Жаңылыктар Архив

ФОТОГАЛЕРЕЯ

STEM WEEK. ОшМУнун 85 жылдык маарекесине карата STEM инновациялык колледжинде уюштурулган "STEM WEEK" иш чарасынын алкагында 4-апрель күнү адистиктер арасында "Бүгүнкү аракет-эртеңки жаркын келечек "аттуу дебат болуп өттү.

8 команда катышып,пикир алмашышты.Жеңүүчүлөр:

1-чи орун:Ренжировер- ТОСВТ

2-чи орун: ТОРАТ-ТОРАТ

3-чу орун:АВТОЭЛЕКТРИК-Э.Т.Э.А

Мыкты дебатчы:Каримбердиев Өмүрбек Мыкты команда:Акыйкатчы командасы Все


ОшМУнун 85 жылдык маарекесине карата STEM инновациялык колледжинде уюштурулган "STEM WEEK" иш чарасынын алкагында 5 - апрель күнү "FAST TYPING " же болбосо "Текстти тез терүү" боюнча конкурс болуп өттү... Конкурс колледждин студенттеринин арасында каалоочулар үчүн болду.

Жыйынтык 2 баскычта бааланды : 1. Ылдамдык 2. Тексттин туура жазылуусу

Конкурстун жеңүүчүлөрү: Ылдамдык боюнча: 1. Бердибаев Арсен 270 балл АСс9-1-21 2. Советбек уулу Баэл 169 балл ПИЭс9-3-21 3. Андаева А. 138 балл ТОСВТ9-1-21

Тексттин туура жазылуусу боюнча: 1. Жолдошева Уулкан. 95.3 балл ТОСВТ9-1-21 2. Кубанычбек уулу Курсант 94.9 балл ПИЭс9-2-22 3. Алмазбек уулу Айжигит 93. 5 балл АСс-2-22 балл менен ээлешти


STEM WEEK.

2024-жылдын 6-апрелинде STEM WEEK жумалыгынын алкагында ОшМУнун 85 жылдыгына арналган адистиктер арасындагы волейбол болуп өттү. Оюнду STEM инновациялык колледжинин директору Абдылакимова Бегайым Кенжематовна сөз сүйлөп, командаларга ийгилик каалады. Оюн абдан кызыктуу болду. Ар бир адистиктен 10 команда чыгып, жыйынтыгында:

1-чи орунду- Колдонмо геодезия адистиктин командасы (ПГс);

2-чи орунду Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компьютердик тармактарды тейлөө(ТОСВТ);

3-чү орунду-Колдонмо информатика (тармактар боюнча) командасы (ПИЭс);

4-чү -орунду Информацияларды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу АСс) командалары жеңишке ээ болушту. Жалпы катышкан командаларга чоң ыраазычылык билдиребиз!


2024-жылдын 5-апрелинде ОшМУнун 85-жылдыгына арналган STEM инновациялык колледжинин «IMAGINE YOUR FUTURE IN STEM» аттуу STEM WEEK жумалыгына арналган адистиктер арасындагы “Макеттерди жасоо” конкурсу болуп өттү.

Ар бир адистиктин студенттери конкурс учурунда жасаган иши жөнүндө баяндама жасап өздөрүн мыкты деңгээлде көрсөтө алышты.

Жыйынтыгында: 1-ЭТЭА 2-РМТ 3-ПГс 4-ЭС 5-ВТс 7-ПИЭс тайпалары оорундарга ээ болушту.


STEM WEEK жумалыгына арналган адистиктер арасындагы конкурстагы колдонмо геодезия адистиги

Геодезиялык аппараттарды колдонуу менен бийиктикти жана бурчтуу өлчөө. Пгс 9-1-21, ПГс 1-22 тайпалары биргелешип командаларга Алга, Арстан жана Геодезистер деген 3 группа болуп таймашышты. Алар: 1. Алга командасы 2. Геодезистер командасы 3. Арстан командасы.

Конкурстун жыйынтыгында! 1. Алга командасы 2. Геодезистер командасы 3. Арстан командасы. Орундарды эледи.


ОшМУнун 85 жылдык мааркесине карата STEM инновациялык колледжинде уюштурулган "STEM WEEK" иш чарасынын алкагында 3 - апрель күнү 5 темадан турган семинарлар болуп өттү.

Алар:

1. "Булуттар технологиясы жана Жасалма Интеллект" - ментор ИКД циклынын окутуучусу Жаңыбай уулу Кубанычбек

2. "Компьютердик тармактар жана телекоммуникация" - ментор ИКД циклынын окутуучусу Арынов Даниярбек

3. "Түзүлүштү чогултуу (Разборка ПК)" – ментор ТОСВТ 9-3-22 группасынан Турсунбаев Абдуллох

4. " BACKEND - логикалык тапшырмаларды чечүү" - ментор ПИЭс-9-3-21 тайпасынын студенти Абдыкадыров Сыймык Нурбекович.

5. "FRONT-END - сайт жана анын версткасы" - ментор АСс-9-1-21 тайпасынын студенти Нурланбек уулу Мирланбек.


ОшМУнун 85 жылдыгына арналган "IMAGINE YOUR FUTURE IN STEM" аттуу колледжибизде 2024-жылдын 2-апрелинде STEM жумалыгынын ачылышы болуп ɵттү. Жумалыктын ачылышы ыр, бийлер менен коштолуп, адистиктер арасында шахмат өткөрүлдү. Жыйынтыгында 1-орунду РМТс9-1-22 тайпасынын студенти Бекмуратов Бекназар багындырды, ал эми 2-орунду ПИЭс9-5-23 тайпасынын студенти Нурмухаммадов Мухаммадали ээледи. Жалпысынан 10 адистик боюнча студенттер катышып 3 – орунду ТОСВТ9-1-23 тайпасынын студенти Тиленчиев Мурат ээледи.


"IMAGINE YOUR FUTURE IN STEM" ОшМУнун 85 жылдыгына карата STEM инновациялык колледжинин 2024-жылдын 2-апрелден 6-апрелге чейин «Imagine your future in STEM» аталышындагы жумалык болуп ɵтɵт. Жумалык STEM инновациялык колледжинин адистиктери арасында тапшырмалар менен төмөнкүдөй тартипте өткөрүлөт: 1. 2-апрель күнү- Жумалыктын ачылышы, ыр мастер класстар көрсөтүлөт (уюштуруу тобу тарабынан). FROND-END, BACKEND, Облачные технологии и ИИ, разборка ПК, Компьютерные сети и телекоммуникации. Ушул күнү шахмат боюнча жарыш болуп өтөт. 2. 3-апрель күнү - ар бир адистик ортосунда адистигине тиешелүү конкурс болот. Конкурсту ар бир адистик өзү даярдайт. Мисалы программисттер текстти тез терүү ж.б. 3.4-апрель күнү- видео жарыш, видео адистигине тиешелүү тартылып даярдалат. 4. 5-апрель күнү-STEM future аталышындагы макеттерди жасоо. 5.6-апрель күнү спорттун волейбол боюнча адистиктердик окутуучулары жана студенттери арасында таймаш болот. Өтүүчү жай: 1-корпус, саат 10:00 Жыйынтык чыкканга чейин флешмоб болот. Эскертүү: Баардык тапшырмалар STEMге байланыштуу болуп, адистиктерине басым жасалып, келечектеги кесибин даңазалап, кесиптик формасы менен катышуу жана аткарууга басым жасалуусу керек.) Жумалык ыр, бий, мастер класстар менен коштолот. Жеңүүчүлɵргɵ дипломдор жана баалуу белектер тапшырылат. Кененирээк маалымат алуу үчүн: 0509060412

https://base.oshsu.kg/resurs/images/original/JPEG-20240329162055-stem.jpeg ОшМУнун 85 жылдыгына арналган "IMAGINE YOUR FUTURE IN STEM" аттуу колледжибизде 2024-жылдын 2-апрелинде STEM жумалыгынын ачылышы болуп ɵттү. Жумалыктын ачылышы ыр, бийлер менен коштолуп, адистиктер арасында шахмат өткөрүлдү. Жыйынтыгында 1-орунду РМТс9-1-22 тайпасынын студенти Бекмуратов Бекназар багындырды, ал эми 2-орунду ПИЭс9-5-23 тайпасынын студенти Нурмухаммадов Мухаммадали ээледи. Жалпысынан 10 адистик боюнча студенттер катышып 3 – орунду ТОСВТ9-1-23 тайпасынын студенти Тиленчиев Мурат ээледи. https://base.oshsu.kg/resurs/images/original/JPEG-20240403114634-stem.jpeg https://base.oshsu.kg/resurs/images/original/JPEG-20240403114657-stem.jpeg https://base.oshsu.kg/resurs/images/original/JPEG-20240403114658-stem.jpeg https://base.oshsu.kg/resurs/images/original/JPEG-20240403114952-stem.jpeg https://base.oshsu.kg/resurs/images/original/JPEG-20240403115001-stem.jpeg


ОшМУнун STEM инновациялык колледжинде Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык юбилейине, 21-март “Нооруз” майрамына карата “Нооруз көктөм” аталышындагы иш-чара болуп өттү.
Бул иш-чаранын негизги максаты:
1. ОшМУнун 85 жылдык мааракесин даңазалоо;
2. Студенттердин маданий иш-чараларга болгон кызыгууларын өнүктүрүү;
3. Студенттердин бири-бирине болгон байланышын чындоо;
4. Таланттуу студенттерди табуу жана алардын шык-жөндөмүн өстүрүү;
5. Нооруз майрамын утурлап татыктуу тосуп алуу.
Иш-чаранын жүрүшүндө STEM инновациялык колледжинин таланттуу студенттери тарабынан жагымдуу ыр-бийлер, акыйнек айтышуу, адистиктер тарабынан кызыктуу каада салттар, улуттук оюндар, жана улуттук даамдар боюнча жарыш болуп бир топ кызыктуу номердик аткаруулар орун алды.
Иш-чаранын жыйынтыгында активдүү катышкан студенттерге диплом, ыраазычылык каттар тапшырылды.


2024-жылдын 29-март күнү STEM инновациялык колледжинде ишембилик болуп өттү. Ишембиликте STEM инновациялык колледжинин
1-корпусу жана 2-корпустарынын аудиториялары жана окуу жайдын айланасы колледждин студенттери тарабынан тазаланды. Ишембилик улантылат.


STEM инновациялык колледжинин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Б.Асанов жана Жаштар кеңешинин мүчөлөрү 2022-жылдын 7-декабрында 2022-2023 окуу жылында жатаканада жашаган студенттер абалы менен жеринде таанышып, студенттердин жүрүм-туруму боюнча түшүндүрү иштерин жүргүздү.


STEM студенттери менен STEM пикник!!

Адамдар таштанды таштоочу жайга барып, эс алууну каалашпайт, алар кооз жерге чыгып, эс алууну каалашат. 6-июнь күнү STEM студенттер менен Абшыр Атага бардык. Бул күн абдан сонун жана укмуштуудай болду.


ОшМУнун факультеттер жана колледждер аралык профессордук-окутуучулук курамдын ортосунда өткөрүлүүчү спартакиадасында. STEM инновациалык колледжи алгачкы ирээт катышты .

. Эркектер командасы волейбол, баскетбол, шахмат, тогуз коргоол жана стол теннис боюнча өткөрүлгөн спорттук мелдештерде активдүү оюн көргөзүштү.

Аялдар командасы волейбол боюнча ийгиликтүү оюн көргөзүшүп, 15 команданын арасынан 6-орунду ээледи.