Практика

"Автоунааларды техникалык тейлөө жана оңдоо" жана "Транспорттук электр жабдууларын пайдалануу жана автоматика" адистиктеринин студенттери 2021-жылдын 3-майынан окуу-өндүрүштүк практикага чыгышты. Практика жетекчилери техникалык коопсуз эрежелери боюнча маалымат беришти. Окуу жана өндүрүш практикасынын жетекчилери, циклдин окутуучулары Мендибаев Д.А., Маразаков Ш.А.






Электроэнергетика адистигинин бутуруучулору 2021-жылдын 19-апрелинен диплом алдындагы практикага кетти. "Ошэлектро" башкы ишканасы тарабынан бардык студенттер райондорго болуштурулду. Диплом алдындагы практика башчылары, Энергетика кафедрасынын доценти Айдарбеков З.Ш. жана Техникалык дисциплиналар предметтик циклдын окутуучусу Закирова Толгонай.

















Ош мамлекеттик университетинин STEM инновациялык колледжинин "Электр менен камсыздоо (тармактар боюнча)" адистигинде билим алып жаткан 2-3- курсунун ЭСс9-1-18, ЭСс-1-19 тайпаларын 2021-жылдын 13-апрель күнү жылуулук электр борборунун структурасы, түзүлүшү жана иштөө тартиби менен таанышуу максатында окутуучулар Жусубалиева А.Ж. жана Кульматова С.А. экскурсияга алып барып келишти.Экскурсиянын максаты студенттердин теориялык жактан алган билимдерин практикалык жактан бышыктоо.



2020-жылдын 24-декабрында профессор Кенжаев И.Г., доцент Султанов С.К., доцент Айдарбеков З.Ш. жана окутуучулар Мендибаев Д.А., Жороев А.М. жана Ураимов Р. Кыргызстандын түштүк аймагында жайгашкан жана курулуп жаткан " Кыргыз Унаа Курулуш " машина куруу заводунда жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө заводдун базасында транспорт жана энергетика жаатындагы адистиктердин студенттери үчүн өндүрүштүк практиканы өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр болду.