Өткөрүлгөн иш чаралар
[11:52, 15.04.2022] Семаетей Амиралиев: ОшМУ Франция окуу жайлары менен кызматташууну активдештирет Франциянын Казакстандагы элчилигинин билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташтык боюнча аймактык атташеси Ксавье Ле Торривеллек ОшМУга иш сапары менен келди. Дипломат визитинин максатын Орто Азиядагы эң ири окуу жай эсептелинген Ош мамлекеттик университети менен жакындан таанышуу, Франциянын билим берүү мекемелери менен анын кызматташтыгын орнотуу жана өнүктүрүү перспективаларын, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулоо экендигин түшүндүрдү. Франциялык өкүлдү эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Осмонович кабыл алып, окуу жай туурасында кыскача айтып берип, ОшМУ француз университеттери менен эки тараптуу кызматташуу келишимдерин түзүп, мамилени өнүктүрүүгө кызыктардыгын … [13:25, 15.04.2022] Семаетей Амиралиев: УРМЭУ менен ОшМУ кызматташуу жол картасын кабыл алышты. Урал мамлекеттик университети менен Ош мамлекеттик университеттеринин жетекчилеринин ортосунда видеоконференция уюштурулду. Ага Россия тараптан ректор Яков Петрович баштаган жетекчилер: илимий иштер боюнча проректор В.Е. Ковалев, окуу-усулдук иш жана билим берүүнүн сапаты боюнча проректор Д.А. Карх, социалдык иштер боюнча проректор Р.В. Краснов, кошумча билим берүү жана профориентациялык иштер боюнча проректор Е.Г. Князева ж.б., ал эми ОшМУдан ректор Кудайберди Гапаралиевич баштаган проректорлор: Т. Эркебаев, Ж.А. Артыкова, декандар Г.К. Кулдышева, У.А. Сопуев, директорлор А.О. Абдувалиев, И.Н. Атабаев ж.б. катышты.