Кандидатские и докторские диссертации

Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо

2019-жылы ОшМУда 2 докторлук, 13 кандидаттык диссертация корголгон. Дагы бир топ докторлук жана кандидаттык диссертациялар даярдалып, коргоо алдында Диссертациялык кеңештерде кезекте турат. Ал эми 2009-2019-жылдары ОшМУнун окумуштуулары тарабынан 24 докторлук жана 238 кандидаттык диссертациялар корголгон (1-диаграмма).

Доктор л ук диссертациялар – 2

1. Темирова Бактыгүл Тажибаевна (филология) – Бишкек, 29.10.2019

2. Маметов Равшан Раимбердиевич (медицина) – Бишкек, 06.03.2019

Кандидаттык диссертациялар – 13

1. Зулпукарова Аида Капаровна (филология) – Бишкек, 01.03.2019

2. Иматали кызы Калыскан (биология) – Бишкек, 25.04.2019

3. Исманалиев Курманбек Искандерович (экономика) – Жалал-Абад, 19.04.2019

4. Көчкөнбаева Бүажар Осмоналиевна (техника) – Бишкек, 28.06.2019

5. Маматов Алишер Мусаевич (медицина) – Бишкек, 21.02.2019

6. Матикеева Назгүл Курманалиевна (география) – Бишкек, 24.05.2019

7. Омурзакова Гулнара Гуламовна (химия) – Бишкек, 28.06.2019

8. Саттаров Абсамат Эрмаматович (медицина) – Санкт-Петербург, 31.10.2019

9. Сатывалдыев Дүйшөбай Ражабалиевич (педагогика) – Бишкек, 25.10.2019

10. Сатылганова Назгуль Айткуловна (тарых) – Бишкек, 26.04.2019

11. Тахирова Назгүл Исраиловна (педагогика) – Бишкек, 22.11.2019

12. Тургунбаева Сеил Жеңишбековна (филология) – Бишкек, 20.12.2019

13. Чотикеева Канышай Шариповна (филология) – Бишкек, 20.09.2019.

Бул маалыматтан филология, медицина жана педагогика багыттарында диссертациялардын көбүрөөк корголгондугу көрүнүп турат.

ОшМУда 2019-жылы корголгон диссертациялардын факультеттер боюнча көрсөткүчү

3-таблица

Факультеттер жана структуралар

Корголгон диссертациялардын саны

кандидаттык

докторлук

1.

Кыргыз филологиясы жана журналистика

3

1

2.

Орус филологиясы

-

-

3.

Дүйнөлүк тилдер жана маданият

1

-

4.

Эл аралык мамилелер

-

-

5.

Бизнес жана менеджмент

2

-

6.

Педагогика, психология жана дене тарбия

-

-

7.

Искусство

-

-

8.

Чыгыш таануу жана тарых

1

-

9.

Юридика

-

-

10.

Математика жана информациялык технологиялар

1

-

11.

Физика-техника

-

-

12.

Табият таануу жана география

-

-

13.

Медицина

3

1

14.

Эл аралык медицина

1

-

15.

Дипломдон кийинки медициналык билим берүү

-

-

16.

Теология

-

-

17.

Кыргыз-Кытай

-

-

18.

Кыргыз-Европа

-

-

19.

Кыргыз-Түрк

-

-

20.

Арашан гуманитардык институтунун теологиялык орто кесиптик билим берүүдөгү коллежи

-

-

21.

Ош медициналык коллежи

-

-

22.

Өзгөн эл аралык медициналык коллежи

-

-

23.

Индустриалдык-педагогикалык коллеж

-

-

24.

Финансы-юридикалык коллеж

1

-

Баары:

13

2

2019-жылы диссертацияларды коргоонун көрсөткүчтөрүн факультеттер боюнча иликтесек, медицина, кыргыз филологиясы жана журналистика, бизнес жана менеджмент факультеттеринде башка факультеттерге салыштырмалуу жогорку көрсөткүч болгондугун белгилөөгө болот.

2009-2019-жылдардын аралыгында илимдин кандидаты жана илимдин доктору окумуштуулук даражаларына ээ болгон окутуучулардын сандык көрсөткүчү 1-диаграммада берилди.

Диссертацияларды коргоонун динамикасы (2009-2019-жылдар)

1- диаграмма

2020-жылдын 1-январына карата илимий багыттар боюнча илимдин докторлорунун жана кандидаттарынын саны 4-таблицада берилген.

И лимдин багыттары боюнча докторлордун жана кандидаттардын саны

4-таблица

Шифри жана багыты

Илимдин докторлору

Илимдин кандидаттары

штат.

Совм.

Штат.

Совм.

1.

01.00.00 – физика-математика илимдери

9

1

35

6

2.

02.00.00 – химия илимдери

1

1

19

1

3.

03.00.00 – биология илимдери

2

-

25

1

4.

05.00.00 – техника илимдери

3

-

14

2

5.

07.00.00 – тарых илимдери

7

-

61

1

6.

12.00.00 – юридика илимдери

7.

09.00.00 – философия илимдери

8.

23.00.00 – политология

9.

08.00.00 – экономика илимдери

5

-

39

14

10.

10.00.00 – филология илимдери

6

1

49

2

11.

11.00.00 – география илимдери

1

-

7

1

12.

25.00.00 – жер жөнүндөгү илим

13.

13.00.00 – педагогика илимдери

2

-

52

-

14.

19.00.00 – психология илимдери

15.

14.00.00 – медицина илимдери

16

9

61

33

Баары:

52

12

362

61

Ал эми аспиранттардын жана изденүүчүлөрдүн факультеттер боюнча сандык көрсөткүчтөрү 2-таблицада берилген.

ОшМУда илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн материалдык колдоо көрсөтүү көптөн бери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет. Тактап айтканда, 2012-жылдын октябрь айынан баштап кандидаттык диссертация коргогон окутуучулар 20 000 сом, докторлук диссертация коргогон доценттер 40 000 сом акчалай сыйлык алышса, 2014-жылдын 24-январынан баштап кандидаттык диссертация коргогон окутуучулар 25 000 сом, докторлук диссертация коргогон доценттер 50 000 сом акчалай сыйлык алышкан. Ал эми 2015-жылдын 5-мартынан баштап кандидаттык диссертация коргогон окутуучулар 30 000 сом, докторлук диссертация коргогон доценттер 60 000 сом акчалай сыйлык алып келишкен болсо, 2018-жылдын 2-мартынан баштап кандидаттык диссертация коргогон окутуучулар 50 000 сом, докторлук диссертация коргогон доценттер 100 000 сом акчалай сыйлык алып жатышат. Албетте, бул колдоо илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүүгө, илимдин кандидаттары жана докторлору үчүн чоң стимул болоору талашсыз.