Кызматы, максаты жана милдеттери
      “Экономикалык, социалдык жана саясий география” кафедрасы «География мугалими», «Туризм», «Геодезия» багыттары боюнча адистерди даярдоого багытталган. Анда негизинен күндүзгү, сырттан окуу жана дистанттык окуу бөлүмдөрүндөгү лекциялык жана практикалык сабактарды, курстук жана дипломдук иштерин, студенттердин өз алдынча иштерин ишке ашыруу;
Кафедра төмөндөгү негизги максаттардын жана милдеттердин негизинде иш алынып барылууда.
- Окуу куралдарын, окуу-усулдук колдонмолорун жарыкка чыгарууну жандандыруу;
- Кафедрага тийиштүү эки багыттагы “Кыргызстандын өндүргүч күчтөрүн жайгаштыруу жана аны өнүктүрүү”,
“Кыргызстандын туристтик комплексин жана туристтик инфраструктурасын өнүктүрүүнүн экономикалык географиялык маселелери” илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү;
- “25.00.24” “Экономикалык, социалдык жана саясий география” багыты боюнча студенттердин илимий-изилдөө иштерине жетекчилик кылуу;
- “25.00.24” “Экономикалык, социалдык жана саясий география” багыты боюнча адистигинде аспиранттардын жана изденүүчүлөрдүн илимий-изилдөө иштерине системалуу жана үзгүлтүксүз иштөөсүнө көмөк көргөзүү, сапаттуу аткарылган ишин талкуулоо;
- Аспиранттар жана студенттер үчүн илимий-практикалык семинар, симпозиум жана конференцияларды уюштуруу;
- Эл аралык, республикалык жана аймактык илимий конференцияларга илимий макалаларды жарыкка чыгарууга сунуштоо,
- Студенттер арасында тарбиялык, маданий жана спорттук иш-чараларды активдүү катышууну жогорку деңгээлде уюштурууну камсыздоо;
- Замандын талабына ылайыктуу адистерди даярдоо;