Жаңылыктар Архив

ПРОФОРИЕНТАЦИЯ ИШТЕРИ

Базар-Коргон шаарында уюшулган «Кесипти тандоого багыт» аталышындагы келечектеги кесиптер жарманкесине ОшМУнун STEM инновациялык колледжинен Рысбек Базарбаевич жана университеттен Кумарбек Акматалиевич катышып мектеп окуучуларга жана ата-энелерге факультет жана колледждери боюнча маалымат берип келишти.


ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин окутуучулары Сатыбалдиев Б.С. , Султанов С.К., Ормонкулов Т.Т. жана Закирова Т.А. 2022-жылы, 21-апрелде Алай районуна профориентациялык иштерди жүргүзүп келишти. Иш чарада окутуучулар №3 Токтогул орто мектебине, №11 К.Султанов орто мектебине, №2 Т.Отунчиев орто мектебинин мугалимдери жана 9-11-класстын окуучулары менен жолугушту. Жолугушууда ОшМУ жөнүндө маалыматтар берилип, 28-апрелде боло турган ачык эшиктер күнүнө карата чакыруулар берилди.


Ош мамлекеттик университети абитуриенттерге «Туризм», «Медициналык техникаларды оңдоо, техникалык жактан тейлөө жана монтаждоо», «Ветеринария», «Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо», «Колдонмо геодезия», «Электр менен жабдуу (тармактар боюнча)», «Транспорттук электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо (транспорттун түрлөрү, суу транспорттон башкасы)»адистигине кызыккана битуриенттерге  STEM инновациялык колледжи ортокесиптик билим алууну сунуштайт.Окууга тапшыруу үчүн  сиз колледжге аттестат баалары менен кирүү сынагын тапшырган болосуз.

Коллежде күндүзгүжана сырттан окуу бөлүмдөру бар. Анын ичинде күндүзгү окуу бөлүмүндө 18000-20000сомго чейинкелишимдик акы төлөө менен төмөнкүдөй адистиктер билим алат:

·        «Туризм»

·        «Медициналык техникаларды оңдоо, техникалык жактан тейлөө жана монтаждоо»

·        «Ветеринария»

·        «Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо»

·        «Колдонмо геодезия»

·        «Электр менен жабдуу (тармактар боюнча)»

·        «Транспорттук электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо (транспорттун түрлөрү, суу транспорттон башкасы)»

Ошондой эле сырттан окуу бөлүмүндө 17000 сом келишимдик акы төлөө менен төмөнкүдөй адистиктер билим алат:

·       «Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо»

·       «Электр менен жабдуу (тармактар боюнча)»

Окуу мөөнөтү: Ар бир адистик күндүзгү 9 база 2 жыл  10 ай, 11 база 1 жыл 10 ай жана сырттан окуу бөлүмү 11 база 2 жыл 6 ай

Сабактан кийин студенттердин интелектуалдык деңгээлин өнүктүрүү максатында “Англис тили”, “Корей тили”, “ Информатика”, “STEM travel”, “Матиматика жана программалоо”  ийримдери түзүлгөн.

Адистиктер үчүн өндүрүштө жумасына бир күн практикалык сабактар уюштурулган, ал сабактарда студенттер кесипкөйлүккө тарбияланат.Адистикке тиешелүү сабактар жеткиликтүү болуш үчүн өндүрүштө сабактар улантылууда. Аларды атап кетсек “Медициналык техникаларды тейлөө жана оңдоо” адистигиндеги студенттер ОшМУнун медициналык клиникасына жадыбал боюнча жуманын бейшемби күнү келишимдин негизинде практикалык сабактарын өтүүдө. Андан сырткары Ош шаарында жайгашкан "Кыргыз унаа курулуш" ишканасы менен келишимдер түзүлдү. Колледждин "Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо",  "Транспорттук электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо", "Медициналык техникаларды оңдоо техникалык жактан тейлөө жана монтаждоо" жана "Электр менен жабдуу" адистиктеринин студентери үчүн практикалык сабактарды  уюштурууга шарт түзүлдү. Геодезия адистигинин студенттери үчүн Ош шаарындагы “Аманат сити” курулуш компаниясында практикалык сабактарды уюштурууга шарт түзүлдү.

Окуу процесстерин уюштурууда окуу аудиториялары проектор, видео-конференция уюштуруучу жабдыктар, техникалык каражаттар менен камсыздалган.

STEM инновациялык колледжинин түзүлгөндөн бери колледжди дүйнөлүк тажрыйбалуу колледждердин катарына кошуу жана студенттердин талантын өнүктүрүү, адистигине болгон кызыгуусун артыруу максатында илимий изилдөө STEM CENTER аталышындагы борбор түзүлгөн. Студент сабактан кийинки убактысын ушул борбордо кызыктуу өткөрүп, адистикке тиешелүү макеттерди жасашууда. Анын жемиши болуп илимий көргөзмөлөргө катышып келишүүдө.

Коллежде спорттук ар кандай иш-чаралар өткөрүлөт.

Байланыш үчүн 0776259292


Кесипке багыттоо иштери Алай районунда

Ош мамлекеттик университетинин STEM инновациялык колледжинин окутуучулары Алай районундагы мектептерге барып, ОшМУнун 15-майда өтүлүүчү «Ачык эшик» күнүнө карата кесипке багыттоо иштерин жүргүзүп келишти. Университеттин жана колледждин адистиктери боюнча маалымат STEM инновациялык колледжинин директору ф.и.к., доцент Абдылакимова Бегайым Кенжематовна жана Профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн башчысы Сатыбалдиев Байсал Салиевич, в.и.к., доцент Ормонкулов Тагай Топчубаевич тарабынан берилип, окуучулар өздөрү кызыккан суроолоруна жооп алышты.


Керме-Тоо мектебинде

Ош шаарындагы №42 Керме- тоо гимназия мектебинде кесипке багыттоо иштерди жүргүзүп келдик.