Абитуриент
      ФАКУЛЬТЕТТИН ТАРЫХЫ
      1939-жылдан Ош мугалимдер институтунан баштап 75 жылдык узак тарыхы бар алгачкы факультеттерден болуп эсептелет.
      Факультетти түрдүү жылдары Ф.И.Половиков, В.П.Черненко, М.Койчуманов, Т.Ажимидинов, Б.Арапов, Ш.Исмаилов, А.Абдувалиев, С.Абдыкалыков, Ы.Ташполотов, И.Г.Кенжаев жана М.Ч.Осконбаевдер жетектеп келишкен. Азыркы учурда факультеттин деканы болуп техника илимдеринин кандидаты, доцент З.Ш. Айдарбеков жетектеп жатат. Факультеттин Энергетика кафедрасы Шанхай кызматташтык уюмунун (ШОС) университеттеринин мүчөсү.
      Факультеттин милдеттери
      Факультеттин жамаатынын негизги милдеттери болуп, жогорку квалификациялуу педагог жана инженер адистерди даярдоо.
      Илим изилдөө иштери:
      “Конденсацияланган заттардын физикасы” боюнча 01.04.07 –адистигиндеги илимий кеңеш ачылган. Бул кеңеш дифференциалдык теңдемелер адистигиндеги илимий кеңеш менен биригип, 2015 –жылы жаңы ачылды. 051408-“Кайра жаралуучу энергиянын булактарынын негизиндеги энергетикалык түзүлүштөр” адистиги боюнча докторлук диссетртацияны коргоочу илимий кеңеш. Диссертациялык кеңештин төрагасы, т.и.д. проф. И.Г. Кенжаев
      Факультеттин деканы-т.и.к, доцент З.Ш. Айдарбеков
      Факультеттин адистиктери:
      Магистратура.       Окуу мөөнөтү: күндүзгү окуу бөлүмүндө - 2 жыл, сырттан жана дистанттык окуу бөлүмүндө - 3 жыл.       Кирүү экзамендери: Адистик боюнча экзамен.
      • 640200 “Электроэнергетика жана электротехника”. Академиялык даражасы-магистр
Электр менен камсыздоо
      • 550200 “Физика-математикалык билим берүү” багыты . Даярдоо профили: “Физика”. Академиялык даражасы – магистр;
      • 510400 “Физика” Академиялык даражасы – магистр;
Бакалавр багыты.
      Окуу мөөнөтү: күндүзгү - 4 жыл, дисттанттык - 5 жыл.
      Факультеттин бардык адистиктерине кабыл алуу ЖРТнын сертификаты менен жүргүзүлөт:       1). Негизги тест, 2). Кошумча тест: Физика же математика..
      • 550200 “Физика-математикалык билим берүү” багыты . Даярдоо профили: “Физика”. Академиялык даражасы – бакалавр;
      • 640200 “Электроэнергетика жана электротехника”. Даярдоо профили: “Электр менен камсыздоо”. Академиялык даражасы – бакалавр;       • 610300 “Агроинженерия”. Академиялык даражасы – бакалавр;
      Орто кесиптик билим берүү
      Окуу мөөнөтү: 11-класстын базасында 1 жыл 10 ай, 9-класстын базасында 2 жыл 10 ай.       Академиялык даражасы – атайын орто билимдүү адис- ЖРТ эмес, ички экзаменди тапшырат;
      • 140212 “Электр менен камсыздоо”. Квалификациясы – техник;
      • 190604 “Автоунааларды техникалык тейлөө жана оңдоо”. Квалификациясы – техник;
      • 130503 “Мунай жана газ чыккан жайларды иштетүү жана пайдалануу”. Квалификациясы – техник;
      • 200403 “Медициналык техникаларды монтаждоо, техникалык тейлөө жана ремонтоо”. Квалификациясы – техник;
      Факультеттеги кафедралар:
      • Эксперименталдык жана теориялык физика – каф. башчысы, ф.-м.и.к., профессор Арапов Б.А.
      • Жалпы физика жана физиканы окутуунун усулу – каф. башчысы, п.и.к., доцент Омаралиева З.И.
      • Энергетика – каф. башчысы, т.и.к., доцент Султанов С.К.
      • Автомобилдик транспорт – каф. башчысы, т.и.к., доцент Турсунбаев Ж.Ж.
      Факультеттин профессордук-окутуучулук курамы.
      Физика-техника факультетинде Кыргыз Республикасынын илимине, билимине эмгек сиңирген 2 кызматкер, 3 илимдин докторлору, профессорлор, 13 илимдин кандидаттары, доценттер, 15 улук окутуучу жана 18 окутуучу эмгектенет.
      Материалдык техникалык база
      Факультетте 24 окуу лабораториялары,р, 1 кафедралар аралык окуу-илимий лаборатория, 4 компьютердик класс, 1 заманбап мультимедиалык класс, 1 электрондук доска менен жабдылган аудитория, 40 жаңы муундагы компьютер, 10 ксерокс жана 15 лазердик принтер окуу процессин камсыздайт
Окуу-усулдук иштер
      Студенттердин окуп – билим алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Факультетте 2006-жылдан баштап «AVN» информациялык системасы киргизилип, окуу процесси толугу менен автоматташтырылган: учурдагы , аралыктагы, жыйынтыктоочу текшерүүлөр, сессиялар кредиттик технологиянын алкагында рейтингдик – модулдук системанын негизинде уюштурулуп, сынактар «AVN» системасында жана компьютердик тестирлөө программалары менен алынат.
      Студенттик турмуш
      Факультеттин студенттери университетте өткөрүлгөн коомдук, маданий-массалык иштерде өздөрүнүн акдивдүүлүгүн көрсөтүп келүүдө жана алар университеттик денгээлдеги студенттик конкурстарынын жана спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрү болушкан. Факультеттин ШТК (КВН) командасы 2013-жылдагы сезондо ОшМУда жеңүүчү болду. 2009-жылдан бери факультеттеги, университеттеги жана шаардык денгеелдеги коомдук иштерги активдуу катышып, университеттин алдынкы студенттеринин катарын толуктаган факультеттин 3 студенти президенттик "Үмүт" стипендиясынын ээси болушкан.
      Факультеттин сырткы байланышы: ШКУУ,Эстон МУ, Синьцзянь педуниверситети, Абай атындагы КазМУ,КТУ, НарМУ, НАН КР, Ош телеком, Ош РЭС, АК Ош басмакана, АК “Жети Түс” ж.б.
      Бүтүрүүчүлөр иштей ала турган багыттар:
      • жогорку, орто окуу жайларда окутуучу жана мектептерде физик мугалими.
      • ОшПВЭС, ОшРЭС, ОшТЭЦ жана башка электр тармактарында иштей алышат
      • жол кыймылын көзөмөлдөөчү ишканаларда жана бардык автоунаа тейлөөчү жайларда
      • оорукана, поликлиника жана санаториялардагы медициналык приборлорду, аппараттарды ремонттоолордо
      • нефт ондуруучу жана газ болуштуруучу ишканаларда

                                    ОЛИПИАДА БОЛОЧОК СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН
      Ар жылы "Физика", "Математика", "Информатика", "Химия" жана "Биология" предметтери боюнча Ош шаарындагы мектептердин арасында окуучулар үчүн олимпиада болуп турат. Айта кетсек былтыркы жылы "Физика" предметинен 8-класстан - 55,9-класстан-46,10-класстан-47, 11-класстан-43 жана жалпы 191 окуучу катышты. 8-класстан Түрк лицейинен Арапбаев Заманбек 1-орунду,№42 Керме-Тоо орто мектебинен Салмоорбек кызы Гулнур 2 -орунду, №38 Ж.Боконбаев атындагы орто мектебинин окуучусу Калдарбек уулу Нуркалый 3 - орунду, 9-класстан №32 Ж.Мамытов атындагы орто мектептен Мамыт уулу Рахим 1 орунду, "Ыйман" лицейинен Жеенбаева Айжана 2 орунду, №33 С. Алымкулов атындагы орто мектептен Абдылас кызы Гулиса 3 орунду, 10-класстан №42 Керме-Тоо орто мектебинен Замирбекова Айганыш 1 орунду, №20 И.Раззаков атындагы орто мектебинен Таирбек кызы Диана 2 орунду, №32 Ж.Мамытов атындагы орто мектебинен Алайчиева Нуржамал 3 орунду, 11-класстан №32 Ж.Мамытов атындагы орто мектебинен Ташиев Колдошбек 1 орунду, №42 Керме-Тоо орто мектебинен Ибрагимов Жумаалы 2 орунду, №28 мектептен Койчуманов Данияр 3- орунду ээлешип, ОшМУнун жана физика-техника факультетинин дипломдору, ардак грамоталары жана баалуу белектери менен сыйланышты.

      Дареги: 723500, Кыргыз республикасы, Ош шаары,Ленин көчөсү –331
      Тел: (03222) 25772, Веб-сайт: www.oshsu.kg E-mail: zaripbek2006@rambler.ru