Жаштар кеңешинин жобосу

Жаштар кеңешинин укуктары

Окуу жайдын ичинде жаштар саясатын жүргүзүү максатында негизги приоритеттер жана багыттар боюнча сунуштарды окуу жайдын жетекчилигине жеткирүүгө жана аларды ишке ашыруу боюнча механизмдерди иштеп чыгууга, ошондой эле жаштар саясаты боюнча регионалдык, республикалык мамлекеттик иш чараларга катышууга;

КРнын мыйзамдарына каршы келбеген учурларда өз компетенциясынын чегинде өз алдынча чечимдерди кабыл алууга;

Социалдык-психологиялык, педагогикалык, укуктук жана турмуштук татаал кырдаалдарда жаштарга жардамдык кубаттоо көрсөтүү иш чараларына катышууга;

ОшМУнун окуу имараттарынын, жатаканаларынын санитардык, электрдик-техникалык коопсуздук абалын текшерүү боюнча атайын рейддерге катышууга;

Студенттердин арасында профилактикалык түшүндүрүү жана тарбиялык иштерди жүргүзүүгө;

Окуу процессинде сапаттык жана абсолюттук жетишүүсү төмөн болгон жана коомдук жайларда өзүн алып жүрүүсү, дисциплиналык эрежелерге жооп бербеген студенттерди комитеттин кеңешмелеринин күн тартибине коюуга;

Жылдын жыйынтыгы боюнча жана майрамдык даталарга (Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү, Эл аралык студенттер күнү, Ата Мекенди коргоочулардын күнү, Эл аралык аялдар күнү ж.б.) карата окуу процессиндеги мыкты жетишкендиктери, спорттук мелдештерде жогорку көрсөткүчтөрү жана маданий-массалык, коомдук иш чараларга активдүү катышкандыгы үчүн студенттерди, аспиранттарды, жаш окутуучуларды сыйлоо (стипендия, акчалай сыйлык, ардак грамота ж.б.) жөнүндө окуу жайдын ректоратына сунуш берүүгө;

ОшМУнун жаштар кеңешинин курамын түзгөн факультеттердин жаштар кеңештерине өз компетенциясынын чегинде тарбия иштери боюнча методикалык координацияны камсыздоого;

Жаштар саясатына байланыштуу иш чараларды уюштурууда ыктыярдуу жана келишимдик негизде демөөрчүлөрдү жана уюмдарды тартууга;

Студент-жаштардын арасында окуу-методикалык борборлорду, спорттук клубдарды, чыгармачыл топторду ж.б. уюмдарды түзүүгө көмөктөшүүгө;

Жаштар иштери боюнча маалымат бюллетендерин, тарбиялык-методикалык ж.б. материалдарды даярдоого.

ОшМУнун жаштар кеңешинин сектор башчыларынын милдеттери

I. Окуу секторунун башчысынын милдеттери

1. ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору жана окуу-информациялык департаментинин (ОИД) кызматкерлери менен тыгыз байланышта иш алып баруу;

2. Факультеттерде окуу секторлору тарабынан тайпалык журналдардын текшерилүүсүн координациялоо, 60 саат себепсиз сабакты калтырган студенттердин тизмесин тактоо жана аларды деканатка, тарбия департаментине, ОИДге билдирип туруу;

3. Кафедралар алдында макулдашуу менен предметтик кружокторду уюштуруу;

4. Деканат менен биргеликте окуунун мыктыларын тактоо жана алардын сүрөттөрүн ардак тактага жайгаштыруу;

5. Сынак-сессиянын жыйынтыгы боюнча студенттердин рейтингин чыгаруу жана дубал газетага илүү;

6. Ай сайын эң көп кечиккен, сабакты себепсиз көп калтырган жана сынак-сессиянын жыйынтыгында начар көрсөткүчтү берген студенттерди факультеттин дубал гезитинин «Тикенек» рубрикасына чыгаруу;

7. Деканат менен биргеликте окуунун мыктыларын сыйлыктарга көрсөтүү.

II . Илим секторунун башчысынын милдеттери

ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору менен тыгыз байланышта иш алып баруу;

Илимий макалаларды, курстук иштерди, рефераттарды, дипломдук иштерди жазуудагы коюлуучу талаптар жөнүндө студенттерге дубал гезиттер, семинар, тренинг, бюллетендер аркылуу маалымат берүү;

Факультеттерде ай сайын чыгарылып туруучу илимий дубал газеталарын уюштуруу;

Кафедралар алдында макулдашуу менен илимий кружокторду уюштуруу;

Студенттерди илимий-практикалык конференцияларга, семинарларга, илим жумалыктарына катышууга тартуу;

Илимпоз адамдар, аспиранттар менен жолугушууларды уюштуруу.

III . Спорт секторунун башчысынын милдеттери

ОшМУнун дене тарбия кафедрасынын кызматкерлери менен тыгыз байланышта иш алып баруу;

Спорттун негизги түрлөрү (баскетбол, волейбол, теннис, шахмат, шашки, футбол, ордо, тогуз коргоол ж.б.) боюнча университтик (факультеттик) курама (балдар, кыздар) командаларды түзүү;

Дене тарбия кафедрасы менен биргеликте спорттун түрлөрү боюнча секцияларды түзүү жана алардын иштөөсүнө көмөктөшүү;

Дене тарбия кафедрасы менен биргеликте ЖОЖдор аралык жана регионалдык универсиадаларга командаларды даярдоо жана активдүү катышуу;

Факультеттер аралык спорттук мелдештерди, жолдоштук беттешүүлөрдү мезгил-мезгили менен уюштуруп туруу;

Факультеттерде курстар жана адистиктер аралык спорттук мелдештерди уюштурулушун координациялоо;

Университетте жана факультеттерде спорттун мыктыларынын тактайын уюштуруу;

IV . Дискуссия-дебат секторунун башчысынын милдеттери

1. Студенттер арасында тарбиялык мааниге ээ жана актуалдуу болгон темаларда ай сайын дискуссияларды жана дебаттарды уюштуруу;

2. Студенттерге дебаттын форматтары жөнүндө түшүнүк берүү жана тренингдерди уюштуруу;

3. Факультеттер арасында дебаттык турнирлерди уюштуруу;

4. Дебат боюнча кыргыз, орус жана англис лигадагы университтетик курама командаларды түзүү;

5. Дебат боюнча ЖОЖдор арасында уюштурулуучу республикалык жана регионалдык турнирлерге студенттерди активдүү катыштыруу;

V . Маданий уюштуруу секторунун башчысынын милдеттери

1. Студент-жаштардын маданий эс алуусу үчүн фестивалдар, конкурстар, викториналарды (Ретордук бал, «ОшМУнун идеалдуу түгөйү», «ОшМУ мырзасы», «ОшМУ периси», таланттуулардын фестивалы ж.б.) уюштурууга көмөктөшүү;

2. Даталуу күндөргө (Мамлекеттик тил күнү, Мугалимдердин күнү, Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү, Эл аралык студенттер күнү, Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү ж.б.) карата студенттик майрамдык кечелерди уюштуруу;

3. Студенттер үчүн башкы имаратта жана жатаканаларда бий кечелерин уюштуруу;

4. Факультеттерде студенттик сынак-фестивалдардын, кечелердин мезгилдүү уюштурулушун координациялоо;

5. Поэзия кечелерин уюштуруу.

VI . Социалдык сектордун башчысынын милдеттери

1. ОшМУнун профсоюз уюму менен тыгыз байланышта иш алып баруу;

2. Университет боюнча социалдык жактан жардамга муктаж студенттердин тизмесин критерийлер боюнча (жарым жетим, тоголок жетим, майып, көп үй-бүлөлүү) тактоо;

3. Такталган студенттердин тизмесин окуу жайдын жетекчилигине жана профсоюз уюмуна билдирүү менен аларга тиешелүү жардамдарды (моралдык, материалдык, акчалай жардам, контракттык төлөмдөрүнө пайыздык жеңилдетүү ) көрсөтүү;

4. ОшМУда билеттик системада уюштурулган маданий-массалык иш чараларга, кечелерге акысыз катышууну уюштуруу;

5. Ыктыярдуу демөөрчүлөр, кайрымдуулук фонддор жана уюмдар тарабынан бериллүүчү жардамдарды уюштуруу;

VII . «Брейн-Ринг» акыл таймаш клубунун башчысынын милдеттери

1. Факультеттерде студенттик «Брейн-Ринг» акыл таймаштарынын (предметтик жана кругозордук) уюштурулушун координациялоо;

2. Семестрде бир жолу факультеттер аралык студенттик «Брейн-Ринг» акыл таймаштарын уюштуруу.

VIII . Маалымат секторунун башчысынын милдеттери

1. Тарбия департаменти, жаштар комитети тарабынан уюштурулган иш чараларды республикалык, облустук, шаардык, университеттик массалык маалымат каражаттарына чагылдыруу;

2. Факультеттерде уюштурулган иш чараларды университеттик массалык маалымат каражаттарына чагылдыруу.

IX . Мамлекеттик тил боюнча координатордун милдеттери

1. Университеттин иш-кагаздарын мамлекеттик тилге өткөзүүсү боюнча иш алып баруу;

2. Мамлекеттик тилдин көйгөйлөрү жана аны жоюунун жолдору боюнча талкуулар, тегерек столдорду уюштуруу;

3. Мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө байланышкан кароо-сынактарды уюштуруу.