Илимий-изилдөө иштери
      Учурда кафедра мүчөлөрү төмөндөгү эки багыттагы илимий изилдөө темаларынын үстүндө иштөөдө: “Кыргызстандын өндүргүч күчтөрүн жайгаштыруу жана аны өнүктүрүү”, “Кыргызстандын туристтик комплексин жана туристтик
инфраструктурасын өнүктүрүүнүн экономикалык географиялык маселелери”.
      Ал негизинен аймактагы туризмдин өнүгүшүндөгү жана демографиялык маселелердин үстүндө алгылыктуу иштерди жүргүзүүнүн натыйжасында кафедранын профессордук окутуучулук курамы тарабынан 3 монография (А.Г.Низамиев, Э.К.Алайчиев илимий эмгектери), 10 илимий брошюралар жарыкка чыккан.
      Бүгүнкү күндө кафедрада 1 докторант, 2 аспирант жана 5 илимий изилдөөчү илимий иштердин үcтүндө иштөөдө. Азыркы күндө кафедрадагы профессордук-окутуучулук курамдын 10 мүчөсүнүн ичинен 1 илимдин доктору, профессор, 3 илимдин кандидаттары жана доценттер эмгектенишет. Факультетте 1 илимий-методикалык семинар жана 2 ар түрдүү ийримдер үзгүлтүксүз иштейт. 2017-жылдан тартып И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университети жана ОшМУнун алдында докторлук (кандидаттык) диссертацияларды коргоо боюнча атайын Диссертациялык кеңеш профессор А. Низамиевдин жетекчилиги алдында иштеп келе жатат (Низамиев А. кафедранын мүчөсү), бул кеңеште кафедранын 1 улук окутуучусу кандидаттык диссертациясын коргоп, дипломун алган. Бирөө коргоонун алдында турат. Жыл сайын салттуу түрдө кафедрада илим жумалыгы өткөрүлүп, анда окутуучулардын жана студенттердин илимий баяндамалары жасалып, «Брейн-ринг» акыл таймаш оюну, «Мыкты илимий баяндама», «Семинардын активдүү катышуучусу» конкурстары өткөзүлүп, жеңүүчүлөр кафедранын ардак грамоталары, дипломдору жана сыйлыктары менен сыйланышат. Кафедранын илимий – изилдөө иштеринин көлөмдөрү өсүп, КМШ өлкөлөрү жана мамлекетин ички ЖОЖдору менен илимий жана чыгармачылык байланыштар түзүлгөн. Учурда кафедрада илиимий-изилдөө иштери төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлөт: - 550100 - Табигый илимий билим берүү (география профили, бакаларв), 520400 - География багыты (магистратура); - 600200 - Туризм (бакалавр жана магистратура багыты).