История каф. ФГ, КГ и КСЕ
ФИЗИКАЛЫК ГЕОГРАФИЯ, КОЛДОНМО ГЕОДЕЗИЯ ЖАНА ГЕОГРАФИЯ КАФЕДРАСЫ
       География адистерин даярдоонун башаты 1961-жылдан башталат. 1960-1961 окуу жылында Ош педагогикалык институтунун (ОшПИ) “Табият таануу” факультетинде «География» адистиги боюнча 28 студент кабыл алынган. Бир жылдан кийин «География» кафедрасы түзүлүп, кафедра башчысы болуп С.Мырзахметов дайындалган. Кафедрада А.Абылгазиев, Т.Айдашев, К.Астаркулов, В.П.Бурлаков, М.Кадыркулов, Т.Рахманов, Б.Султановалар иштешкен.
  1965-жылы география адистигин биринчи бүтүрүүчүлөрү жогорку билимге ээ болушкан. Ошол жылдагы бүтүрүчүлөрдөн учурда ОшМУда г.и.д., профессор К.Матикеев эмгектенет. Алгачкы бүтүрүүчүлөрдүн ичинде б.и.к., доцент А.Киргизбаев, ага окутуучу К.Оморовтор ОшМУда иштешкен. П.Акматбеков 10 жылдан ашуун Баткен районунда айылдык кеңеште төрага болуп эмгектенген. География адистигин алгачкы бүтүргөндөрдүн ичинен Т.Мойдунов Ош шаарындагы турбазанын алгачкы директору, К.Аматова 10 жылдан ашуун Карагуз айылынын айылдык кеңешинин төрөайымы, Э. Сатаров Жалпак-Таш айыл кеңешинин төрөгасы, З.Сайназарова Тоолуу Бадахшан областынын Сары-Могол айылдык кеңешинин төрөайымы, К.Кубатова, Жамбул областынын Мерке районунун мектеп директору, А. Исраев Баткен облусунун Роут мектебинде көп жыл директор болуп иштешкен.
  1967-жылы белгилүү бир себептер менен “география” адистиги ОшПИде жабылып, Прежевальск педагогикалык институтуна (азыркы Кара-Кол шаарында) которулган. Ошол мезгилден баштап түштүк жергесинде географтардын жетишсиздиги байкалуу менен география сабагынын өтүлүшүнүн сапаты кескин төмөндөгөн. Мектептерде географ адистердин жетишсиздигинен бул предметти окутуу башка адистерге таңууланган.       1976-жылы ОшПИнин ректору Р.Кулуев тарабынан Кыргыз илимдер академиясынын “Геология” инистутунун ага илимий кызматкери, г.и.к. К. Матикеев чакырылган. Ал география адистигин ачуу боюнча көптөгөн уюштуруу иштерин жүргүзүп, адистиктин негизин түптөгөн. 1985-жылы ОшПИнин “зоология” кафедрасынын базасында «География» адистиги кайрадан ачылган. Анын оң жактуу чечилишине ошол мезгилде Ош шаарында өткөрүлгөн Кыргыз ССРнин Географиялык коомунун IV Сьезди чоң түрткү берген. Ошол жылы ОшПИнин базасында география адистигине кыргыз жана орус тилинде окууга 50 студент кабыл алынган. Алгачкы окутуучулардын катарында доцент К.Матикеев, ага окутуучулар Т.Айдашев, Р.Ахмедов, К.Оморовдор болушкан. 1986-1987-окуу жылында жамаат Т.Рахманов, С.Эргешов, Ө.Кубатов ж.б. менен толукталган.
      1987-жылы «Жалпы жана физикалык география» кафедрасы ачылып, аны жетектөө доцент К.Матикеевге жүктөлгөн. Ошол мезгилден баштап профессордук-окутуучулук жамааттын жана студенттердин санынын өсүүсү башталган. Кафедранын билимдик сапатын көтөрүү максатында 1988 ж г.и.к., доцент Т.Чодураев; г.и.к., доцент А.Эргешов; г.и.к, доцент Л.М.Петровский, г.и.к, доцент Б.Орозгожоев, б.и.к, доцент Т.Аманкулова менен Г.Омуралиева; окутуучулар С.Аматов, А.Жолдошов, К.Калилов, С.Керимов, К.Курманалиев, А.Попов жана С.Токтогуловалар чакырылган. Акырындык менен кафедранын негизи түптөлүп, окутуунун сапатын жана илимий иштерин өнүктүрүү күчөтүлгөн.
      1990-жылы өз алдынча география факультети ачылып, декандыка г.и.к.,доцент К.Матикеев дайындалган. Кафедраны доцент Т.Рахманов жетектей баштаган. Ошол мезгилде кафедрада 7 илимдин кандидаты-доценттер, 5 ага окутуучу жана 2 окутуучу эмгектенген. Факультеттин материалдык-техникалык негизин чыңдоо максатында окуу-талаа практикаларын өткөрүү үчүн карта, приборлор, көргөзмө куралдар, техникалык каражаттар ж.б. материалдар менен толук камсыз болгон. Талаа практикалары Союздун бардык аймагын камтыган. 1-курстун студенттери Ош областынын райондорунда, 2-курстар Кыргызстандын бардык аймактарында, 3-курстар Орто Азия республикаларында, ал эми IV курстар Москва–Ленинград–Мурманск жана Алмата–Новосибирск-Красноярск–Владивосток маршруттары боюнча талаа практикасын өткөрүшчү. 1992-жылы ОшПИ ОшМУ болуп кайра түзүлүп ректор Б.Бешимов география факультетин бөлүм кылып өзгөртүп, биология факультетине кошкон. Факультет тарагандан кийин студенттердин саны кескин азайган, география адистеринин кадыры төмөндөгөн.
      1995-жылы Алмата шаарында К.Матикеев докторлук диссертациясын, 1996-жылы Бишкек шаарында В.Хетагурова кандидаттык диссертациясын, 1997-жылы А.Эргешов докторлук диссертациясын, 1998-жылы С.Эргешов Ташкенттен кандидаттык диссертациясын, 2005-жылы А.Низамиев Душанбе шаарында докторлук диссертациясын, 2001-жылы Г.Донбаева кандидаттык диссертациясын жакташкан. Кийинки жылдары А.Аккулов, А.Топчубаев, Э.Алайчиев, З.Шербаева жана Б.Сатыбалдиевдер Бишкектен кандидаттык диссертацияларын коргошкон. 1998-жылы университеттин окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде «Жалпы жана физикалык география» кафедрасы өз алдынча эки кафедрага бөлүнгөн.
      Физикалык география жана геоэкология кафедрасын, г.и.д., профессор А.Эргешов; “Социалдык география жана табият таануу концепциясы” кафедрасын г.и.д., профессор К.Матикеев жетектеген. 2002-жылы ректор Б.М.Мурзубраимовдун колдоосу менен 2 кафедранын базасында “География” өз алдынча факультет болуп түзүлгөн. Жаңы түзүлгөн факультетти г.и.д., профессор К.Матикеев, андан кийин э.и.к., доцент А.Г.Низамиев жетектеген. Факультет окуу-усулдук жана илимий-изилдөө багытында бир топ жетишкендиктерге ээ болгон. 2009-жылы кайрадан география факультети жоюлуп, табият таануу факультетинин курамында “География” бөлүмү болуп түзүлгөн.
      Азыркы күндө кафедра Кыргызстандын бардык окуу жайлары, Казань улуттук университети, Абай атындагы университет, Казакстан илимдер академиясынын «География» институту, Үрүмчү шаарындагы Жунго улуттук университети, Орто Азия илим изилдөө институту, Ташкент Улуттук университети ж.б. көптөгөн чет элдик окуу жайлар менен байланышып турат. Бир нече жолу факультеттеги студенттер менен чет элдик окумуштуулардын жолугушуулары болгон.