Alumni association


2016-жылдын 23-ноябрында Математика жана информациялык технологиялар факультетинде билим берүүнүн сапаты, окуу процессинин уюштурулушу, адистерди даярдоодогу жана бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуудагы негизги көйгөйлөрү тууралуу маектешүү жана пикир алышуу үчүн уюштурулган тегерек столго факультеттин студенттеринин ата-энелери жана бүтүрүүчүлөрү катышышты.

Жолугушуу учурунда ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр кредиттик технологиялар, билим берүүнүн баскычтары, негизги билим берүүнүн программалары, ОшМУнун сайты, AVN информациялык системасы ж.б. маалыматтар менен тааныштырылды. Ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр тарабынан окуу процессине тиешелүү болгон түрдүү сунуштары, ой-пикирлери, ошондой эле мындай иш-чаранын уюштурулушуна карата ыраазычылыктары айтылды.

Факультеттин ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр менен болгон байланышты чыңдоо максатында МИТ факультетинин ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр ассоциацияларынын башкаруу кеңешинин курамдары түзүлүп, бекитилди. Жолугушуунун жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, мындай жолугушуулар регулярдуу түрдө уюштурулушу чечилди.