Өткөрүлгөн иш чаралар

МИТ факультетинде "Адамдык мамилелерди өркүндөтүү" жылына карата "Өмүрү өрнөк эжейлер" аталышындагы иш чара өткөрүлдү.

"Адамдык мамилелерди оркундотуу" жылына карата 8-март Аялдардын эл аралык майрамын утурлап, МИТ факультетинин Аялдар кенешинин торайымы ийгилик жаратууга багыт беруу, жакшылыкты жугузуу максатында "Омуру орнок эжейлер" аталышындагы иш чара откорду. Иш чаранын коногу ф.-м.и.д.,профессор Гулбадан Матиева эжекебиз болду. Иш чараны коркко бологон талант ээлери обончу, аткаруучу Равшан Момунов, киноакадемиянын директору, акын Ulukbek Omokeev, "Жигер" чыгармачылык борбору, Таланттар академиясынын директору Эламан Жалалов, Нур гезитинин директору, акын Melis Mamatzhanov жана алып баруучу Duyshonbek Bektemir Uulu. Иш чаранын журушундо эжекебиз улуулар баскан улуу жолдун туйшуктору жана эмгектин узурунун жыргалы жонундо кеп козгоп, студенттерге тарбиялык кеп-кенештерин берди.


2017-2018 - окуу жылынын башталышында, 2017-жылдын 28-августуна МИТФнын 1-курсунун студенттерине адаптациялык-ориентациялык жума өтүлдү


2018-эылдын февраль айында Математика жана информациялык технологиялар факультетинин студенттери үчүн атайын даярдалган "Студенттер үчүн маалыматтык китепче" таратылды

Китепче өз ичине МИТФнын студенттерине керектүү болгон ар тараптуу маалыматтарды камтыйт.


Кышкы лагерь

2018-жылдын 8-январынан Ош мамлекеттик университенин Математика жана информациялык технологиялар факультетинин «Математиканы, информатиканы окутуу технологиялары жана билим берүү менеджменти» кафедрасы тарабынан ЖРТга даярдоо “ОшМУнун кышкы лагери” уюштурулду. Кафедранын төмөндөгү окутуучулары жадыбал боюнча сабак өтүштү, кесипке багыттоо иштерин жүргүзүштү, ОшМУнун буклеттерин окуучуларга таркатышты.

“ОшМУнун кышкы лагерине” Кара-суу, Араван, Ноокат райондорунан жана Ош шаарынан жалпы 18 окуучу катышты.

Окутуучунун аты-жөнү

Өтүлгөн темалар

Өткөрүлгөн күн

убактысы

аудитория

1.

Аттокурова А.Дж.

Комбинаторика,

Ыктымалдуулуктар теориясы

09.01.2018

10:00-13:00

Башкы корпус, 232-ауд.

2.

Тагаев У.Б.

Теңдемелер

10.01.2018

10:00-13:00

Башкы корпус, 232-ауд.

3.

Култаева Д.Ч.

Геометрия

11.01.2018

10:00-13:00

Башкы корпус, 232-ауд.

4.

Акматов А.

Тригонометря

12.01.2018

10:00-13:00

Башкы корпус, 232-ауд.

5.

Мамаюсупов М.Ш.

Алгебра жана анализдин башталышы

13.01.2018

10:00-12:00

Башкы корпус, 232-ауд.

6.

Авазова Э.Т.

ОшМУнун башкы корпусуна эккурсия

13.01.2018

12:00

Башкы корпус

7.

Садыков З.М.

Модулдуу теңдемелер жана барабарсыздыктар

16.01.2018

10:00-13:00

Башкы корпус, 232-ауд.

8.

Эгембердиев Ж.

Физика

17.01.2018

10:00-13:00

Башкы корпус, 232-ауд.



Көз карандысыз аккредитациядан өтүүнүн реалдуу процесси

2017- жылдын 22-майында Математика жана информациялык технологиялар факультетинде EdNet агенттигинин аккредитация боюнча эксперти Камалов Эрлан Токтоназарович менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуу учурунда факультеттин профессордук-окутуучулук курамына “Көз карандысыз аккредитациядан өтүүнүн реалдуу процесси” жөнүндө маалымат берилди.

Жолугушуу суроо-жооптор менен коштолуп, окутуучулук курам Э.Камаловго ыраазычылыктарын билдиришти.


“Математиканын, информатиканын учурдагы маселелери жана алардын колдонулуштары” аттуу II илимий конференциясы болду

2017-жылдын 12-майында Математика жана информациялык технологиялар факультетинде илим жумалыгынын ачылышы жана студенттер жана магистранттар үчүн “Математиканын, информатиканын учурдагы маселелери жана алардын колдонулуштары” аттуу II илимий конференциясы болду
Илим жумалыгынын салтанатуу ачылышындаОшМунун илимий иштери боюнча проректору, техника илимдеринин доктору, профессор И.Г. Кенжаев; Математика жана информациялык технологиялар факультетинин деканы, ф.-м.и.к., доцент Т.Д. Асылбеков; ОшМУнун илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы, ф.-м.и.к., доцент Г.М. Анарбаеважана программалоо кафедрасынын башчысы, физика-математика илимдеринин доктору, профессорА. Сопуев куттуктоо сөздөрүн айтып кетишти.
Пленардык чогулушта төмөндөгүдөй баяндамалар угулду:

1. Алымкулов Келдибай – Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти, физика-математика илимдеринин доктору, профессор: “Математика жана турмуш”;
2. Матиева Гулбадан – физика-математика илимдеринин доктору, профессор, алгебра жана геометрия кафедрасынын башчысы: “Таанып билүү процессинде системалык ой жүгүртүүнү калыптандыруунун орду жана мааниси”;
3. Артыкова Жылдыз Абдисаламовна – ОшМУнун квалификацияны жогорулатуу институтунун директору, физика-математика илимдеринин кандидаты, информатика кафедрасынын доценти: “Көп тилдүү билим берүү эмне үчүн бүгүнкү күндө актуалдуу?”;
4. Абдугулова Гулжан Садырбековна – программалоо кафедрасынын улук окутуучусу, экономикадагы информациялык системалар жана технологиялар магистри: “Введение в программирование студентов колледжа средством code.org”.

Пленардык чогулуштан кийин окутуучулардын, магистранттардын жана студенттердин 130 дан ашуун илимий баяндамалары төмөндөгү секцияларда угулду:

Окутуучулардын жана студенттердин илимий баяндамалары
I секция. Математика жана информатиканы окутуунун усулу
IIсекция. Математиканын актуалдуу маселелери
III секция. Колдонмо математика жана информатиканын маселелери
IV секция. IT технологиянын жаңылыктары

Магистранттардын илимий баяндамалары
I секция. Математика
II секция. Колдонмо математика жана информатика
III секция. Колдонмо информатика
IV секция. Информациялык системалар жана технологиялар
V секция. Билим берүүдөгү менеджмент


Математика жана информациялык технологиялар факультетинде студенттердин ата-энелери менен жолугушуу болуп өттү

2017-жылдын 28-апрелинде Математика жана информациялык технологиялар факультетинде орто кесиптик билим берүү адистиктеринин студенттеринин ата-энелери менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун негизги максаты:

- Ата-энелерди факультеттин окуу-тарбиялык процессинин мазмуну жана методикасы менен тааныштыруу;

- ЖОЖдор менен ата-энелерди тыгыз байланыштыруу.

ЖОЖго чейинки билим берүү департаментинин проректору Тажимамат Эркебаев окуу системасы боюнча жана студент кандай адис болуп, кайсыл ишканаларда иштей ала тургандыгы жөнүндө толук маалымат берип өттү. Ата-энелер түзүлгөн шарттарга ыраазы болушуп жакшы пикирлерин калтырышты.

Уюштуруучу: МИТ факультетинин кыздар кеңешинин төрайымы – Шамшиева Г.


IX Назаровдук окуулар

“ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ ЖАНА КЕСИПТИК МЕКТЕПТЕРДЕ КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮК МАМИЛЕНИ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУНУН АКТУАЛДУУ КӨЙГӨЙЛӨРҮ”

аталышындагы IX Назаровдук окууга арналган аймактык илимий-практикалык конференциянын

Р Е З О Л Ю Ц И Я С Ы

Аймактык илимий-практикалык конференциянын катышуучулары илимий баяндамаларды угуп жана талкуулап, берилген суроолорду, жоопторду жана сунуштарды эске алып, төмөндөгүлөрдү сунуштайт:

1. 2017-жыл – Кыргыз Республикасында “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата өмүрү жаштарга өрнөк болгон устатыбыз, профессор М.Назаровдун урматына уюштурулган “IX Назаровдук окууга” арналган аймактык илимий-практикалык конференциянын ишмердүүлүгү өзгөчө маанилүү иш чара экендиги белгиленсин;

2. Салтка айланып калган “Назаровдук окуу” илимий-практикалык конференциясын адаттагыдай эле жыл сайын өткөрүп туруу менен, анын географиялык аймагын кеңейтүү эске алынсын;

3. Профессор М.Н.Назаровдун илимий методикалык эмгектеринин электрондук вариантын түзүү жана аны www.okuma.kg сайтына жайгаштыруу ишке ашырылсын;

4. Кыргыз-Өзбек университетинин базасында өткөрүлгөн “IX Назаровдук окууга” арналган аймактык илимий-практикалык конференциянын жыйынтыктары массалык маалымат каражаттарына чагылдырылсын;

5. Өткөрүлгөн конференциянын масштабы мектеп окуутуучулары райондук билим берүү башкармалыктардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңейтилсин;

6. М.Назаровдук окууга арналган илимий-практикалык конференцияда чыгаан окумуштуулардын илимий баяндамалар менен катышуусу; илимий эмгектеринин жыйынтыктары жана тажрыйбалары менен бөлүшүүсү сунушталсын;

7. IX Назаровдук окууга арналган аймактык илимий-практикалык конференциянын секцияларында угулган жана талкууланган, мыкты деп табылган илимий макалаларды Кыргыз-Өзбек университетинин “Илим. Билим. Техника” журналына басып чыгарууга сунушталсын. Назаровдук окууга арналган аймактык илимий-практикалык конференциянын секцияларында угулган жана талкууланган, мыкты деп табылган илимий макалаларды Кыргыз-Өзбек университетинин “Илим. Билим. Техника” журналына басып чыгарууга сунушталсын.


2017-жылдын 15-апрелинде өткөн VI аймактык олимпиаданын жыйынтыгы

2017-жылдын 15-апрелинде Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде жогорку окуу жайлардын студенттеринин арасында өткөрүлгөн

VI аймактык олимпиадасында активдүү катышып, байгелүү орундарды ээлеген студенттерибизди чын дилибизден куттуктайбыз, аларга бекем ден соолук, узун өмүр жана окууларына ийгиликтерди каалайбыз!

Ошондой эле алардын жетекчилерине ыраазычылык билдирүү менен окуу-методикалык иштеринде ийгиликтер жаралышына тилектешпиз!

Ф.А.А.

Тайпасы

Факультет

Ээлеген орду

Информатика предмети боюнча (профиль)

Жетекчи си: ИТАС кафедрасынын улук окутуучусу

Молдояров Уларбек Дуйшобекович

1

Абдуллаев Темирлан Таалайбекович

3 курс,

ИСТ(б)-1-14

МИТ

I

2

Турматов Айталы Кадыралиевич

2 курс,

АС(б)-1-15

МИТ

I

3

Эрмекбай уулу Кадырбек

1 курс,

ИСТ(б)-1-16

МИТ

II

Алгоритм тилдери жана программалоо (адистик боюнча)

Жетекчи си: Программалоо кафедрасынын улук окутуучусу

Аркабаев Н уркасым Кылычбекович

1

Валижанов Дониербек Едгаржанович

4 курс

ПОВ(б)-1-13

МИТ

I

2

Ибрагимов Рахматилло Шавкатович

3 курс

ПОВ(б)-2-14

МИТ

I

3

Султанбеков Максатбек Султанбекович

4 курс,

ИСТ(б)-1-13

МИТ

I

Математика предмети боюнча (профиль)

Жетекчи си: Матанализ кафедрасынын улук окутуучусу

Акматов Абдилазиз Алиевич

1

Муса уулу

Нур-эгемберди

2 курс,

ПМИ(б)-1-15

МИТ

I

2

Бакыт кызы Сирен

4 курс,

МК(Б)-1-13

МИТ

III

Математика предмети боюнча (профиль эмес)

Жетекчи: Жогорку математика кафедрасынын улук окутуучусу

Абдрасулова Салтанат Жамшитовна

1

Кудайберди уулу Бакыт

1 курс,

ЭС(б)-1-16

Физ-тех.

I

Математика предмети боюнча (профиль эмес)

Жетекчи си: Бизнес жана менеджмент факультетинин Бизнес информатика жана экономикадагы математика кафедрасынын улук окутуучусу

Момбекова Гульназ Береновна

1

Тажибаев Амантур Мусаевич

1 курс,

ЭБ(б)-1-16(к)

БИМ

III

Кыргыз тили предмети боюнча (профиль эмес)

Жетекчи си: Мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучусу

Айтибаева Жыпаргул Калыевна

1

Азизилла уулу Эгемжар

1 курс,

ИСТ(б)-2-16

МИТ

II

Математика жана информациялык технологиялар

факультетинин деканаты, кафедралар


МИТ факультетинде иш берүүчүлөр, бүтүрүүчүлөр жана магистранттар менен тегерек стол болуп өттү

2017-жылдын 11-апрелинде “Математика” магистрдик багыты боюнча алгебра жана геометрия кафедрасында иш берүүчүлөр, бүтүрүүчүлөр жана магистранттар менен тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столдун максаты:

- иш берүүчүлөрдү, бүтүрүүчүлөрдү жана магистранттарды “Математика” магистрдик багытынын негизги билим берүүнүн программасы, окуу планы жана жумушчу окуу планы менен тааныштыруу;

- иштеп жатышкан бүтүрүүчүлөрдүн билгилик сапаты тууралуу иш берүүчүлөрдүн пикирин угуу;

- иштеп жаткан бүтүрүүчүлөрдүн иш процессинде кезиктирген кыйынчылыктары жөнүндө пикирлерин угуу;

Максатка ылайыктуу коюлган суроолордун үстүнөн чакан топтордо иштөө, тегерек столдун катышуучуларынын эркин пикир алышуусу болду.


Математика жана информациялык технологиялар факультетинде “Аялзат – коомдун ыйманын сактоочу” деген темада суроо – жооп кечеси болуп өттү

Математика жана информациялык технологиялар факультетинде 2017-жылдын 12-апрель күнү алгебра жана геометрия кафедрасы тарабынан уюштурулган “Аялзат – коомдун ыйманын сактоочу” деген темадагы суроо – жооп кечеси болуп өттү. Конок болуп чакырылган Зыйнакан Пасаңова студенттер менен пикир алышып, суроолоруна жооп берди.

Болуп өткөн суроо – жооп кечеде өзүнүн бийик аң сезимин, жан дүйнө байлыгын көрсөткөн студенттер Ардак грамоталар жана профессор Гүлбадан Матиеванын кыргыз тилинде жарык көргөн китептери менен сыйланышты жана суроо – жоопко активдүү катышкан төмөндөгү студенттерге ыраазычылык билдиребиз:

Турсунбек кызы Нургиза, Шүкүр уулу Медербек, Кудайберди уулу Кутчубек, Муса уулу Нур-Эгемберди, Тургунбаева Батма, Алтынбек кызы Айжамал, Мирзараимова Турсунай, Жээнбекова Назгүл, Довутбек уулу Атайбек, Абдималикова Бурайма, Болотбек уулу Жолболду, Абдураимов Нурсаид, Абыт кызы Аида, Дуйшонбай кызы Женишгул, Нурлан кызы Зиягүл, Абдуемил кызы Айзирек, Акматов Арстан, Топчубай кызы Таңсулуу, Салиева Алтынай, Кубанычбек уулу Акжол, Кашкабаев Кумарбек, Жаанбай кызы Жазгул.


Ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр менен тегерек стол өткөрүлдү


2016-жылдын 23-ноябрында Математика жана информациялык технологиялар факультетинде билим берүүнүн сапаты, окуу процессинин уюштурулушу, адистерди даярдоодогу жана бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуудагы негизги көйгөйлөрү тууралуу маектешүү жана пикир алышуу үчүн уюштурулган тегерек столго факультеттин студенттеринин ата-энелери жана бүтүрүүчүлөрү катышышты.

Жолугушуу учурунда ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр кредиттик технологиялар, билим берүүнүн баскычтары, негизги билим берүүнүн программалары, ОшМУнун сайты, AVN информациялык системасы ж.б. маалыматтар менен тааныштырылды. Ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр тарабынан окуу процессине тиешелүү болгон түрдүү сунуштары, ой-пикирлери, ошондой эле мындай иш-чаранын уюштурулушуна карата ыраазычылыктары айтылды.

Факультеттин ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр менен болгон байланышты чыңдоо максатында МИТ факультетинин ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр ассоциацияларынын башкаруу кеңешинин курамдары түзүлүп, бекитилди. Жолугушуунун жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, мындай жолугушуулар регулярдуу түрдө уюштурулушу чечилди.


Куттуктоо

2016-жылдын 10-октябрында өткөрүлгөн декандык шайлоонун жыйынтыгы боюнча Асылбеков Таалайбек Дүкөнбаевичти Ош мамлекеттик университетинин Математика жана информациялык технологиялар факультетинин деканы кызматына шайлангандыгы менен чын дилибизден куттуктайбыз!

Ошондой эле Таалайбек Дүкөнбаевичке бекем ден-соолук, узун өмүр, кажыбас кайрат, үй-бүлөлүк бакыт жана мындан кийинки иштеринде ийгиликтерди каалайбыз!

МИТ факультетинин жалпы жамааты


Математика жана информациялык технологиялар факультетинде иш берүүчүлөр менен тегерек стол өткөрүлдү.

2016-жылдын 24-июнунда Математика жана информациялык технологиялар факультетинде иш берүүчүлөр менен тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столго бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуудагы негизги көйгөйлөрү тууралуу маектешүү жана пикир алышуу үчүн Ош шаардык башкаруунун социалдык фонду, ОПВЭС, мэриянын ИЖС департаменти, КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү, Ош шаардык салык инспекциясы, Ош шаардык мамлекеттик каттоо башкармалыгы, “Элкат”, “ДОК”, “Нуртелеком”, “Капитал” жана “Формат” жеке ишканалары, “О!” уюлдук оператору ж.б. ишканалардын директорлору, бөлүм башчылары, жетектөөчү адистери, ошондой эле Ош шаарындагы №38, №24, Ноокат райондук Б.Атишев ж.б. орто мектептеринин, ”Билим” лицейинин директорлору, математика мугалимдери катышышты.
Тегерек столдо иш берүүчүлөргө университетибиздин жана факультетибиздин өнүгүүсүндөгү жаңылыктары жана жетишкендиктери жөнүндө маалымат берилди. Андан соң негизги билим берүүнүн программалары, окуу пландары жана жумушчу окуу пландары менен программа жетекчилери тааныштырып өтүшкөндөн кийин иш берүүчүлөр тарабынан бир катар пайдалуу сунуштар айтылып өттү. Педагогикалык жана педагогикалык эмес багыттарындагы бүтүрүүчүлөрдүн компетенцияларын туура калыптандыруу, б.а. тажрыйба менен айкалыштырып калыптандыруу маселелери жана студенттердин практикага чыгуудагы көйгөйлөрдү чечүү маселелери дагы талкууланып өттү. Жыйынтыгында МИТ факултетинин иш берүүчүлөр ассоциациясын башкаруу кеңешинин курамы түзүлүп бекитилди.


МИТФнын окутуучуларынын кесипке багыттоо иштери

МИТ факультетинин окутуучуларынын Ноокат районунун Төөлөс айыл аймагынын мектептериндеги окуучулар жана мугалимдер жамааты менен жолугушуусу

2016-жылдын 18-майында Ноокат районунун Төөлөс айыл аймагынын «М. Бостонбаев», «У. Салиева» жана «Кеңеш» орто мектептерине МИТ факультетинин деканы, ф.-м.и.к., доцент Асылбеков Т.Д., «Алгебра жана геометрия» кафедрасынын профессору, ф.-м.и.д., УИАнын мүчө-корреспонденти Алымкулов К., «Программалоо» кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.д., профессор Сопуев А., МИТ факультетинин деканынын тарбиялык иштер боюнча орун басары, Информатика кафедрасынын улук окутуучусу Шакиров К., ОшМУнун «Адис» окуу борборунун директору, Информатика кафедрасынын улук окутуучусу Азимов Б. кесипке багыттоо иштери менен барып, окуучулар жана мектеп жамааттары менен жолугушууларды өткөрүштү. Жолугушууларда окуучулардын ОшМУ, МИТ факультети жөнүндө маалыматтары бар экендиги, ошондой эле факультеттин адистиктерине, өзгөчө медицина факультетинин адистиктерине тапшырууга ынтызар болуп жаткандыктары аныкталды. Окуучулардын факультеттин базасында колледждин ачылгандыгына кызыгууну туудурду. КРнын УИАнын мүчө-корреспонденти Алымкулов К. жогорудагы үч мектептин мыкты окуган окуучуларына өзүнүн эмгек акысынан стипендия бере тургандыгын маалымдады жана стипендия атайын конкурстук тандоодон өткөн окуучуларга бериле тургандыгын айтты. Бул саамалыкты мектеп жамааттары кызуу колдошту. Жогоруда аталган мектептердин математика жана информатика мугалимдерине китептер берилип, методикалык кеп-кеңештер айтылды. Мектептердин директорлору: Абдирайимов П. (“М. Бостонбаев” орто мектеби), Батырова А. (“У. Салиева” орто мектеби), Тойкулов С. (“Кеңеш” орто мектеби) ОшМУ менен кесиптик, методикалык жана маданий-массалык иштерди биргеликте өткөрүү багытында иш-чараларды уюштуруша тургандыктарын билдиришти.


Ош МУнун МИТ факультетинин илим жумалыгы

Ош МУнун МИТ факультетинин илим жумалыгы

Математика жана информациялык технологиялар факультетинде 11-май куну "Тарых жана маданият жылына" карата илим жумалыгы Факультеттин студенттери, профессордук-окутуучулук курамынын активдүү катышышы менен башталды. Салтанаттуу ачылышта ОшМУнун илимий иштери боюнча проректору, б.и.д., профессор Т.Т. Жумабаева, факультеттин деканы, ф.-м.и.к., доцент Т.Д. Асылбеков, ОшМУнун илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы, ф.-м.и.к., доцент Г.М. Анарбаева, "Программалоо" кафедрасынын башчысы ф.-м.и.д., профессор А. Сопуевдер катышып куттуктоо сөздөрүнө чыгышты.Ал эми Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүндөгү Гуманитардык изилдөөлөр институтунун директору, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Өмүрзакова Турсунай эжекебиз "Тарыхый инсандардын орду. Алымбек Датка коомдук жана мамлекеттик ишмер", ошондой эле ОшМУнун профессору, КРна эмгек сиңирген ишмер, КРнын маданият, маалымат жана туризм министринин кеңешчиси Т.Т. Кадырбаева эжекебиз "Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин өнөрпоздору" деген темадагы пленардык баяндамалары менен катышышты.

Андан соң адистиктер боюнча секциялык иштер болуп, окутуучулар жана студенттер тарабынан даярдалган баяндамалар жасалды

Жалпысынан 15 баяндама угулду жана төмөнкүдөй жыйынтыктар сунушталды:


I орун:

Ф . И . О .

Тема

Жетекчиси

Маматалиев Жанибек. ПОВ-1-12

Акылдуу ОшМУ

ИТАС каф. улук окут. Молдояров У.

Каримов Турганбек. ПОВ-1-13

Кудайбердиев Чынгыз. ПОВ-1-13

II орун:

Ф . И . О .

Тема

Жетекчиси

Абдуллаев Темирлан. ИСТ(б)-1-14

Delphi жана SQL каражаттары менен окуу процесси боюнча информациялык система түзүү

Программалоо каф.баш., ф.-м.и.д., проф. Сопуев А.

Кадыркулов Бектурсун. ПОВ-1-13

Создание катера-Бровина с помощью транзистора КТ-805А

ИТАС каф. улук окут. Беделова Н.С

Бурканова Курманжан, Немат кызы Айзада. АС(б) -1-13

Графикалык программанын жардамында ОшМУнун башкы корпусунун 3 өлчөмдүү көрүнүшү

ИТАС каф. окут. Ажибекова А.

III орун:

Ф.И.О.

Тема

Жетекчиси

Каримова Асел, Төлөнбек кызы Акылай .ИСТ(б)-2-15р

Экономикалык маселелерди чечүүдө циклдик программалардын колдонулушу

Программалоо каф.баш., ф.-м.и.д., проф. Сопуев А.

Жыргалбек кызы Айзирек.

ИСТ(б)-1-13

MS Access 2010дун инструменталдык каражаттарынын “Поликлиника” берилгендер базасын тургузууда колдонулушу.

Программалоо каф. доц. Сатаров А.Э.

Насирдинова Асел., Келдибеков Эсен.

ПОВ(б)-2-14Р

Использование интеграционного подхода в методике преподавании математики

Программалоо каф. улук окутуучу Абдугулова Г.

Активдүү катышкандар:

  1. Омарбекова А. – Кафедранын сайтын HTML5 жана CSS3 каражаттарынын жардамында түзүү (ИСТ(б)-1-13 тайпасы, жетекчиси: Сопуев А.)
  2. Ульмасова Н. – «№1-жатаканада студенттерди кабыл алуунун автоматташтырылган системасын иштеп чыгуу (ИСТ(б)-1-14 тайпасы, жетекчиси: улук окутуучу Беделова Н.С.)
  3. Абдулкасимова М, Якубова З. – Паскальда модулдар менен иштөө (АС(б)-15 тайпасы, жетекчиси: улук окутуучу Кудуев А.)
  4. Хасанов Х . – Создание игровых программ средствами Delphi (ПОВ(б)-1-15 тайпасы, жетекчиси: улук окутуучу Төлөбаева К.)


КыргызПатент мекемесинин Инновациялык жана стратегиялык өнүгүү башкармалыгынын начальниги,проф. О.Козубаев МИТФнын окутуучуларына,студенттерине Инновациялык ишмердүүлүк боюнча лекция өттү

КыргызПатент мекемесинин Инновациялык жана стратегиялык өнүгүү башкармалыгынын начальниги, ф.и.д., проф. О.Козубаев 20-апрель күнү МИТФнын окутуучуларына, магистранттарына жана студенттерине “Кыргыз Республикасындагы инновациялык ишмердүүлүк маселелери жана проблемалары” деген темада лекция өттү. Лекциянын негизги мазмуну да ОшМУнун алдыдагы программаларына пикирлеш өтүлдү. ПОВТАС, ИСТ адистиктеринин 2-3-курстарынын студенттери активдүү катышып,адиске байланышкан инновациялык ишмердүүлүк боюнча суроолоруна жооп алышты.


П.и.д.,проф. Т. Сияев менен МИТФнын студенттеринин жолугушуусу


Педагогика илимдеринин доктору, профессор Сияев Таштанбек Моголдорович менен 20-апрель куну МИТФнын 2-3 курстарынын студенттеринин жолугушуусу болду. Жолугушуу учурунда студенттерге “Менин атым”, “Менин баалуулуктарым”, “Менин касиеттерим” “Рефлекциянын убакыты” боюнча тренинг өтүлдү.Тренинг өтө кызыктуу болуп, студенттер кенири маалымат алышты. Алар агайдын өтүлгөн сабагына ыраазычылыктарын билдиришти.


МИТ факультетинин студенттери БатМУда өткөрүлгөн студенттердин V аймактык олимпиадасында

МИТ факультетинин студенттери БатМУда өткөрүлгөн студенттердин

V аймактык олимпиадасында 1-орунду ээлешти

МИТ факультетинин студенттери 2016-жылдын 9-апрелинде БатМУнун Кызыл-Кыя гуманитардык педагогикалык институтунун базасында өткөрүлгөн студенттердин V аймактык олимпиадасында 1-орунду ээлешти.

Олимпиадага 12 окуу жайдан 700гө жакын студенттер катышышып, предметтик жана адистик боюнча билимдерин сынашты. МИТФнын 8 студентти олимпиадада байгелүү орунду ээлешип, жалпы командалык эсепте 1-орунга татыктуу болушту.

Факультеттин командаларынын жетекчилери Н. Аркабаев, У. Молдояров жана А. Акматовдордун студенттерди олимпиадага мыкты даярдаганынын натыйжасында студенттерибиз олимпиадага жогорку уюшкандыкта катышышып, жеңиш менен кайтып келишти.

Ф.А.А.

Тайпасы

Ээлеген орду

Информатика предмети боюнча (профиль)

Жетекчиси: ИТАС каф. улук окутуучусу Молдояров Уларбек

1

Абдуллаев Темирлан

ИСТ(б)-1-14 (2-курс)

I

2

Ибрагимов Рахматулло

ПОВ(б)-1-14Р (2-курс)

I

Алгоритм тилдери жана программалоо (адистик боюнча)

Жетекчиси: Программалоо каф. улук окутуучусу Аркабаев Нуркасым

1

Султанбеков Максатбек

ИСТ(б)-1-13 (3-курс)

I

2

Валижанов Дониербек

ПОВ(б)-1-13 (3-курс)

I

3

Маматалиев Жаныбек

ПОВ(б)-1-12 (4-курс)

I

Математика предмети боюнча (профиль)

Жетекчиси: Матанализ каф. улук окутуучусу Акматов Абдилазиз

1

Бакыт кызы Сирень

МК(б)-1-13 (3-курс)

I

2

Маматова Айдана

МК(б)-1-14Р (2-курс)

III

Кыргыз тили боюнча

Жетекчиси: Мамлекеттик тил каф.окутуучусу Айтибаева Жыпаргул

1

Байгазиева Каныкей

ИСТ(б)-1-15 (1-курс)

I


МИТтин студенти тогуз коргоол боюнча

Үстүбүздөгү жылдын 23-марттан 31-мартка чейин Талас шаарында болуп өткөн Кыргызстандын 26-кубогунда МИТ факультетинин ПИА-1-11 тайпасынын студенти Камил уулу Куштарбек тогуз коргоол боюнча "Спорт чебери" наамын утуп алды. Куштарбекке ОшМУнун жалпы жамааты окууларында чыгармачалык ийгиликтерди жана бекем ден-соолук каалайт жана спорттун кайсы түрү болбосун ар дайым ОшМУнун Даңкын узукка чыгарып жүрө бер демекчибиз.


ОшМУнун миссиясы

МИТ факультетинин 2- жана 3-кабаттарынын ортосуна ОшМУнун миссиясы илинди:


Тарых жана маданият жылына карата

Тарых жана маданият жылына карата 21-март Нооруз майрамынын урматына 18-март күнү Программалоо кафедрасы тарабынан МИТ факультетинин адистиктеринин ортосунда төмөнкүдөй конкурс уюштурулду:

улуттук тамак-аштар; улуттук оюндар (аркан тартыш, ордо, кол күрөш); улуттук бий; улуттук ыр; тарыхый сахналык көрүнүш (мисалы, кыргыз элине салымын кошкон тарыхый инсандар жөнүндө). Жыйынтыгында 1-орунду - ПОВТАС, АСОИУ адистиктери;

2-орунду – ИСТ адистиги;

3-орунду – Математика жана информатика адистиги;

3-орунду – КМИ жана КИ адистиктери алышты.