2020-2021-окуу жылына карата кафедранын негизги максаты жана милдеттери:
Максаты :
Кафедранын билим берүү жана тарбиялоо сапатын жогорулатуу, табигый илимий билим берүү "География" профили боюнча бакалаврларды, магистрлерди жана "Колдонмо геодезия" адистиги боюнча инженер-геодезисттерди даярдоо.
Милдеттери:
КОВИД-19 пандемиясы шартында билим берүү уюмдарында окуу процессин уюштуруу жөнүндө КРнын ББИМ буйруктарын, ОшМУнун ректораты жана ТТГФ деканаты тарабынан берилген тапшырмаларын аткаруу максатында, он-лайн окутуу усулдарын колдонуп, аралыктан иш алып баруу менен:
- Кафедранын документтерин даярдоо.
- Кафедранын кадрдык потенциалын жогорулатуу.
- Кафедранын методикалык иштерин түзүү жана ишке ашыруу.
- Тиешелүү дисциплиналар боюнча адабияттар менен камсыздоону кеңейтүү.
- Дисциплиналар боюнча жумушчу программалардын, силлабустардын сапатын жакшыртуу.
- Студенттердин өз алдынча иштеринин мазмуунун, формасын, ыкмаларын өнүктүрүү.
- Студенттердин билим сапатын текшерүүнү оптималдаштыруу.
- Окутууда жаңы технологияларды колдонууну өнүктүрүү.
- Методикалык семинарларды уюштуруу формаларын өнүктүрүү.
- Студенттик ийримдин иш аракеттерин өркүндөтүү.
- Окутуучулардын илимий изилдөө иштерин активдештирүү.
- Студенттер менен тарбиялык, ден соолукту чыңдоочу иш чараларды оптималдаштыруу.
- Кафедранын материалдык техникалык базасын жакшыртуу.