News Архив

ФОТОГАЛЕРЕЯ
ОшМУнун STEM инновациялык колледжинде Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык юбилейине, 21-март “Нооруз” майрамына карата “Нооруз көктөм” аталышындагы иш-чара болуп өттү.
Бул иш-чаранын негизги максаты:
1. ОшМУнун 85 жылдык мааракесин даңазалоо;
2. Студенттердин маданий иш-чараларга болгон кызыгууларын өнүктүрүү;
3. Студенттердин бири-бирине болгон байланышын чындоо;
4. Таланттуу студенттерди табуу жана алардын шык-жөндөмүн өстүрүү;
5. Нооруз майрамын утурлап татыктуу тосуп алуу.
Иш-чаранын жүрүшүндө STEM инновациялык колледжинин таланттуу студенттери тарабынан жагымдуу ыр-бийлер, акыйнек айтышуу, адистиктер тарабынан кызыктуу каада салттар, улуттук оюндар, жана улуттук даамдар боюнча жарыш болуп бир топ кызыктуу номердик аткаруулар орун алды.
Иш-чаранын жыйынтыгында активдүү катышкан студенттерге диплом, ыраазычылык каттар тапшырылды.


2024-жылдын 29-март күнү STEM инновациялык колледжинде ишембилик болуп өттү. Ишембиликте STEM инновациялык колледжинин
1-корпусу жана 2-корпустарынын аудиториялары жана окуу жайдын айланасы колледждин студенттери тарабынан тазаланды. Ишембилик улантылат.


STEM инновациялык колледжинин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Б.Асанов жана Жаштар кеңешинин мүчөлөрү 2022-жылдын 7-декабрында 2022-2023 окуу жылында жатаканада жашаган студенттер абалы менен жеринде таанышып, студенттердин жүрүм-туруму боюнча түшүндүрү иштерин жүргүздү.


STEM-пикник со студентами STEM!

Люди не хотят идти на свалку и устраивать пикник, они хотят выйти в красивое место и приятно провести день. В воскресенье мы поехали в Абшыр Ата со студентами STEM. Это был замечательный и удивительный день


ОшМУнун факультеттер жана колледждер аралык профессордук-окутуучулук курамдын ортосунда өткөрүлүүчү спартакиадасында. STEM инновациалык колледжи алгачкы ирээт катышты .

. Эркектер командасы волейбол, баскетбол, шахмат, тогуз коргоол жана стол теннис боюнча өткөрүлгөн спорттук мелдештерде активдүү оюн көргөзүштү.

Аялдар командасы волейбол боюнча ийгиликтүү оюн көргөзүшүп, 15 команданын арасынан 6-орунду ээледи.