Факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасы

Урматтуу замандаш!

Эгерде сиз мамлекеттик тилде туура жазуу, чечен сүйлөө көндүмдөрүн өнүктүрүү жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде сабаттуу жүргүзүү боюнча кошумча билим алгыңыз келсе, “Кыргызтесттин” тесттик тапшырмаларына даярдануу жардамы керек болсо, биз менен байланышыңыз.

Мындан сырткары, кыргыз тилин билүү деңгээлиңизди аныктап, тиешелүү деңгээлге жогорулатууга көмөк беребиз.

Сиздерге кафедранын тажрыйбалуу, креативдүү, чыгармачыл жана изденүүдөн талбаган профессордук-окутуучулук курамы билим берет.

Терең урматым менен, кафедра башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент З. Ж. Каразакова