцент

Алтыбаева М.А.

300 000

8.

“Технологические исследования пегматитов месторождения ТерекТоктогульского района Джалал-Абадской области с целью комплексного использования”.

тех.и.д., профессор

Абдуллаева М. Д.

550000

9.

“Миграционные и этнодемографические процессы в Ошской, Баткенской и Джалал-Абадской облястях”

тар.и.к., доцент

Чыныкеева Г.Ч.

720 000

Жалпы суммасы:

5 041 250

Илимий изилдөөлөр үчүн бөлүнгөн бюджеттик каражатты максаттуу пайдалануу – университеттин окумуштууларынын жоопкерчилигин арттырып, илимий изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатууга көмөк болду. Жогоруда көрсөтүлгөн гранттардын эсебинен аткарылган изилдөөлөрдүн бир топ материалдары жарыкка чыкты, өндүрүштүк үлгүлөр жана автордук күбөлүктөр алынды, илимий ачылыштар үчүн буюртмалар тапшырылып, оң чечимдер алынды жана кандидаттык, докторлук диссертациялар корголду.

Жалпысынан 2009-2019-жылдарда 88 илимий долбоор боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүп, Министрлик тарабынан 41 900 413 сом менен каржыланган (6-таблица, 2-диаграмма).

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан каржыла нган гранттардын көлөмү (2008-2018-жылдар)

6-таблица

Жылдар

Илимий долбоорлордун саны

Гранттардын жалпы көлөмү (сом менен)

2009

5

1 536 800

2010

9

2 804000

2011

9

3 079 700

2012

9

5 305 700

2013

11

5 054 600

2014

8

3 664 063

2015

7

3 781 300

2016

7

3 225000

2017

6

3 211 000

2018

8

5 197 000

2019

9

5 041 250

Баары:

88

41 900 413

Илимий-изилдөө долбоорлорунун каржылануу динамикасы (млн. сом менен)

2-диаграмма