News Архив

PRACTICE
STEM инновациялык колледжинин Колдонмо геодезия адистигинин иш беруучулор менен жолугушуусу


STEM инновациялык коллежинде Туризм, Колдонмо геодезия жана Ветеринария адистиктеринде окуган 11база 1-курс, 9база 2-курстун студенттери окуу таанышуу практикасын өтөп келип, отчетторун тапшырышты


STEM инновациялык колледжинин "Ветеринария", "Туризм" жана "Колдонмо геодезия" адистиктеринин студенттердин 2021-жылдын 29-сентябрдан 27-октябрга чейин өтөп келген өндүрүштүк практикаларынын отчёт берүү конференциясы болуп өттү. Конференцияга ОшМУнун өндүрүш менен байланыш департаментинин директору , п.и.к., доцент Матикеев Талант, STEM инновациялык колледжинин директору ф.и.к., доцент Абдылакимова Бегайым, профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн башчысы, г.и.к., доцент Сатыбалдиев Байсал жана жогоруда айтылган адистиктердин практика жетекчилери катышты. Студенттер практикадан көптөгөн тажрыйбаларды алышканын айтып өтүштү.


ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин директору ф.и.к., доцент Б. К. Абдылакимова жана колледждин окутуучулары С. Какиев, С. Жолборсов "Кыргыз унаа курулуш" ишканасынын директору Кудайбердиев Абдыманап Кудайбердиевич менен Ош шаарында жайгашкан "Кыргыз унаа курулуш" ишканасында жолугуп, өндүрүш менен таанышып, келишимдерди түзүп келишти. Жолугуушуда алдыдагы пландарды талкуулап колледждин "Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо", "Транспорттук электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо", "Медициналык техникаларды оңдоо техникалык жактан тейлөө жана монтаждоо" жана "Электр менен жабдуу" адистиктеринин студентери үчүн практикалык сабактарды уюштурууга шарт түзүлдү.