отчеттук доклад - 2020

2009-2014-ж.ж. аралыгында Ош мамлекеттик университетинин

профсоюз комитетинин жүргүзгөн иштери боюнча XXXI V отчеттук - шайлоо конференциясына даярдаган

д о к л а д ы

Докладчы ОшМУнун бириккен профкомунун

төрагасы, г.и.к., доцент Аккулов А.У.

Урматтуу делегаттар, кымбаттуу студенттер!

Конференциянын ишине катышып жаткан кадырлуу коноктор!

Эгемендүү кыргыз мамлекетинин бүгүнкү күндөгүдөй саясый түзүлүшүндөгү, бийликтин башкаруу формасындагы жана структурасындагы өзгөргөн шарттарга байланыштуу мыйзамдык жактан өз ишмердигин алып барып жаткан көптөгөн коомдук уюмдар пайда болду. Аларды биздин коомдук жашообуздун ар түрдүү тармактарында кездештирүүгө болот: медицинада, билим берүүдө, экологияда, укук коргоодо, кайрымдуулук иштеринде ж.б. Ошол көптөгөн коомдук уюмдар сыяктуу эле Кыргыз Республикасынын “Коомдук бирикмелер жөнүндөгү” жана “Профсоюздар жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык профсоюз ишмердигинин да максаты, милдеттери жана принциптери даана белгиленген. Эмне үчүн коомдук уюмдар, же профсоюз керек деген суроого азыркы учурда жеткиликтүү жооп алуу кыйын эмес. Ар кайсыл коомдук уюм өзүнүн аракеттенген чөйрөсүнө багытталган уставдык программасы болоору белгилүү. Коомубузда эгерде профсоюз уюму ким-бирөөгө керек болуп жардам берип жаткан болсо, ал мен эмесмин, же мага анын кереги жок деп так кесе айта алам деген пикир жашап келаткандыгы да жашыруун эмес. Тилекке каршы, бул айныгыс факт. Соңку жылдар аралыгында профсоюздар өз ишмердигинде мамлекеттикпи, коомдукпу, жекеби, менчиктин жана тармактын түрүнө карабастан, ал түзүлгөн уюмдар менен мекемелерде эң оболу ага мүчө болгон жарандардын, т.а., эмгекчилер менен кызматкерлердин, окуучулар менен студенттердин эмгекке жана билим алууга болгон укуктарын жана кызыкчылыктарын мыйзам чегиндеги коргоочу уюмдар экендиги жөнүндөгү маалыматтар коомчулукка жеткиликтүү болбой жаткан абал жаралган. Азыркы учурда коомубуздагы мына ушундай жагдайга карабастан, Кыргызстанда профсоюздар өз ишмердигин башкы мыйзамыбыз Конституцияда көрсөтүлгөн нормаларга, “Коомдук бирикмелер жөнүндөгү”, “Профсоюздар жөнүндөгү”, “Социалдык өнөктөштүк жөнүндөгү”, “Жамааттык келишимдер жөнүндөгү”, Эмгек Кодексине ж.б. мыйзамдарга, Өкмөттүк укуктук-нормативдик бир катар документтерге ылайык жүргүзүп келишүүдө. Кыргызстан профсоюздар федерациясы (КПФ) өлкөнүн баардык профсоюздук тармактарын (билим берүү жана илим, саламаттыкты сактоо, айыл чарбасы, токой чарбасы, мамлекеттик мекемелер, транспорт, курулуш, соода ж.б.) өзүнө бириктирет. КПФ жана баардык тармактык профсоюздар өздөрүнүн уставдарын жетекчиликке алып иш алып барышат. Реалдуулукка келсек, азыркы учурда профоюздардын иштери дээрлик баардык мамлекеттик мекемелерде эле жүрүп жаткандай элес калтырат. Айрыкча билим берүү жана илим, саламаттыкты сактоо сыяктуу мамлекеттик мекемелер тармактарында жандуураак аракеттер байкалат. Демек, мындан жарандардын социалдык-укуктук кызыкчылыктарын коргоо иштеринде кайсыл гана тармакта, же чөйрөдө болбосун, аракеттеги мыйзамдардын аткарылышын сабаттуу талап кылган учурда гана натыйжаларга жетишүүгө мүмкүн деп тыянак чыгарууга болот. Бизге окшогон мамлекеттик мекемелерде профсоюз ишмердиги үчүн шарттар бир топ ыңгайлуу экендигин баса белгилөөгө болот. Мисалы, мында жамаат мүчөлөрүнүн саны, туруктуу жумуш жана эмгек акы, мыйзамдар тарабынан каралган социалдык кепилдиктер, иштеги оперативдүүлүк, оңой башкаруучулук, маалыматты жайылтуу мүмкүндүгүнүн кенендиги, жумуш берүүчү менен профсоюз өкүлчүлүгүнүн ортосунда кабыл алынган эки тараптуу келишимдерибиз бар. Мунун баары жумуш берүүчү менен профсоюздардын ортосундагы жалпы ишти жөнгө салат жана эффективдүүлүгүн жогорулатууга толук мүмкүндүк берет. Урматтуу делегаттар! Бүгүнкү күндө кесиптик билим берүү жана илимий изилдөө ишмердигиндеги өзүнүн бай тарыхы бар жана 80 жылдык юбилейин өткөрүүнүн алдындагы Ош мамлекеттик университетинин бириккен профсоюз комитети – административдик-башкаруу жана профессордук-окутуучулар курамынын кызматкерлери, окуу-көмөкчү персоналы, ошондой эле аспиранттар, изденүүчүлөр, магистранттар жана студенттер мүчөсү болушкан республикабыздагы эң ири коомдук уюмдардын бири. Анын негизги максаттарына жана милдеттерине жамаат мүчөлөрүнүн эмгекке жана билим алууга болгон укуктарын коргоо, Кыргыз Республикасынын эмгек жана эмгек менен камсыз болуу жөнүндөгү мыйзамдардын сакталышы боюнча коомдук көзөмөлдөөнү жүргүзүү кирет. Профсоюз комитети КРнын “Профсоюздар жөнүндө”, “Жамааттык келишимдер жөнүндө” мыйзамдарынын, Эмгек кодексинин талаптарына ылайык жана Ош мамлекеттик университетинин профкому менен ректоратынын ортосунда кабыл алынган Жамааттык Келишимде көрсөтүлгөндөй, эмгек жамаатын укуктук жана социалдык жактан коргоо, эмгекти жана саламаттыкты коргоо, кызматкерлер менен студенттердин эс алуусун уюштуруу, спортту колдоо ж.б. иш-чараларын иштеп чыгып сунуштайт жана алардын аткарылышын көзөмөлдөйт. Өзүнүн уставдык милдеттерине ылайык ОшМУнун профкому тарабынан баштапкы профуюмдардын лидерлери үчүн окуу семинарлары, ошондой эле өз ишмердигин жакшыртуу боюнча иш-чаралар регулярдуу өткөрүлөт. Профком жамаат мүчөлөрүнүн социалдык-укуктук кызыкчылыктарын, эмгекти коргоо, жумуш шарттарын жакшыртуу, илимий-педагогикалык чыгармачылыкты колдоо жана кызматкерлерди сыйлоо, эмгек акыны жогорулатуу жана эмгекти материалдык жактан стимулдаштыруу боюнча сунуштарды берет. Профсоюздун муктаж мүчөлөрүнө дайыма материалдык жардамдар көрсөтүлөт, маданий-массалык жана спорттук иш-чаралар уюштурулуп өткөрүлөт, майрамдык жана белгилүү даталар салтанаттуу белгиленет. Жалпыбызга белгилүү болгондой, ОшМУнун профсоюз комитетинин 2014-жылдын 4-декабрында болуп өткөн XXXIII отчеттук-шайлоо конференциясында кийинки беш жылдыкка карата профкомдун жаңыдан түзүлгөн курамынын алдына 12 пункттан турган милдеттерди койгон токтом кабыл алганбыз. Анда негизинен профком менен ректорат ортосунда өнөктөштүк иштердин деңгээлин жана кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу, эмгек стажы, зыяндуу жумуш орундар үчүн кошумча төлөмдөрдү төлөө, профсоюзга студенттерди мотивациялоону күчөтүү, жаш кызматкерлерди, жалпы эле турак-жайга муктаждар үчүн ипотекалык кредиттерди алууга көмөктөшүү, спортту колдоону күчөтүү, жамаат ичинде ынтымакты, биримдикти бекемдөө, жакшы иштерди кенен жайылтуу, ардагерлерге урмат-сый көрсөтүү, жаштарга маданияттуулукту үйрөтүү жана таалим-тарбия берүү, айлана-чөйрөнүн жана жан дүйнөнүн тазалыгын сактоо, аларга ар тараптуу моралдык жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды аткаруу, кызматкерлер менен студенттердин социалдык-укуктук кызыкчылыктарын коргоо жаатында өз ара милдеттердин кабыл алынышында, университеттеги башкаруу иштерин оптималдаштырууга жана демократиялаштырууга жигердүү катышуу үчүн профбюролордун төрага-төрайымдарын жана жаш профсоюз лидерлерин окуу-семинарлардан өтүүсүнө жетишүү, эмгекти коргоо боюнча мыйзам талаптарынын аткарылышы, жумуш орундарында коопсуздуктун камсыз кылынышы, эмгектик мертинүүлөргө жол бербөө, алардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чараларын белгилөө, профсоюздардын коомдогу ордун аныктоо, маанисин арттыруу, ролун күчөтүү, мыйзамдарын жана уставдык максаттары менен программаларын өнүктүрүү боюнча жамаат ичинде талкууларды уюштуруу сыяктуу багыттар белгиленген. Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Борбордук Комитетинин сьездинин жана Ош областтык комитетинин конференциясынын, ошондой эле Пленумдарынын чечимдерине ылайык өз ишмердигибиздин учурдун талабына ылайык жаңы багыттарын аныктап келүүдөбүз. Албетте, профсоюздар өз ишмердигинде эмгектенген кызматкерлердин жана билим алып жаткан студент жаштардын социалдык-укуктук кызыкчылыктарын коргоону дайыма башкы приоритет катары эсептеп келебиз. Башка коомдук уюмдардан айырмаланып, бизге Кыргыз Республикасынын баш мыйзамы болгон Конституциябыз, “Профсоюздар жөнүндөгү”, Эмгек Кодекси, “Билим берүү”, “Социалдык өнөктөштүк”, “Жамааттык Келишимдер жөнүндөгү” ж.б. мыйзамдар, мындан сырткары, бир катар мамлекеттик жана өкмөттүк нормативдик-укуктук документтерди жетекчиликке алып, Ош мамлекеттик университетинин ректораты менен профсоюз комитетинин ортосунда түзүлүп кабыл алынган Жамааттык Келишимдин талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө вазыйпасы жүктөлгөн. Кымбаттуу кесиптештер жана студент достор! Өткөн 2014-2019-ж.ж. аралыгындагы отчеттук мезгил ичинде жогоруда белгиленген милдеттерди аткаруу жана максаттарга жетүү боюнча профсоюз комитети өз позициясында бекем туруу менен профсоюздун мүчөлөрү болушкан эмгек жамаатынын жана студенттердин социалдык-укуктук кызыкчылыктарын коргоодо, бул боюнча кабыл алынган иш-пландарынын жана чечимдердин негизинде түрдүү багыттагы бир катар жакшы жетишкендиктерди жарата алдык деп айта алабыз. Андыктан бүгүн ушул трибунадан пайдаланып, өз ишмердигибиздеги негизги багыттар боюнча жүргүзүлгөн иштерге токтоло кетүүгө уруксат этиңиздер: 1. Күчтүү профсоюздар – социалдык укуктардын кепили! (фото слайддар) Дүйнөнүн ар кайсыл булуң-бурчтарында алдыңкы профсоюздар жумуш шарттарын жакшыртуу, эмгек акыны жогорулатуу, өлкөдөгү социалдык жана саясый абалдын шарттарында кызматкерлердин социалдык-укуктук кызыкчылыктарын коргоо боюнча социалдык кепилдиктерди талап кылып чыгып жаткандыгы боюнча маалыматтарды азыркы кезде күн сайын көрүүгө болот. Кыргыз Республикасында да профсоюздар жөнүндөгү мыйзамдар алардын эркин, көз карандысыз ишмердикти жүргүзүүсүн тааныйт. Демек, биздеги профсоюздарга болгон элдин ишенимин арттыруу үчүн мыйзамдык укуктарды туура жана сабаттуу пайдаланууга үйрөнүшүбүз зарыл болууда. Эптеп-септеп профсоюздарды сактап калалы деген гана түшүнүктөрдү артка таштай турган мезгил эбак келген. Анткени күчтүү профсоюздар өз өнөктөшү болгон жумуш берүүчүлөрдүн да колдоосуна ээ болуу үчүн конструктивдүү диалогдорду жүргүзгөнгө даяр жана компетенттүү болушу керек. Баштапкы уюмдардын жетекчилери – бараанду күч болууга тийиш экендигин мезгил талап кылууда. Биздин Ош мамлекеттик университетибиздин бирикен профсоюз комитетинин мүчөлөрүнүн катарында алды 20 жылдан ашуун профбюро төрага-төрайым болуп тигил, же бул структураларыбыздан кайра-кайра шайланып, мыкты иштеп жатышкан Ф.Маңгиева, С.Бегматов, Б.Тургунбаева, Н.Жумаев, А.Жусубалиев, Т.Закирова, Н.Манасов, жаштардан К.Кожомбердиева, Үсөн у. Ж., А.Акматов, Ч.Муратова, О.Маматкулов сыяктуу профсоюз лидерлерибиз бар. Айтсак, бир топ жылдардан бери ОшМУнун профсоюз комитети демилге көтөрүп, профсоюздардын областтык комитети, Борбордук Комитет окуу жайлар өздөрү тапкан атайын каражаттарыбызга салынган 20% салык мыйзамсыз алынып жаткандыгын, бул кээ бир мыйзамдарга каршы келээрин белгилеп Өкмөткө, Парламентке, коомчулукка кайрылганбыз. 2011-жылдын соңку айларында Кыргызстаныбыздын жаңыдан Президенти болуп шайланган Алмаз Шаршенович Атамбаевге университетибизге жолугушууга келгенде мен чоң жамааттын профсоюздук жетекчиси катары ага Конуституциянын гаранты катары бул маселе боюнча эмне дейсиз деп суроо берип, пикирин сурагам. Залдагы кол чабуулар аванс экендигин мурдагы президенттер А.Акаев, К.Бакиев, Р.Отунбаеванын мисалында айткам. Сапатсыз билим берүү, аз эмгек акы, сессияларда студенттерге китеп, парфюмерия сатуу, акча топтоо, оор турмуштун айынан базарга чыккан, такси кылып үй-бүлө багам деп авариядан өлгөн кызматкерибиздин маселесин кантип чечебиз дегем. Президент катары маселени көзөмөлгө алаарын айткан. Менимче соңу жаман болгон жок, 2012-жылдан тартып 20% салыкты төлөбөй калдык. Мунун аркасынан канча жолу эмгек акысы жогорулап, курулуштарды жүргүзүп жатабыз?! Эгерде бул маселе чечилбегенде бүгүнкү күндө ОшМУнун бюджети 1 млрд. 600 млн сом болгон болсо, анын 320 млн. сомун түз мамлекет алып турмак! (Атамбаев ОшМУ фото) 2013-2014-жылдары студенттердин стипендиясын жогорулатабыз деген Өкмөт тескерисинче, көптөгөн жакшы жана мыкты бааларга окуган студенттерибизди стипендиядан куржалак калтырып койгондугу баарыбызга маалым. Бул боюнча ошол кезде Жантөрө Сатыбалдыев жетектеген Өкмөттүн токтомун кескин сынга алып, тийиштүү тараптарга кайрылууларды жасоону бүт профсоюздар, керек болсо агездеги ректорубуз К.А.Исаков да чочубастан колдоп, ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин чечими кабыл алынган. Жооп кандай болгон? 2014-2015-жылдын башынан кайра каралат деген оозэки убада айтылгандай болгон. Ошондон бери Өкмөт башчылыгына Жоомарт Оторбаев ж.б. келип, минтип 6-7 жыл өтүп кетсе да оңдуу жооп алалбай канчалаган студенттерибиз үмүт менен жашап келишти! Себеби көрүп келатканыбыздай, эгемендүүлүк тарыхыбызда Өкмөттүн өзүндө 30 дай башчы алмашып, туруктуулук жок болуп жатканы ушундай социалдык маселелердин көбөйүшүнө алып келүүдө. Албетте, мындай абал бүгүнкү күндө да социалдык-экономикалык жана саясый туруктуулукту камсыздай албай жатканы айдан ачык түшүнүктүү болуп турат. Бул боюнча КРнын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку мамлекеттик кесиптик билим берүү мекемелеринде окуган студенттердин жана окуучулардын стипендияларынын өлчөмүн белгилөө жөнүндөгү” 2005-жылдын 27-июнундагы №261-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку мамлекеттик кесиптик билим берүү мекемелеринде окуган студенттерди жана окуучуларды социалдык жактан колдоо максатында алардын стипендияларынын өлчөмүн белгилөө туурасындагы Өкмөттүн 2013-жылдын 4-июлундагы № 400-токтому кайра каралып чыгышы максатка ылайык деп Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Ош областтык комитетинин 2013-жылдын 1-ноябрында өткөрүлгөн Президиумунда КРнын Өкмөтүнө, Билим берүү жана илим Министрлигине, Билим, илим профсоюзунун БК не Ош шаарындагы жогорку жана орто окуу жайларыбыздын эмгек жамааттарынын жана студенттеринин арасында талкууланып, айтылган сунуш-пикирлердин негизинде Өкмөттүн жогорудагы токтому кайра каралып чыгышын талап кылганбыз. Окуунун “эң мыктысы” гана 800, эми болсо быйыл март айынан тартып 1600 сом стипендия алат деген менен Өкмөт тарабынан стипендия жогорулатылды деп, студенттерди социалдык жактан мындай “колдоо” калган орто жана жакшы окуган студенттердин арасында окууга болгон кызыгуунун жана ынтызарлыктын төмөндөшүнө, ошондой эле жалпы нааразычылыктарга алып келип жаткандыгын ачык айтышыбыз керек!. Бүгүнкү күндө жогорку окуу жайлардын күндүзгү бөлүмүндө бюджеттик негизде окуп жаткан студенттер жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен окууга өтүшүп, жакшы бааларга окуп жатышкандыктары жалпыга маалым. Бирок, бул деген алардын баардыгы стипендияга жетүү үчүн жалаң “5” ке окушу керек деген талаптай болбошу керек. Себеби группадагы студенттин баарын “отличник” кылуу мүмкүн эмес. Мунун өзү негизинен айыл жергесинен келген көпчүлүк студенттердин социалдык абалына байланыштуу алардын окутуучулардан суранып отуруп, жасалма “5” терди койдуруп, коррупцияга алып келиши жана билимдин сапатын төмөндөтүшү толук мүмкүн. Ушул эң актуалдуу маселени чечүүдө баштапкы профсоюздар акырына чейин туруп, активдүүлүктү көрсөтүүбүз туура болот деп эсептейм. Дагы бир мисал: алыс барбайлы, Ош шаарында кайсы-бир жылдары газдын токтогону, кышка карата көптөгөн кабаттуу үйлөрдө жылуулуктун жоктугу, электр жарыгы улам өчкөнү, отун-суунун кымбаттаган учуру болгон. Күз айларында Ош шаардык мэриясы түрдүү Аймактык Кеңештерден чогултуп, муктаж болгон шаар тургундарына электр плитасын, газ баллондорун, ноябрь айында 80 т көмүрдү бекер таркатты. Суроо туулат: Ош шаарындагы эң көп салык төлөгөн мамлекеттик мекемелерден болуп ОшМУ, андан кийин башка ЖОЖдор эсептелсе, шаарда ар качан ысыкта болсун, суукта болсун кандай гана майрамдар, ишембиликтер ж.б. иш-чаралар болсун, окуу жайлардын жамааттары, кызматкерлери менен студенттери тартылып биз бүтүрсөк, а эмне үчүн мамлекет тарабынан берилген жардамдарды бөлүштүрүүдө биз унутта калышыбыз керек? Же эмне, бизде жардамга муктаждар жокпу, жетим-жесир, оорулуулар-майыптар, көп балалуулар, үй-жайсыздар, жаш үй-бүлөлөр жокпу, же алар Ош шаарында жашабайбы, шаардын тургундары эмеспи? Мындай маселени профсоюздар айтпаса, анда адилеттүүлүк болбой жаткандыгын ким айтат? Бул кандайдыр-бир саясый максаттагы көтөрүлгөн суроо эмес, болгону биздин күнүмдүк жашообуздагы профсоюздун ишиндеги мыйзам ченемдүү суроолор экендигин тшүнүүбүз зарыл. Ушундай жагдайларга байланыштуу соңку жылдарда жайдын ысык аптабында, же суук күндөрдө шаардык ар түрдүү маданий-массалык иш-чараларды уюштуруп өткөрүүгө жүздөгөн-миңдеген студенттерди окуу процессинен ажыратып тартуу азайгандыгы, мындайга окуу жайыбыздын жетекчилигинин да бөгөт койгондугу туура болду деп эсептейбиз. Бул туурасында окуу жайыбыздын социалдык жана тарбия иштери боюнча мурдагы проректору Т.Р.Колдошевдин жетекчилиги астында өз учурунда туура сунуштар берилип, ректорат тарабынан колдоо тапкандыгын белгилеп коюу зарыл. Профсоюздардын баштапкы уюмдарынын профсоюздук окуулардан өтүүсү, жогорку органдар менен иштешүүсү жана эл аралык байланыштарды түзүүгө катышуусу, алардын бул багыттардагы иштериндеги ролу жана орду жөнүндө Ош мамлекеттик университетинде Социалдык кызматкерлердин жана кесиптик кошундун күнүнө карата 2018-жылдын 19-октябрь күнү болуп өткөн “Азыркы учурдагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата социалдык иштердин социалдык-укуктук маселелери жана чечүү жолдору” аттуу аймактык илимий-практикалык конференциясында доклад жасалды. (фотосүрөттөр) Бүгүнкү күндө коомчулуктун талкуусуна алынып, кызыгуусун жараткан “Профсоюздар жөнүндөгү” мыйзамды мезгил талабына ылайык өзгөртүүгө жана толуктоого ОшМУнун профкому 2019-жылдын апрель айынан тартып талкууларга катышып, демилгелүү сунуштарды бердик, алардын айрымдары Жогорку Кеңештин депутаттары И.Гайыпкулов, Г.Асылбаева, А.Шыкмаматовдор тарабынан колдоого алынды. Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында Башкы мыйзамыбыз болгон Конституциябыз 9 жолу өзгөртүлүп, толуктоолордон өтсө, эмне үчүн профсоюз мыйзамы өзгөрбөш керек деген жаңыланууну талап кылган позициябызда, биздин айрым жогорку профсоюздук органдарыбыздагы бюрократ чиновниктерибизге жакпаса да, алардын өзара интригалык оюндарына карабастан, бекем туруп келүүдөбүз. Бүгүнкү күндө Кыргызстан профсоюздарынын жалпы ишмердиги жөнүндө коомчулукта ар тараптуу, баш айланткан, элди адаштырган пикирлер жөндөн чыкпай жатат деп айтсак болот! Тилекке каршы, профсоюздун жогорку органдарындагы ички биримдиктин, өзара тилектештиктин, күчтүү системдик вертикалынын жоктугу, анын ордуна ичара интригалык келишпестиктер, мыйзам бузуулар, тараптарга бөлүнүп алып түгөнбөгөн соттошуулар жөнүндө Жогорку Кеңештин деңгээлинде да профсоюздардын мүлктөрү, курорт-санаторийлердин имараттары менен жерлери сатылды, эбегейсиз көп өлчөмдөгү эмгек акыларды алышат деген сөз болуп жаткандыгы жашыруун эмес. “Эшек иштейт, ат жейт” болуп, же болбосо “Баштапкы профсоюз уюмдары кашыктап чогулткан абройду жогорку органдар чөмүчтөп чачып” жатканы өтө өкүнүчтүү деп айтуубуз керек. (коллективное фото) Жакында алдыда, тактап айтканда, ушул жылдын 3-мартында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кезектеги XII сьезди болгону турат. Сьездге республиканын баардык аймактарынан билим, илим тармактарынын профсоюздарынын баштапкы уюмдарынын өкүлдөрү делегат болуп катышуусу күтүлүүдө. Менин пикиримде, мына ошол чоң жыйында профсоюздар коомчулук алдында жоголуп бараткан аброюбузду кайра калыбына келтирүү, кесиптештерибиз жана жаштарыбыз үчүн ишибиздин канчалык маанилүү экендигинин ордун бекемдөө үчүн өзүбүздүн ишибизге өзүбүз сын көз караш менен карап, “Профсоюздар жөнүндөгү” мыйзамдын профсоюздардын пайдасына иштей тургандай вариантта кабыл алынышына, жалпы жана тармактык уставдарыбызга, баштапкы уюмдар жөнүндөгү Жобого ж.б. нормативдик документтерибизге тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарыбызды берип, алардын колдоого алынышына жетишүүбүз зарыл. Бул үчүн профсоюздун катардагы мүчөлөрүнүн дагы колдоосуна муктажбыз, ошол эле учурда биз мүчөлөрүбүз менен күчтүү болууга тийишпиз. Анткени, күчтүү баштапкы уюмдарыбыз гана чыныгы профсоюздук реформаларды жүргүзүүгө жөндөмдүү болоорун турмуш көрсөтүүдө! 2. Маданий массалык иш-чаралар, эмгекти коргоо, социалдык колдоолор жана материалдык жардамдар. Саламаттыкты чыңдоо жана эс алууну уюштуруу. Албетте, профсоюздун негизги иш багыттарынын бири болгон маданий-массалык иш-чаралар көңүлдөрдү көтөрөт, жамааттык жашообузду кубанычка бөлөйт. Белгилүү даталарда жана майрамдык күндөрдө профсоюз комитети ректорат менен биргеликте «Жаңы Жылды тосуу», «23-февраль», «8-март», «Нооруз», «Май майрамдары», «Мугалимдер күнү», «Карылар күнү» сыяктуу маданий-массалык, ошондой эле спорттук иш-өткөрүп келүүдө. Бул иш-чараларды дайыма жогорку деңгээлде уюштуруп өткөрүү Ош мамлекеттик университетинде салтка айланып калган десек болот. (фото слайддар) Профсоюз комитети тарабынын өз компетенциябыздын чегиндеги ректоратка берилген бир катар сунуштарыбыз колдоого алынып, маселелер чечилди. Айтсак, биздин сунуштарыбызга ылайык эмгекти коргоо, коопсуздукту сактоо максатында мурдагы беш жылдыкта окуу корпустарына, жатаканаларына ж.б. көптөгөн имараттардын кире бериш жерлеринде муз-тоң тайгалактарынан сактаган навестер курулган болсо, бул беш жылдыкта окуу корпустарынын жана жатаканаларынын чатарлары жаңыланып жабылды, ички бөлүктөрүндө жана подвалдарда ремонттор жүргүзүлүп, желдетүүчү жабдуулар (вентиляциялар) орнотулду. Азыркы учурда ажатканаларга жылуу сууну берген аристондорго чейин орнотулуп жатат. Демек, профсоюз комитети окуу жайыбызда эмгекти коргоо, жумуш шарттарын жакшыртуу боюнча мыйзамдардын аткарылышы жөнүндө кандай гана сунуштарды бербейли, талаптарды койбойлу, социалдык өнөктөш катары ректорат тарабынан алар туура кабыл алынып келүүдө деп айтсак болот. Мен муну кайсы-бир Окумуштуулар Кеңешинде мурдагы ректорубуз К. Исаковдун жалпы аткарылган иштер жөнүндө маалымат берип жатып, "Профсоюз, дагы башка идеяңар барбы?" деп тамашалап айтканын мисал келтирүү менен бышыктап койгум келет. Айрым имараттарддын, айтсак ОшМУнун башкы имараты, Филология факультетинин имараттары тарыхый-архитектуралык эстелик катары мааниси эске алынып, алардын фасаддарын, ички интерьерин, колонналарын мрамор, гранит, базальт таш плиталар менен кооздоо, Кыргызстандын жергиликтүү материалдары менен китептегидей декоративдик жасалгалоо идеясын ректоратка бергенбиз. “Эшигин көрүп, төрүнө өт” демекчи, архитектуралык эстелик имараттары катары аларды чет өлкөдөн келген коноктор үчүн таасир калтыргыдай кооздоонун мааниси жөнүндө сунуш-пикирлерибиз эске алынып, мына, бүгүнкү көрүнүшү ошонун бир аз натыйжасы десек болот. (фотосүрөт) Ак-Буура дарыясы аркылуу медициналык факультеттерге жана клиникага жөө адамдар өткөн көпүрө аба-ырайынын катаал шарттарында, айрыкча жаан-чачын жааган кездерде, кыш айларында адамдар үчүн кооптуу болуп жаткандыгы туурасында кызматкерлерибиз менен студенттерибиздин көптөгөн кайрылуулары бар. Андыктан ушул көпүрө аркылуу коопсуз өтүүнү камсыз кылуу максатында аны галарея-туннель формасында үстүн жабуу сунушубуз ректорат тарабынан кабыл алынган. Бул үчүн тендер өткөрүлгөнү жана жакынкы күндөрдө курулушу башталганы турганы жөнүндө айтылган менен бирок, эмне үчүндүр кечигип жатат. Көпүрөнү жабык формада куруу эң биринчиден коопсуздук анан эстетикалык кооздук үчүн да мааниге ээ экендигин белгилеп айтсак болот. (фотосүрөт) Окуу жайыбыздын көптөгөн имараттарынын айланасын жашылдандыруу, экологияны жакшыртуу, тазалыкты сактоо ишембиликтерин өткөрүү иштеринде профком көп демилгелерди ишке ашырдык. Көптөгөн карагай, кайың, арча, павловния дарактарын отургуздук. Короолордо бактуу участокторду жамгырлатып, тамчылатып сугарууну ишке ашыруу (башкы корпустун алды) түштүк-чыгыш районунда Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги жаңгакзардагы абал оорлоп, куураган дарактарды кыюуга аргасыз болгонбуз. Бул үчүн экология кызматтары ОшМУну 300 миң сом доо коюп, сотко беришкен. Профсоюз комитети дарактарды кыюу мыйзамдуу болгондугун далилдеп, бүгүн эми жаңгакзарды кайрадан калыбына келтирүүгө, мындагы стадиондун, спорт аянтчаларынын айланасын жашылдандырууга көчөттөр сатылып алынды жана көп жолу ишембиликтер өткөрүлдү. Бул үчүн административдик-чарба кызматкерлеринин инженер, комендант, вахтер, кароол дебей, жапырт катышып кол кабыш кылгандыгын белгилеп, жалпы ыраазычылык билдирип коюуга уруксат этиңиздер! (фотосүрөттөр) Жамааттык Келишимдин 4.8-п. талаптарынын негизинде атайын комиссия түзүү менен 2015-жылдан тартып КРЭК нин 169- жана 175-статьяларынын талаптарына ылайык түнкү убактагы, майрам күндөрдөгү жумуш үчүн кызматкерлерге кошумча төлөмдөр төлөнүшүнө тийиштүү сунуштарды берип ишке ашырдык. КРЭК нин 164-статьясынын негизинде зыяндуу жумуш орундарын аттестациядан өткөрүү жыл сайын профсоюздун областтык комитетинин техникалык инспекторунун катышуусу менен атайын түзүлгөн комиссия аркылуу ишке ашырылат, төлөмдөр боюнча таблица тиркелет (таблицалар) Профсоюз комитетине эмгектик талаш-тартыштар, эмгек акы, кошумча төлөмдөр, социалдык абал, турак-жай, укуктук маселелер боюнча арыздар менен кайрылуулардын ж.б. ар кандай суроолор менен кайрылгандардын саны арбын болууда. Бул багыттарда профкомдун алдындагы туруктуу комиссиялар өз иштерин талапка ылайык жүргүзүп келишти. Профком тарабынан жамаат мүчөлөрүнүн арасындагы майыптарга, жетим-жесирлерге ж.б. муктаждарга ректоратка өтүнүч келтирилип, ири суммадагы акчалай жардам көрсөтүүлөрдүн көлөмү жыл сайын өсүүдө. Жамааттык келишимдин 3.17-п. талаптарына ылайык материалдык жардамдарды көрсөтүү боюнча профсоюз комитети тарабынан тийиштүү өтүнүчтөр Окумуштуулар Кеңешинде каралып, анын чечимдери боюнча ректордун буйруктары кабыл алынып келүүдө. Ага ылайык университетте иштеп жаткан кызматкерлердин жана студенттердин ичинен бир нечесине, тактап айтканда, жакындары кайтыш болгондорго, кызматкерлерибиз кайтыш болгондо, жер көчкүдөн (2017-ж.) ж.б. табийгый кырсыктар сыяктуу себептерден жабыркагандарга, оор илдеттер менен узак мөөнөткө ооругандарга, операция болгондорго, кызматкерлерибиздин үй-бүлөлөрүнө (2-6 миң, 4-12000 сомдон 30000 сомго чейинки) материалдык жардамдар көрсөтүлдү. (таблицалар) ОшМУнун профсоюз комитети ректорат менен биргеликте эмгек жамааты менен студенттердин активдүү эс алуусун уюштуруу боюнча аларга социалдык жактан колдоо көрсөтүп келет. Азыркы учурда университеттин Ош шаарында эки саламаттыкты чыңдоочу борбору, 50 койка-орундуу студенттик профилакторийи, (фотолор, табл. сметасы) «Ак-Буура» эс алуу зонасы, ошондой эле, Ысык-Көлдүн жээгинде бир агымда 120 эс алуучуну кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ «Үмүт» пансионаты бар. Профкомдун негизги өнөктөшү болгон ректораттын жакындан көрсөткөн жардамы менен бул пансионатта эс алгандардын саны жыл сайын көбөйүүдө. Азыркы мезгилде мында жыл сайын орточо 400 жана андан ашык адам эс алууда. Пансионат жылдан-жылга жүздөгөн эс алуучуларды кабыл алууну жакшыртып келүүдө. Ысык-Көлдө өткөн Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына барган жетекчилигибиз менен биргеликте андан ары өзүбүздүн пансионатка барып, аны келечекте өнүктүрүү, натыйжалуу пайдалануу боюнча сунуштарды жеринде иштеп чыкканбыз. Бул жерде кошумча коттедждерди жана тазалоочу система курууга, курулушу дээрлик бүткөн имараттарды пайдаланууга киргизүүгө ири өлчөмдө каражат бөлүүгө тийиштүү чечимдер кабыл алынышы белгиленген. 2016-жылы жалпысынан 2 600000 сом жумшалып, эс алуучулар жайгашкан котедждер капиталдык ремонттон өткөрүлгөн. (фото слайддар) Коңшу Казакстандан кызыккан адамдар келип, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, алар эс алуучуларын биздин пансионатка тартсак, инвестиция киргизсек деген сунуштарын беришкен. Өткөн жылда “Үмүт” пансионатын юридикалык тарап катары толук жоюп, азыркы учурда мындагы айыл чарбалык эмес жер салыгын жыл сайынкы 200 000 сомдон 34 миң сомго түшүргөнгө, электр энергиясын пайдалануу үчүн төлөмдү азайтканга, мында туруктуу иштеген кызматкерлердин штаттарын 5 тен 3 кө чейин кыскартканга жетиштик. Муну менен ОшМУда бул багытта да өз потенциалын колдонуу менен жамаатта жакшы эмгектенүүгө өбөлгө жана стимул жаратууда эң алды менен жакшы эс алууну уюштурууга маани берилүүдө деп айтсак болот. Түркия республикасынын Кыргызстандагы элчилиги менен “Үмүт” пансионатынын базасында ОшМУнун “Ыйман” гимназиясы тибиндеги билим берүү борборун ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштадык. Буга Арашан гуманитардык институтубуздун директору Т.А.Жоробековдун кошкон салымын айта кетейин. Бул идея Ысык-Көл областынын Түп райондук администрациясы тарабынан да түшүнүү менен колдоого алынгандыгы келечекте бизге жакшы мүмкүнчүлүк берет. КРнын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан аймактарды өнүктүрүү боюнча жарыялаган саясатынын рамкасында ОшМУ ал жерде жаңы билим берүү борборун түзүү менен бирге кызматкерлерибиздин жайкы эс алуусуна инвестиция тартуу иш-аракеттерин кеңейтет десек болот. “Жакшы эс алуу – жакшы эмгектенүүгө өбөлгө!” деген ураандын алдында университетибизде салтка айланып калган жыл сайын студенттердин жана кызматкерлердин арасында өткөрүлүүчү маданий-эс алуу саамалыктары: “ОшМУ мырзасы”, “ОшМУ периси”, “Идеалдуу түгөйлөр” “Бильярд чемпионаты”, түрдүү блиц-турнирлер, спорттук мелдештер менен майрамдар жогорку деңгээлде өткөрүлүшү эң биринчиден социалдык жана тарбия иштери боюнча департаментинин, Жаштар комитетинин, Студенттик Акыйкатчы аппаратынын, профсоюз комитетинин биргелешкен аракеттеринин натыйжасы десек болот. Конкурстарды уюштурууга, алардын жеңүүчүлөрүнө баарына профком тарабынан тийиштүү каражаттар, жолдомолор берилип, бул болсо кызматкерлерибиздин мындан ары да жакшы эмгектенүүсүнө өбөлгө болгондугу талашсыз. (таблицалар) 3. Жетишкендиктер үчүн сыйлыктар. Отчеттук мезгил ичинде ОшМУнун профкому Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын, КРнын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын республикалык комитетинин, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Ош областтык комитети тарабынан бир катар конкурстардын жеңүүчүсү болгон. ОшМУга жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн коноктор көп келип жаткандыгы баарыбызга маалым. Алар соңку жылдарда биздин ар тараптуу өнүгүүбүзгө күбө болушууда. Унверситетибиздеги жаңы, заманбап окуу имараттары, жатаканалар, жумуш орундарынын көбөйүшү эмгек шарттарын жакшыртууда. КРнын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын республикалык комитети тарабынан жана Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Ош областтык комитети тарабынан жарыяланган ЖОЖдордун профсоюз уюмдарынын арасындагы профсоюздук ишке колдоо көрсөтүү боюнча “Жылдын мыкты социалдык өнөктөшү” кароо сынагынын жеңүүчүчсү болуп ОшМУнун ошол кездеги ректору, ф.и.д., профессор К.Исаков табылган жана ал 2017-жылы Кыргызстандагы жогорку билим берүүнүн алдыңкы сабында болуп, өзүнүн ишмердүүлүгүндө интеграция, инвестиция, инновация, интеллект деген ураанды туу тутуп изденүү, ишеним, ийгилик менен жигердүү иштеп келе жаткан ынтымактуу, чоң жамааты жетектеген, жаштарга билим берүүгө, тарбиялоого, илим изилдөөгө, өлкөбүздүн туруктуулугуна, өсүп-өнүгүшүнө, жаңылануусуна, эгемендүүлүгүнө кошкон өзгөчө салымы эске алынып, Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын “Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон салымы жана профсоюздар менен кызматташтыкты бекемдегени үчүн” Ардак төш белгиси менен сыйланган. (сүрөт) Мындан сырткары, профсоюз иштерине кошкон салымдары жана жигердүү эмгектери үчүн профсоюздун бир катар активисттери, өнөктөштөрү жана катардагы мүчөлөрү сыйланышкан: • ОшМУнун профсоюз комитетинин Ардак Грамотасы менен – 24 адам; • Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Ош областтык комитетинин Ардак Грамотасы менен – 18 адам; • КРнын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын республикалык комитетинин Ардак Грамотасы менен – 16 адам; • КРнын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын республикалык комитетинин «Профсоюздук кыймылдын отличниги» төш белгиси менен – 12 адам; • КРнын билим берүү жана илим Министрлигинин Ардак Грамотасы менен – 10 адам; • КРнын билим берүү жана илим Министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен менен – 6 адам. 4. Кызматкерлерди турак-жай менен камсыз кылуу маселесин чечүү. Азыркы учурда ОшМУнун карамагында 6 студенттик жатаканасы бар жана аларда 2000 ден ашуун студент жашап жатат. Күндүзгү бөлүмдө окуп жаткан 16 миңдей студенттерибиздин арасында жатаканага муктаждык жогору экендигин дайыма айтып келебиз. Бирок, бар жатаканаларыбызды студенттерибиздин кызыкчылыгында пайдалануу толук кандуу максатка ашпай келаткандыгын айта кетсек туура болот деп ойлойм. Өзгөчө белгилей турган жагдай шаарыбыздын түштүк-чыгыш районундагы №6-жатаканада 20-30 жылдан бери жашаган жашоочуларга байланыштуу. Аларды чыгарып, бошогон бөлмөлөрдү студенттерге кайтарып берүү маселеси бүгүнкү күндөгү өлкөбүздүн чекара маселесиндей эле көптөн бери чечилбей келүүдө. Жашоочулардын карызы 1.5 млн сомго жакын экендиги, тилекке каршы, аны төлөтүү ишке ашпай, мыйзамсыз жашап жаткандарды чыгарууга жетекчилигибиздин эрки жоктугун буга чейин айтып келдик. Мына эми, жаңы ректорубуз К.Г.Кожобековдун алдына да жакында Администативдик Кеңеште маселе койдук, атайын буйрук чыгарылып, юридикалык бөлүм, ички аудит жана пландоо-экономика бөлүмү тарабынан тийиштүү аракеттер көрүлгөнү турат, маселе оң жагына чечилет деген үмүт пайда болгондугун белгилеп кетейин. (ф0т0лор, жашагандардын тизмеси, карыздары) Соңку беш жыл аралыгында кызматкерлердин турак-жай шартын жакшыртуу, кеңейтүү жана бул үчүн жер участокторунун бөлүнүп берилиши, ипотекалык кредит аркылуу батирлерди сатып алуу боюнча жергиликтүү мамлекеттик органдарына профком тарабынан жалпысынан 450 дөн ашык адамга өтүнүчтөр келтирилген. (таблицалар) Мындан сырткары, 2009-жылдын март айында ОшМУнун профкому менен «Жасур» ЖЧКнун ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишимге ылайык Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылдык округундагы Коммунист участкасында жайгашкан 3 га аянттагы жер участогу сатылып алынып, ыңгайлуу шартта узак мөөнөттө төлөп кутулуу мүмкүнчүлүгү менен 2012-жылдын октябрь айында университетте эмгектенген 50 гө жакын кызматкерге турак-жай курууга жер участокторуна жеке менчикке пйдаланууга Мамлекеттик Актылары даярдалып, колдоруна берилгени көпчүлүккө маалым. Бүгүнкү күндө бул жерде 15 ке жакын кызматкерлерибиз үйлөрдүн фундаменттерин түптөп, айрымдары куруп бүтүшүп жашап жаткандары да бар. (фото сүрөттөр) Мындан сырткары, бүгүнкү күнгө карата КРнын Өкмөтүнүн “Арзан турак-жай – 2015-2020” мамлекеттик жана муниципиалдык ипотека программаларынын алкагында жалпысынан 171 кызматкерибиз, анын ичинен 145 мамлекеттик жана 26 Ош шаардык мэриясынын муниципиалдык ипотека программалары боюнча турак-жайлуу болушту.(фото сүрөттөр) 2018-жылдын жай айында Жогорку Кеңештин Ата Мекен фракциясысынын лидери Алмамбет Шыкмаматов баштаган депутаттар ОшМУга келип жолугушканда, профсоюз комитети алардын алдына ОшМУнун кызматкерлерине өз эсебинен ипотекалык кредиттөө жолу менен көп кабаттуу турак үйдү курууга, бул үчүн Ош шаарында ылайыктуу жер тилкесинин бөлүнүп берилишине көмөк көрсөтүүсү жөнүндө маселе койгонбуз. Андан соң КРнын Жогорку Кеңешинин Ош шаардык мэриясына ОшМУнун кызматкерлери үчүн өз эсебинен көп кабаттуу турак-жай курууга жер тилкесин бөлүп берүүнү тапшырган 2018-жылдын 27-июнундагы №2717-токтому кабыл кабыл алынган. Ал эми Ош шаардык мэриясы өткөн 2019-жылдын декабрь айында Кең-Сай турак-жай конушунун көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу пландалган №228-кварталынан бизге жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берген катын Жогорку Кеңешке жөнөткөн. (фотосүрөт) Азыркы учурда ОшМУнун турак-жай куруучулар фондун, же кооперативин түзүү боюнча бул багытта керектүү иштер алып барылууда жана ага кирүүгө кызматкерлерибиздин 80 ден ашуун арыздарын каттадык. Бул фонд (кооператив) аркылуу турак-жайы жоктор, айрыкча жаш үй-бүлөлөр, ошондой эле турак-жайларын кеңейтүүгө муктаж кызматкерлерибиз да өз маселелерин чечүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүккө ээ болушат. (фото сүрөттөр документтер) Ушул жерден айтып кетейин дегеним, “Чегирткеден корккон эгин экпейт” деген макал эсиме келди. Мына, менин колумда Ош шаардык мэриясынын “О разрешении ОшГУ проектирования и строительства многоэтажного многоквартирного жилого дома в микрорайоне “Анар”” деген 2006-жылдын 27-февралындагы №257-токтому бар. (фото сүрөттөр документтер) Бул токтомду туптуура бир жыл жүгүрүп жүрүп чыгарткан элек. Буга кошумча башка тийиштүү документтер, келишимдердин долбоорлору даярдалган болчу. Тилекке каршы, ошол кездерде каражаттын, балким тажрыйбабыздын, анан да ректорат тарабынан колдоо жоктугунан 40 батирлүү 5 кабат кура турган даяр фундаменти менен бул жер участогун 2007-ж. кайра алдырып жибергенбиз. Эми бул жерлердин бүгүнкү рынок баасы асман чапчып калгандыгын ойлонуп кое бериңиздер. Профкомдун ушундай эле дагы эки сунушу, биринчиси, Ош шаардык мончонун жанындагы 40 сотых жер участогун чоң имараты менен бирге сатып алып, чет өлкөлүк студенттер үчүн заманбап жатакана куруп пайдаланууга берүү, экинчиси, биз жогоруда айткан Коммунист участкасындагы 3 га бактуу жерди имараттары менен бирге университетке сатып алып, ал жерде мөмө-жемиш цехин, же башка өндүрүштүк ишкана куруу сунуштарыбыз тилекке каршы, ал кезде ректорат тарабынан колдоо тапкан эмес. Азыр эми университет алдында өндүрүш багытында бизнес-планды ишке ашыруу канчалык маанилүү экендигин түшүнүп, көп айта баштадык. Бул үчүн профком да ал жердеги имаратыбызды туура пайдаланып, агробизнес өндүрүшүн түптөөнү алдыдыгы пландардын катарына киргизсек деген оюбуз бар. (фото сүрөттөр) Ошондуктан, кызматкерлерибизге өз эсебинен көп кабаттуу турак-жай куруу үчүн Ош шаардык мэриясы тарабынан жер тилкеси бөлүнүп берилсе, андан ары ОшМУнун турак-жай куруучулар фондун, же кооперативин түзүп, бүгүнкү күндө көптөгөн студенттерибиздин жатаканага муктаждыгын эске алып, бул багытта конкреттүү иштерди алып барып, профсоюз комитети ректорат менен биргеликте максаттарды ишке ашырууга толук мүмкүнчүлүктөр бар экендигин баса белгилегим келет. Бул жөнүндө жамааттык Келишимдин 6.10.- п. да “ В плане защиты экономических и социальных интересов работников и студентов осуществить: - Для удовлетворения нужд студентов в жилье расширить жилые площади в имеющихся зданиях и корпусах путем их рационального и эффективного использования или построить новые студенческие общежития. - Для молодых специалистов, а также для работников, нуждающихся в собственном жилье и расширении жилой площади, содействовать решению их жилищных проблем путем ходатайства на получение государственных долгосрочных ипотечных кредитов, а также оказать поддержку созданию фонда строителей жилья и на их собственные средства построить многоэтажный 60- или 80-квартирный жилой дом в городе деп киргизгенбиз. Андыктан Жамааттык келишимдин мааниси – бирдиктүү иш алып баруу экендиги дайыма көңүл борборунда болууга тийиш. (фото сүрөттөр Колдоговор)

5. Профсоюздар жамааттын биримдиги, татыктуу билим-тарбия, жогорку маданият жана мыйзамдуу укуктар үчүн! Карыларга камкордукту унутпайбыз! Университет – кутубуз, карылар – ырысыбыз! Аялдар Кеңешинде ар түрдүү саамалыктар көп. Мугалимдин иши дайыма даңкталууга тийиш! Спорт баарыбызды ынтымакка бириктирет! Окуу жайыбыз аймакта эле эмес, өлкөбүздүн коомдук жашоосунда да олуттуу мааниге ээ экендигин эске алуу менен жамаатыбызда жетекчилик жана профсоюз комитети тарабынан биримдик менен ынтымактын камсыз болушуна зор көңүл бурулуп келүүдө. Жаштарга татыктуу билим-тарбия берүү, жогорку маданияттуулукту үйрөтүү вазыйпасы жүктөлгөн педагогикалык жамаатыбыздын мүчөлөрү эң ириде бул үчүн өзүбүз үлгү болушубуз бизге коюлган коомдун талабы экендигин терең түшүнөбүз. Профсоюзга келип түшкөн ар кандай арыздарды жана кайрылууларды иликтөөгө алганда, биз эң биринчиден ушул принциптерге таянуу менен иш алып баргандыгыбыз көп жолу өзүн актап келатат. Тараптарды ынтымакка, өзара түшүнүшүүгө жана кечиримдүүлүккө чакыруу менен андан аркы абалды жакшыртууга кам көрүп келебиз. Бул иштерибизде бизге окуу жайыбыздын коомдук уюмдары болгон Ардагерлер Кеңешинин, Аялдар Кеңешинин, анын ар кайсыл мезгилдерде төрагалары, төрайымдары болушкан профессорлор А.Анарбаев, К.Зулпукаров агайларыбыздын, доцент Т.Акматованын, улук окутуучу Г.Сейитказиеванын кол кабыш кылган иштеринин ролун баса белгилеп кетким келет. (Ардагерлер Кеңешинин курамы, фотосүрөтү) Анткени университетибиз биздин экинчи үйүбүздөй, ал эми көп жылдар бою эмгектенген кесиптештер бир үй-бүлөдөгү бир туугандай эле жакын болуп калгандыгыбызды баамдасак дейбиз. Эл ичинде жүрүм-турумубузду педагогикалык этика менен моралдык нормалардын, бийик интеллекттин сапаттарына ылайык алып жүрүү жана маданияттулук менен өзүбүз окутуп, тарбия берип жаткан, өсүп келаткан жаш муунга – студенттерге үлгү болушубуз зор мааниге ээ экендигин пропагандалап келебиз. Тилекке каршы, айрым учурларда кызматкерлерибиз өз милдеттерин талаптагыдай аткарбаган, сапаттуу билим берүүгө көңүл бурбаган, сабактарды себепсиз үзгүлтүккө учураткан, модулдар жана сессия учурунда пара алган, туура эмес жерде чылым тарткан, жумуш ордунда ичимдик ичкен, же сабактарга мас келген, жаман сөздөр менен сөгүнүп, же карганып сүйлөгөн, жамаат ичинде трайбалисттик, же микрокландык бөлүнүүлөргө ыктаган, айлана-чөйрөнү таза сактоого көңүл бурбаган, таштанды ыргыткан окуяларга күбө болуудабыз, же ушундай маалыматтарды алуудабыз. "Карысы бардын – ырысы бар" демекчи, бүгүнкү күндө “Даңк” ордендүү, куттуу окуу жайыбыз болгон ОшМУда иштеп жаткан жана ардактуу эс алуудагы 360 тан ашуун ардагер агай-эжейлерибиз бар. 1-октябрь Улгайгандардын эл аралык күнүнө карата университетибиздеги 400 гө жакын кызматкерлерине Ош МУнун ректораты жана профсоюз комитети тарабынан жыл сайын салтка айланып өткөрүлгөн сый тамак жана концерттик программа уюштурулуп, кечеге чакырылгандарга профсоюз комитети тарабынан 5 жыл ичинде жалпысынан ___________ сом акчалай жардамдар (2015-ж. - сом, 2016-ж. – сом, 2017-ж. – сом, 2018-ж. – сом, 2019-ж. – 185 000 сом) көрсөтүлдү. Ардагерлер Кеңешинин жыйыны 29.11.2018-ж. өткөрүлүп, анын 11 кишиден турган жаңы курамы түзүлдү: 1. Зулпукаров К. – төрагасы (Орус филологиясы факультети) Мүчөлөрү: 2. Алымкулов К. (МИТ факультети) 3. Папиев М. (Физика-техника факультети) 4. Тагаева З. (Кыргыз филологиясы факультети) 5. Адилбаев Ж. (Тарых факультети) 6. Нурдинова К. (Эл аралык мамилелер факультети) 7. Арстанбеков М. (Медицина факультети) 8. Кадырбаева Т. (Искусство факультети) 9. Кокиев А. (Факультеттер аралык дене тарбия кафедрасы) 10. Усенова Б. (Б ж-а М факультети) 11. Айдаралиев Э. (Табият таануу жана география факультети) Мугалимдин эмгегин стимулдаштыруу, ошону менен бирге бул максатта жалпы кызматкерлерибиздин эмгек акысын индексациялоо, т.а., аны жылына бир жолудан кем эмес жогорулатуу, буга кошумча 13-эмгек акыны төлөп берүү Жамааттык Келишимдин маанилүү бөлүгү болуп эсептелет. Мындан сырткары, ОшМУнун жаңы өнүгүү Концепциясында 2019-2024-жылдар аралыгында эмгек акы азыркыдан эки эсе жогору болоору мерчемделгенин социалдык кепилдиктердин ишенимдүү механизми катары баалоого болот. Профсоюз комитетинин XXXIII конференциясынын токтомунда белгиленгендей, кийинки беш жылдыкта спортту колдоо иштерин жакшыртуу милдети коюлган. ОшМУнун спорт клубунун жетекчиси Ира Сулайбанованын, азыр эми “Биримдик” деп аталган спорт клубунун төрагасы Алмаз Казибековдун жетекчилиги астында факультеттерибиздин, колледждерибиздин студенттеринин, профессордук-окутуучуларынын жана кызматкерлеринин ортосундагы спорттук мелдештер жогорку деңгээлде уюштурулуп өткөрүлүүдө. Байгелүү орундар үчүн биз тараптан берилген акчалай сыйлыктардын суммасы көбөйүүдө. Профкомдун алдында “Биримдик” спорт клубунун жетекчисинин штаты 2019-жылдын сентябрынан тартып киргизилип, анын эмгек акысы төлөнүп берилүүдө. Спорттук командаларга (волейбол, футбол, ордо, стол тенниси оюндары боюнча) кийим формаларын сатып алып берүүгө 2019-жылы 20200 сом өлчөмүндө колдоо көрсөтүлдү. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош областтык комитети тарабынан уюштурулуп өткөрүлгөн шаардагы ЖОЖдор аралык спартакиадага катышып, ОшМУнун кызматкерлеринин командасы I орунду багындырууга жетишти. Быйыл болсо ал спартакиаданы ОшМУнун спорттук базасында уюштуруп өткөрүү иш планыбызга киргизилген. 6. Коррупциянын алдын алуу бүгүнкү күндүн актуалдуу маселеси, аны менен күрөш – күнүмдүк ишибиз болууга тийиш! Кыргыз Республикасында коррупциянын алдын алуу боюнча мамлекеттик бир катар мыйзамдарга жана нормативдик-укуктук актыларга, өзгөчө Билим берүү жана илим министрлигинин бул боюнча 2009-жылдагы Жобосуна, Жамааттык Келишимде көрсөтүлгөн биргелешкен милдеттердин талаптарына ылайык ректорат менен профком ОшМУда мындай жагымсыз көрүнүштөргө аесуз күрөш жүргүзүүгө принципиалдуу кадамдарга барууда. ОшМУдагы коррупциянын алдын алуу боюнча ректордун буйругу менен түзүлгөн комиссияны 2010-жылдан бери профкомдун төрагасы, т.а., мен жетектеп келген жылдар аралыгында бир катар олуттуу маселелерди кароодо чечкиндүү чараларга баргандыгыбызды баса белгилегибиз келет. Университетибиздин 2019-2024-жылдарга өнүктүрүү Концепциясынын “Санариптик технологиялардын университети”, “Коопсуз университет”, “Экологиялык университет”, Билимдин сапаты эл аралык стандарттарга дал келген университет деген багыттары да коррупцияны биротоло демонтаждоо менен айкалышуусу учурдун талабы болууда. Антпесек, студенттердин, алардын ата-энелеринин арыздарында, кайрылууларында көрсөтүлгөн пара алган фактылары азыр да жок эмес. Мурдагы мезгилдерге салыштырмалуу кийинки жылдарда коррупциялык көрүнүштөр азайды дегенибиз менен бирок, модулдар, сессия жана мамлекеттик сынактар учурунда, дипломдук-квалификациялык иштерди аткарууда дале болсо акча талап кылуу, старосталар аркылуу топтоолор орун алып келүүдө. Колу таза эмес кесиптештерибизге “Эсиң барда этегиңди жый” дегендей эле мамиле кылдык, катуу эскертүүлөрдү бердик, айрымдары жумуштарынан бошоп кетишти. Мындай фактылар боюнча бир катар текшерүүлөр жүргүзүлүп, жыйынтыгы боюнча ректорго сунуштар берилип турууда (конкреттүү мисалдар атайын папкабызда катталып турат). Ошол эле учурда айрым адамдар, же алардын топтору, алтургай кээ бир укук органдары тарабынан окутуучуларды атайылап каралоо, жаманатты кылуу, же болбосо жасалма “пара алууну” уюштуруу аракеттери болгондугун да белгилеп кетсек орундуу болгудай. Мындай окуяларды 2016-ж. медицина факультетинде, ОшМУга жайкы кабыл алуу компаниясы учурунда болгондугун профсоюз комитети, антикоррупция комиссиясы менен биргеликте каттагандыгы буга күбө. Окутуучуну 2000, же 4000 сом менен кармап алган органдар, анын ошончо суммадагы долларын алып туруп, тергөөдөн, же соттон бошотуп жиберген учурлар да кездешкени коомчулукта жашыруун эмес. Бул боюнча учурунда өкмөттүк “Кыргыз туусу” гезитине “ЖОЖдордогу коррупция байпактын деңгээлине түшкөнүнө ким күнөөлүү?” деген аналитикалык макалабыз жарык көрдү. Айрыкча, жай мезгилдеринде ОшМУга абитруенттерди, өзгөчө 2019-жылдагыдай Өзбекстандык ж.б. чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу учурунда биздин эле арабызда эмес, коомчулукта, ММКларда, интернет сайттарында да айтылган окууга өткөрүү үчүн эбегейсиз чоң суммадагы пара алуулар туурасындагы сөздөрдүн, имиш-ушактардын азаюусуна жетишүүбүз жана биздин окуу жай жөнүндө тескери пикирлерди жаратуу аракеттерине баарыбыз каршы туруубуз зарыл деп ойлойбуз. Андыктан коррупциянын тамырын кыркат деп мамлекет ишенип берген функцияны, кызмат абалын өз кызыкчылыгында пайдаланып жүргөн укук органдарынын катарын мындай адамдардан арылтууга көңүл бурулушу керек деген коомчулуктагы пикир туура экендигине ынанабыз. Буга байланыштуу КРнын Президенти С.Ш.Жээнбековдун катышуусу менен 2018-жылдын февраль, 2019-жылдын январь айларындагы Коопсуздук кеңешинде айтылган маселелердин бүгүн да эң актуалдуу экендигин жокко чыгара албайбыз. Бул багыттагы иштерди илгерилетүү максатында Окумуштуулар Кеңешинин 2019-жылдын 17-июнундагы №8-жыйынындагы “ОшМУнун структуралык бөлүмдөрүндө коррупциянын алдын алуу жана системдүү коррупцияны демоетаждоо боюнча деталдаштырылган пландын аткарылуусу жөнүндө” деген маселеге карата чечими менен ОшМУнун профсоюз комитетинин сунушунун негизинде “Таза университет” деген ураан алдында коррупциялык тобокелдиктерди жоюу жана коррупциялык схемаларды ишке ашырууну татаалдантуучу тоскоолдуктарды (чектөөлөрдү) киргизүү ишмердүүлүктөрү улантуу жана күчөтүү милдети коюлду. Аталган маселени иликтеп, кеңири анализ жүргүзүп, тийиштүү сунуштарды иштеп чугуу үчүн түзүлгөн комиссиянын курамында Юридика факультетинин профбюро төрагасы Б.М.Аликуловдун жигердүү ишин белгилеп кетким келет. (фотосканер) 7. Негизги вазыйпабыз келечектүү багыттарыбызды аныктайт. Жаштарыбыз – келечегибиз, жаш лидерлерибиз профсоюздук иштерибизди улантышат! ОшМУнун Студенттик Омбудсмен аппаратнын башчылары, профкомдун төрагасынын студенттер менен иштөө боюнча орун басарлары болуп Ахмадалиев Алмаз (2009-2011), Жеңишбек уулу Аскарбек (2011-2013), Акбаралы уулу Өмүрбек (2013-2015), Кубанычбек уулу Нурсултан (2015-2017), Орозали уулу Бектурсун (2017-2019), учурда Абдырахманов Адилет иштеп келүүдө. Ош мамлекеттик университетинин бириккен профсоюз комитетине мүчө болгон студенттер жөнүндө 2020-жылдын 10-январына карата абал төмөндөгүдөй: 1. ОшМУда бюджеттик негизде окуган студенттердин саны – 1554. Алар дээрлик баары профсоюздун мүчөсү болуп саналат, факультеттердин профбюролору аркылуу профсоюзга мүчөлүк карточкалары толтурулган жана профсоюздук билетке ээ болушкан. Алардан мүчөлүк акы алган стипендиясынан 0.5% өлчөмүндө профсоюздун эсебине которулуп келүүдө. 2. Контракттык негизде (бакалавр даражасы) окуган студенттердин саны – 14620. Контракттык негизде окуган студенттер профсоюзга мүчө болуп эсептелишет жана алардан мүчөлүк акы айына 2 сом өлчөмүндө белгиленип, студенттер төлөгөн контракттык каражаттардын эсебинен профкомдун эсебине чегерилип турат (Университеттин Окумуштуулар Кеңешинин (жалпы жыйынынын) 18.12.2015-ж. №4-чечими жана ректордун 19.12.2015-ж. №1164-буйругу). 3. ОшМУнун алдындагы колледждерде контракттык негизде окуган студенттердин саны – 9373. Профсоюз комитетине мүчөлүк акылардын алар төлөгөн контракттык төлөмдөрдүн эсебинен ар бир студентке айына 2 сомго (бир жылда 24 сомго) барабар болгон өлчөмүндө квартал сайын университеттин профсоюз комитетине чегерүү 2020-жылдын сметасына киргизилди (Университеттин Окумуштуулар Кеңешинин (жалпы жыйынынын) 25.11.2019-ж. №12-жыйынынын чечими жана ректордун 99.11.2019-ж. №1213-буйругу). 4. Бүгүнкү күндө бул студенттерге алардын профсоюзга мүчө болууга берген арыздарынын негизинде тиешелүү факультеттердин жана колледждердин профбюролору аркылуу профсоюзга мүчөлүк карточкалары толтурулууда жана профсоюздук билеттер менен камсыз кылуу иштери жүргүзүлүүдө. Соңку жылдардагы аткарган эң олуттуу иштерибиздин бири катары студенттерибизди профсоюзга мүчөлүккө мотивациялоону айтсам болот. Ректорат менен 2-3 жылдап сүйлөшүү жүргүзүп, бул маселени чечүүнүн мыйзамдуу жолун таап Жамааттык Келишимге киргизүү чоң иш болду. Бүгүнкү күндө күндүзгү бөлүмдө бакалаврда окуган (бюджет жана контракт) 16000дей студенттин бир жылдык профсоюздук акчасы 380000 сомду түзөт. Буга кошумча колледждерибизде окуган 8000 студенттерибизди профсоюзга мүчөлүккө кабыл алууну ишке ашырсак кошумча 192 000 сом чогулат. Жалпысы дээрлик 500-600 миң сомду кайра эле студенттердин өздүрүнө жумшап, жардам көрсөтсөк болот. Ар бир студенттин айына профсоюзга берген 2 сом акчасы бул тамчыдан көл жаралгандай эле, өтө чоң каражаттар. Бул каражаттардын эсебинен йрым студенттерге адрестүү жардам көрсөтүп жатабыз. Ар бир студент профсоюздан жардам албаган менен бирок, алардын арасындагы эң муктаж, оорулуу, же жакыр үй-бүлөдөн келген студентке жардам берүүдө ошол 2 сом өтө чоң жардам берип жатат деп айтсак болот. Бул биз өзүбүз билбеген менен Кудай чындап болсо, ал дайым көрүп турган өтө чоң соопчулуктуу иш деп айтаар элем. Бюджеттик негизде окуган студенттердин укугун коргоо боюнча алардын окуусундагы форс-мажор абалдан пайда болгон маселе төмөндөгү моментке өзгөчө токтолуп кетким келет. Соңку мезгилдерде бизде аныкталуу убакыт ичинде бюджеттик негизде окуп, бирок ар түрдүү турмуш шартына байланыштуу ошол эле адистикте сырттан окуу бөлүмүнө, же контракттык негизде окууга которулуп окуусун уланткан студенттерибизди МАКка киргизүүгө буйрук даярдоо учурунда Министрликтин 09.07.2007-ж. №409/1 буйругу менен бекитилген КЕЛИШИМдин 2.2.-п. эң акыркы бөлүгүнө ылайык студент тарабынан мурдагы бюджеттик негизде окуган жылдары үчүн кайсы-бир сумманы төлөөсү талап кылынгандай абал жаралып келген. Ушуга байланыштуу мындай маселе жөнүндө айрым студенттерибиз турмуштук шарттарына, б.а., форс-мажордук абалга байланыштуу (турмуш курганда, ата-энеси, же өзү ооруп калганда бюджеттик негизде окуусун үзгүлтүксүз улантууга мүмкүндүгү жоктон) бизге кайрылган учурлар арбын болуп келди. Мында эске алына турган айрым жагдайлар булар деп эсептейбиз: эгерде студент Келишимдин башка пункттарынын, т.а., 2.2-п. 1-2-3-4-5-бөлүктөрүнүн талаптарын бузбаса, анда анын контракттык, же сырттан окуу формасында окуусун улантып бүтүрүп кеткенге мүмкүндүк берүү максатка ылайык болмок. Андыктан бул сыяктуу маселелерди чечүүгө КРнын Билим берүү жана илим Министрлиги ыкчам жана коллегиалдуу чечим кабыл алуусу, тактап айтканда, аталган Келишимдин мазмуну кайрадан каралып такталып чыгышы учурдун талабы болгондуктан ОшМУнун ректораты жана профкому 04.02.2018-ж. Министрликке атайын кайрылуу жасаганбыз. Жыйынтыгында ЖОЖдордо бюджеттик негизде окуп, бирок форс-мажордук себептерден улам окуудан четтетилип калган студенттерди кайра окууга тикеленүүдө төлөнө турган төлөмдөрдөн бошотуу шарттары жөнүндө КРнын Өкмөтүнүн 157-токтому (28.03.2018-ж.) кабыл алынды. Буга байланыштуу ошол кезде министрдин орун басары болуп иштеген, бүгүнкү күндө биздин ректорубуз К.Г.Кожобековдун түздөн-түз салымы болгон деп айтсам туура болот. Өкмөттүн бул токтому бир эле ОшМУ үчүн эмес, республиканын баардык окуу жайлары үчүн канчалык маанилүү болгондугун эске алып, көптөгөн студенттердин жана алардын ата-энелеринин атынан бул ишиңиз үчүн Сизге ыраазычылык билдирип, кол чаап коюуга уруксат этиңиздер! Профсоюздардын “ТЕМП-2018” форумунда Беларусиянын профсоюзунун тарыхы жана тажрыйбасынан көргөнүбүздөй, бул өлкөдө профсоюздар 100 жылдык юбилейин белгилеген бирдимдиктүү бекем уюм катары жергиликтүү кеңештер, жаштар, аялдар уюмдарынын катарында беларус коомунун кубаттуу таянычтарынын бири болуп эсептелет. (фотосүрөттөр) Бизде да жаш профсоюз лидерлерин жаңы технологияларды социалдык колдоо иштерине тартуу жакшы жолго коюлуп келатат десек болот. 2019-жылдын апрель айында Орозали у. Б. баштаган активдүү жаштарыбыздын 18 адамдан турган тобу билим, илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары менен жолугушуп, жаштардын азыркы учурдагы проблемалары жөнүндө пикир алмашып келишти. Университетибиздин Студенттик Акыйкатчы аппараты, Жаштар комитети жана Студенттик жатаканалар боюнча Координатор тарабынан студенттик идеяларды жана жашоону, социалдык-укуктук кызыкчылыктарды пропагандалаган түрдүү конкурстарды (“Эң мыкты студент мугалимдин көз карашында”, “Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу”, “Жатаканада жашоо керемет” ж.б.) уюштурууга колдоо көрсөтүлүп, жалпысынан 100200 сом өлчөмүндө акчалай жардамдар берилди. Профсоюздар менен бейөкмөт уюмдардын биргелешкен аракеттеринен эмнени күтүүгө болоору жөнүндө 2017-жылы Жалал-Абат шаарында Intrac, Friedrich Ebert Stiftung, КРнын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзу, "Координационный центр поддержки НПО" коомдук уюму биргелешип уюштурган "Жаштардын эмгек укуктарын ишке ашыруу үчүн эффективдүү коммуникацияларды түзүү" деген аталыштагы семинар-тренинг өткөрүлдү. Ош жана Жалал-Абад аймактарынан келип катышкан 40 ка жакын профсоюз ишмерлери менен бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүнүн жаштардын, о.э., жалпы жарандардын эмгек укуктарынын сакталышы жана корголушу жөнүндөгү маселелерди талкуулоо менен бул семинар-тренинг мындан ары биргелешкен аракеттерди көрүү максатын койду. Профсоюздар менен бейөкмөт уюмдардын ортосунда базалык билимдерин жана жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, бул үчүн мындай чөйрөлөрдө зарыл болгон коммуникацияларды түзүүгө эл аралык абройлуу уюмдардын көмөк көрсөтүп жатышы мындай маселелердин канчалык актуалдуу экендигинен кабар берет десек туура болчудай. Кыргызстанда демократиялык ачык жана адам укугу сакталган коомду курууга багытталган мындай аракеттер келечекте өз жемишин берет деп ишенүүгө болот. Анткени билимдүү жана күчтүү коомдук уюмдардын идеялары, иштиктүү аракеттери дайыма адамдар арасында колдоого алынып келүүдө. Азыркы учурда ар кайсыл жамааттарда мыйзамдык укуктардын сакталышын көзөмөлдөө жаатында профсоюздардын өз ишмердигин активдүү жандандыруу талап кылынууда. Ушул эле маселе көптөгөн бейөкмөт уюмдар үчүн да актуалдуу болуп келүүдө. Демек, өлкөбүздө жарандардын кызыкчылыгындагы ишмердиктерибизде алган багытыбыз, оюбуз да, жолубуз да бир экендигин терең түшүнүүбүз зарыл болууда.

Албетте, профсоюздар өз ишмердигинде эмгектенген кызматкерлердин жана билим алып жаткан студент жаштардын социалдык-укуктук кызыкчылыктарын коргоону дайыма башкы приоритет катары эсептеп келебиз. Башка коомдук уюмдардан айырмаланып, бизге Кыргыз Республикасынын баш мыйзамы болгон Конституциябыз, “Профсоюздар жөнүндөгү”, Эмгек Кодекси, “Билим берүү”, “Социалдык өнөктөштүк”, “Жамааттык Келишимдер жөнүндөгү” ж.б. мыйзамдар, мындан сырткары бир катар мамлекеттик жана өкмөттүк нормативдик-укуктук документтерди жетекчиликке алып, Ош мамлекеттик университетинин ректораты менен профсоюз комитетинин ортосунда түзүлүп, окуу жайыбыздын жамаатынын жалпы жыйынында кабыл алынган Жамааттык Келишимдин талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө вазыйпасы жүктөлгөн. Жогоруда белгиленген милдеттерди аткаруу жана максаттарга жетүү боюнча профсоюз комитети өз позициясында бекем туруу менен профсоюздун мүчөлөрү болушкан эмгек жамаатынын жана профсоюздун келечеги болгон лидер жаштарды, жалпы студенттердин социалдык-укуктук кызыкчылыктарын коргоодо, бул боюнча кабыл алынган иш-пландарынын жана чечимдердин негизинде түрдүү багыттардагы жетишкендиктерди камсыз кылууга ишенимдүү кадамдар жасала берет!.

8. Учурдагы маанилүү багыттарыбыз жана алдыдагы милдеттерибиздин келечектүүлүгү. ОшМУнун профсоюз комитети бул эмгек жамаатынын, доктаранттардын, аспиранттардын, магистранттардын жана студенттердин укуктук жана социалдык кызыкчылыктарын коргоочу уюм болгондуктан мындан ары да Студенттик Акыйкатчы аппаратынын ишин координациялоо аркылуу студенттерди укуктук жана социалдык жактан колдоого алат, тактап айтканда, алардын: - билим алуусу жана толук кандуу адис болуп чыгышы үчүн талап кылынган баардык шарттардын түзүлүшүн көзөмөлдөйт; - жатаканада жашоо мүмкүнчүлүгүнө көмөк көрсөтөт; - окуу учурунда коррупциялык жагымсыз көрүнүштөргө бөгөт коет; - көп балалуу, алыскы аймактардан келген, ата-энесиз, майып, жалпы эле социалдык абалы оор студенттерге материалдык (акчалай) жардамдарды көрсөтөт жана мындай категориядагы студенттерге контракттык төлөмдөрдөн жеңилдиктерди алууга ректоратка өтүнүчтөрдү келтирет; - окуунун алдыңкыларына, маданий-массалык жана спорттук иш-чаралардын активдүү катышуучуларына жана жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктарды, эс алуу жайларына путевкаларды берет; - жыл сайын университеттин алдындагы студенттик профилакторийде саламаттыгын чыңдоо үчүн 350-400 студентти бекер путевкалар менен камсыз кылат; - Оштогу “Ак-Буура” жана Ысык-Көлдөгү “Үмүт” пансионатына массалык эс алууларды жеңилдетилген шарттарда уюштурат; - студенттер арасында (факультеттерде, жатаканаларда) социалдык укуктардын сакталышы жана пайдаланышы боюнча жолугушууларды, семинар-тренингдерди жана окууларды өткөрөт. Ош мамлекеттик университетибизде бириккен профсоюз уюму өз ишмердигинде негизги өнөктөшүбүз болгон ректорат менен биргеликте социалдык камкордуктарды көрүү боюнча мындан ары да алгылыктуу иштерди улантууну максат кылат: 1. Жамааттык Келишимдеги жоболордун аткарылышы; 2. Татыктуу эмгек акы жана аны жогорулатуу; 3. Жумуш орундарындагы шарттардын жакшыруусу (жаңы курулуштар, андагы жаңы заманбап жумуш орундары); 4. Зыяндуулук үчүн, дем алыш жана майрам күндөрүндө иштеген үчүн кошумча төлөмдөрдүн төлөнүшү; 5. Курортторго-санаторийлерге, эс алуу үйлөрүнө, пансионаттарга ж.б.эс алуучу, саламаттыкты чыңдоочу жайларга жөнөтүү (Көгүлтүр Ысык-Көл, Ысык-Ата, Кыргызстан, Ала-Тоо, Чолпон-Ата ж.б. Жалал-Абат, Мамакеев, “Бахористон” менен түз келишимдер); 6. Карыларга, эмгек ардагерлерине камкордукту күчөтүү, Карылар күнүнө карата иш-чаралардууюштуруу жана жардамдарды көрсөтүү; 7. 3-декабрь – Майыптардын эл аралык күнүнө карата иш-чараларды уюштуруу жана жардамдарды көрсөтүү; 8. ОшМУнун клиникасында дарылангандарга жеңилдетилген шарттарды түзүү жана материалдык жардамдарды көрсөтүү; 9. Муктаж студенттерге контракттык төлөмдөрдөн жеңилдиктерди берүүгө жетишүү жана материалдык жардамдарды көрсөтүү; 10. Студенттердин стипендиясы маселеси боюнча КР нын Өкмөтүнө, ЖК не кайрылуу жасоо (М.Абылгазиев, Д.Жумабеков); 11. Студенттик Омбудсмен институтунун (Профкомдун төрагасынын студенттер менен иштөө боюнча орун басарынын) ишин колдоо жана күчтөндүрүү; 12. Кызматкерлерибизге, айрыкча жаш үй-бүлөлөргө мамлекеттик жана жеке ипотекалык программалар аркылуу, ошондой эле, ОшМУнун турак-жай куруучулар фондун (кооперативин) түзүү аркылуу алардын турак-жай менен камсыз болушуна колдоо көрсөтүүнү улантуу. Соңку жылдар аралыгында ОшМУда коопсуздукту камсыздоо багытында бир топ жакшы иштер аткарылды, окуу корпустарына кирип-чыгууда турникеттер, көп жерлерде сырткы көзөмөлдү ишке ашыруучу видео байкоочу камералар орнотулду. Кийинки кездерде видеокөзөмөлдү колдонуунун коррупциянын алдын алууда жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууда мааниси артып бараткандыгында талаш жок. Бирок, айрым учурларда бул багыттагы иштерибиз мыйзам нормаларынан четтеп кеткен жокпу деген суроолор менен кайрылган кызматкерлерибиз көбөйүүдө. Азырынча өлкөбүздө “Сырткы видео байкоо жөнүндө” гана мыйзамыбыз бар экендигин эске алсак, видеокамераларды аудиториялардын ичине орнотуп, байкоо салуу адамдардын жеке жашоосуна кедергисин тийгизбейби, окутуучунун сабак өтүүдөгү эркиндигин чектебейби деген деген маселени жаратууда. Албетте, видеокөзөмөл жүргүзүү кызматкерлерибиздин өз милдеттерин аткаруу жоопкерчилигин да күчөтүп жаткандыгы байкалууда. Ошол эле учурда ал бир жерде бар, бир жерде жок, б.а., бир окутуучу дайыма видеокөзөмөлдө болот, ким-бирөөлөр кайсы-бир аудиторияда андай нерсени билбей эле жүрөт деген дооматтар айтылууда. Ошону менен бирге, видеокамераларды, аларга дисктерди ж.б. сатып алууга чыгымдалган ошончо каражаттарга электрондук доскаларды, проекторлорду, компьютерлерди сатып алып сабактарды заманбап талаптарга ылайык уюштурууга багытталган иштер жүргүзүлсө туура болмок деген негиздүү сунуштарды беришүүдө. Антпесек, көп окуу имараттарыбыздын сырты жалтыраган менен айрым аудиторияларынын ичинде дубалдарынын, полдорунун, эшик-терезелеринин, парталарынын кебетелери көңүл ооруй турган абалда экендигин билдиришүүдө. Бул маселени мындан ары администрация менен окутуучулардын ортосунда кайым айтышуу менен эмес, тийиштүү жоболорду иштеп чыгып, аларга ылайыктап мыйзам чегинде чечүү гана максатка ылайык болот деп эсептейбиз. ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы катары отчеттук мезгил ичинде профсоюздун жогорку органдарында мен ар дайым биздин уюмдун атынан Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош обкомунун Президиумун жана Пленумунун мүчөсү, Ош областтык профсоюздар Кеңешинин Пленумунун мүчөсү, мындан сырткары, Сулайман-Тоо корук музейинин Коомдук Кеңешинин мүчөсү, Ош шаардык мэриясынын муниципиалдык ипотека жөнүндөгү Жобосун талкууга катышкан профсоюздук эксперт катары да өз пикиримди, идеяларымды жана сунуштарымды айтып, алардын ишке ашуусуна жетишип келдим деп айта алам. Мисалга эң олуттуу бир маселе боюнча айтайын, көпчүлүккө белгилүү болгон “Ош” пансионатынын 2 га жер аянты 33 жер тилкесине бөлүнүп турак-жай куруу үчүн мыйзамсыз берилип кеткендигине Ош шаарындагы ЖОЖ профсоюздары биргелешип каршы аракеттерди жасап, прокуратура, финполиция ж.б. тараптарга кайрылып, жыйынтыгында бүгүнкү күндө сот аркылуу аларга берилген Мамлекеттик Актылар жокко чыгарылды. (Тиешелүү органдарга жана тараптарга жөнөтүлүп, кароого алынган көптөгөн кайрылууларыбыздын слайддары) Бул пансионаттын “Тихий Санкть-Петербург” ресторанын 2-4 га жер аянты менен кошо ОшМУга мында заманбап конференцзалдуу мейманкана жана спорттук-рекреациялык парк зонасын куруу үчүн көп жылга арендага берүү боюнча кайрылуусу боюнча Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын төрагасы М.А.Асанакунов менен жеринде сүйлөшүлүп, азыркы учурда КПФнын Кеңешинин кароосунда турат. Профсоюздун сунушу менен башкы корпустун алдындагы бак-скверди 10-15 жылдан бери реконструкциялоо, картайган эски 11 чынар теректи кыйып алып салуу, башка куураган дарактарды акырындык менен алмаштыруу иштери жүргүзүлдү. "Жакшыдан бак, жамандан дак" калат дегендей, 40 түп карагай, 40 түп кайың, өткөн жылда азыркы кезде эң популярдуу болуп жаткан декоративдик кооз павловния дарагынын 4 түп көчөттөрү тигилди. Бул дарактардын куурагандарын жыл сайын профсоюздук каражаттын жардамы менен алмаштырып келебиз. Мындан сырткары, Ош шаарынын ар кайсыл райондорундагы, т.к., Медицина, ТТГФ, стоматология, Филология ж.б. факультеттеринин окуу корпустарынын айланасында павловниянын 32 түп көчөтүн, ал эми ТТГФ не караштуу Ботаникалык Бакта 100 даана калемчесин тигип, көчөт өстүрдүк. Мындай иштерибиз менен аны Ош шаарында кеңири колдонууга жана жайылтууга келечектүү дарак экендигин шаарыбызда эң биринчилерден болуп пропаганда кылдык десек болот. Ректоратка башкы корпусубуздун алдындагы бак-сквердин дарактарын түтүктөрдөн жамгырлатып жана тамчылатып сугаруу үчүн системаны жайгаштыруу сунушун бердик. Бирок бүгүнкү күндө анын бири ишке ашты бири жок десек болот. Бул идея негизинен сууну үнөмдөөнү жана сугарууну толук кандуу камсыз кылууну көздөйт. Андыктан административдик-чарба департаменти быйылкы жазда бул ишти акырына чейин бүткөрүүсү туура болмок деп эсептейбиз. Азыркы учурдун талаптарына ылайык, проофсоюздук өндүрүштү уюштурууга көңүл бурсак туура болот деп ойлойбуз: Экологияны жакшыртууга, айлана-чөйрөнү жашылдандырууга жана көрктөндүрүүгө салым кошуу максатында дарак-бадалдарды өстүрүү үчүн өзүбүздүн көчөт жана гүл питомниктерибизди уюштуруу, сөөлжан багып, биогумус өндүрүү, профсоюздук минимаркеттерди жана бутиктерди (азык-түлүк, канцелярия), кызматкерлерибиз менен студенттерди тейлөөчү кызматтарды (кол өнөрчүлүк цехин, токуу, тигүү жана реставрация, чачтарач, фотосалон) ж.б. иштерди уюштуруу пландарын турмушка ашырууга бюджеттик мүмкүнчүлүктөр пайда болду. МГУ нун имараты кандай шартта курулушу керек, каерге, бүгүнкү менен жашабастан, анын эртеңи, келечеги, стратегиясы жөнүндө туура ойлонуубуз зарыл.

Эмне үчүн К. Исаковдун заманбап конференцзал, Ак-Бууранын жээгиндеги спортсарай, илимий лаборатоияларды курабыз деген эң сонун идеялары ишке ашпай калды деп сурап көрбөйлүбү?

Жамаатыбыздын ар бир мүчөсү, ректордон баштап лаборантка чейин өз ой-пикирин, сунушун эркин түз, ачык, негиздүү айтканга, жогорку жакка жеткиргенге университетти башкарууга катышуу укугу камсыздалууга, тийиш. Отчеттук докладымды жыйынтыктап жатып, соңунда айтайын дегеним: Профсоюздун иши чындап тузу оор, бирок адамдарга, анан Кудайга да жага турган соопчулуктуу иш десем жаңылышпаймын. Биздин негизги принцибибиз бул – социалдык өнөктөшүбүз болгон ректрат менен биргеликте мүчөлөрүбүздүн социалдык-укуктук маселелерин коргоо менен бирге алардын ортосундагы өзара тилектештикти жана бири-бирине карамдуулукту, ынтымак менен биримдикти камсыз кылууга жетишүү болду. Бирөөнүн арыз-арманын угасың, кеңеш бересиң, кошо жүгүрүп коргоп укугун талашасың, маселеси оң жакка чечилсе, акырында рахматын угуп, жасаган ишиңен рахат аласың! Адамга өмүр бир жолу берилген, ал кыска болоору сыяктуу эле кайсы жумушту тандабайлы, аны маңыздуу аткаруу мааниге ээ. Бир жерде көп иштегендин, 15 жылдык эмгекгимдин натыйжасы кандай болду деп мен өзүмө суроо берем. Бул суроого жооп катары ар бирибиз үчүн системдүү иштерибиздин арты кандай болду деген суроо турушу керек деп ойлойм. Анкени, натыйжасы көрүнбөгөн иш маңызы жок жашоо сыңары эле супсак болушу талашсыз. Биздин бүгүнкү жасаган отчетубузга эң биринчиден сиздер, урматтуу конференциянын делегаттары баа бересиздер. Сиздер андан ары Ош мамлекеттик университетинин бириккен профсоюз комитетинин келечекттеги иши боюнча тандоо жасайсыздар! Баарыңыздарга ийгиликтерди каалайм, көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!

...Ар дайыма "нравится" басамын, Анткенимден ачылат да кабагым, Алыс жактан айылды эстеп ыр жазган Аруулантат сенин берген сабагың, Алаксыймын жүз жашарып жан дүйнөм, Айланайын, ошон үчүн тазамын!