News Архив

新闻

2023-жылдын 28-ноябрында STEM инновациялык колледжинде конок лекция болуп өттү. Лектор "Vertex Gold Company" ("Вертекс Голд Компани") ЖЧК компаниясынын инженер геодезисти Жураев Абдусаттар Камчиевич лекция өттү. Лекцияга геодезия адистигинин окутуучулары жана студенттери катышып, геодезия сабагындагы инструменттерди колдонуу ыкмаларын практика жүзүндө көрсөтүп берди. Студенттер кызыккан суроолоруна жооп алды.



2023-жылдын 20-февралында “Колдонмо геодезия” адистигинин студенттеринин ата-энелерине колледж тарабынан чогулуш уюштурулду.Чогулуштун журушундо ата-энелер тарабынан коптогон ыраазычылык айтылды. Ата-энелер чогулушунда болум башчы жана кураторлор соз суйлошту.Ошондой эле ата-энелерге студенттердин окуу графиги менен жалпы тааныштырып, студенттер сабактарын калтырбай толук катышуусун эскертти.Чогулушта колледждин окутуучусу Токтосунов Жумаш агай соз суйлоп, созундо студенттер сабактарга активдуу катышып жатканын мындан дагы ар бир сабакты калтырбай келуусун айтты. Ата-энелер чогулушун студенттердин ар тараптуу озгочолуктору менен отушту.Чогулушка баардык ата-энелер толугу менен катышып,коллективдин иштерине ийгилик каалап, конулдуу маанайда ыраазы болуп кетишти


2023-жылдын 3-февралында STEM инновациялык колледжинин “Профессионалдык дисциплиналар” бөлүмүнүн Колдонмо геодезия адистигинин жумуш берүүчүлөрү менен ачык талкуу болду. Жолугушууга келген ишканалар:
-Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Төлөнөв Абдисайит Мойденбекович,
-Кара-Суу Архитектурасынын инженер-геодезисти Тургунбаев Турсунбек,
-Ноокат райондук шаар куруу жана арихитектура боюнча башкармалынын жетекчиси Сулайманкулов Сайпжан Айтмаматович,
-Кадастр мамлекеттик мекемеси Ноокат филиалынын жетекчиси Турдубаев Мамадияр главный специалист,
- Эмаком курулуш компаниясынын инженер геодезисти Нурматов Толкунбек Абдусаттарович болду.
Ачык талкууга колледждин жетекчилиги,окутуучулары менен ишканалардын жетекчилери адистиктин окуу программасы менен таанышып өз ойлорун айтып талкуулашты.


2023-жылдын 16-январда ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин Колдонмо геодезия адистигиндеги окутуучуларга жана студенттерге конок лекция болуп өттү. Лектор Кадастр мамлекеттик ишканасынын Ноокат райондук филиалынын жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн башчысы Матраимов Надир Раимкулович болду. Агай өз сабагында геодезия адистигинин бүгүнкү абалы, келечеги жана актуалдуу маселелери боюнча сабак өтүп, студенттер кызыккан суроолоруна жооп алышты. Мындан ары өз ара тажрыйба алмашуу боюнча иш чараларды уюштуруу пландаштырылды.


2023-жылдын 16-январда ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин Колдонмо геодезия адистигиндеги окутуучуларга жана студенттерге конок лекция болуп өттү. Лектор Кадастр мамлекеттик ишканасынын Ноокат райондук филиалынын жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн башчысы Матраимов Надир Раимкулович болду. Агай өз сабагында геодезия адистигинин бүгүнкү абалы, келечеги жана актуалдуу маселелери боюнча сабак өтүп, студенттер кызыккан суроолоруна жооп алышты. Мындан ары өз ара тажрыйба алмашуу боюнча иш чараларды уюштуруу пландаштырылды.


Ош мамлекеттик университети менен Москва мамлекеттик геодезия жана картография университеттеринин ортосунда кош дипломдуулук ишке ашат.



2022-жылдын 13-декабрь күнү Москва мамлекеттик геодезия жана картография университетинин эл аралык иштер боюнча проректору Светлана Шведова, Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы, «Чек арасыз билим» академиялык мобилдүүлүк платформасынын түзүүчүсү жана долбоорунун координатору Инна Пономарева, геодезисттердин эл аралык ассоциациясынын мүчөсү, профессор Владимир Голубев, картография факультетинин деканы Глеб Загребин ОшМУга иш сапары менен келишти. Аталган иш-чарага STEM инновациялык колледжинин Колдонмо геодезия адистигине сабак берген окутуучулар жана студенттер катышышты. Студенттер кызыккан суроолоруна жооп алышты.


2022-жылдын 12-декабрында ОшМУда колледждердин окутуучулары үчүн ednet боюнча семинар болду. Аталган иш чарага STEM инновациялык колледжинин Профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн окутуучулары катышып келишти.


“УСТАТ -ШАКИРТ” ИШ ЧАРАСЫ

2022-жылдын 02-декабрында, Ош мамлекеттик университетинин STEM инновациялык колледжинин , профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн, ветеринария адистик бөлүмүнүн окутуучулары доцент Халмурзаев А, Н. Калинникова тарабынан “Устат-Шакирт” багытындагы конок лекциясы өткөрүлдү. Жолугушууда коллеждин бүтүрүүчүсү, ОшМУ нун ветеринардык медицина кафедрасынын 3- курсунун студенти, Рыскулбеков Эрболот, коллеждин бүтүрүүчү курсунун студенти Уразбаев Максат, коллеждин 1-2- курстарынын стундеттери менен кесиптик темадагы пикир алмашуу өткөрүшүп, студенттер үчүн STEM инновациялык колледжи, ОшМУ тарабынан жеткиликтүү билим алуу жана практикалык иш тажрыйбаларды өздөштүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан колдоолор туурасында кеңири баяндама жасап беришти. ОшМУ нун жетекчиилиги тарабынан 2020-жылдан бери коллеждин алдыңкы студенттери, Ысык Көл областынын Каракол шаарындагы “Эковет” ветеринардык клиникасынан практикадан өтүү менен, көптөгөн жаныбарларга көрсөтүлүүчү дарылоо иштерин ийгиликтүү үйрөнүп келишүүдө. Ири мүйүздүү малдардын ашказанына жасалуучу операциялар, кой-эчкилердин, музоолордун баш мээсине (ценуроз ооруусу учурунда), эхинококкоз ооруусу менен күрөшүүдөгү, ит мышыктарды кастрациялоо, стерилизациялоо ж.б. көптөгөн хирургиялык, терапевтикалык жана алдын алуу иш чараларын тез аранын ичинде өздөштүрүп келишип, коллеждин студенттерине үйрөтүшүүдө. Жолугушуу абдан кызык маанайда өтүп жаш студенттер көптөгөн суроолоруна жооп алышты. Мындай жолугушшуну ар аптанын жума күндөрү такай өткөрүп турууну макулдашышты. Кийинки жолугушууларда 1-2- курстун студенттерин, өздөрү жаныбарлардын ооруулары тууралуу презентация жасоону колго алышаарын билдиришти. Эрболот Рыскулбековко, Максат Уразбаевке кызуу кол чабуулар менен ыраазычылктарын билдиришти. Э.Рыскулбеков 10- декабрь, жаш студенттерди ишемби күнү Табият таануу жана арготехнологиялар факультетинин, ветеринардык медицина кафедрасында койлордун ценуроз ооруусуна жасала турган операцияга келип катышып кетүүнү сунуштап кетти. Коллеждин студенттери барып катышмай болушту.


Конок лекция

2022-жылдын 9-декабрь күнү STEM инновациялык колледжинин профессионалдык дисциплиналар циклынын, ветеринария бөлүмүндө кезектеги конок лекция болуп өттү. Конок лекцияны, ветеринария бөлүмүнүн башчысы доцент А.Халмурзаевтин атайын чакыруусу менен, ТТАТФ нин Ветеринардык медицина кафедрасынын мугалимдери ветеринария илимдеринин кандидаты, доцент Карыпов К, окутуучу, жаныбарлардын эхинококкоз ылаңы боюнча адис Исаев М, студенттер Рыскулбеков Э жана Уразбаев М менен чогуу, ветеринария бөлүмүнүн студенттерине жаныбарлардын “Актинамикоз” жана “Эхинококкоз” ооруулары туурасында кеңири маалымат беришти. Бөлүмдүн студенттери кызыгуу менен кабыл алышып, көптөгөн суроолоруна жооп алышты. Конок лекция студенттерде жогорку кызыгууну жаратты жана бул саамалык апта сайын студенттер тарабынан даярдалып, жаныбарлардын ар түрдүү жугушсуз жана жугуштуу ооруулары талкууга алынып, алар менен күрөшүу иш чаралары да каралмакчы. Профессионалдык дисциплиналар цикл жетекчиси Сатыбалдиев Б.С. студенттер менен кызыктуу иш чарада чогуу болду.


9-декабрь күнү STEM инновациялык колледжинин Профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн Геодезия адистигине сабак берген окутуучулар менен кезектеги чогулушу болуп өттү. Бүгүнкү чогулуштун максаты аккредитациядан өтүүгө даярдыктарды талкуулоо.