Бакалавр

Цель (миссия и задачи) ООП

ОшМУнун миссиясында көрсөтүлгөндөй 640200 – “Электроэнергетика жана электротехника” багыты жогорку кесиптик жактан адистешкен, тереңдетилген кесиптик, атайын кесиптик билим берүүнүн дүйнөлүк алдынкы стандарттарын терең өздөштүрүү аркылуу эл аралык билим берүү мейкиндигине жуурулушуп, окутуунун жаңы технологияларын пайдаланып, билимдин сапатын жакшыртып, улуттук артыкчылыктарды өнүктүрүү менен атаандаштыкка туруштук берүүчү татыктуу энергетика багытында кызмат кылуучу адистерди даярдоо. Факультет илимдин мыкты салттарын сактоо аркылуу дүйнөлүк алдыңкы университеттер, ШОС университетиндеги жождор, илимий мекемелер менен тыгыз кызматташып, гуманитардык, табигый, фундаменталдык, прикладдык илимдердеги изилдөөлөрдүн натыйжалуулугуна жетишүү жана илимге таянып, коомдун, өлкөнүн өнүгүүсүн камсыз кылуу. Жаштарды патриоттуулукка, гуманизмге, адамзаттык баалуулуктарды урматтоого, улуттар арасындагы достукка тарбиялоо. Азыркы коомго керектелүүчү билимдерге жана кесиптик компетенцияларга ээ болууда инсандын муктаждыктарын калыптандыруу.

Результаты обучения ООП

ББПнын чегинде окутуунун күтүлүүчү натыйжалары максат жана милдеттерге ылайык аныкталган.

620400 – “Электроэнергетика жана электротехника” багыты боюнча 2015-жылы кабыл алынган мамлекеттик стандартынын негизинде түзүлгөн:

ОН-1: айлана-чөйрө жөнүндөгү илимий билимдердин толук системине ээ, кесиптик маселелерди чечүүдө математикалык /табигый/ гуманитардык / экономикалык илимдердин негизги жоболорун колдонууга жөндөмдүү жана техникалык коопсуздуктарды, экологиялык коркунучтарды эске алуу менен техникалык каражаттарды жана технологияларды тандоого даяр;

ОН-2: жогорку даражадагы өз-алдынчалулуукта заманбап билим берүү жана маалымат технологияларын колдонуу менен жаңы билим алууга жөндөмдүү, традициялык жана инновациялык ойлорду колдонууга, аларды ишке ашуруучу кадамдарды табууга жана изилдөө ишмердигинин базалык усулдарын колдонуп долборлор үстүндө иштөөгө катышууга жөндөмдүү, электроэнергетикалык, энерготехникалык жана анын айрым компоненттерин долбоорлоо иштерине катышууга даярдыгы жана жөнөкөй конструкцияларды иштеп чыгууга жөндөмдүү;

ОН-3: илимдеги, техникадагы жана технологиялардагы, профессионалдык чөйрөдөгү жаңы кубулуштардын социалдык-экономикалык жана маданий бүтүмдөрүн талдоого жана баалоого, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн оозеки жана жазуу сүйлөмдөрүн логикалык туура, аргументтүү жана ачык-айкын түзүүгө жөндөмдүү, социалдык баарлашуу деңгелинде чет тилдердин бирөөсүнө ээ болуу; ишмердик баарлашууну жүзөгө ашырууга жөндөмдүү: эл алдына чыгып сүйлөө, сүйлөшүүлөр, кенешме өткөрүү, ишмердүүлүктө жазуу түрүндө баарлашуу, электрондук коммуникациялар;

ОН-4: өзүнүн илимий эмгегин жана иш-аракеттеринин жыйынтыгын жогорку даражадагы өз-алдынчалуулук менен баалоого жөндөмдүү, эмгекти уюштуруу жана нормага салуу багытында айкын милдеттерди чечүү, эмгек жамаатынын мүчөлөрүнүн ишмердиктерине багыт берүү жөндөмү;

ОН-5: уюштуруу жана башкаруу чечимдерин иштеп чыгууга катышууга жөндөмдүү, технологиялык процесстерди башкаруунун жана берилген параметрлердин, иштетилип жаткан энергиянын сапатынын сакталышын талдоого жана камсыз кылууга даярдыгы;

ОН-6: маалыматты кабыл алууга, талдоого жана жалпылоого, максат коюуга жана ага жетүүнүн жолдорун тандоого жөндөмдүү; маалыматты алуунун, сактоонун, кайра иштетүүнүн негизги усулдарына, ыкмаларына жана каражаттарына, глобалдык компьютердик тармактарда жана маалыматтар системдеринде, иштөөнүн шыктарына ээ;

ОН-7: коомдо кабыл алынган моралдык жана укуктук негизде социалдык өз-ара аракеттенишүүгө жөндөмдүү, элге сый, башка маданиятка толеранттуулук жана шериктештик мамилелерди колдоого даярдыкты көрсөтөт; сергек жашоо үлгүсүнө, табиятты коргоого жана ресурстарды рационалдуу колдонууга керек болгон билимдерин колдонууга жөндөмдүү;

ОН-8: сызыктуу жана сызыктуу эмес электр чынжырларын талдоо жана моделдөө ыкмаларын пайдалануу жөндөмү; электр буюмдарды жана электр жабдууларды, объектилерди, схемалар менен системаларды графикалык чагылдыруу ыкмаларын пайдалануу жөндөмү; иштелип жаткан конструкциялардын механикалык бекемдүүлүгүн баалоо жөндөмү;

ОН-9: электроэнергетикалык жана электротехникалык объектилердин негизги мерчемдерин, системдерин жана аларда болуп жаткан жараяндарды өлчөө үчүн техникалык каражаттарды пайдалануу, жумуш орундардын техникалык жабдылышын, жайгаштырууну уюштуруу, электроэнергетикалык жана электротехникалык объектилерин стандартташтыруусу жана сертификациясы,

ОН-10: техниканын коопсуздук эрежелерин, өндүрүш тазалыгын, өрт коопсуздугун жана эмгекти коргоо нормаларын пайдалануу; чаң жана газ болуунун, ызы-чуунун денгээлдерин, жумушчу орундардын жарыктуулугун, микроклиматтын мерчемдерин, өлчөө жана баа берүү жөндөмдүүлүктөрү; электроэнергетика объектилерин монтаждоо, жөндөө, оңдоо, тейлөө жана тазалоо иштерине катышууга даярдыгы;

ОН-11: электроэнергетика жана электротехника объектилерин электроэнергетика жана электротехникада илимий-изилдөөчүлүк ишмердиктердин ата-мекендик жана чет элдик тажрыйбаларын изилдөөлөргө катышууга үйрөнүүгө жана пайдаланууга даярдыгы; тармактык компьютердик технологияларды, өзүнүн предметтик чөйрөсүндөгү малыматтар базасын жана колдонмо программалар пакетин пайдалануусу;

ОН-12: эксперименталдык изилдөөлөрдү пландаштырууга, аткарууга, жыйынтыктарын иштетүүгө жана илимий-техникалык отчетторду түзүүгө иштерине катышууга даярдыгы; технологиялык процесстерди жана буюмдарды сыноонун техникалык каражаттарын пайдаланууга даярдыгы;

ОН-13: монтаждоого, жөндөөгө, сыноого, жылуулук энергетика жабдууларын иштетүүгө берүүгө жөндөмү; электроэнергетика жана электротехника жабдууларын жөндөөгө жана тажрыйбалуу текшерүүгө даярдыгы;

ОН-14: киргизилген жабдууларды кабыл алууга жана өздөштүрүүгө жабдуулардын техникалык абалын жана калдык байлыктарын текшерүүгө, профилактикалык кароолорду жана учурдагы оңдоо иштерин уюштурууга даярдыгы;

ОН-15: жабдууларга жана кам тетиктерге табыштамаларды түзүү жана оңдоо жумуштары үчүн документацияларды даярдоого даярдыгы; жабдууларды иштетүү боюнча нускамаларды жана сыноо программаларын түзүү жөндөмү.

ОН-16: электроэнергетикалык, энерготехникалык жана анын айрым компоненттерин долбоорлоо иштерине катышууга даярдыгы жана жөнөкөй конструкцияларды иштеп чыгуу жөндөмү.


Сроки освоения образовательной программы

Окуу планы 620400 – “Электроэнергетика жана электротехника” багыты боюнча бакалаврларды даярдоонун НББП төмөндөгү окуу циклдерин үйрөнүүнү караштырат: - гуманитардык, социалдык жана экономикалык цикл; - математикалык жана табигый илимий цикл; - кесиптик цикл; жана төмөнкү бөлүмдөрдү окутууну ишке ашырууну: - дене тарбия маданияты; - окуутуу жана өндүрүштүк практикалар; - жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация. Дисциплиналардын ар бир цикли базалык (милдеттүү түрдөгү) бөлүккө жана жож тарабынан аныкталчу вариативдик (профилдик) бөлүккө ээ болот. Вариативдүү (профилдик) бөлүк базалык дисциплиналардын мазмуну менен аныкталуучу билимдерди, билгичтиктерди жана көндүмдөрдү кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө мүмкүндүк берет, студентке алынган профилге ылайык "магистр" академиялык даражасына жетишүү үчүн ЖКББнын кезектеги деңгээлинде билимин улантууга, ийгиликтүү кесиптик иш үчүн тереңдетилген билимдерди жана көндүмдөрдү алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Вариативдүү (профилдик) бөлүк эки бөлүктөн турат: жождук компоненттер жана студенттин тандоосу боюнча дисциплиналар.

Окуу пландарында окуу иштеринин эмгек көлөмдүүлүгү ECTS кредиттеринде белгиленген. ECTSнин 1 кредити 30 академиялык саатка тең келет. 1 академиялык саатыбыз 45 мүнөткө барабар. Билим берүү программасынын жалпы эмгек көлөмдүүлүгү 240 кредитти түзсө, окуу жылындагы студенттин толук окуу жүктөмү 60 кредитке барабар. Билим берүү программасынын окуу планындагы дисциплиналардын ичинен Дене тарбиясынан тышкары ар бир дисциплинага жок эле дегенде 2 кредиттен берилген (окуу план – тиркеме 1).

Бакалаврды даярдоодо кесиптик билим берүү программасы боюнча ЖОЖдун компонентинин мазмуну мамлекеттик билим берүү стандарты менен бекитилген квалификациялык мүнөзгө дал келген бүтүрүүчүнү даярдоону камсыздашы керек. Студенттердин тандоосу боюнча дисциплиналар студенттин дисциплиналардын ар бир блогу боюнча окуу жүктөмүнүн жалпы көлөмүнүн чегинде милдетүү болуп саналат жана дисциплиналардын тиешелүү блоктун алкагында тереңдетип окутулушун көздөйт. Окуу планда студенттерди практикадан өткөрүү үчүн 10 кредит берилген: өндүрүштүк практика (3-курс, 6-семестр) - 5 кредит, квалификация алдындагы практика (4-курс, 8-семестр) - 5 кредит. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация өз ичине бакалаврдык бүтүрүүчү кесиптик сабактар боюнча Мамлекеттик сынакты жана квалификациялык жумуштук иштин корголушун камтыйт. 4. Жумушчу окуу планы 2017-2018-окуу жылдарынын жумушчу окуу пландары 2-тиркемеде келтирилген.

Трудоемкость ООП

5. Билим берүү процесси жана программанын мазмуну

5.1. Мамлекеттик стандартта абитуриенттерге коюлган талаптар аныкталган. Электроэнергетика жана электротехника багыты боюнча “бакалавр” академиялык даражасын алуу менен жогорку кесиптик билим алууга талапкер абитуриенттин билим деңгээли - жалпы орто билим же кесиптик орто (же кесиптик жогорку) билим. Абитуриенттин жалпы орто билими же кесиптик орто (же кесиптик жогорку) билими тууралуу мамлекеттик үлгүдөгү документи болушу керек.

5.2. Абитуриенттердин билимин баалоо ЖРТ борбору тарабынан жүргүзүлөт. «КРнын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу жөнүндөгү” Жобонун жана Ош мамлекеттик университетине жогорку кесиптик билим берүү боюнча кабыл алуу тартибинин негизинде жүргүзүлөт. Кабыл алуу эрежелери ОшМУнун сайтында https://base.oshsu.kg/, маалымат стенддеринде жайгашкан. Абитуриенттерди университетке кабыл алууну уюштуруу кабыл алуу комиссиясынын төрагасы – ОшМУнун ректорунун жетекчилиги астында ишке ашырылат. Кабыл алуу комиссиясынын курамына университеттин структуралык бөлүмдөрүнүн адистештирилген мүчөлөрү жана структура жетекчилери киришет. Ал эми жооптуу катчы комиссиянын ишин оперативдүү иштешин камсыз кылат жана абитуриенттердин документтерин кабыл алуучу техникалык катчылардын күнүмдүк ишин уюштурат.

5.3. ББПнын күтүлүүчү натыйжаларына жетүү үчүн компетенциялар картасы иштелип чыккан: жалпы-илимий, аспаптык, социалдык-инсандык жана маданий, кесиптик компетенциялар. Компетенттүүлүктөрдүн картасы (матрицасы) ар бир дисциплина боюнча аныкталган. Бул матрицалар ар бир предмет боюнча даярдалган жумушчу программалар менен предметтик силлабустарда көрсөтүлгөн. Компетенциялар кафедранын отурумунда бекитилген (№4, 20-январь 2017-жыл).

5.4. Жумуш жана окуу убактысы ОшМУнун ички тартип эрежелеринин негизинде иш алып барылат (ОшМУнун №15 бюллетени, ректордун №583, 29.10.2011 буйругунун негизинде бекитилген). Билим берүүчүлүк программада калтырылган сабактардын ордун толуктоо системасы жөнүндө студенттер үчүн да, окутуучулар үчүн да өзүнчө белгиленген эмес. Ага карабай, иш жүзүндү, билим берүүчүлүк процесстин жүрүшүндө калтырылган сабактардын ордун толуктоо системалуу түрдө ишке ашырылат. Студенттер үчүн калтырылган сабактарды толуктоо предметчи-окутуучулар тарабынан, көбүнчө студенттин калтырылган лекциялардын (практикалык сабактардын, лабораториялык иштердин) окуу материалын өз алдынча окуп үйрөнүүсү жана анын соңунда студенттин ушул ишинин сапатын предметчи тарабынан текшерүүсү формасында жөнге салынат. Окутуучулар үчүн калтырылган сабактарды толуктоо деканат тарабынан жөнгө салынат - тиешелүү тайпанын сабактарынын расписаниеси тигил же башка дисциплина боюнча керектүү сандагы сабактар менен толукталат.

5.5. Мамлекеттик стандарттын негизинде окуу пландагы дисциплиналардын удаалаштыгы сакталган, б.а. ар бир дисциплина үчүн аныкталган постреквизит, пререквизиттер эске алынган. Бул окуу план факультеттин Окумуштуулар кенешинде (12.09.2013, №1) талкууланган жана 20.09.2013-жылы ОшМУнун окуу иштери проректору тарабынан бекитилген. Окуу пландын негизинде ар окуу жылына жумушчу окуу пландар иштелип чыгып, окуу жылдын аягында (июнь айында) жаңы окуу жылы үчүн бекитилет.

5.6. Окуу планда студенттерди практикадан өткөрүү үчүн 10 кредит берилген: өндүрүштүк практика (3-курс, 6-семестр) - 5 кредит, квалификация алдындагы практика (4-курс, 8-семестр) - 5 кредит. ББПны өздөштүргөн студенттерди профили боюнча даярдоо максатында өндүрүштүк практикалар Ош шаарындагы жана Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарындагы бир топ мекемелердин жана ишканалардын базаларында өткөрүлөт. «Электроэнергетика жана электротехника» багыты боюнча кадрларды даярдоого жана аларды ишке алууга кызыккан мекемелер жана ишканалар, мисалы, ОшПВЭС, АООТ “Ошэлектро”, ОшТЭЦ, ОшРЭТ, Жалал-АбадРЭТ, БаткенРЭТ, Кара-СууРЭТ, НоокатРЭТ, ӨзгөнРЭТ, ТоктогулГЭСтеринин каскады (Токтогул ГЭСи, Күрпсай ГЭСи) жана курулуп жаткан ГЭСтердин ишканасы (Үч-Коргон ГЭСи, Шамалды-Сай ГЭСи, Таш-Көмүр ГЭСи, Камбар-Ата-2 ГЭСи), ж.б. ишканалары менен өндүрүштүк практикаларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча келишимдер түзүлгөн.

5.7. Окутуунун методдору күтүлүүчү натыйжаларга жетүүгө жооп берет. Окутууда интерактивдуу методдорду проектор, акылдуу доска, планшет, ноутбуктарды колдонуу аркылуу ишке ашырылат. Мисалы, лекциялар, тиешелүү тексттер жана материалдар алдын ала студенттердин электрондук даректерине жиберилет, алар планшеттерин колдонуп, таанышып келишет. Бул материалдар сабакта талкуу формасында жүргүзүлөт. Негизги билим берүүчүлүк программада окутуунун күтүлгөн натыйжаларына жетүү үчүн адекваттуу болгон окутуу методдору өзүнчө көрсөтүлгөн эмес. Ошого карабай, иш жүзүндө, билим берүүчүлүк процесстин жүрүшүндө, предметчи-окутуучулар тарабынан ар бир өзүнчө алынган окуу дисциплинасы боюнча күтүлгөн окутуу натыйжаларына жетүү үчүн адекваттуу болгон окутуу методдору колдонулат. Заманбап энергетиктерди даярдап чыгаруудагы республиканын жана региондун талаптарын, мамлекеттик стандарттын багыттарын, кафедранын билим берүү концепциясын жана коомдогу энергетика тармагына байланышкан проблемаларды илимий анализ менен чечүүдө колдонуу талаптары чагылдырылган. Бул факт окутуучулардын ар бир окуу жылынын I жана II жарым жылдыктарында аткарган окуу-методикалык иштери боюнча отчетторунда белгиленген (кафедранын папкаларында).

5.8. Ар бир окутуучу өзү окуткан дисциплина боюнча калыптануучу компетенциялардын удаалаштыгынын түзүлүшүнүн ролун жеткиликтуу түшүнөт жана “Электроэнергетика жана электротехника” багыты боюнча негизги билим берүү программасы аны эске алуу менен түзгөн. 2016-2017-окуу жылына карата ар бир предмет боюнча түзүлгөн силлабустар Энергетика кафедрасынын отурумунун №1, 12.09.2016-жылынын күнү талкууланып, бекитилген. Бул силлабустарда ар бир предметти окутуунун максаты жана натыйжасы так көрсөтүлгөн.

5.9. Сынак процедуралары ОшМУнун № 9,11,19 бюллетендерине таянып жүргүзүлөт. Бул бюллетендерде студенттердин билимин текшерүүнүн модулдук-рейтингдик системасы, дисциплинанын жумушчу программасынын түзүлүшү, окуу-методикалык комплекстер жөнүндө жоболор берилген. Ар бир предмет боюнча 2ден аралык текшерүү жана жыйынтык текшерүү уюштурулат (30+30+40=100 балл). Аралык текшерүүлөр жазуу түрүндө алынып, СӨАИ менен биргеликте максималдуу 30 балл менен бааланат. 2 аралык текшерүүдөн ЗО дан төмөн баа алган студент жыйынтык текшерүүгө кире албайт. Ал эми жыйынтык текшерүү AVN системасында онлайн түрүндө тестирлөө аркылуу ишке ашат.

Требования к абитуриенту

7. ББПдагы студенттердин жана бүтүрүүчүлөрдүн канааттануусу.

7.1. Окуу процессии ишке ашырууда студенттер окутуучулар жана факультеттин жетекчилиги менен айрым маселелер боюнча чогуу иштешет. Студенттер дисциплиналар боюнча кошумча билим алуу үчүн сабактан кийин окутуучулар менен иштешет. Ошондой эле элективдуу курстарды тандоодо жыл сайын келерки окуу жылы үчүн ар бир студентке тандоо уюштурулат. Анын жыйынтыгы Факультеттин Кеңешинде талкууланып, жумушчу окуу планга киргизилет. 2017-18-окуу жылы үчүн элективдүү курстарды тандоо факультеттин окумуштуу кеңешинин 28.04.2017, №5 токтомунун негизинде жумушчу окуу планга киргизилген.

7.2. Студенттер ББПны жакшыртууга жана мугалимдердин кесиптик сапаттарына байланышкан өздөрүнүн ой-пикирлерин онлайн түрүндө түздөн-түз ректорго, ректоратка жана деканатка электрондук түрдө билдирип туруу мүмүкүнчүлүктөрүнө ээ. Мындан сырткары ББПга байланышкан жогоркудай пикирлер университеттин «Нур» газетасына жана студенттик омбудсмен (акыйкатчы), студенттик кеңеш тарабынан окуу процессиндеги ийгиликтерди жана жакшыртуу керек болгон жактарды аныктоо максатында «Мугалим студенттин көзү менен» окутуучулардын рейтингин аныктоо максатындагы сурамжылоолорду, «Эң мыкты окутуучу» сыяктуу иш-чараларды жүргүзүшөт.

7.3. Бүтүрүүчүлөр окуу процессинин сапатын баалоо үчүн кийинки карьерасын көзөмөлдөө максатында өндүрүштө иштеп жаткан мезгилде кесипке байланышкан факультеттин иш-аракеттерин жакшыртуу үчүн университеттин сайтына түздөн-түз өз сунуштарын жана ой-пикирлерин жиберүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул сунуштар конфеденциалдуу болгондуктан, бүтүрүүчүнүн жеке инсандык аброюна эч кандай таасир этпейт. Тескерисинче, анын сунуш-пикири ББПны жакшыртуу максатында пайдаланылат. Мындан сырткары кафедралар тарабынан иштелип чыккан анкеталар аркылуу алардын ой-пикирлери эске алынат. ОшМУнун сайтындагы бүтүрүүчүлөр ассоциациясына катталышып, алар боюнча маалыматтар алынып турат. Бүтүрүүчүлөрдүн карьерасын байкап туруу үчүн атайын формалар иштелип чыгып, ар бир бүтүрүүчү тарабынан толтурулат. Ал форманын негизинде маалыматтар даярдалып, окуу программасынын жетишсиздиктери анализденет. Жыйынтыгында жетишсиз болуп жаткан дисциплиналарды окутуу күчөтүлөт. Ал эми бүтүрүүчүлөрдүн адистикке жетишкендиктери боюнча айтсак 2012-жылы Электр менен камсыздоо адистигин 15 студент бүтүргөн, 11 бүтүрүүчү жумуш орду менен камсыз болгон. 2013-жылы 23 студент бүтүргөн, 16 бүтүрүүчү жумуш орду менен камсыз болгон. 2014-жылы жалпысынан 18 бүтүрүүчү болгон 12 бүтүрүүчү жумуш ордуна жайгашкан. 2015-жылы 14 студент бүтүрдү, алардын ичинен 9 бүтүрүүчү жумуш орду менен камсыз болгон. 2016-жылы 12 студент бүтүрсө, анын ичинен 6 бүтүрүүчү өз кесиби боюнча жумушка кабыл алынган.

7.4. ББПны сапатын жакшыртуу максатында бүтүрүүчүлөрдөн жана акыркы курстун студенттеринен 2016-2017-окуу жылынын май айында атайын сурамжылоо жүргүзүлүп, кайсы предметтерден алган билими жетишсиз болуп жаткандыгы аныкталып, ошол багытка көңул бурулууда. Ал сурамжылоо барактары деканатта сакталууда. Факультеттин ББПсын үзгүлтүксүз корректировкалап туруу максатында бүтүрүүчүлөр өндүрүштө иштеп жаткан мезгилде кесипке байланышкан сунуштарын жана ой-пикирлерин ОшМУнун сайтына жиберүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Алардын сунуш-пикири ББПны жакшыртуу максатында пайдаланылат. Окуу планынын вариативдик бөлүмдөрүнө түзөтүүлөр жана кошумча дисциплиналар киргизилет.

Кадровое обеспечение ООП

9. Окутуучулар курамынын квалификациясы

9.1. Окутуучуларды кызматка алууда (бюллетень 15. ОшМУнун ички тартибинин эрежелери) атайын документтер даярдалып, окутуучуга сабак берүүнүн алдында декан жана тиешелүү кафедра башчылары менен болгон аңгемелешүүдөн кийин окутуучулар билим берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Алгач ишке алынган жаш адис 3 жылга чейин үйрөнчүк катары жеңилдиктерге ээ болот. Андан кийин билим берүүнүн жалпы жобосуна, критерийлерине ылайык талаптар коюлат. Жаңы ишке кирген бир жылдык сыноо мөөнөтү менен ишке алынып конкурстук шайлоолорго катышпайт. Эгерде ал өзүн перспективдүү адис катары көрсөтсө, илимий–чыгармачылык наамын жогорулатуу, конкурстук шайлоолордон өтүү ж.б. процедураларга катышып адис катары ишмердигин улантат. Эгерде талаптарга туура келбесе, түзүлгөн келишимдер токтотулуп иштен бошотулат. Келишимдер жана критерийлер ОшМУнун адистери тарабынан иштелип чыгып окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган (ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин 2011- жылдын 25-октябрындагы отурумунда кабыл алынып, ОшМунун ректорунун 2011- жылдын 29-октябрындагы №583 буйругу менен бекитилген). ББПны тейлеген окутуучулар жөнүндө маалымат окутуучунун портфолиосунда сакталат, анда окутуучунун резюмеси, дипломунун копиясы, квалификациясын жогорулатуу боюнча сертификаттары, чыгармачылык иштеринин, илимий эмгектеринин, окутуучу предметтердин тизмеси, сыйлыктары: диплом, грамоталары, күбөлүктөрү тиркелген. Портфолио жыл сайын жаңыланып турат, окутуучулар жөнүндө маалымат кафедранын сайтында да жайгашкан.

9.2. Профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатуу максатында университетте атайын механизмдер иштелип чыккан. ОшМУнун үзгүлтүксүз билим берүү институтунун “Педагогдук билимин өркүндөтүү” курстарына, окуу–маалыматтык жана билим берүү сапат департаменттери тарабынан уюштурулган семинар-тренингдерге окутуучулар активдүү катышууда. Студенттерге билим берген окутуучулук курамынын квалификациясын жогорулатуу жөнүндөгү маалымат кафедранын жылдык отчетунда бар.

9.3. ББП окутуучуларды эффективдүү жана объективдүү баалоо системасына ээ. Аталган система ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамын аттестациялоо жөнүндөгү жобого ылайык ишке ашырылат. Жобо КРнын Билим берүү жөнүндөгү Мыйзамына, КР Өкмөтүнүн 1999-жылдын 26 июлундагы №408 токтомуна, “Эмгек маянасына тиешелүү сыйлоо эрежелери жөнүндөгү”, 2005-ж. 7 декабрь №561, “Социалдык тармактагы кызматкерлердин эмгек акыларын төлөө шарттары жөнүндөгү” жана “ЖОЖдордо ПОКту аттестациялоо жөнүндөгү” жобого 1993-ж. 27-июлундагы КР ББМ жана КРдин эмгек жана социалдык жактан коргоо министрликтердин коллегияларында бекитилген жоболорго ылайык иштелип чыккан. Окутуучуларды аттестациялоо анын ишмердүүлүгүнүн төмөнкү тармактардагы активдүүлүгүнүн рейтингин тактоо максатында жүргүзүлөт: - окуу жана окуу-методикалык иштер; - илимий, илимий-методикалык жана чыгармачылык иштер; - тарбиялык жана коомдук-уюштуруу иштери; - кадрларды даярдоодогу жана коомго кызмат кылуудагы сиңирген эмгеги. Окутуучунун ишин аныктаган негизги документи болуп жекече иш планы эсептелинет. Окуу процессин уюштуруунун талабына ылайык, бардык окутуучулар жаңы окуу жылына жекече иш пландарын түзүшөт. Ага жаңы окуу жылына пландаштырылган окуу (саат менен), окуу-методикалык, илимий-изилдөө, тарбиялык жана башка иштердин түрлөрү, анын ичинде квалификациясын жогорулатуу да киргизилген. Окутуучулардын жекече иш планы тиешелүү кафедралардын жыйынында каралат, кафедра башчысы тарабынан бекитилет, ал эми кафедра башчысынын жекече иш планын факультеттин деканы бекитет. Кафедранын чечиминин негизинде жекече иш пландарга окуу жыл ичинде өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Окуу жылынын аягында кафедранын отурумунда окутуучулар өзүнүн жекече иш пландарын аткаргандыгы жөнүндө отчёт беришет. Жекече иш пландын тигил же бул пункту аткарылбаган учурда, окутуучу себебин түшүндүргөндөн кийин кафедра башчы бул ишти аткаруу үчүн мөөнөтүн алмаштырып берет. Биринчи жарым жылдыктын жана окуу жылынын аягында окутуучу иш пландарынын аткарылышы жөнүндө жекече иш планда отчет жазат. Кафедра башчы жеке иш планда окутуучунун биринчи жарым жылдыкта жана жыл ичинде аткарган иштерине корутунду жазат. Алар боюнча маалыматтар кафедранын папкасында тиркелген.

9.4. Билим берүү программасы базалык билими тиешелүү окутулуучу предметинин профилине дал келген илимий–педагогикалык кадрлар менен камсыз болгон жана алар системалык түрдө окуу, окуу-методикалык жана илим-изилдөөчүлүк иштерди жүргүзүүдө. Учурда кафедранын штатында 4 илимдин кандидаты, доцент, 3 улук окутуучу, 4 окутуучу, 1 лаборатория башчысы, 1 улуу лаборант эмгектенет. Билим берүү процессин камсыз кылуучу окумуштуулук даражасы жана наамы бар окутуучулар, окутуучулардын жалпы санынан 40%ды түзөт.

9.5. Окутуучулардын компетенттүүлүгүнүн деңгээлин тастыктооочу мерчеми катары ачык сабактарда, өз ара сабактарга катышууда ж.о.э “Окутуучу cтуденттердин көзү менен” аттуу анкеталарды жүргүзүүдө аныкталган алардын сабактарынын сапаты жана эффективдүүлүгү эсептелет. Окутуучулар арасында ачык сабактарды өтүү, өз ара сабактарга катышуу ж.о.э. “Окутуучу студенттин көзү менен” аттуу анкеталарды жүргүзүү кафедра, деканат тарабынан дисциплиналар боюнча сабактардын сапатын системалуу түрдө баалап турууга зор мүмкүчүлүктөрдү түзөт. Окутуучулардын ачык сабактарды өтүүсү, өз ара сабактарга катышуусу, кафедра башчысынын системалуу түрдө сабактарды текшерип туруусу окутуунун методикаларын жана алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны окуп үйрөнүүнү, жайылтуу, окутулган сабактардын сапатын анализдөөнү өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт. Кафедрада ПОКтун өз ара сабактарга катышуусу алдын ала бекитилген план - графиктин негизинде ишке ашырылат. Кафедрада окутуучулардын өз ара сабактарга катышуусунун журналы ачылган. Окутуучулардын ачык сабактары, өз ара сабактарга катышуусу тиешелүү кафедралардын отурумдарында талкууланат. Окуу жүктөмдөрү жана аларды пландоо нормалары Ош мамлекеттик униерситетинде окуу процессин уюштуруунун профессордук-окутуучулук курамынын штаттык жадыбалын, окутуучулардын окуу жүгүнүн өлчөмүн аныктоодон тышкары, окутуунун сапатын камсыздайт. Окутуучунун окуу жүктөмдөрүн пландаштыруу анын квалификациясына жараша жана №6 бюллетендин негизинде жүргүзүлөт. Окутуучунун аудиториялык окуу жүктөмү, окуу-усулдук, илимий, тарбиялык жана коомдук иштерине бөлүнгөн сааттарынын суммасы 1548 сааттан ашпоосу керек жана ал окутуучунун жекече окуу-иш планында тиешелүү кафедра башчылары тарабынан бекитилген, аткарылышы тиешелүү кафедранын отурумунда талкууланат. ОшМУда окутуучунун жана кызматкердин кесиптик жана личностук жактан өнүгүүсүнө материалдык стимулдаштыруу системасы иштелип чыккан №7,8,15,16 бюллетендеринин негизинде жүргүзүлөт: ыраазычылык билдирүү, грамота, дипломдор менен сыйлоо, наам ыйгаруу.

Материально-технические и финансовые условия реализации ООП

10. Инфраструктура билим берүү ресурстары жана колдоо көрсөтүү

10.1. 640200 - «Электроэнергетика жана электротехника» багыты боюнча окуу процессин уюштуруу ОшМУнун башкы корпусунда, 2 жана 3-окуу корпустарында физика-техника факультетинин базасында жүргүзүлүүдө жана студенттердин сапаттуу билим алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Лекциялык жана практикалык сабактар башкы корпустун № 206 (91 м2), 207 (46 м2), 216 (35 м2), 229 (46 м2), 235 (54 м2), 308 (105 м2) аудиторияларында, 2-корпустун № 107 (91 м2), 111(63 м2), 112 (32 м2), 115 (49 м2) аудиторияларында, 3-корпустун № 001 (28 м2), 104 (42 м2), 108 (35 м2), 109 (63 м2) аудиторияларында, ал эми лабораториялык сабактар атайын адистештирилген 2-корпустун 101 (63 м2), 102 (32 м2), 108 (40 м2), 110 (35 м2), 113 (49 м2) атайын лаборатория кааналарында өткөрүлөт. ОшМУнун башкы корпусунда окутуу процессин информациялык-техникалык камсыздоо үчүн атайын адистештирилген компьютердик борбор түзүлгөн. Анын курамында 15 компьютердик класс, 181 компьютер, 1 сервер, 3 диапроектор, 3 экран, 2 принтер, 1 ксерокс бар. Алардын бардыгы локалдык жана акысыз интернет тармагына туташтырылган. № п/п Окуу планы боюнча дисциплинанын аталышы Адистештирилген лабораториянын (кабинеттин) аталышы Кабинеттин № 1 Теоретические основы электротехники “Электротехника” 1/207 2 Метрология, стандартизация и сертификация “Изучение сопротивление материаллов” 3/109 3 Электромеханика. Электрические машины “Электрические машины” 2/110 4 Материаловедение. Электротехнические материалы “Электротехнические материалы и техника высоких напряжений” 2/101 5 Сопротивление материалов “Изучение сопротивление материаллов” 3/109 6 Релейная защита и автоматика “Релейная защита и автоматика” 2/108 7 Изоляция и перенапряжение “Электротехнические материалы и техника высоких напряжений” 2/101 8 Электрогазосварочные работы “Электрогазосварка” 2/102 9 Учет энергоресурсов “Производство, передача и распределение электроэнергии” 2/113 10 Электробезопасность электроустановок “Производство, передача и распределение электроэнергии” 2/113

10.2. Билим берүү программасына ылайык күтүлүүчү натыйжаларынын механизмдерин иштелип чыккан. Эң алды мамлекеттик стандарттын негизинде окуу пландары түзүлгөн. Предметтердин мазмунуна жана көлөмүнө жараша кредиттер так эсептелет. Окуу пландын негизинде силлабустар жана ОМКлар даярдалат. Булардын негизинде модулдар аныкталат жана графиктери түзүлөт (булар жөнүндө №18, 19, 23, бюллетендерде көрсөтүлгөн). ББПнын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана өркүндөтүү боюнча студенттердин жана окутуучулардын ой-пикирлери өндүрүштүк чогулуштарда талкууланат жана бул сунуштар кафедра жана деканат тарабынан алдын ала пландаштырылып, андан кийин иш жүзүнө ашырылат.

10.3. Библиотека билим берүү натыйжаларынын жетишкендиктерин кабыл алуу үчүн зарыл болгон китеп фондусуна ээлик кылат. Студенттер университеттин борбордук китепканасынан жана Ош областык китепканасынан окуу китептерин жана окуу куралдарын колдоно алышат. Китепканадагы адабияттар фонду жалпысынан 1000000 нусканы түзсө, анын ичинен 100000ге жакыны акыркы 5 жыл ичинде алынган адабияттар. Айрымдарынын электрондук варианттары иштелип чыгарылган. Кафедра тарабынан 4 окуу китеби жана 1 окуу куралы жарык көргөн. Окутуучулар тарабынан электрондук окуу куралдары жана китептери даярдалып жатат. Студенттер чет өлкөдөгү ачык жана кирүүгө уруксат берилген китепканалардын кызматынан пайдалана алышат. Жогорку кесиптик билим берүү бөлүмүнүн студенттерин китеп менен камсыз кылуу боюнча атайын иш-чаралардын планы иштелип чыгып, анын негизинде айрым жетишпеген адабияттар толукталууда. Башка университеттердин электрондук библиотекалары менен байланыш түзүлүүдө.

11.4. Университеттин, факультеттин китеканалары, Wi-Fi чектери, компьютердик кааналар студенттер эркин пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. Студенттер окуу адабияттарын толук кандуу кеңири пайдалануусу үчүн ББПнын электрондук окуу китептери http://www.ibooks.oshsu.kg/ сайтына жайгаштырылган. Окуу кабинеттер менен камсыздалышы 100 %ды түзөт жана алар керек болгон эмеректер, жабдыктар менен камсыздалып, эстетикалык жактан жогорку деңгээлде жасалгаланган.

11.5. Физика-техника факультети, Энергетика кафедрасы Кыргызстандагы жана чет элдеги алдыңкы ЖОЖдор жана илим изилдөө институттары менен илимий-изилдөө, билим берүү жана энергетика багытында кызматташтыкты жүргүзүүдө. Ош мамлекеттик университети 2009-жылдын 25-майынан баштап ШОС мамлекеттеринин ортосунда түзүлүп жаткан ШОС Университетине кирген 61 жогорку окуу жайлардын катарында “Энергетика” багыты боюнча мүчө болуп кабыл алынды. Ошондуктан азыркы учурда Энергетика кафедрасы Новосибирск мамлекеттик техникалык университети (НГТУ), Б.Ельцин атындагы Урал федералдык университети (УФУ) жана М.Осими атындагы Таджик техникалык университети (ТТУ) менен келишимдерди түзүп тыгыз иштөөдө. Азыркы учурда Москва мамлекеттик техникалык университети (МЭИ), С.Торайгыров атындагы Павлодар мамлекеттик университети (ПГУ), Караганды мамлекеттик техникалык университети (КГТУ), Түндүк-Кытай электротехникалык университети жана Харбин политехникалык университети (КЭР) менен алдын ала макулдашуулар болду. 2011-жылдын 6-11 ноябрь күндөрү кафедра башчысы, доцент Айдарбеков З.Ш. ОшМУнун атынан Москва шаарында ШОС Университетинин Хартиясына кол коюп, окуу программалары боюнча макулдашууларды жүргүзүп келди. 2011-жылдын 10-29 июль күндөрү Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарында “Борбордук Азия өлкөлөрүндө күн энергиясын пайдалануу” аттуу эл аралык тренинг-семинардын ишине доценттер З.Ш.Айдарбеков жана Ж.Ж.Турсунбаевдер активдүү катышып, Синьцзянь-Уйгур автономиялык районунун Борбордук Азия боюнча илимий-техникалык жана экономикалык маалымат борбору менен ОшМУнун ортосунда кызматташуу келишимин түзүп кайтышты. Ошондой эле доцент З.Ш.Айдарбеков “ОшМУда күн мештерин жана чакан ГЭСтерди изилдөө жана жасоонун абалы” аттуу доклад жасап, ШОС мамлекеттеринен келген адистерди ОшМУнун бул багыттагы илимий жетишкендиктери менен тааныштырды.