0


Адистиктер

квалификация

шифр

ачылган жылы

окуу мөөнөтү

1

Информацияларды иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары

техник

220206

2016

1 жыл 10 ай (11-база) 2 жыл 10 ай (9-база)(сыртан окуу) (11-база) 2 жыл 10ай

2

Колдонмо информатика

техник

230701

2016

1 жыл 10 ай (11-база) 2 жыл 10 ай (9-база)


2020-2021-окуу жылында индустриалдык-педагогикалык колледжинин 1-курсуна орто кесиптик билим берүүгө толук эмес орто билим (9-класс), толук орто билим (11-класс) базасында төмөнкү адистиктер боюнча абитуриенттер кабыл алынат.

Колледж

Окуу мөөнөтү: 9-класс базасында 2 жыл 10 ай; 11-класс базасында 1 жыл 10 ай). Колледждин бардык адистиктерине кабыл алуу экзамендин

негизинде жүргүзүлөт.

Адистиктери:

  • 220206 . Информацияларды иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары (тармактар боюнча). Квалификациясы - техник.
  • 230701. Колдонмо информатика (тармактар боюнча). Квалификациясы - техник.

Кесипке багыттоо боюнча суроолор

1. ОшМУнун жогорудагы көрсөтүлгөн адистиктеринин бюджеттик жана контракттык бөлүмдөрүнө кантип тапшырууга болот? Жооп: Жогорудагы көрсөтүлгөн бакалавр багытынын бюджеттик жана контракттык бөлүмдөрүнө тапшыруу үчүн негизги жана кошумча тесттеги баллдары КРнын Билим берүү жана илим министрлиги белгилеген босоголук (пороговый) баллдардан кем эмес б.а. негизги тест: 110 баллдан, кошумча тест: 60 баллдан кем эмес болуш керек.

Эгерде Сиздин билимиңиз босоголук баллга жетпей калса, билимге болгон умтулууңузду өчүрбөстөн колледжди тандаңыз.Себеби, Сиздин билимиңиз (толук эмес – 9-класс, толук – 11-класс) сапаттуу кесиптик орто билим (колледж) менен толукталып, түздөн-түз жогорку билимге (бакалаврга) 2-курстан улантууга жол ачылат.

2. Колледждин канчалык пайдасы бар? Жооп: Мектептеги 10-11-класстын ордуна кесиптик орто билимге (дипломго) ээ болот. Окуусун улантууну кааласа, жогорку билимди 2-курстан баштайт.

3. Эгерде колледждин «Информацияларды иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары» жана «Колдонмо информатика» адистиктерин бүтүрсө кандай кызматтарда иштей алат?

Жооп: Бул адистикти бүтүргөндөр техник, техник-инженер, прикладдык-программист, аппараттык-программалык жабдуу боюнча адис, инженер-инструктор, эсептөө система-сынын техникалык кызматкери, компьютердик класстын лаборанты, компьютердик класстын оператору, маалыматтар базасынын администратору, өндүрүштү автоматташтырылган системалар менен башкаруу техниги, компьютердик коммуникациялар жана компьютердик тармак адиси сыяктуу кызмат орундарында иштей алат.