Тарыхы
      ФАКУЛЬТЕТТИН КЫСКАЧА ТАРЫХЫ
     ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетuинин деканы – Турганбаев Нурмамат Орозович, филология илимдеринин кандидаты, доцент.

Дареги: Масалиев пр.. 91а, 0(3222)8 – 76 - 93

Факультеттин карамагындагы кафедралар:

1.Кыргыз тил илими кафедрасы (каф. баш. доцент Элчиев Ж.Э.) .

2. Кыргыз адабияты кафедрасы (.каф.баш. доцент Мурзакметов А. К. ).

3. Филологиялык билим берүү технологиялары кафедрасы (каф.баш. проф. Момуналиев С.М.).

4. Журналистика кафедрасы (каф. баш.доцент Эргешова С.Б.).

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультети – Ош мамлекеттик университетинин структуралык бирдиги – Кыргыз Республикасынын Билим Берүү жана илим министрлигинин алдындагы лицензиялоо жана аккредитациялоо (аттестациялоо) боюнча Мамлекеттик инспекциясынын 25.02.2011-жылдагы протокол №03/10 лицензияга кошумча №4 каттоо №1-758 окуу ишмердигин жүргүзүүгө укук берген чечими менен өзүнүн окуу ишмердүүлүгүн жүргүзөт.

1951-жылы Ош педагогикалык институтунун карамагында орус жана кыргыз филология бөлүмдөрүнөн турган филология факультети ачылган.

1992-жылы Кыргыз Республикасынын Билим Берүү жана илим министрлигинин №244/4 Буйругунун, ректораттын чечими менен өз алдыларынча эки факультет болуп бөлүнгөн. 1992-жылы 2-июлдагы Кыргыз Республикасынын Билим Берүү министрлигинин буйругу менен өз алдынча Кыргыз филологиясы факультети болуп түзүлүп, адистерди даярдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.

2010-жылы ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин (31.08.10.) чечимине ылайык факультет Кыргыз филологиясы жана журналистика деп аталып, кайра түзүлгөн. Курамына журналистика бөлүмү да кирген.

Окуу процессинин жүрүшү, материалдык-техникалык база жана китептер фонду жөнүндө

Университеттин №2 окуу корпусу факультеттин окуу корпусу болуп саналат. Факультетте китепкана, “Япон” борбору, “Кут ордо”, Ж.Шериев атындагы методикалык каана, “Манас таануу” жана “Мамлекеттик тил үйрөнүү”, Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, профессор Т.Аширбаев атындагы кыргыз тили каанасы жана “Кол жазмалар фонду” иштейт. Кол жазма материалдарды фольклордук практикалардын учурунда студенттер өздөрү топтошкон. Мында жанрдык жактан бай макал-лакаптардан тартып көлөмдүү элдик поэмаларга чейинки көркөм чыгармалар бар. Ушул кол жазмалардын негизинде “Макал-лакаптар”, “Жаңылмачтар жана табышмактар” деген наамдагы китептер басмадан жарык көргөн. Эми дагы жаңы сандары басмага даярдалып жатат.

Студенттердин жашоосуна жана эс алуусуна да ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Алсак, 255 орундуу, жалпы аянты 3266 кв.м. болгон жатаканасы бар. Окуу корпусунда кичи футбол үчүн үстү ачык заманбап спорт аянтчасы жана волейбол, баскетбол ойноого ылайык спорт аянтчалары менен зал да жайгашкан. Бул жерде биздин студенттер − денесин чыңдоого жана спорттун тигил же бул түрү менен машыгуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. Демек, адистикке даярдоо үчүн факультетте материалдык-техникалык база жеткиликтүү.

Студенттердин өз алдынча билимин өркүндөтүүсүнө, өз билимдерин тереңдетүүсүнө, сүйгөн багытындагы түрдүү маалыматтарды алуусуна бардык зарыл ыңгайлуу шарттар окуу жайда түзүлгөн. Алсак, факультеттин китепканасында 260000ге жакын, ал эми кыргыз тили, адабияты каанасында 7000дей окуу-усулдук, көркөм, философиялык, педагогикалык, психологиялык жана укуктук адабияттар бар. Окуу каанасы 45 орунга ылайыкталып, керектүү адабияттар менен бирге кесипке зарыл мезгилдүү басылмаларга жазылган жана алардын тиркемелери сакталат.

Ошондой эле студенттер − башкы окуу корпусундагы жана областтык, шаардык китепканалардан пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүнө да ээ. Факультетте илимий жана чыгармачыл ийримдер (“Усулчу”, “Лингвист”, “Жаш адабиятчы”, “Бүчүр”) иштейт, ага таланттуу студенттер катышышат. Алардын күчү менен “Насыят”, “Нуска”, “Лингвист”, “Тилчи”, “Бүчүр” деген дубал гезиттер чыгарылып турат.

Буларда жарык көргөн мыкты макалалар, көркөм туундулар университеттик, областтык жана республикалык массалык-маалымат каражаттарына сунушталып, жарыяланат.

Жогорудагылардан байкалгандай, бизде мыкты адис жана ар тараптуу өнүккөн, чыгармачыл инсан болууга бардык зарыл шарттар түзүлгөн.

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин аудиториялык фонду. №2 окуу корпус.

КААНАНЫН

АТАЛЫШЫ

АЯНТЫ М2

ОРУНУ даана

ЭСКЕРТҮҮ

1

101

кафедра

30.34

Кыргыз тил илими

2

107

кафедра

22.60

журналистика

3

108

аудитория

46.4

28

аудитория

4

110

аудитория

46.8

24

аудитория

5

113

аудитория

42

16

аудитория

6

114

аудитория

48

23

аудитория

7

123

кафедра

55.04

Кыргыз адабияты

8

124

аудитория

51.81

35

аудитория

9

125

кабинет

55.2

Журналистика

10

127

кабинет

16.83

Магистратура

11

128

Декан кыргыз филологиясы

32.64

Кыргыз филологиясы

12

129

кабинет

15

Кол жазмалар фонду

13

139

деканат

22,7

Кыргыз филологиясы

14

202

аудитория

36,5

26

журналистика

15

203,204

аудитория

60,48

24

журналистика

16

300

Аудитория

18,9

20

аудитория

17

302

Аудитория

22

24

аудитория

18

303

Лекциялык зал

72,45

96

аудитория

19

304

Аудитория

34,2

32

аудитория

20

305

Аудитория

56,07

25

Көп тил билүү борбору

21

306

Аудитория

56,04

30

аудитория

22

307

Лекциялык зал

54,81

20

аудитория

23

308

Лекциялык зал

55,44

64

аудитория

24

309

Лекциялык зал

55,44

20

аудитория

25

310

Аудитория

49,64

25

Жапан борбору

26

311,312

Метод кабинет

64,8

Окуу залы

27

313

Кафедра

19,8

ФББТ

28

314

Кабинет

10,15

Жаштар комитети

29

315

Кабинет

10,15

Проф. С.Момуналиев

      Факультет болочок филолог жана журналисттерди даярдоо менен гана чектелбестен, бул аймакта мамлекеттик саясат менен улуттук маданияттын бекем орун-очок алышына да олуттуу салым кошууда. Факультетти түптөп, алгачкылардан болуп иштеп кетишкен белгилүү окумуштуулар: проф. А.Турсунов, проф. А.Садыков, академик А.Акматалиев, проф. С.Ибрагимов, проф. С.Шатманов, проф. Н.Бейшекеев, проф. Ж.Мамытовдор. Ушул окуу жайдан көрүнүктүү аалымдар да өсүп чыгышкан. Мисалы, п.и.д., проф. Б.Алымов, ф.и.к., доцент А.Сыдыков, ф.и.к., доцент С.Гапаров, ф.и.к., проф. Ж.Шериев, ф.и.д., проф. М.Сулайманов, Токтогулдук сыйлыктын лауреаты, ф.и.д., проф. Т.Аширбаев, КРнын Эл мугалими М.Байымбетов, ф.и.д., проф. С.Искендерова, ф.и.д., проф. Б.Сагынбаева, ф.и.д., проф. Ү.Култаева, п.и.д., проф. А.Муратов, п.и.д., проф. С.Момуналиевдер. Факультеттин бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен ондогон көркөм сөздүн чеберлери менен таанымал журналисттер да чыккан. Алсак, КРдин Эл баатыры, Эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты С.Жусуев, КРдин Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты комузчу Б.Мадазимов, А.Осмонов, Молдо Нияз сыйлыктарынын лауреаты акын журналист-акындар А. Акбаров, акындар К.Бакиров, М.Жаныбеков, А.Эргешова, Б.Төлөнов жана А.Токсонбаев, А.Монуев, Т.Алдакулов ж.б.