News Архив

Кадрлар башкармалыгы

Кадрлар бөлүмү (студенттерди тейлөө менен)

Кадрлар бөлүмү ректор тарабынан бекитилген иш пландары жана университеттин өнүгүү концепциясынын негизинде ишмердүүлүгүн алып барат.

Иш пландын негизинде кызматкерлер жана студенттер боюнча иш кагаздарды жүргүзүүнүн эрежелери, тартиби көзөмөлдөнөт.

Кадрлар бөлүмүнүн кызматкерлерин ишке алууда жогорку билимдүүлүгү, компьютердеги (MS Word, MS Excel, ж.б.) маалыматтык сурап билүү системасында ( AVN жана 1C: Ишкана) иштей ала тургандыгы ж.б. жаранга тийиштүү талаптарга басым жасалат.

Кызматкерлер өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, КРнын эмгек кодекси, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин нормативдик документтери, университеттин уставы, университетте учурда иштеген локалдык, нормативдик ЖОБО актыларына жана ректордун буйруктарына таянуунун негизинде алып барат.

Ар бир кызматкердин жана студенттин өздүк делолору түзүлүп, келишимдер кызматкерлердин милдеттери ж.б. тийиштүү иш кагаздар тиркелгендиги белгиленет.

Кадрлар бөлүмүнүн кызматкерлери арыздар, билдирүүлөрдүн резолюциясына ылайык тиешелүү мыйзам, эрежелердин чегинде түзүлгөн траэкториянын негизинде электрондук буйруктардын аткарылышына, эмгек китепчелердин толтурулушуна жана өздүк делолордун сакталышына, жаңыланышына жооп берет.

Жумуштан бошогон кызматкерлердин жана окуудан чыгарылган студенттердин өздүк делолору боюнча архив бөлүмү менен иш алып барышат.

Кадрлар бөлүмү иш кагаздарын эффективдүү иш алып баруу жана убакытты интенсивдештирүү максатында жаңы информациялык технология методдорун колдонуп, 2019-2020-окуу жылдан баштап санарип технологиясына өтүп, AiDoc программасында ишмердүүлүгүн алып барууда.

AiDoc программасы окуу жайда документтерди бирдиктүү сактоо, маалыматтык коопсуздук саясатын камсыздоо, аналитикалык маалыматтарды берүүнү шарттаган электрондук документ жүргүзүүчү программа болуп калды.



Ош мамлекеттик университетинин кадрлар бөлүмү өзүнчө тарыхы бар университеттин негизги структуралык түзүмүнө кирет. Акыркы 20-жылда Т.Масаев, А.Исаев, А.Пирматова, А.Бурканалиева, К.Жороев жетектеген. 2010-жылдан баштап п.и.к., доцент Гүлсара Турдубаева жетектеп келүүдө.

Кадрлар б өлүмү Ош мамлекеттик университетинин миссиясы менен иш алып барат.

· Компетенттүүлүк мамиле менен заманбап билим берүү, процессинде сапаттын кепилдигин камсыздоо; билим берүүнүн, илимдин жана маданияттын дүйнөлүк мейкиндигине интеграциялануу; жаштарга адептик, маданий жана илимий баалуулуктарды калыптандыруу;

· Мамлекеттик экономикалык, социалдык жана саясий өнүгүүсүн камсыздоо үчүн өзүнүн интеллектуалдык потенциалын илимде, өндүрүштө жана кесиптик ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыра ала турган жогорку профессионалдык кадрларды даярдоо;

  • Борбордук Азиядагы эң мыкты 5 университеттин катарына кирүү (2015-жыл, 9-август, №1 протоколу. ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечими).

Кадрлар бөлүмү (студенттерди тейлөө менен) мындан ары (КБ) Ош мамлекеттик университетинин иш кагаздарын жүргүзүүчү, буйруктарын чыгаруучу, сактоочу, статистикалык адистин анализдерин жасоочу, юридикалык тастыктоочу түзүм. Университеттин уставынын негизинде түзүлгөн жобого ылайык өз ишмердүүлүгүн ректордун буйругу жана көрсөтмөсү менен аткарат.

2005-жылдан 2020-жылга чейин кадрлар бөлүмү кадрлар башкармалыгы деген аталышта аталып, төмөнкү бөлүмдөр менен ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген:

Ø Профессордук-окутуучулук, окуу-көмөкчү жана административдик-чарба кызматкерлери бөлүмү;

Ø Студенттер бөлүмү;

Ø Чет элдик студенттер бөлүмү;

Ø Аскерге милдеттүүлөр бөлүмү;

Ø Атайын бөлүм;

Ø Иш кагаздарды алыпбаруучу (кеңсе);

Ø Архив бөлүмү.

2020-жылдын 9-мартынан баштап, кадрлар башкармалыгы өкмөттүн токтомуна ылайык штаттык өзгөрүүлөрдүн негизинде кадрлар бөлүмү (студенттерди тейлөө менен) деген аталышта өзгөртүү киргизилген. Бүгүнкү күндө кадрлар бөлүмүн п.и.к., доцент Г.Турдубаева жетектейт.

Бөлүмдүн кадрлар курамы төмөнкү кызматкерлерден турат: бөлүм башчы, башкы адис, улук инспектор, инспекторлор.

Ар бир структуранын ишмердүүлүгүн алга жылдырууда негизги ролду жамаат түзөт.

Иш кагаздарды жаңы технологиялык методдор менен алгылыктуу кадрлар бөлүмүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө жаш, бирок тажрыйбалуу конпетенттүү кызматкерлерден куралган коллективдин эмгеги чоң.



Кадрлар бөлүмүнүн (студенттерди тейлөө менен) кызматкерлери:

Аты-жөн ү

Кызматы

Электрондук почтасы

Иш телефону

1

Турдубаева Гулсара Турдубаевна

Бөлүм башчысы

gturdubaeva@oshsu.kg

(03222) 7-07-38

2

Табалдыева Нургул Шералиевна

Башкы адис

ntabaldyeva@oshsu.kg

(03222) 7-06-31

3

Бекташова Гулнур Сулаймановна

Улук инспектор

gbektashova@oshsu.kg

(03222) 7-06-31

4

Карымшакова Саткинай Низамовна

Инспектор

skarymshakova@oshsu.kg

(03222) 7-06-31

5

Өмурбекова Гузель Өмурбековна

Инспектор

omurbekova@oshsu.kg

(03222) 7-06-31

6

Касымова Батма Советовна

Инспектор

bkasymova@oshsu.kg

(03222) 7-06-31

7

Нуралиева Айзада Жанибековна

Инспектор

ainuralieva@oshsu.kg

(03222) 7-06-31

8

Фахридинова Бусара Фахридиновна

Инспектор

bfahridinova@oshsu.kg

(03222) 7-07-38

9

Жумагул кызы Асел

Инспектор

ajumagulkyzy@oshsu.kg

(03222) 7-06-31

10

Сатыбалдиева Чолпон Абибиллаевна

Башкы адис

cholpon@oshsu.kg

11

Пайзулдаева Гулжамал Кенешовна

Улук инспектор

guljamal@oshsu.kg

(03222) 7-19-94

12

Атакозуева Айзада Мамановна

Улук инспектор

aizat@oshsu.kg

(03222) 7-19-94

13

Бурханова Махфуза Сабировна

Улук инспектор

mburhanova@oshsu.kg

14

Исирайилова Мээрбү Алимжановна

Улук инспектор

misrailova@oshsu.kg

(03222) 7-19-94

15

Эралиева Нуржамал Закировна

Улук инспектор

nurjamal@oshsu.kg

16

Кыдыралиева Лира Рысбаевна

Улук инспектор

lkydyralieva@oshsu.kg

17

Тораева Эльмира Абдуманаповна

Инспектор

toraeva@oshsu.kg

18

Мамаева Айнура Шарабидиновна

Инспектор

aimamaeva@oshsu.kg

(03222) 7-19-94

19

Эрболот кызы Мээрим

Инспектор

mrbolotkyzy@oshsu.kg

20

Исакова Айзирек Каныбековна

Инспектор

aiziisakova@oshsu.kg

21

Кадырбек уулу Максимбек

Инспектор

mkadyrbekuulu@oshsu.kg

(03222) 7-19-94

Кадрлар бөлүмүнүн идеологиясы ар бир кызматкерди, студентти жана башка иш кагаздар боюнча келген жарандарды гумандуулук принциптин негизинде этикет эрежелерине таянып, маданияттуу кабыл алуу, жооп берүү жана кадрлар бөлүмүнүн иш жөндөмдүүлүк компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталгандыгын белгилөөгө болот.

Кадрлар бөлүмүнүн иш алып баруусун оптималдаштыруу жана системалаштыруу максатында ОшМУнун иш кагаздарды жүргүзүүнүн эрежелери жана тартиби алгачкылардан болуп, кыргыз тилинде методикалык окуу колдонмо түзүлүп кызматкерлерге жана студенттерге сунушталган.

Кадрлар бөлүмүнүн нормативдик иш кагаздары толугу менен AVN программасынын негизинде автоматташтырылган. Учурда AiDoc программасында алгылыктуу иштер практикаланууда.

Дареги: Ош шаары, Ленин к. 331, Башкы корпус 112-каана

Байланыш тел: 0(3222) -7-07-38

e-mail: edu@oshsu.kg