туризм

STEM инновациялык колледжинин ТМс9-1-20 тайпасынын студенттери Шамшиева Аяна"2005-ж, 2010-ж, 2020-жылдардагы Кыргызстандагы саясий окуялардын жалпы себептери ", Курбанова Маргуба " Эгемендүүлүгү мезгилиндеги Кыргызстандын руханий жашоосунун өнүгүүсү" деген темаларда Финансы-юридикалык колледжиндеги илим жумалыгында доклад жасашты.


Бүгүн STEM инновациялык колледжинде туризм адистигинде ТМс9-1-19, ТМс9-1-21 тайпаларынын куратору Рысбек Базарбаевич “Балдарыңыздар алган билими жана анын коомдогу орду” деген темада ата-энелер чогулушун уюштурду.

Окуудагы жана коомдук жигердүү иштерге катышкан студенттердин ата-энелерине ыраазычылык каттары берилди.

Ата-энелер кызыккан суроолоруна жооп алып, ыраазычылыктарын билдиришти.


Туризм адистигинин ТМс9-1-19, ТМс1-20 тайпалары
“ Жакшылык кылып таалыкпа” аттуу Орозо айына уюштурулган иш чаранын негизинде Ош шаарынын “Боорукердик” үй интернатына жана “Ош шаардык балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо адистештирилген борборуна” барып кыздар терезелерди тазалап кирлерин жууп беришти, ал эми балдар отун жарып бак дактардын айланасын тазалап келишти. Балдар үчүн белектерин берип, балдарга жакшы маанай тартуулашты.


STEM инновациялык колледжинин, туризм адистигиндеги студенттер жана Табият таануу, туризм жана агрардык технология факультетинин, туризм адистигиндеги бакалавр студенттери менен биргеликте, Ош шаарында жайгашкан отельдер, хостелдер жана туристтик ресторанга экскурсия болуп өттү. Өткөрүлгөн экскурсияда, студенттер туристтик иш каналардын жетекчилери жана негиздөөчүлөрү менен жолугуп, туризмге, иш-кананы уюштурууга жана башкарууга тиешелүү бардык суроолорго жооп ала алышты. Экскурсия, Оштогу алдынкы Япон рестораны "Маленькая Япониядан" башталып, анын негиздөөчүсү Молтонов Советбек менен жолугушуудан башталды. Андан сон "Sunny Hostel"ден уланып, бул мекеме менен ичинен таанышып экскурсия "Grand Hotel CHAVO" 4 жылдыздуу отелине карай уланды. Ал жерде да студенттер хостел менен отельдердин ролун жана айырмачылыктарын көрүп мекемелер менен ичинен таанышуу мүмкүнчүлүгүн алышты.


23-март күнү конок лекцияда "ЭКОДОМ" мейманканасынын жетекчиси

А. Акматов "Туризм кесибин тандоо максаты" деген темада сабак өттү.

Туризм адистигинин баалуулуктарын айтып, мотивация берди. Студенттер активдүү катышып, кызыккан суроолоруна жооп алышты


STEM инновациялык коллежде конок лекциялар уланууда туризм адистигинде 22-март күнү «Дистинация Ош» коомдук бирикмесинин директору А. Алиев "Туристерге мамиле түзүү" деген темада теория менен практиканы айкалыштыра кетүү боюнча сабак өттү.


ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин окутуучулары Сатыбалдиев Байсал, Сарыков Рысбек жана туризм адистигиндеги 2-3-курсунун студенттери 2021-жылдын 24-ноябрында Сулайман-Тоо музейине Өзбекстан Республикасынын Хива шаарынан келген сүрөт көргөзмө менен таанышып келишти.

Катышуунун максаты: Хива шаарындагы тарыхый жайлар, тарыхый инсандар, шаардын тарыхы менен таанышып келүү. Ошол эле мезгилде өздөрүнө керектүү болгон материалдар менен таанышып, гид экскурсоводдук жөндөмдөрүн жогорулатышты. Көргөзмөгө коюлган материалдардын QR кодду пайдаланып аларды угууну жана бул технологияларды бизде да пайдалануунун жолдорун практикалашты. Студенттерден мындай таанышуу практикаларын күчөтүү жана жакынкы чет мамлекеттер менен туризм багытындагы иш аракеттерди колго алуу боюнча ой пикирлер айтылды.

 


2021-жылдын 18-ноябрдан 22- ноябрга чейин Ош шаарында ПРООН тарабынан уюштурулган “Аймактардын маркетинги жана Ош шаарында туризмди өнүктүрүү” аттуу тренингке STEM инновациялык колледжинин окутуучулары Сарыков Рысбек, Базарбаева Гулкайыр, Азим кызы Нургул жана туризм адистигинин студенттери Борубаева Мадина, Токтобаева Лилиана, Нурмаматова Айданалар катышып сертификаттарга ээ болушту.


2021-жылдын 2-7-ноябрь күндөру өткөрулгөн Өзбекстан республикасынын Жиззак обл. Бахмал рай. “2021-КУБОК АЗИЯ” спорттук туризм мелдешине Ош шаарындагы туристтик “Дистинация Ош” коомдук бирикмеси менен биргеликте ОшМУнун STEM инновациялык колледжинен команданын жетекчиси Сарыков Рысбек агай жана студенттерден Матисаев Тимур бир командада оюн көргөзүшүп, 13 команданын арасынан III орунга ээ болуп келишкен.



Ош мамлекеттик университетинин STEM инновациялык колледжинде 2021-жылдын 6-октябрь куну саат 12:00 де "Билимдүүгө дүйнө жарык" деген аталыштагы конок лекция болуп өттү.

Конок лекциянын лектору Японияда MEXT программасында магистратурасын аяктаган, 7 тилде эркин сүйлөгөн Сейтек Качкынбаев агай болду. Агай өзүнүн тажрыйбасынан студенттер менен бөлүшүп, суроо жооп болуп жолугушуу кызыктуу болду. Агай япон жана кытай тилинде студенттер менен коштошуп, окууларына ийгиликтерди каалады.


Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык иш чарада, "Дистинация Ош" коомдук бирикмеси менен биргеликте ОшМУдагы ТТГФнын жана STEM инновациялык колледжинин туризм адистегиндеги мугалимдери жана студенттер параддан өтүштү.


Бүткүл дүйнөлүк туризм күнүн белгилөө үчүн Алай районунун Көлдүк айылынын жогору жагындагы көлдүн жээгинде белгиленди. ОшМУнун ТТГФнын туризм адистигинде окуган студенттери ( 48 студент, 4 мугалим жана 1-курстун 2 магистранты) менен STEM инновациялык колледжинде туризм адистигинде окуган студенттер ( 47 студент, 6 мугалим) жана учурда ТТГФда академиялык мобилдүүлүк боюнча жүрүшкөн Орусия Федерациясынын Урал мамлекеттик педагогикалык университетинин Табият таануу, дене тарбия жана туризм инситутунун директору Оксана Янцер баштаган география профилинин 3- курсунун 7 студенти дагы катышып келишти.

Аталган туристтик жүрүштү ОшМУнун ТТГФ уюштуруп 1-курс жана мейман студенттерге туристтик шаймандар менен иштөө (чатыр тигүү жана жыйноо, коопсуздук курун пайдалануу, саздан өтүү ж.б.) боюнча мастер класстар көрсөтүлүп, жоголуп бара жаткан улуттук оюндар ойнотулду. Ошондой эле турслёттон ТТГФнын жана STEM инновациялык колледжинин студенттери катышып, STEM инновациялык колледжинин Тмс9-1-19 тайпасынын "Сабр" командасы 1-местаны алды.. Команданын ийгиликтери менен куттуктайбыз. Окууда жана коомдук иштерде эң алдыңкы студенттерден болуп жүрө бергиле


Ош мамлекеттик университетинин STEM инновациялык колледжинин окутуучулары илимий изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн 2021-жылдын 4-сентябрь күнү Ноокат районундагы Кара Кой улуттук парктын аймагында илимий экспедиция уюштуруп келишти. Экспедициянын максаты болуп, келечекте туризмди өнүктүрүү үчүн жаңы объектилерди аныктоо болуп саналат.


STEM инновациялык колледжинин директорунун окуу иштери боюнча орун басары Р.Б.Сарыков 2021-жылдын 6-августунан 10- августуна чейин "ЕcoЕthnoTour" туристтик агенттиги менен Нарын областынын Ат-Башы районундагы туристтик аймактарда (Нарын шаары, Кошой-Коргон, Таш-Рабат кербен сарайы, Чатыр-Кол туристтик аймагы, Сон-Кол колу, жайлоосу ж.б.) илимий экспедиция жургузуп келди. Илимий экспедицияны уюштуруп, жетектеген ОшМУнун ТТГФнин деканы, профессор А.Г. Низамиев, доцент К.Т. Самиев, туристтик агенттигинин директору Ж.М. Султанов жана катышуучулар жаш илимий изденуучулор болду.