Учебно-методич. работа

Кафедранын перспективалык планы:

· кафедра мүчөлөрүнүн окуу-усулдук чеберчилигин жогорулатуу;

· ар бир предмет боюнча окуу методикалык комплекстердин электрондук, басма варианттарын даярдоо;

· студенттердин арасында тарбиялык иштерди өркүндөтүү;

· кафедранын профили боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү;

· кафедра мүчөлөрүнүн квалификациясын жогорулатуу жана илимий-медициналык кадрларды даярдоо;

· кафедранын дисциплиналары боюнча окуу колдонмолорун, окуу китептерин даярдоо жана басмадан чыгаруу;

· теориялык жана практикалык сабактарда компьютердик технологияларды максатка ылайыктуу пайдалануу үчүн программаларды жана башка дидактикалык колдонмолорду иштеп чыгуу;

· эл аралык билим берүү программаларына жана долбоорлорго активдүү катышуу.


ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК ИШТЕР

Кафедранын дисциплиналары боюнча жумушчу программалары тиешелүү типтүү программалардын негизинде түзүлөт жана кафедранын кеңешмесинде бекитилип, уюштуруулуучу иштер чагылдырылган иш планы, кеңешмелеринин планы түзүлөт.

Кафедрада “Географиянын окутуунун актуалдуу маселелери” деген темада илимий-теориялык, окуу-усулдук биргелешкен семинар иштейт. Семинарда докладдар географиянын түрдүү тармактарындагы жетишкендиктери, географиянын азыркы учурдагы актуалдуулугу жана орчундуу маселелери боюнча стейхолдерлер менен биргеликте талкууланат.

Кафедрадагы бардык окутуучулар түрдүү багыттар боюнча билимин өркүндөтүүчү курстарга катышып, сертификат алышкан. Мисалы: А.Т.Зулушова, З.Э.Шербаева, У.И.Исакова «Окуу жана жазуу аркылуу сынчыл ойлоону өстүрүү»; Б.С.Сатыбалдиев, А.Т.Зулушова, З.Э.Шербаева, У.И.Исакова “Дистанттык окутуунун технологиясы”; А.Зулушова, З.Шербаева, С.Т.Атакулов, У.И.Исакова “Предметти жана тилди интеграциялап окутуунун методикасынын негиздери”; А.Т.Зулушова “Жогорку билим берүү системасында көп маданияттуулук”; А.Т.Зулушова, У.И.Исакова “Педагогдун кесиптик компетенттүүлүгү”. Кафедранын бардык окутуучулук курамы “Жаңы экономикалык география” РУДН, “Окуу процессинде тестирлөөнү колдонуунун териясы жана усулу” жана тил курстарына семинарларга катышып, сертификатка ээ болушкан.

Кафедранын окутуучулары сабактарды электрондук окуу материалдарын, мультимедиялык каражаттарын колдонуу менен өтүшөт. Бул багытта атайын жабдылган 222-аудиторияга кафедранын мүчөлөрүнүн сабактарды өтүү жадыбалы түзүлүп, анын аткарылышы кафедра тарабынан көзөмөлдөнүп турат.

      Окуу куралдары:
1. Матикеев К.М. Табият таануу концепциясы. - Ош, 2011.
2. Матикеев К.М. Кыргыз, Манас жана тарыхый география. Бишкек, 2012.-677 б.
3. Матикеев К.М. Физикалык географиянын проблемалары.-Ош, 2013.-128 б .
4. К.Матикеев Жалпы жер таануу. 2002 ж.
5. К.Матикеев, З.Шербаева Ландшафтануу. 2007-10,0 б.т.
6. К.Матикеев, Б.Орозгожоев Физикалык географиялык терминдердин орусча-кыргызча cөздүгү. 2006-19,. б.т.
7. К.Матикеев, К.Оморов Кыргызстандын географиясын окутуунун методикасы. 1985-4,5 б.т.
8. К.Матикеев Ош облусунун географиясы 1988-6,0 б.т.