News Архив

НАУЧНО-ИССЛЕДОВАТЕЛЬСКАЯ РАБОТА

Эл аралык тажрыйба алмашуу семинарынын 3-күнү. Талас шаарында Польшалык ветеринарлардын катышуусу менен Президенттин Талас облусундагы окулу Нарбеков Бакытбектин жетекчилиги алдында облустун активтери, ветеринардык врачтар менен ветеринария маселелери боюнча жыйын откорулду. Катышуучулар кызыккан суроолорго жооп алышты


      Эл аралык практикалык тажрыйба алмашуу семинары

2021-жылдын 20-24-сентябрь күндөрү Талас шаарында Талас облустук агрардык экономикалык колледжинде Польшалык кесиптештерибиздин тобунун катышуусунда Кыргыз Республикасынын ветеринардык палатасы тарабынан уюштурулган тажрыйба алмашуу практикалык семинары башталды. Семинарга Ош мамлекеттик университетинин STEM инновациялык колледжинин ветеринария адистигинин окутуучусу вет.и.к., доцент Халмурзаев А.Н. жана ветеринария адистигинин студенттери катышууда.

Семинардын негизги темасы-Эхинококкоз ылаңы менен күрөшүү ыкмалары, алдын ала чаралары жана бул ылаңдын жайылуусундагы ит-мышыктын ролу, алардын популяциясын көзөмөлдөө ыкмаларына багытталган.

Иш чаранын алкагында студенттерди акысыз УЗИ текшерүүдөн өткөрүү, аларга Эхинококкоз менен күрөшүү жолдорун түшүндүрүү багытындагы аракеттер көрүлөт.

Семинардын жүрүшүндө ит-мышыктарга кастрация жасоонун Польшада колдонулуучу ыкмалары, ошондой эле Мирбек Самсалиев жетектеген Каракол шаарындагы “Эковет” уюмунун адистери тарабынан ценуроз ылаңын айыктыруудагы хирургиялык ыкмаларды практика жүзүндө көрүшүүдө.

Аталган семинар Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасы менен кесиптешибиз Каролина Фигель жетектеген “Польшалык ветеринардык фонд” тарабынан ишке ашырылууда.

 

 


STEM инновациялык колледжинде илимий долбоорлорду жазуу боюнча семинар болуп өттү

Директордун илимий иштер боюнча орун басары, б.и.к., доценти Халмурзаев Абдирашит Назирбекович колледждин окутуучуларына жана студенттерине семинар өтүп берди. Семинарда илимий жана бизнес долбоорлорду жазуу жолдорун(ыкмаларын) өзү ишке ашырган долбоорлорду мисал кылып түшүндүрүп берди. Катышуучулар семинардын аягында суроо берип, Абдирашит Назирбекович суроолорго так жана даана жооп берди.


Ош мамлекеттик университетинин STEM инновациялык колледжинде 14-апрель күнү саат 12:00 илим жумалыгынын ачылышы болуп өттү. STEM инновациялык колледжинин директору, ф.и.к., доценти Абдылакимова Бегайым Кенжематовна илимий жумалыкты ачып, ОшМУнун Орто окуу жайлар боюнча проректор, б.и.к., доценти Эркебаев Тажимамат Кудайбердиевич, ОшМУнун Магистратура жана PhD докторантура бөлүмүнүн башчысы, т.и.д., профессор Кенжаев Идирисбек Гуламович, ОшМУнун илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы, ф.м.и.к., доценти Анарбаева Гулжамал Маматовна, ОшМУнун Өнүктүрүү жана инвестиция департаментинин проректору, т.и.к., доценти Турсунбаев Жанболот Жанышович келип катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты. “Профессионалдык дисциплиналар” бөлүмүнүн башчысы г.и.к., доценти Сатыбалдиев Байсал Салиевич, Техникалык дисциплиналардын предметтик циклынын башчысы Султанов Сайит Кожонович баштаган окутуучулар жамааты жана студенттер катышты. Илимий жумалыктын графигине ылайык туризм, геодезия, ветеринария адистигинин студенттери адистиктери боюнча кызыктуу презентация жасашты. Туризм адистигинен ТМс-9-1-19 тайпасынын студенти Жеңишбек кызы Нуриза “Жайлоо туризми” боюнча, ветеринария адистигинин ВТс-1-20 тайпасынын студенттери Касымбек уулу Ысакбек, Даанышман уулу Бабаравшан жана ВТс-9-1-19 тайпасынын студенти Темирлан уулу Эрболот “Ветеринариялык кызмат жана жаныбарлардан адамдарга жуга турган оорулар жөнүндө” презентация жасашты. Андан соң Туризм адистигинин студенти Кошмат уулу Алтай комузда “маш ботойду” чертип илимий жумалыкка жаркын маанай тартуулады. Туризм адистигинин ТМс-9-1-19 тайпасынын студенттери “туристерди тосуп алуу” аттуу сахналык көрүнүш аткарышты. Андан соң коноктор менен 7 адистиктин студенттери тарабынан адистиктерине байланыштуу жасалган көргөзмө макеттерине саякат кылышты. Геодезия адистигинин студенти Кудайберди уулу Эридан курулуштагы этаждуу үйдүн макети жана геодезия адистигинин кандай кызматтарда иштеши боюнча,Туризм адистигинин ТМс-9-1-18 тайпасынын студенти Рысбай кызы Даткайым “Кыргызстандын туризми” студенттердин жасаган макеттери жөнүндө, Ветеринария адистигинин ВТс-9-1-19 тайпасынын студенти Темирлан уулу Эрболот “үй жаныбарлары” жөнүндө жасалган макеттер боюнча, “Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо” адистигинен ТОРАТ-1-19 тайпасынын студенти Топчубаев Канат “МТВ 80 трактору макетин , ТОРАТ-2-19 тайпасынын студенти Кубатбек уулу Бектур “погрузчик” аталышындагы макет, ТОРАТ-9-1-18 тайпасынын студенти Абди уулу Мырзабек “авто унаанын электр жабдыктары жөнүндө, ТОРАТс-2-19 тайпасынын студенти Абдуллаев Фаетбек Транспортная сеть города Ош” деген аталыштагы макет жөнүнд ,“Электр менен жабдуу (тармактар боюнча)” ЭСс9-1-19 тайпасынын студенти Таалайбек уулу Эралы “Күн энергиясынын колдонуу менен жер көчкүнү алдын алуу үчүн белги берүүчү” түзүлүштүн макети жөнүндө, “Медициналык техникаларды оңдоо, техникалык жактан тейлөө жана монтаждоо” адистигинин студенти РМТс-9-1-19 тайпасынын студентти Абдикаримов Жеңишбек “Озоновый стерилизатор воздуха” деген аталыштагы макети жөнүндө, РМТс9-1-19 тайпасынын студенти Мырзабек уулу Руслан “Озонатор воды” деген аталыштагы макети жөнүндө кызыктуу баяндама жасап коноктор менен тааныштырышты.

Көргөзмө бүткөндөн кийин STEM инновациялык колледжинин география жана туризм окутуучусу Ибрагимова Рахима Салайдиновна студенттердин ортосунда тайпалар аралык викторина өткөрдү. Викторинага 10 минута убакыт берилди, студенттер үчүн аябай кызыктуу болду. Викторинанын жыйынтыгын илимий жумалыктын акыркы жыйынтыктоочу күнү чыгарылат. Ошентип илимий жумалыктын ачылышын туризм адистигинин ТМс9-1-20 тайпасынын студенттери Матисаев Мерислам англис тилинде, Шамшиева Айана орус тилинде, ТМс-9-1-19 тайпасынын студенти Темир кызы Айнура кыргыз тилинде кызыктуу алып барышып, илимий жумалыктын 1- күнү жыйынтыкталды. Келген коноктор жакшы ой пикирлерин айтып кетишти.


Колледжде “конок лекция”.

STEM инновациялык колледжде ар бир адистиктерге практиктер менен баарлашуу жана адистердин тажрыйбасы менен бөлүшүү максатында конок лекциялар уюштурулуп профессионалдык дисциплиналар бөлүмүндө 29-марттан 2-апрелге чейин өткөрүштү. Ошондой эле техникалык дисциплиналардагы предметтик циклында 5-апрелден 9-апрелге чейин өткөрүлөт.
Илимий жумалык байланышту туризм адистигине 31-март күнү “дистинация Ош” коомдук бирикмесинин директору Алиев Абдыкадыр “экскурссиялык тур”, колдонмо геодезия адистигине ОсОО “эмаком” курулуш компаниясынын инженери Мамазаитов Бакыт Рыскулович “колдонмо геодезия” жана ветеринария адистигине “Тыбыт-Кашмир” коомдук фондунун жетекчиси, айыл чарба илимдеринин кандидантты Халяпов Тарбиз “жаныбарлардын селекциясы” деген темаларда конок лекциялар болуп өттү. Ал эми 1-апрелде туризм адистигине “Osh travel” туристтик гид агенттигинин директору Хасанова Лада Евгеньевна “профессия-гид”, колдонмо геодезия адистигинде ОсОО “геоцентр” ишканасынын директору Токтосунов Жумабек “Турмушта геодезиянын орду” жана ОсОО “Мусай” курулуш компаниясынын инженер-геодезист Жураев Абдысатар “геодезиялык практика иштери” деген темада лекция өтүп берди.
Студенттерге ар дисциплинаны жакшы окуусун жана сабакта алган теориялык билимин практикада колдоно билүүсүн айтып өтүштү. Студенттер менен иштешүүгө даяр экенин билдиришти. Лекцияда студенттер активдүү катышып, керектүү маалыматтарды алышты. Студенттерге ар дисциплинаны жакшы окуусун каалап кетишти.